Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-марты № 132
Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгортүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2007-жылдын 31-августу, № 62) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Мамлекеттик алымды бюджетке чегерүү
Мамлекеттик алым жеке жана юридикалык жактардан төмөнкүдөй учурларда алынат:
- сотторго кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;
- нотариатка кайрылууда 90 пайыз өлчөмү жергиликтүү бюджетке түшөт, 10 пайыз өлчөмү - юстиция мекемелеринин өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондуна;
- жарандык абалдын актыларын каттоону жүргүзгөн органдарга кайрылууда 90 пайыз өлчөмү жергиликтүү бюджетке түшөт, 10 пайыз өлчөмү калкты, автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык автомашиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууда 85 пайыз өлчөмү ыйгарым укуктуу органдын атайын жабык эсебине жана 15 пайызы калкты, автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык автомашиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна түшөт;
- чет өлкөгө чыгуу укугуна жана чет өлкөлүк адамдарды Кыргыз Республикасына чакыруу боюнча документтерди толтурууга; бул документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; паспорттор жана аларды алмаштырган документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоого жана каттоо мөөнөттөрүн узартууга; чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасына кирүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна виза берүүгө; Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү укугуна визаларды узартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү документтерди кароого 90 пайыз өлчөмү республикалык бюджетке жана 10 пайызы - калкты, автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык автомашиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна түшөт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 5-июну, № 69-70) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- көрсөтүлгөн жыйымдардын 10 пайызы калкты, автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык автомашиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна жиберилет;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|