Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-февралы № 105
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-сентябрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────────────────────────┐ ┌──────────────────┐
│ Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин │ │ ӨКАга баш ийген │
│ борбордук аппараты ├───>│ бөлүмдөр │
└───────────────────────┬─────────────────────┘ └──────────────────┘
┌──────┬───────┬───┴───┬──────┬───────┬──────┬──────┬───────┐
v │ v │ v │ v │ v
┌─────────┐ │ ┌─────────┐ │ ┌─────────┐ │ ┌─────────┐ │ ┌──────────┐
│ Бишкек │ │ │ Талас │ │ │ Нарын │ │ │ Баткен │ │ │Жалал-Абад│
│ шаардык │ │ │облустук │ │ │облустук │ │ │облустук │ │ │ облустук │
│Өрт кооп-│ │ │Өрт кооп-│ │ │Өрт кооп-│ │ │Өрт кооп-│ │ │ Өрт │
│ суздук │ │ │ суздук │ │ │ суздук │ │ │ суздук │ │ │коопсуздук│
│башкарма-│ │ │башкарма-│ │ │ бөлүмү │ │ │ бөлүмү │ │ │ башкарма-│
│ лыгы │ │ │ лыгы │ │ └─────────┘ │ └─────────┘ │ │ лыгы │
└─────────┘ │ └─────────┘ │ │ │ └──────────┘
│ │ │ │
v v v v
┌────────────┐ ┌────────────┐ ┌────────────┐ ┌────────────┐
│Чүй облустук│ │ Ысык-Көл │ │ Ош облустук│ │ Ош шаардык │
│ Өрт │ │ облустук │ │ Өрт │ │ Өрт │
│ коопсуздук │ │ Өрт │ │ коопсуздук │ │ коопсуздук │
│башкармалыгы│ │ коопсуздук │ │башкармалыгы│ │башкармалыгы│
└────────────┘ │башкармалыгы│ └────────────┘ └────────────┘
└────────────┘