Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты № 125
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн жана аны андан ары жүргүзүү жана пайдалануу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматты жыйноону жана аны ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине берүүнү камсыз кылышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Д.Үсөнов |