Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы №105 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Агенттиктин милдеттери жана функциялары
3. Агенттиктин кызматкерлеринин укуктары
4. Агенттиктин ишин уюштуруу
5. Агенттикти каржылоо
6. Агенттиктин ишин токтотуу
1.1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, калктуу конуштарды, материалдык байлыктарды өрттөн сактоо, Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу жана жүргүзүү максатында иштейт.
1.2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик кызматтын башкы башкармалыгынын бардык укуктары жана милдеттери боюнча толук мураскор болуп эсептелет.
1.3. Агенттик мамлекеттик мекеме болуп саналат жана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) приказдарын жана буйруктарын, башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.4. Агенттиктин толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик".
Расмий тилде: "Агентство по пожарной безопасности при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
1.5. Юридикалык дареги: 720633, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Осмонкул көч., 128.
1.6. Агенттик юридикалык жак болуп саналат жана мамлекеттик жана расмий тилдерде анык жана шарттуу аталышка, эмблемага, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөргө, бланктарга, штамптарга, банктын бөлүмдөрүндө эсептик жана башка счетторго ээ. Агенттик обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ болуп жана милдеттенмелер ала алат, соттордо доочу жана жоопкер катары чыга алат.
1.7. Агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча баш ийген бөлүмдөрдүн ишин уюштурат. Агенттиктин милдеттери, функциялары жана анын кызматчыларынын укуктары ушул Жободо белгиленген.
2.1. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өрт коопсуздугу жагында мамлекеттик чараларды иштеп чыгууну уюштуруу;
- өрт жана ага байланыштуу адамдар кырсыкка учураган учурларды алдын алуу;
- өрт өчүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
- кадрларды кесиптик даярдоодо;
- өрт коопсуздугу жагында илим-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштерди жүргүзүү.
2.2. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- өз алдынча же башка кызыкдар уюмдар менен бирдикте өрт коопсуздугу жагындагы аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди колдонуу боюнча мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууну уюштурат;
- өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган же андай талаптар милдеттүү түрдө белгиленүүгө тийиш болгон стандарттардын, ченемдердин, эрежелердин жана башка ченемдик документтердин техникалык регламенттин долбоорлорун карайт жана макулдашат;
- региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышат;
- өрт коопсуздугу жагында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
- министрликтер, ведомстволор, ишканалар ошондой эле кызмат адамдары менен жарандар өрт коопсуздугу жагындагы мыйзамдарды сактоолоруна мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
- өрт коопсуздугу жагында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты иштеп чыгууну иш жүзүнө ашырат;
- өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча министрликтер, ведомстволор, ишканалар менен биргелешип аракеттенет;
- өрттө жана өрт менен байланышкан кылмыш иштерин иликтөөгө жана материалдарды текшерүүгө белгиленген тартипте катышат, өрттүн себептерин техникалык жактан изилдөөнү жүргүзөт;
- өрттөн жана анын залалдарынын эсебин алат;
- ыктыярдуу өрткө каршы кошуундарды жана түзүлүштөрдү түзүүгө, чыңдоого жана ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- өрткө каршы пропаганда жүргүзөт;
- өрт өчүрүү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- кыйроолордун жана бөөдө кырсыктардын залалдарын жоюуга катышат;
- аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар жана ишканалар менен бирдикте өрт өчүрүүгө алардын күчүн жана каражатын тартуунун тартибин белгилейт, ал күчтөр менен каражаттардын даярдыгына көзөмөлдүк кылат;
- өрт өчүрүүдө ведомстволук, ыктыярдуу жана башка өрткө каршы түзүлүштөрдү, өрт өчүрүүгө тартылган башка күчтөрдү жана каражаттарды оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
- өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик агенттиктин кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштурат жана жүргүзөт, окуу процессин программалык методикалык жактан камсыз кылат;
- мобилизациялык иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат жана өзгөчө кырдаалда алдын алуу жана аракеттенүү системасында ал үчүн белгиленген башка функцияларды аткарат;
- өзүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылат, финансы чарбалык иш жагындагы маселелерди өз алдынча чечет;
- өрт өчүрүүчү техниканы жана өрт өчүрүүчү каражаттарды сыноодон өткөрөт, заттарды, буюмдарды, материалдарды, жабдууларды, конструкцияларды өрт коопсуздугу жагында сыноону уюштурат;
- башка министрликтердин, ведомстволордун жана ишканалардын адистерин ошондой эле орто, атайын жана жогорку жайларынын окуучуларын өрт коопсуздугунун эрежелерин окутууга;
- белгиленген тартипте ведомстволук өзгөчөлөнүү белгилерин бекитүүгө сунуш киргизет, бул өзгөчөлөнүү белгилери менен Агенттиктин өздүк курамын ошондой эле аймактарды жана элдерди коргоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөткөн юридикалык жана жеке адамдарды сыйлайт.
3.1. Агенттиктин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- өрт өчүрүүдө ишканалардын байланыш каражаттарынан тоскоолсуз пайдаланууга;
- өрт өчүрүүгө ишканалардын ал максаттар үчүн жарактуу техникасын тартууга;
- өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу зоналарында транспорт кыймылын жарандардын кирүүсүн чектөө боюнча чара көрүүгө;
- өрт жөнүндө калкка кабар берүү жана маалымдар кылуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тартууга;
- өрт өчүрүүдө же аны менен байланышкан куткаруу иштерин жүргүзүүдө өз компетенциясынын чегинде ишканалар, кызмат адамдары жана жарандар милдеттүү түрдө аткара турган чечимдерди кабыл алууга.
3.2. Агенттиктин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- кайсы ведомствого таандык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, имараттардын, курулмалардын жана башка объекттердин өрт коопсуздугунун абалын текшерүүгө;
- өрт өчүрүүдө же аны менен байланышкан куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт таркаган же өрттүн коркунучтуу факторлору таркашы мүмкүн болгон баардык өндүрүштүк, турак жана башка жайларга (курулмаларга) сутканын бардык убагында тоскоолсуз кирүүгө, зарыл болгон учурларда эшиктерди, терезелерди жана коргоочу тосмолорду ачып кирүүгө;
- министрликтерден, ведомстволордон, ишканалардан жана кызмат адамдарынан жана жарандардан өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле болгон өрт жана анын залалдары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик органдарга жана ишканаларга өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- өрт коркунучу бар иштерге техникалык жетекчиликке укук берген тийиштүү документтердин болушун текшерүүгө же аларды аткарууга, ошондой эле өрт чыгуу коркунучунун жогорулугу, өрткө каршы коргоо системасынын эксплуатациялоо, өрт өчүрүү менен байланышкан иштерге кабыл алуу үчүн белгиленген атайын талаптарды сактоого көзөмөлдүк кылууга;
- ишканалардын жетекчилерине, кызмат адамдарына жана жарандарга укук-ченемдик актыларды анын ичиндеги техникалык регламенттерди өрт коопсуздугунун камсыз кылуу боюнча милдеттүү түрдө аткарыла турган көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча белгиленген тартипте алдын ала тергөө, өрттүн себептерин техникалык иликтөө жүргүзүүгө, алардын натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарыла турган чечимдерди кабыл алууга;
- объекттерде өрткө каршы коргоо каражаттарынын абалын, ошондой эле ведомстволук өрткө каршы коргонуу бөлүмдөрүнүн жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүлүштөрүнүн даярдыгын текшерүүгө;
- өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды, эрежелерди жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеген объекттерди, жайларды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулук берүүчү, энергия керектөөчү жана башка түзүлүштөрдү эксплуатациялоого тыюу салууга.
3.3. Агенттиктин кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жоопкерчиликтүү болушат. Агенттиктин кызмат адамдарынын иш аракеттерине белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4.1. Агенттикке түздөн-түз баш ийгендер:
- борбордоштурулган бухгалтерия;
- өрт өчүрүүнүн оперативдүү штабы;
- аскерлештирилген техникалык отряд;
- өрт-сыноо лабораториясы;
- окутуу пункту;
- борбордук байланыш пункту;
- гарнизондук кампа жана "Кол тийгис камылга" кампасы;
- өрт-техникалык борбор.
4.2. Агенттиктин иши пландоонун, кызматтык иш маселелерин чечүүдө бир башчылыктын, аларды талкуулоодо коллективдүүлүктү айкалыштыруунун, ар бир кызматкердин бекитилген иши үчүн жана өзүнчө тапшырмаларды аткарууда жеке жоопкерчилигинин негизинде жүргүзүлөт.
4.3. Агенттикте өрт коопсуздугун камсыздоо жана агенттиктин иш маселелерин талкуулоо үчүн төмөнкү коллегиялдык органдар түзүлөт:
- аскер кызматкерлери боюнча ар дайым иштөөчү аттестациялык комиссия;
- офицердик чогулуш;
- турак жай-тиричилик комиссиясы;
- этика боюнча комиссия;
- профсоюз;
- мыйзамдарга ылайык башка органдар.
4.4. Коллегиялдык органдардын курамы жана алардын ишин уюштуруу Агенттиктин директорунун (мындан ары - директор) буйругу менен бекитилет. Ошондой эле Агенттиктин директорунун буйругу менен Агенттикте башка комиссиялар, ар дайым иштөөчү оперативдүү кеңешме, ошондой эле кеңештер, жумушчу топтор жана башка коллегиялдык органдар түзүлүшү мүмкүн. Коллегиялдык органдардын чечими алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана директордун буйруктары менен жарыяланат.
4.5. Директор Агенттиктин ишин уюштурат жана министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана андан бошотулат. Директор кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, негизги жана жүгүртүү фонддору, агенттикке жүктөлгөн милдеттердин турмушка ашырылышы жана өзүнүн иш милдеттеринин аткарылышы үчүн министрдин астында жеке жоопкерчиликтүү болот.
Директор:
- Агенттиктин аппаратынын ишин жетектейт, агенттикке түздөн-түз баш ийген бөлүктөргө жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Агенттиктин региондук жана аймактык өкүлчүлүктөрүнө жетекчилик кылат;
- Агенттиктин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укук-ченемдик актыларынын аткарылышына көзөмөлдү уюштурат;
- түзүмдүк бөлүктөрдүн милдеттерин аныктайт жана Агенттикке түздөн-түз баш ийген бөлүктөрдүн кызматчыларынын, башкармалыктын начальниктеринин, Агенттиктин аймактык өкүлчүлүктөрүнүн директорлорунун, алардын орун басарларынын иш милдеттерин бекитет;
- Агенттиктин кызмат орундарына дайындоо боюнча номенклатурага ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде агенттикке жана түздөн-түз баш ийген бөлүктөргө аскер кызматчыларын, кенже тейлөөчү персоналдарды жана кызматчыларды жумушка кабыл алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кызмат орундарына жылдырат жана жумуштан бошотот;
- кесиптик өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн штатын бекитет;
- Агенттиктин өздүк курамына аскердик наамды ыйгаруу боюнча номенклатурага ылайык аскердик "старшина" наамына чейин наам ыйгарат;
- министрдин тейлөөчү орун басарына аскер кызматчыларына "прапорщик", "улук прапорщик" аскер наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;
- министрге агенттиктин аскер кызматчыларына "кенже лейтенант" аскердик наамынан тартып "полковник" аскер наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин офицерлерин, прапорщиктерин, ашыкча мөөнөттөгү аскер кызматчыларын, кенже тейлөөчү персоналдарды жана кызматчыларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн уставдарына ылайык сыйлайт жана жаза берет, Агенттиктин офицерлерин, прапорщиктерин, ашык мөөнөттүү аскер кызматчыларын, кенже тейлөөчү персоналдарды жана кызматчыларды мамлекеттик сыйлыктар, белгилер менен сыйлоого материалдарды сунуштайт, ведомстволук медалдар жана белгилер менен түздөн-түз сыйлайт;
- кызмат ордунун номенклатурасынын чегинде агенттиктин өздүк курамын аттестациялоону уюштурат жана жүргүзөт, Министрликтин аттестациядан өтүүчү аскер жана мамлекеттик кызматчыларына материалдарды даярдайт;
- Агенттиктиктин түздөн-түз баш ийген бөлүктөрүнүн офицерлерине, прапорщиктерине, мөөнөттөн ашык аскер кызматчыларына, кенже тейлөөчү персоналдарына жана кызматчыларына, өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин аймактык өкүлчүлүгүнүн башчыларына отпусканын бардык түрүнө уруксат берет;
- Агенттиктин өз алдынча бөлүмдөрүнүн, өрт коопсуздугу боюнча Агенттиктин региондук жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишине көзөмөл уюштурат, Агенттиктин аскер кызматчыларын жана кызматчыларын Кыргыз Республикасынын аймагында инспектирлөө, текшерүү, башка кызматтык маселелерди чечүү үчүн иш сапарына жөнөтөт;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- министрге Агенттиктин жана башка бөлүктөрдүн түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна өлкөдөгү өрт коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу боюнча сунушун жана өрт коопсуздугу маселелери боюнча укуктук-ченемдик актылардын долбоорун белгиленген тартипте киргизет;
- максаттуу маселелерди чечүү үчүн болгон штаттык сандын чегинде убактылуу бөлүктөрдү (өрт өчүрүү бөлүктү кошуп) түзөт, болгон штаттык санды республиканын бөлүктөрү боюнча бөлүштүрөт (кайтадан бөлүштүрөт);
- Агенттиктин, ошондой эле түздөн-түз баш ийген бөлүктөрдүн офицерлеринин, прапорщиктеринин, мөөнөттөн ашык аскер кызматчыларынын, кенже тейлөөчү персоналдарынын жана кызматчыларынын турак жай жана башка социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн ишин жетектейт жана Кыргыз Республикасынын өрт көзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп эсептелинет;
- бардык ишканалар үчүн, алардын ведомстволук тиешелүүлүктөрүнө жана менчигинин түрүнө карабай, өрт коопсуздугун талаптарынын бузулушун жоюу үчүн көрсөтмө берет, мамлекеттик өрт көзөмөлдөө органынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат;
- мамлекеттик өрт көзөмөлү органдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктары менен бирге аракеттенүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, башка уюмдарда, анын ичинде эл аралык уюмдарда өрт коопсуздугу маселелери боюнча Агенттиктин өкүлү катары чыгат;
- Агенттикке бөлүнгөн финансы каражаттарын (анын ичинде валюталык) жана материалдык ресурстарын белгиленген тартипте пайдаланат.
4.6. Директор өзүнүн кээ бир укуктарын ага баш ийген кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.
4.7. Директордун эки орун басары болот. Агенттиктин айкын багыттарына жетекчиликти кызмат ордуна директордун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалуучу жана андан бошотулуучу, директор аныктаган милдеттерди жүзөгө ашыруучу директордун орун басарлары жүргүзүшөт.
4.8. Директор болбогон учурда (отпускада, иш сапарында, ооруп калган учурда) анын милдетин орун басарларынын бирөө аткарат. Агенттиктин директорунун милдетин аткаруу учурунда анын орун басары директорунун бардык укугуна ээ болот.
4.9. Агенттикте аскер кызматын өтөө жалпы аскер милдетин аткаруу болуп саналат, ал эми Агенттиктин бардык аскер кызматчылары анык аскер кызматында деп эсептелет.
4.10. Агенттиктин аскер кызматчылары үчүн аскер кызматын өтөө шарты жана мөөнөтү, өздүк курамды толуктоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн аныкталган шартта жүргүзүлөт жана аларга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболору таркатылат.
4.11. Агенттиктин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдер боюнча акчалай жана натуралдык төлөмдөр, кызматтык жана турак жайлар, өмүрүн камсыздандыруу менен камсыз болушат.
4.12. Агенттиктин жана анын баш ийген бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсүн, аскердик наамды ыйгаруу тартибин "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн офицердик курамынын аскер кызматын өтөөсү жөнүндө жобосу", "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн прапорщиктеринин аскер кызматын өтөөсү жөнүндөгү жобосу", "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө анык мөөнөттөн ашык аскер кызматын өтөө жөнүндө жобосу", "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө жоокер, сержант жана старшина кызмат ордуна өз ыктыяры менен анык аскер кызматына кирген аялдардын аскер кызматын өтөө жөнүндө жобосу" жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат.
5.1. Агенттиктин ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин, салымдардын, кайрымдуулуктардын жана мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Каржылоо каражаттары өрт кырсыгын болтурбоо үчүн алдын ала профилактикалык иш чараларды жүргүзүү, Агенттикти материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу, өздүк курамдын эмгегине түрткү берүү үчүн жумшалат.
Агенттиктин бөлүмдөрүн имарат, бөлмө, өрт техникасы, жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле аларды техникалык пайдалануу жана ремонттоо ошол ишкананын администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
5.2. Агенттик өзүнүн ишинин натыйжасынын оперативдүү жана бухгалтериялык эсебин өз алдынча жүргүзөт, статистикалык эсеп-кысапты алып барат жана мамлекеттик статистика органдарына маалыматтарды берет жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот, ошондой эле баш ийген бөлүктөрдүн аудитин өз алдынча жүргүзөт.
5.3. Финансылык ишмердиктин эсеп-кысабына көзөмөл жүргүзүү үчүн Агенттик келишимдик негизде ушул багытта атайын адистешкен, анын ичинде аудитордук уюмдардын кызматынан колдонууга укуктуу.
5.4. Бухгалтериялык эсеп-кысаптын уюштурулушуна, абалына жана аныктыгына, тиешелүү органдарга жылдык жана башка финансылык эсеп-кысаптын берилишине, ошондой эле кредиторлорго жана массалык маалымат каражаттарына берилген маалыматтар үчүн жоопкерчиликти директор көтөрөт.
5.5. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөйт.
6.1. Агенттиктин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны өзгөртүп түзүү же болбосо жоюу жолу менен жүргүзүлөт.
6.2. Агенттиктин иш процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.