Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 токтому менен бекитилген |
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169, 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2013-жылдын 8-майындагы № 263, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын "Балдар жөнүндө" кодексине, Баланын укуктары жөнүндө конвен- цияга жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы башка нормативдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
- Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы (мындан ары - балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы) - ата-энесинин кароосуз калган, үй-бүлөгө жайгаштырууга туура келген балдар тууралуу маалыматты камтыган, ошондой эле ушул Жобо менен белгиленген асыроого, камкордукка (көзөмөлдүккө), багып алуучу ата-энеликке талапкерлер тууралуу маалыматты камтыган Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын бөлүгү болуп эсептелет;
- ыйгарым укуктуу орган - ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган;
- асыроого талапкерлер, камкорчулар (көзөмөлчүлөр), багып алуучу ата-энелер (мындан ары - талапкерлер) - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген асыроочу, камкорчу (көзөмөлчү) же багып алуучу ата-эне болууга негиздери бар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроону каалаган чет өлкөлүк жарандар жана асыроочу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне катары талапкерликке ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына киргизилген жарандар;
- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу максаттары
2.1. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануунун максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды эсепке алууну жүргүзүү;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын талапкер жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого берүү шарттарын түзүү;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын талапкер жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсүнө тарбиялоого берүү үчүн шарттарды түзүү;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө толук жана туура маалымат алууну каалаган талапкерлердин укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүгө жана пайдаланууга милдеттүү талаптар
3.1. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүгө жана пайдаланууга милдеттүү талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жөнүндө документтелген маалыматтарды стандартташтыруу;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жөнүндө маалыматтарды балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу максаттары үчүн гана пайдалануу;
- ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жөнүндө документтелген маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы;
- документтелген маалыматтарды жайылып кетүүдөн, уурдоодон, жоголуудан, жасалмалоодон, бурмалоодон жана аларга санкцияланбаган кирүүдөн коргоо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы ыйгарым укуктуу органдын карамагындагы купуя мүнөздө болгон маалыматтык ресурстар катары түзүлөт.
Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан маалыматтар ушул Жободо каралган тартипте үй-бүлөдө тарбияланган балдардын укуктарын жана талапкерлердин укуктарын ишке ашыруу максатында гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү
4.1. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн мекемелердин (билим берүү мекемелерин, дарылоо-алдын алуу уюмдарынын жана медициналык-социалдык уюмдардын, социалдык коргоо мекемелеринин, убактылуу болуу мекемелеринин) кызмат адамдары жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтары бар башка жарандар баланын иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 169, 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.2. Тарбиялоо мекемелерин, дарылоо-алдын алуу уюмдарынын жана медициналык-социалдык уюмдардын, калкты социалдык коргоо мекемелеринин жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар туруучу башка ушул сыяктуу мекемелеринин жетекчилери бала үй-бүлөнүн тарбиясына өткөрүп берилиши мүмкүндүгү аларга белгилүү болгон күндөн тартып жети күндүк мөөнөттүн ичинде ушул мекеме турган жер боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
4.3. Аймактык бөлүм ушул Жобонун 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде баланы туугандарынын (биологиялык үй-бүлөсүнө) үй-бүлөсүнө орноштурууну камсыздоо боюнча чараларды көрөт. Баланы туугандарынын (биологиялык үй-бүлөсүнө) үй-бүлөсүнө орноштурууга мүмкүн болбосо, аймактык бөлүм бала жөнүндө маалыматты Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына киргизет.
Аймактык бөлүм үч айдын ичинде баланы Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлердин үй-бүлөсүнө орноштурууну камсыз кылат.
Эгерде баланы Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлердин үй-бүлөсүнө орноштурууга мүмкүн болбосо, аталган мөөнөт аяктагандан кийин аймактык бөлүм ошол баланын анкетасын ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Ата-энелери белгисиз, табылган (ташталган) бала, энеси (атасы) дарылоо-профилактикалык жана медициналык-социалдык уюмга таштап кеткен, энеси төрөт үйүнө (бөлүмүнө) калтырып кеткен бала жөнүндө маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте ата-энелеринин камкордугусуз калган бала деп таанылган учурда Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына киргизилет жана аймактык бөлүм тарабынан бул жөнүндө ички иштер органынын акты жана энесинин арызы таризделген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин гана ыйгарым укуктуу органга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынын эсебин жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын талапкер жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо балдардын туугандары жарандыгына жана ушул туугандарынын жашаган жерине карабастан асырап алууга баланы андан ары орноштурууга көмөк көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтарды милдеттүү тартипте берүүчү аймактык бөлүм балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү үчүн ушундай маалыматтарды пайдаланууга өз укуктарын жоготпойт жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын талапкер жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо туугандары жарандыгына жана ушул туугандарынын жашаган жерине карабастан асырап алууга ушундай балдарды орноштуруу же орноштурууну уюштуруу боюнча милдеттеринен бошотулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлер өздөрү жөнүндө маалыматтарды аймактык бөлүмгө беришет, ал эми ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар өздөрү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө документтелген маалыматтар
5.1. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө документтелген маалыматтар - ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын анкетасы (мындан ары - баланын анкетасы), ал мамлекеттик маалыматтар банкында ушундай балдар жөнүндө маалыматтардын эсебин алуу жана үй-бүлөдө тарбиялоого балдардын укуктарын ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.
5.2. Баланын анкетасына (1-тиркеме) төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын аты-жөнү, жынысы, туулган күнү жана жери, жарандуулугу, жашаган жери же турган жери;
2) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын өзгөчө белгилери (бою, салмагы, көзүнүн түсү, чачы жана башка өзгөчөлүктөрү);
3) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын ден соолугунун абалы, анын дене-бою жана акыл жагынан өнүгүшү;
4) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрү (ачык-айрым, түнт жана башка өзгөчөлүктөрү);
5) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын этностук теги;
6) балага ата-энелеринин камкордугу жоктугунун себептери;
7) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын ата-энелеринин же болбосо жалгыз ата-энесинин же анын камкорчусунун (көзөмөлчүсүнүн) аты-жөнү, туулган күнү, жарандыгы, белгилүү динге же маданиятка таандыктыгы (мүмкүн болсо ушундай маалыматты көрсөтүү керек); ден соолугунун абалы (ушундай маалымат документ түрүндө ырасталган учурда), жашаган жери жана (же) турган жери;
8) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын эрезеге жете элек ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын аты-жөнү, жынысы, туулган күнү, ден соолугунун абалы (ушундай маалымат документ түрүндө ырасталган учурда), жашаган жери жана (же) турган жери;
9) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын ҮБКБга белгилүү болгон башка эрезеге жеткен туугандарынын аты-жөнү, туулган күнү, жашаган жери жана (же) турган жери, аталган туугандарынын ушундай баланы өз үй-бүлөсүнө тарбияга алуудан баш тарткандыгын ырастоочу документтердин реквизиттери;
10) ата-энелеринин камкордугусуз калган баланы үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруунун мүмкүн болгон формалары;
11) аймактык бөлүм же болбосо Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын талапкер жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого ата-энелеринин камкордугусуз калган баланы орноштуруу жана орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча көргөн чаралары жөнүндө маалыматтар;
12) балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында ата-энелеринин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну токтотуу жөнүндө маалыматтар (себептерин көрсөтүү менен).
Баланын анкетасына ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын сүрөтү тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Талапкерлер жөнүндө документтелген маалыматтар
6.1. Баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жаран жөнүндө документтелген маалымат - баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жарандын анкетасы (мындан ары - жарандын анкетасы), ал балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкындагы ушундай жарандар тууралуу маалыматтарды эсепке алуу жана ушундай жарандардын балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкындагы ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө документтелген маалыматтарга жетүүнү камсыздоо максатында түзүлөт.
6.2. Талапкер жөнүндө документтелген маалымат ушундай талапкерлерде асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же бала асырап алуучу ата-эне болууга мыйзамда белгиленген негиздер болгондо алардын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүм асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же асырап алуучу ата-эне болууга мүмкүндүгү жөнүндө корутунду же болбосо Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын турмуш шарттары жана бала асырап алууга мүмкүндүгү жөнүндө корутунду бергенде ишке ашырылат.
Талапкер жөнүндө маалыматтарды документтөөнүн алдында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүм же Ыйгарым укуктуу орган ушул талапкерди ал, ушул маалыматтарды документтөөнүн негиздери жана максаттары, аны пайдалануу тартиби жөнүндө документтелген маалыматтардын тизмеси менен тааныштырууга милдеттүү.
Талапкердин анкетасынын формасындагы документтелген маалымат Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6.3. Талапкердин анкетасына (2-тиркеме) төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жарандын аты-жөнү, жынысы, туулган күнү жана жери, жарандыгы, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жана (же) турган жери, байланыш телефонунун номери жана ким экендигин ырастоочу документинин реквизиттери;
2) баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жарандын жашаган жери боюнча анын асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же бала асырап алуучу ата-эне болууга мүмкүндүгү жөнүндө үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн корутундусунун реквизиттери же болбосо бала асырап алууну каалаган чет өлкөлүк жаран жараны болуп эсептелген мамлекеттин бала асырап алуу жөнүндө мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жарандын бала асырап алууга мүмкүндүгү жана турмуш шарттары жөнүндө корутундунун реквизиттери (Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранына же бала асырап алууну каалаган - аталган жаран же адам туруктуу жашаган мамлекеттин мыйзамына карата;
3) талапкер өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган бала жөнүндө маалыматтар;
4) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн талапкерге өзү тандаган, ата-энесинин камкордугусуз калган балага ал турган мекемеге барышы үчүн берген жолдомо жөнүндө маалымат, берилген күнүн, баланын фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтүү менен;
5) талапкердин кабыл алган чечими жөнүндө же ата-энесинин камкордугусуз калган баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алуудан баш тартуу жөнүндө, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен маалыматтар;
6) балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында талапкер жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну токтотуу (себебин көрсөтүү менен) тууралуу маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жана аларга жетүү тартиби жөнүндө купуя маалыматтар
7.1. Баланын анкетасы жана талапкердин анкетасы купуя маалымат документтерине кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Талапкерлердин Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында камтылган ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматка жетүүсү мындай жарандар жөнүндө маалыматтар документтештирилген шартта ишке ашырылат жана төмөнкүлөр тарабынан камсыздалат:
- аймактык бөлүм тарабынан - балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына асырап алууга берүүдө;
ыйгарым укуктуу орган - балдарды чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүүдө.
Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматка аталган талапкерлердин жетиши балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруунун мүмкүн болгон түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Асыроого талапкерлер ата-энелеринин камкордугусуз калган баланы орноштурууга (орноштурууга көмөк көрсөтүүгө) карата аймактык бөлүм же Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо балдарды туугандарынын жарандыгына же жашаган жерине карабастан алардын асырап алуусуна карата көргөн чаралары жөнүндө баланын анкетасында тиешелүү маалымат болгон учурда Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси белгиленген аталган жарандардын бала асырап алууга негиз пайда болгондо ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар тууралуу купуя маалыматка жетүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7.4. Кыргыз Республикасынын жарандары болгон талапкерлер ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалымат алуу үчүн аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу, ал эми чет өлкөлүк жарандар болгон талапкерлер ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
7.5. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалыматты алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болгон талапкер аймактык бөлүмгө, ал эми чет өлкөлүк жаран болгон талапкер - ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү аркылуу купуя маалыматка жетүү тартибин сактап, аны тиешелүү маалымат менен тааныштыруу өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызын берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
7.6. Аймактык бөлүм же ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү арызды алган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде аны маңызы боюнча карап чыгууга жана талапкерге ал сураган купуя маалыматты берүүгө же жазуу жүзүндө жүйөлүү баш тартуу берүүгө милдеттүү.
Мындай баш тартуу суралган маалыматтын берилиши мүмкүн эместиги жөнүндө негизди, ушундай баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күнү камтышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7.7. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө купуя маалымат балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында тиешелүү документтелген маалыматы бар талапкердин жеке өзүнө жазуу жүзүндө берилет.
Аталган купуя маалымат Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында камтылган документтелген маалыматы же талапкер өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган конкреттүү бала жөнүндө тиешелүү маалыматы бар, ата-энелеринин камкордугусуз калган бардык балдар жөнүндө анын өтүнүчү боюнча жаранга берилет.
Эгерде бир нече талапкер өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган бала жөнүндө бирдей маалыматтарды көрсөтсө, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө тиешелүү купуя маалыматты алууда артыкчылыкка Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында маалыматтарды эсепке алуу мөөнөтү башка көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндөгү маалыматтардан мурда аныкталган талапкер ээ болот, эгерде бала жөнүндө купуя маалыматты берүү учуруна карата анын ата-энеси, же болбосо туугандары ушул баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаганы жөнүндө маалымат жок болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.8. Ата-энелеринин камкордугусуз калган баланы тандоодо талапкерге үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм же болбосо Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бала турган мекемеге жолдомо берилет, анын багуусу тууралуу ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын иш жүзүндө турган жерине карата үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө билдирилет. Берилген жолдомо жөнүндө баланын анкетасына жана талапкердин анкетасына тиешелүү белги коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.9. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган талапкер сураган купуя маалымат, ушул главанын 11.1-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү маалымат жок болсо, ушул талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде талапкер өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган баланы издөө улантылат же балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында ушундай талапкер жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу токтотулат.
Талапкерге аталган баланы издөөнүн натыйжалары тууралуу билдирүү ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө жаңы маалыматтар келип түшкөн ар бир учурда (алар ушул берененин 11.1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келгенде), бирок айына бир жолудан кем эмес үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм же болбосо Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.10. Аймактык бөлүм же болбосо Ыйгарым укуктуу орган кызматтык маалыматтарды алмашуу жолу менен Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын пайдаланууну ишке ашырат.
Ушундай алмашуу процессинде аймактык бөлүм же болбосо Ыйгарым укуктуу орган ага санкцияланбаган кирүүнү, ага тете эле аны кокусунан же санкцияланбаган өзгөртүүнү, жок кылууну же жоготуп алууну болтурбоо үчүн ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жөнүндө купуя маалыматты коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
Аталган купуя маалыматты алмашуунун ар бир учуру милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7.11. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт.
7.12. Аймактык бөлүм бөлүм, Ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жана талапкерлер жөнүндө купуя маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко прокуратура органдарына, алгачкы териштирүү же тергөө органдарына же болбосо Акыйкатчыга берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынын купуя болуп саналбаган маалыматтары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1. Ушул Жобонун 5.2-пунктунда белгиленген жекече маалыматтарды камтыбаган балдар жөнүндө маалымат купуя болуп саналбайт. Аталган маалыматты түзүүдө жана жайылтууда ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын, анын ата-энелеринин жана башка туугандарынын ким экендигин идентификациялоого жол берилбейт.
Балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алууну каалаган талапкерлер жана жарандар кайрылган учурда аймактык бөлүм же ыйгарым укуктуу орган алардын өтүнүчү боюнча ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруу шартын жана тартибин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты, ошондой эле ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алуу жөнүндө маселелерди чечүүдө жардамы тийиши мүмкүн болгон маалымдама же консультациялык материалдарды берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
8.2. Жарандарга маалымдоо максатында ыйгарым укуктуу орган купуя болуп эсептелбеген төмөнкү маалыматты Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жайгаштырат:
- жашын, жынысын, этностук тегин көрсөтүү менен Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган балдардын жалпы санын;
- жынысын, улутун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары болгон, катталган талапкерлердин жалпы санын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында эсепке алууну токтотуу
9.1. Ата-энелеринен камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтарды Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында эсепке алууну токтотуунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ата-энелеринен камкордугусуз калган баланы үй-бүлөгө тарбиялоого орноштурууну;
- ата-энелеринен камкордугусуз калган баланы анын ата-энесине же ата-энесинин бирөөнө кайтарып берүү;
- ата-энелеринен камкордугусуз калган баланын эрезеге жетиши же ушундай баланын эрезеге жеткенге чейин толук ишке жарамсыз (эмансипация) деп табылышы;
- ата-энелеринен камкордугусуз калган баланын каза болушу.
9.2. Талапкер жөнүндөгү маалыматтарды Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында токтотуунун негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- талапкердин баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алышы;
- талапкердин Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында ал жөнүндөгү маалыматтарды эсепке алууну токтотуу тууралуу арызы;
- талапкерге берүүчү жагдайлардын өзгөрүүсү (Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында ал катталган учурдан кийинки мезгилде бала асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же бала асырап алуучу ата-эне болууга мыйзамда белгиленген негиздердин өзгөрүшү);
- талапкердин каза болушу;
- бала асырап алуучу болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берилген учурдан тартып 2 жыл өтүп кетиши.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Маалымат алууга жарандардын укуктарын коргоо жана ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
10.1. Балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына кирүүдөн негизсиз баш тартуу, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө көз көрүнөө туура эмес маалыматтарды берүү, аталган маалыматты алууга талапкерлердин жана жарандардын укугун бузуучу же ушундай укукту ишке ашырууга тоскоолдук түзүүчү ушундай маалыматтарды же башка укукка жат аракеттерди жашыруу Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко доо берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
10.2. Ушул Жобонун нормаларын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| 1-тиркеме |
Ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын АНКЕТАСЫ
_____________________________________________________ | Сүрөт үчүн орун |
Баланын аты-жөнү | |
_____________________________________________________ | |
анын туулган күнү жана жери | |
_____________________________________________________ | |
жашаган же турган жери |
___________________________________________ жынысы, бою, салмагы, көзүнүн, чачынын түсү жана башка белгилери
___________________________________________ баланын этностук теги
___________________________________________ мүнөзүнүн өзгөчөлүгү (ачык-айрым, түнт жана башка өзгөчөлүктөрү)
___________________________________________ баланын ден соолугунун абалы, анын дене-бой жана
___________________________________________ акыл-эс жагынан өнүгүшү
___________________________________________ балага ата-эненин камкордугу жок болушунун себептери
___________________________________________
Аты-жөнү, жынысы, туулган күнү, ден соолугунун абалы (документ түрүндө ырасталган ушундай маалымат болгондо), баланын эрезеге жете элек ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын жашаган жери жана (же) турган жери ______________________________________________
Баланын ата-энеси, камкорчулары жана эрезеге жете элек _________________ туугандары жөнүндө маалыматтар
Аты-жөнү жынысы | Туугандык деңгээли, жарандыгы | Туулган жылы жана жери | Жашаган жери же турган жери | Белгилүү динге же маданиятка таандыктыгы (ушундай маалыматты көрсөтүүгө мүмкүн болсо), ден соолугунун абалы (документ түрүндө ырасталган ушундай маалымат болгондо) |
________________________________________ баланы үй-бүлөгө тарбиялоого орноштуруунун мүмкүн болгон формалары
________________________________________
аймактык бөлүм же Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого баланы орноштуруу жана орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча көргөн чаралары жөнүндө маалыматтар ________________________балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында бала ________________ жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну токтотуу жөнүндө маалыматтар
__________________________________
(себептерин көрсөтүү менен)
20_жылдын "___" ___________
____________________________________________________
(документтерди кабыл алган кызматкердин колу,
____________________________________________________
аты-жөнү, кызматы жана органдын аталышы)
|
| 2-тиркеме |
Асыроого, камкордукка (көзөмөлдүккө), багып алуучу ата-энеликке талапкердин АНКЕТАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
__________________________________________ жарандын аты-жөнү
__________________________________________ анын туулган күнү жана жери
__________________________________________ жашаган жери же турган жери, байланыш телефонунун номери
_________________________________________ жарандын паспорттук маалыматтары
бала асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же асырап алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун реквизиттери же болбосо чет өлкөлүк жарандын жашоо-турмуш шарттары жана бала асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундунун реквизиттери ___________________ жаран өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган бала жөнүндө маалыматтар
___________________________________________ алардын тандаган балага баруусу үчүн берилген жолдомолор жөнүндө
___________________________________________ маалыматтар, жолдомолорду берүү күнүн, аталган баланын аты-жөнүн
___________________________________________ көрсөтүү менен баланы үй-бүлөгө тарбиялоого алуу же баланы
___________________________________________ алуудан баш тартуу жөнүндө маалыматтар, баш тартуунун себебин
___________________________________________ көрсөтүү менен
балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында жаран тууралуу маалыматтарды эсепке алууну токтотуу жөнүндө маалыматтар (себебин көрсөтүү менен) _________________________________________
20__жылдын "___" ___________
_________________________________________________________________
(документтерди кабыл алган кызматкердин колу,
_________________________________________________________________
аты-жөнү, кызматы жана органдын аталышы)