Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-мартындагы № 129
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.
2. «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр |
Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 129 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин беренелеринин ортосундагы ички карама-каршылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 363 жана 365-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 364 жана 365-беренелерине ылайык, райондук коэффициент эмгек акыга, ал эми бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген адамдардын иш стажысы үчүн пайыздык үстөк кызматтык маянага кошулаарын белгилейбиз.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 151-беренесине ылайык, үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана стимулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги тарабынан кайчы пикирлерди четтетүү максатында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалган. Бул Мыйзам долбоору менен 151 жана 363, 363 жана 364-беренелердин ортосундагы карама каршылыктар четтетилет. Башкача айтканда 151-берененин 2-бөлүгүн «райондук коэффициентти кошпогондо» деген сөздөр менен толуктоо, ал эми 363-беренеде «коэффициент» деген сөздөн мурда «эмгек акыга» деген сөздөр менен толуктоо сунушталат, анткени райондук коэффициент эмгек акыга эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтом менен эмгек акыга райондук коэффициенттин өлчөмү белгиленген жана Кыргыз Республикасынын бийик толуу жана алыскы зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ай сайын төлөнүүчү үстөктөрдү төлөп берүү үчүн эмгек стажын белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартиби бекитилген.
Ошондой эле «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренеси менен эмгек акыга райондук коэффициент эсептелээри каралган.
2010-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда да Мыйзамдын 11 жана 12-беренелерине ушул аймактагы иш стажысына ылайык кызматтык маянага карата пайыздык үстөк белгиленген бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы ошол аймактагы иш стажысы үчүн эмгек акыга пайыздык үстөктү төлөп берүүгө кошумча финансылык сарптоолорду талап кылаарын белгилей кетмекчибиз.
Мындан башка Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен толтурулуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Жогоруда айтылганды эске алып, сунушталган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдобойт.
|
|