Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты №142
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши жөнүндөгү тиркелген отчету жактырылсын.
2. Аталган отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2010-жылдын 12-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу ОТЧЕТУ
Киришүү
1. Кыргыз Республикасында 2009-жылдагы социалдык-экономикалык
жагдай жөнүндө
2. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы
3. Социалдык чөйрө
4. Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшү
5. Бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу жана
Конституция менен мыйзамдарды аткаруу боюнча ишти уюштуруу
6. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча
башкарууну өнүктүрүү
7. Өкмөттүн өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу жөндөмүн
камсыздоо боюнча чаралары
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын
аткарылышы жөнүндө маалымат
9. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана аткаруу
2009-жылдын негизги жыйынтыгы өлкөнүн экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасиринин шарттарында экономикалык өсүштүн төмөндөө коркунучун болтурбоо жана экономикалык өсүштүн жакшы темптерин 2,3% деңгээлинде сактоо болду.
Кризистик көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар 2009-жылга Өкмөттүн Иш-аракеттер программасын жана Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планын кошкондо Өлкөнү жаңылоого жаңы курста жана башка маанилүү документтерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган 2009-жылга өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарын ишке ашырууга топтолгон.
Өзүнүн программаларын аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруу бийлиги органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү бийликтин башка органдары, өкмөттүк эмес уюмдардын секторлору менен активдүү кызматташты.
Бул биздин коомдун айрым топторунун кызыкчылыктарын жакшы түшүнүүгө гана эмес, экономиканын түрдүү секторлорунда экономикалык саясатты так түзүүгө да жардам берди.
Бул отчетто көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен 2009-жылга Өкмөттүн ишинин бардык натыйжалары толук баяндалды. Ошону менен бирге белгилүү ийгиликтерге жетишүүнү белгилөө менен Өкмөт аларды ашыкча баалап жиберген жок. Жөнөкөй жарандар олуттуу өзгөрүүнү сезүүлөрү үчүн, ондогон жылдар бою топтолгон көптөгөн социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн дагы көп нерселерди жасоо алдыда турат. Мунун бардыгы 2010-жылы кыйла максаттуу мамлекеттик экономикалык саясатты талап кылат.
1. Кыргыз Республикасында 2009-жылдагы
социалдык-экономикалык жагдай жөнүндө
1.1. Негизги макроэкономикалык параметрлер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылы жыйынтыгы өлкөнүн экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасиринин шарттарында экономикалык өсүштүн төмөндөө коркунучун болтурбоого жана экономикалык өсүштүн жакшы темптерин сактоого жетише алды.
2009-жылдын жыйынтыгына карата алдын ала баалоо боюнча ИДПнын көлөмү 196423,1 млн. сом суммасында, 2,3% реалдуу өсүш менен түзүлдү (2008-жылы - 8,4%). "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 2,9%ти түздү. (2008-жылы - 6,5%).
Жыл ичинде экономикалык жагдай бирдей болгон жок. Ал өзгөчө биринчи жарым жылдыкта тынчсыздандырды, бул учурда ИДПнын деңгээли байкалаарлык төмөндөп кетти (февраль-июнда төмөндөө 1-3% деңгээлин түздү). Ошондой болсо да кризистен кийин өлкөнүн экономикасынын акырындык менен жакшырышында июлдан тартып туруктуу өсүү тенденциясы белгиленип, ИДПнын реалдуу өсүшү 1,2%-2,3% деңгээлинде болду.
№ 1 график. 2009-жыл үчүн ИДПнын өсүш темпи, мурунку жылдын
тиешелүү мезгилине карата % менен
Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 38,3 миң сомду түздү (888 АКШ доллары) жана мурунку жыл менен салыштырганда 1,3%ке өстү.
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча өндүрүш тараптан ИДП өндүрүшүнүн түзүлгөн түзүмүнө жараша экономикалык өсүштүн оң темпине жетүүгө таасир эткен негизги сектор кызмат көрсөтүү жана агрардык сектор болду, анын кумулятивдик салыштырма салмагы 68,3%ти, ал эми суммалык салымы 2,7%ти түздү. Мында, өнөр жайлык өндүрүштүн терс салымы - (-1,0%) болуп, салыштырма салмагы - 14,8%ти түздү. Курулуш секторунун таасири чектүү болду жана 0,3%ти түздү.
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери
№ 1 таблица
Көрсөткүчтөр
| 2008-жыл | 2009-жыл | Четтөө | ||||||
Иш жүзүн дө Таби гый өсүш темптери, % | ИДПга карата % менен
| Божомол (%)
| Иш жүзүн дө Таби гый өсүш темптери, % | ИДПга карата % менен
| ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү
| мурунку жылга карата
| болжол донгон жылга карата
| ИДПга карата % менен
| |
ИДП | 108,4 | 100(*) | 103,0 | 102,3 | 100(*) | 2,3(*) | -6,1 | -0,7 | 100(*) |
Өнөр-жай | 114,9 | 15,2 | 93,1 | 93,6 | 14,8 | -1,0 | -21,3 | 0,5 | -0,4 |
Айыл чарба | 100,8 | 23,5 | 105,2 | 107,4 | 22,1 | 1,7 | 6,6 | 2,2 | -1,4 |
Кызмат көрсөтүү лөр | 111,0 | 43,0 | 103,9 | 102,6 | 46,2 | 1,0 | -8,4 | -1,3 | 3,2 |
Курулуш | 110,8 | 5,3 | 113,4 | 106,3 | 5,7 | 0,3 | -4,5 | -7,1 | 0,4 |
* - продуктуларга жана импортко таза салыктарды эске алуу менен
2008-жылга карата ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө 43%тен 46,2%ке чейин кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн салыштырма салмагын көбөйтүү жагына өзгөрүүлөр болду, бул түздөн-түз, мисалы кризистик көрүнүштөргө карабастан уюлдук байланыш кызматтары сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүнүн кеңейиши менен байланышкан. Айыл чарбага карата айтсак, ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө 23,5%тен 22,1%ке чейин кошумчаланган нарктын салыштырма салмагынын кыскарышы аралыктык товарларга (үрөн, жер семирткич) жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнө байланыштуу аралыктык керектөөнүн үлүшүнүн көбөйүшүнө байланышкан.
Макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли нөлдүк белгиге түштү. Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 2008-жылдын декабрына салыштырганда өзгөрүүсүз калды. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө жана Европада дефляциялык процесс кыйла тереңирээк болуп чыкты, мисалы, АКШда (-2,7%), Японияда (-1,7%), Евросоюзда (-2,2%). КМШнын айрым өлкөлөрүндө бул көрсөткүч төмөнкүнү түздү: Казакстанда 6,2%, Азербайжанда (0,7%), Молдовада (0,4%), Россияда (8,8%), Тажикстанда (5,0%).
Отчеттук мезгилде инфляциялык процесстерге таасир этүүчү негизги фактор биринчи зарылдыктагы товарларга (ун, нан, май жана малдын майы, сүт азыктары, жашылча-жемиштер) баанын төмөндөшү, ошондой эле Улуттук банк тарабынан көрүлгөн инфляцияга каршы чаралар болду.
№ 2 график. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөөчүлүк баалардын индексинин динамикасы (% менен, өткөн жылдын декабрына карата)
Баалардын жалпы деңгээли жалпы керектөөчүлүк корзинадагы салыштырма салмагы чоң болгондуктан товарлардын азык-түлүктүк топторуна баалардын төмөндөшүнүн таасири менен түзүлдү. Алсак, 2009-жылы тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз ичимдиктерине баалардын индекси 7,4%ке төмөндөдү.
2009-жылы азык-түлүк эмес товарларга баалардын индексинин өсүшү кыйла жай жүрсө да жогору бойдон калып, 10,4%ти түздү (2008-жылы өсүш 16,0%ти түзгөн). Азык-түлүк эмес товарларга баалардын өсүшү негизинен, үй тиричилик буюмдарына (+9,6%), кийимге жана бут кийимге (+8,5%) баалардын өсүшүнүн эсебинен болду. Калкка акы төлөмө кызмат көрсөтүүгө баалар жана тарифтер 4,4%ке жогорулады.
Инфляциялык процесстерге башка таасир этүүчү фактор андан ары азаюу жагына оңдоолорду киргизүү менен азык-түлүк товарларынын жана энергия булактарынын дүйнөлүк рыногундагы баалардын турукташуусу болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2009-жылы төлөмдүк баланстын сальдосу 251,7 млн. АКШ доллары көлөмүндө оң болуп түзүлдү.
Төлөм балансынын тартыштыгын жабуу, валюталык рынокто валюталык интервенцияларды каржылоо жана улуттук валютанын курсун туруктуу кармоо максаты болуп эсептелген дүң эл аралык резервдердин көлөмү 2009-жылдын 31- декабрына карата 1 588,2 млн. АКШ долларын түзүп, 2009-жылдын башынан тартып 363,6 млн. АКШ долларына же 29,7 процентке көбөйдү. Эл аралык резервдин көлөмүнүн өсүшүнүн негизги булактары эл аралык финансылык институттардан жана донор өлкөлөрдөн КР Өкмөтүнүн жана КРУБдун пайдасына валюталык каражаттардын түшүшү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2009-жылы учурдагы операциялардын эсеби 25,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө терс болуп түзүлдү (КРУБдун оң деп баалаганга чейинкисин эске алуу менен - 116 млн. АКШ доллары). Учурдагы трансферттердин көлөмү 1194,8 млн. АКШ долларын түздү жана 19,1%ке төмөндөдү, бул эмгек мигранттарынан алынуучу валюталык түшүүлөрдүн көлөмүнүн 30,1%ке кыскарышынан келип чыкты. Эмгек мигранттарынын акча которууларынын кыскарышы, баарыдан мурда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын негизги массасы топтолгон Россияда жана Казакстанда экономикалык жагдайдын начарлашы менен байланышкан. 2009-жылдын апрелинде РФ Өкмөтүнөн 150 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражат түштү.
Акча базасы 2010-жылдын 1-январына карата 2008-жылга салыштырганда 18,3%ке көбөйүп, 41,6 млрд. сомду түздү.
2010-жылдын 1-январына карата акча базасынын түзүмүндө жүгүртүүдөгү акчанын үлүшү 85,9%ти түздү (2008-жылы 87,6%). Тиешелүү түрдө КРУБдагы коммерциялык банктардын корреспонденттик жана депозиттик эсептериндеги каражаттардын үлүшү 14,1%ти түздү (2008-жылы 12,4%).
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү жыл башынан тартып 16%ке көбөйүү менен 35,7 млрд. сомду түздү, ал эми коммерциялык банктардын резервдери 34,5%ке көбөйдү жана 5,8 млрд. сомду түздү.
КРУБдун маалыматы боюнча М2Х акча массасы 2009-жылы 17,9%ке көбөйдү жана 2010-жылдын 1-январына карата анын көлөмү 57,1 млрд. сомду түздү (2008-жылы М2Хтин өсүшү 12,6%ти түзгөн). 2009-жылы кеңири акча массасынын өзгөрүшү банктардан сырткары накталай акчалардын 6,5%ке жана депозиттин жалпы көлөмүнүн 3,1%ке кыскарышынын натыйжасында болду.
2009-жылдын акырына карата коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 39,6 млрд. сомду түздү. 2009-жылы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо проценттик ставкалар төмөнкүлөрдү түздү:
- улуттук валютада - 2008-жылдагы 6,8%тин ордуна 9,1%;
- чет өлкөлүк валютада - 8,0%ти, бул 2008-жылы 5,8% болгон.
2009-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасына кредит 2008-жылга салыштырганда 1,5%ке кыскарып, 25,2 млрд. сомду түздү.
Кредиттик портфелдин кыскарышынын негизги себеби өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн жайлашы, банктардын заемчуларынын финансылык абалына карата аныксыздыктарга байланыштуу коркунучтардын көбөйүшү болду, бул коммерциялык банктарга кредит берүүдөн сак болууга, ошондой эле алар боюнча проценттик ставкаларды көбөйтүүгө өбөлгө түздү. Алсак, 2009-жылы жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо проценттик ставкалар төмөнкүлөрдү түздү:
- улуттук валютада - 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча 25,9%тин ордуна 26,7%ти;
- чет өлкөлүк валютада - 21,5%ти, бул 2008-жыл үчүн 20,3% болгон.
Финансылык кризис биринчи кезекте банк системасына жаңы кредиттерди тартууда кыйынчылыктарды келтирди. Эң оор жагдайга ишканалар туш болушту. Экономиканын субъекттерине кредиттерди берүү 1,3 эсе кыскарды. Кыргызстандын экономикасынын пайда алып келбеген ишканаларынын үлүшү ушул эле мезгил үчүн 44%ти түзүп, өндүрүштү кеңейтүү үчүн жүгүртүлүүчү каражаттардын жоктугу менен мүнөздөлдү.
Кыргыз сомуна карата АКШ долларынын эсептик курсу 2009-жылдын башынан тартып январдын башталышында 1 АКШ доллары үчүн 39,4 сомдон 2009-жылдын декабрынын аягында 1 АКШ доллары үчүн 44,5 сомго чейин 11,86%ке көтөрүлдү.
1.2. Артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүү
1.2.1. Агрардык сектор
Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калктын ишке орношуусун камсыздоодо негизги сектор болуп калды. Айыл чарбада иштегендер өлкөдө иштегендердин жалпы санынын үчтөн бирин түзөт же болжол менен 750 миң адам. Андан сырткары, экономиканын ушул секторунда ИДПнын кошумчаланган наркынын дээрлик төрттөн бири түзүлөт (2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 22,1%), бул кайра иштетүүчү ишканаларды сырьелук ресурстар, ал эми калкты - тамак-аш азыктары менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Кризистик жылдын татаал шарттарында бул сектор ИДПнын 2,3%инен 1,7%ти түзүп, экономикалык өсүшкө салым боюнча негизгилердин бири болуп калды.
2009-жылы айыл чарбанын дүң продукциясы 110 млрд. сом суммасына чыгарылды. Өсүш темпи 7,4%ти түздү, анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүчүлүктө - 11,4% жана мал чарбасы боюнча - 2,4%.
Талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү жана 2009-жылы өсүштүн белгиленген темптерин аткаруу үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 500 млн. сомдон ашык суммада мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дыйкандарга жана фермерлерге процентсиз товардык кредит катары 20 эгин оруучу комбайн жана 211 жер айдоочу трактор бөлүнгөн. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнү менен камсыздоо максатында аларга 5548 тонна өлчөмүндө үрөн түрүндөгү процентсиз товардык кредит берилген. Сезондуу талаа иштерин өз учурунда жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик резервден берилген базар баасынан 2-3 сомго төмөн баа боюнча 3,2 миң куб метр дизель отуну сатылган, ал эми Чүй жана Талас облустарынын кызылча айдоочу чарбаларын колдоо үчүн товардык кредит түрүндө 1,6 миң куб.м ушундай отун берилген. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 30,0 млн. сом суммасына күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн эрте жазда азыктандыруу үчүн 2586 тонна азоттуу минералдык жер семирткич процентсиз товардык кредит түрүндө бөлүнгөн.
Ошондой эле «Айыл Банк» ААКы 1503,4 млн. сом суммасында тармакка кредит берилген, бул 2008-жылга караганда 148,0 млн. сомго көп. Берилген кредиттердин болжол менен 87%и айыл чарбага, анын ичинен мал чарбачылыгына - 70,7%и туура келет.
2009-жылы республикага 94,9 миң тонна минералдык жер семирткич алып келинген же ал 2008-жылдын деңгээлинен 16,9%ке көп. Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн эрте жазда азыктандыруу 218,9 миң га аянтка жүргүзүлгөн же 2008-жылга караганда 18,7%ке көп.
Андан сырткары өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын чыгаруу жана колдонуу өсүүдө. 2009-жылы өсүмдүктөрдү коргоо биометоду 84,5 миң га аянтка колдонулган жана 2008-жылга салыштырганда 14,8 миң гектарга өскөн.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын бардык түрлөрү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында түшүмдүүлүк жана себүү аянттары көбөйгөн шартта 2008-жылга караганда көбүрөөк продукция алынган, буга пахта жана тамеки кирбейт, алардын айдоо аянттары тиешелүү түрдө 48,3% жана 16,3%ке кыскартылган. Айдоо аянттарын ушундай кескин кыскартуу эл аралык биржаларда суроо-талаптын төмөндөшү жана сатып алуу баасынын төмөндүгү менен түшүндүрүлөт.
№ 2 таблица
| Айдоо аянты, миң га | 2009 % менен | |
2008 | 2009 | 2008 | |
Айдоо аянты - бардыгы | 1160,3 | 1169,6 | 100,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
Дан өсүмдүктөрү | 654,3 | 654,5 | 100,0 |
буудай | 392,3 | 402,6 | 102,6 |
Техникалык өсүмдүктө | 107,1 | 92,9 | 86,8 |
пахта | 32,7 | 16,9 | 51,7 |
кант кызылчасы | - | 4,9 | - |
тамеки | 5,8 | 4,9 | 83,7 |
май өсүмдүктөрү | 68,3 | 66,2 | 96,9 |
Тоют өсүмдүктөрү | 265,6 | 284,9 | 107,3 |
2010-жылдын түшүмүн камсыздоо үчүн 2009-жылы дыйкан чарбалары тарабынан күздүк дан өсүмдүктөрү 277 миң га аянтка себилген, бул 2008-жылга караганда 4,8 миң гектарга көп, анын ичинде буудай 262,9 миң га жерге себилген же 2,2 миң гектарга көп.
Мал чарбачылыгында продукция чыгаруу кыйла жайлаган. Өсүү темпи малдын жалпы саны көбөйсө да (бодо мал - 4,4%ке, кой - 6,9%ке, канаттуулар - 3,9%ке) 102,4%ти түздү.
Селекциялык-асыл тукум иштеринин абалы начарлагандыктан породалуу малдын саны кыскарууда, асыл тукум малды эсепке алууну жүргүзүү токтотулууда, жаныбарларды тоюттандыруу жана кармоонун зоотехникалык нормалары бузулууда. Ушул фактылардын бардыгы малдын азыктуулугун азайтууга алып келет, мисалы, бир уйдан орточо жылдык сүт саап алуу 2044 кг түздү же 2008-жылга караганда 25 кг аз, ал эми бир койдон орточо жүн кыркып алуу 0,2 кг төмөндөгөн, бир тооктун жумуртка туушу 4 даана азайган.
Отчеттук мезгилде жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча 172 пункт аныкталган, аларда 15,7 миң баш мал ылаңдаган жана 209 баш мал өлгөн.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында "2009-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасы" бекитилген, анда өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине жетүү жана мамлекеттик резервдин запасын азык-түлүк тобундагы товарлар, анын ичинде калктын 90 күндүк муктаждыгын камсыздоочу "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык азык-түлүк буудай даны менен түзүү үчүн айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын чыгаруу көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча чаралар каралган.
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөөнүн физиологиялык нормаларына ылайык өздүк өндүрүштүн эсебинен калктын камсыздалышы нан азыктары, картошка жана жашылчалар боюнча керектөөнүн зарыл болгон нормаларынан жогорку көрсөткүчтү, сүт боюнча - 74,5%ти түздү, ал эми эт, жашылча-жемиштер боюнча камсыздалуу болжол менен 50%ти түзөт, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы боюнча үчтөн бири, ал эми кант боюнча болгону 3,7% гана канааттандырылат.
Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык 2009-жылы "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө", "Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө", "Мал чарбачылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" мыйзамдар иштелип чыкты жана кабыл алынды.
2009-жылы Суу чарба департаменти сугат суу менен республиканын 1020,6 миң гектар сугат жерин камсыздады.
Өлкөнүн Мамлекеттик ирригация фондун төмөнкүлөр түзөт: узундугу 5598,8 км чарбалар аралык канал, гидротехникалык курулмалар - 6719 бирдик, гидропосттор - 2948 бирдик, насостук станциялар - 107 бирдик, узундугу 1176 км коллектордук-дренаждык тармак, суу сактагыч - 33, булардын жалпы сыйымдуулугу 1617 млн. куб.м, суткалык жөнгө салуу бассейндери (БСР)(1) - 50 бирдик, алардын пайдалуу сыйымдуулугу 24,0 млн. куб.м, декадалык жөнгө салуу бассейндери (БДР)(2) - 10 бирдик, жалпы сыйымдуулугу - 45,97 млн.куб.м.
2009-жылы пландагы 191,5 млн. сомдун ордуна 188,8 млн. сом суммасына же 93%ке оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылган; анын ичинен учурдагы оңдоо пландагы 54,5 млн. сомдун ордуна 55,1 млн. сомго же 101 процентке; капиталдык оңдоо пландагы 137,1 млн. сомдун ордуна 123,8 млн. сомго же 90 процентке аткарылган. 1053 гидротехникалык курулма, 959 гидропост, 98 насостук станциясы ремонттон өткөрүлгөн, узундугу 163,3 км сугат каналын механикалык тазалоо боюнча иштер аткарылган. Узундугу 178,6 км болгон ири каналдарда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
2009-жылы эксплуатациялык иш-чараларды аткарууну каржылоо булактары боюнча төмөнкүчө мүнөздөлөт:
- мамлекеттик бюджеттин эсебинен - эксплуатациялык иш-чараларды аткаруу пландагы 555,6 млн. сомдун ордуна 544,3 млн. сомду же 98%ти түздү. Пландагы 149,4 млн. сомдун ордуна 149,8 млн. сом суммасына же 100%ке оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылды;
- өздүк каражаттардын эсебинен - ведомстволук уюмдар тарабынан 26,1 млн. сомго учурдагы оңдоо же учурдагы оңдоого иштердин көлөмүнүн 91%и аткарылды. Капиталдык оңдоо 78,5 млн. сом суммасына же капиталдык ремонтко иштин көлөмүнүн 71%и аткарылды;
- атайын каражаттардын эсебинен - эксплуатациялык иш-чараларды аткаруу пландагы 107,8 млн. сомдун ордуна 84,1 млн. сомду же 78%ти түздү. Пландагы 42,1 млн. сомдун ордуна 39,0 млн. сом суммасына же 92%ке оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылды. Ведомстволук уюмдар тарабынан 25,9 млн. сомго учурдагы оңдоо же учурдагы оңдоого иштердин көлөмүнүн 98%и аткарылды. Капиталдык оңдоо 11,5 млн. сом суммасына же капиталдык ремонтко иштин көлөмүнүн 92%и аткарылды.
2009-жылдын апрель-май айларында болуп өткөн узакка созулган нөшөрлүү жамгырлардын натыйжасында сел агымдары, суу ташкындары жана жер көчкүлөр болуп мурда оңдолгон жана вегетациялык сугатка даярдалган суу чарба объекттеринин бузулушуна алып келди.
2009-жылы республика боюнча 27 мамлекеттик суу чарба объектиси бузулуп, 8,5 млн. сом суммасына зыян келтирилди. Баардыгы 1,7 млн. сом суммасына оңдоо-калыбына келтирүү иштери аткарылды.
2010-жылдын вегетация мезгилине мамлекеттик ирригациялык тармакты өз учурунда жана сапаттуу даярдоону камсыздоо максатында 2009-жылдагы вегетациялык сугаттын аякташы менен "Ирригация" МИнин 22.09.09-жылдагы № 145 буйругу чыгарылды, мында аткарылган иштердин артыкчылыктуу багыттары (аткарылган иштин түрлөрүн, көлөмдөрүн, наркын жана мөөнөттөрүн аныктоо) көрсөтүлгөн. Иштелип чыккан иш-чаралар облмамадминистрациялар менен макулдашылган.
1.2.2. Өнөржай
2009-жылы өнөр жайда 97,2 млрд. сомго продукция чыгарылган. Реалдуу өндүрүштүн төмөндөшү 2008-жылга салыштырганда 6,4%ти түзүп, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда 6,5%ке төмөндөө менен 51,7 млрд. сомду түзгөн. Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүдөгү терс салым (-1,0%) деңгээлинде бааланат.
Өнөр жайда "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканалардын салыштырма салмагы жогору бойдон калып, 46,3%ти түздү (салыштыруу үчүн 2008-жылы 40,2%). Ошондуктан мурункудай эле "Кумтөрдүн" таасири өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө карата жогору, аны 2009-жылы бейтарап катары баалоого болот.
Маалымат үчүн: 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 46,5 млрд. сом суммасына 16,9 тонна алтын чыгарылган, болжолдонгон көрсөткүч 41,3 млрд. сом суммасына (116,3%) 18,2 тонна болгон, ал эми 2008-жылы иш жүзүндөгү маалымат 35,5 млрд. сом суммасына 17,3 тонна болгон. "Кыргызалтын" АКнын субъекттери тарабынан 0,6 тонна алтын казылган, бул 2008-жылдын иш жүзүндөгү маалыматтарына карата 183,8 кг аз.
2009-жылы өнөр жайдын негизги секторлорунда жагдай төмөнкүдөй болгон: (% менен)
№ 3 таблица
Аталышы | 2009- жылы өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыш. салмак | 2008- жылы иш жүзүндө | 2009-ж.иш жүзүндө берилген | 2009-жылы болжол | Четтөө (+, -) | |
2008-жылы иш жүзүндө | 2009-жылы болжол
| |||||
Бардыгы - өнөр жай | 100,0 | 114,9 | 93,6 | 93,1 | -21,3 | 0,5 |
Иштетүүчү өнөр жай | 81,4 | 123,6 | 92,2 | 91,9 | -31,4 | 0,3 |
Электр энергияны, газды жана сууну чыгаруу жана бөлүштүрүү | 16,2 | 92,5 | 98,7 | 94,1 | 6,2 | 4,6 |
Кен казуу өнөр жайы | 2,4 | 106,4 | 104,7 | 101,0 | -1,7 | 3,7 |
Мында 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй продукция чыгарылган:
1. Иштетүүчү өнөр жай - 79,1 млрд. сом, реалдуу темпи - 92,2%;
2. Электр энергияны, газды жана сууну чыгаруу жана бөлүштүрүү 15,7 млрд. сом, реалдуу темпи - 98,7%;
3. Кен казуу өнөр жайы - 2,3 млрд. сом, темпи -104,7%.
(1) Иштетүүчү өнөр жайда, өнөр жай продукцияларын чыгарууда эң жогорку салыштырма салмак менен (81,4%) (табл. кара), өндүрүш көлөмүн кыскартууга терс таасир көрсөткөн негизги тармактар төмөнкүлөр болду:
- металлургиялык өндүрүш (90,6%);
- текстиль жана тигүү өндүрүшү (69,9%);
- курулуш материалдары өндүрүшү (61,8%);
- химиялык өндүрүш (56,9%).
Металлургиялык өндүрүштүн төмөндөшүнө таасир эткен негизги себептер төмөнкүлөр болду:
- импорттук сырьенун тартыштыгы («Кадамжай сурьма комбинаты» АК жана «Ташкөмүр Силикон Продакшн» АКы («Кристалл» АК) үчүн сурьма концентраты жана техникалык кремний;
- дүйнөлүк рынокто сурьмага баанын түшүшү (35%ке чейин);
- жаратылыш газын берүүнүн токтотулушу, анын натыйжасында - ишканалардын токтоп калышы;
- шахтадагы авария жана айлана-чөйрөгө зыяндуу катары сымапка суроо-талаптын азайышы.
Жалпысынан өнөр жай өндүрүшүнүн деңгээлине Кумтөрдүн бейтарап таасири учурунда, натуралай туюнтулушта, анын үстүнө алтын өндүрүү бош тектердин жана муздун казылган көлөмү чоң болгондуктан 6,4%ке төмөндөгөнүн белгилөө керек. Мында 31%ке номиналдуу өсүш баа факторунун эсебинен камсыздалган. Алсак, 2008-жылы 1 унция алтын үчүн орточо жылдык баа 847,97 АКШ долл. түзгөн, ал эми 2009-жылы ал 21%ке өсүп, 1024,68 АКШ долл. түзгөн.
2009-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» ААКнын, «Центерра Голд Инк.»Канада компаниясынын, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКнын, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын жана «Камеко» канада корпорациясынын ортосунда «Кумтөр»долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Жетишилген макулдашууларга ылайык «Кумтөр» компаниясы сатылган продукциянын көлөмүнүн 18%ин Кыргызстандын бюджетине төлөөгө милдеттенме алган (13% - дүң кирешеге салык, 4% КРдин минералдык сырьелук базасын өнүктүрүүгө, 1% - Ысык-Көл облусунун фондуна). Мындан сырткары, Макулдашууда Кыргызстан болгон акционердик үлүшкө кошумча 43,5 млн. акция алаары каралган (анын ичинде 25,3 млн. «Камеко» берет жана 18,2 млн. акцияны республиканын пайдасына «Центерра» компаниясы чыгарат). «Центерранын» жүгүртүлүүчү акцияларынын саны көбөйгөнүн эске алуу менен КРдин менчигинде ушул компаниянын 33% акциялары болот. Ошентип, кыргыз тараптын акцияларынын үлүшү 15,6%тен 33%ке чейин көбөйүшү каралган.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө акыркы жылдары экспортко максимум багытталып, 2009-жылы өсүүнүн реалдуу темпинин 31,4%ке төмөндөшү дүйнөлүк финансылык кризистин таасирине байланышкан. Өнөктөштөрдүн Россия менен Казакстандын керектөөчүлөрүнүн заказдары кескин азайгандыктан, ушул өлкөлөргө продукцияларды экспорттоо менен байланышкан ишканалардын иши начарлаган. 2009-жылы Москва шаарында ири Черкизов базарынын жабылышы тигүү продукцияларынын товар жүгүртүүсүн 20%ке чейин жоготууга алып келген. Мындан башка пахтаны өндүрүүнүн рентабелдүүлүгү төмөндүгүнөн пахтанын себүү аянты азайганына байланыштуу пахта буласын чыгаруу көлөмү төмөндөгөн. Жылдын акырында пахтаны кайра иштетүү боюнча 27 заводдун ичинен 17си гана иштеген.
Курулуш материалдар тармагында өндүрүштүн кыскарышы курулуш материалдарына заказдын азайышынан болгон. Кыргыз цементин жана курулуш материалдарынын башка түрлөрүн жеткирип берүүгө негизделген, Казакстандагы өнөр жай жана турак жай курулушундагы финансылык кризистин айынан «убактылуу токтотулганына» байланыштуу аларды чыгаруу көлөмдөрү кескин кыскарган. Алсак, эгер мурунку жылдары кошуна республикага жылына 400-500 миң тонна цемент жөнөтүлүп турса, 2009-жылы бул көрсөткүч 8 миң тоннага чейин азайган. Курулуш тармагынын ишинин начарлашынын дагы бир себеби салыштырма салмагы тармактагы өндүрүштүн 20%ин түзгөн «Интергласс» ЖЧКсын пландуу ремонттоого токтотулушу болду.
Химиялык өндүрүштө 2009-жылы продукцияны чыгаруу көлөмүнүн олуттуу төмөндөшү «КХМЗ-Астра» ЖЧКнын ишинин начарлашы жана Айдаркен сымап АКсынын көлөмү 48,2%ке чейин төмөндөшү менен байланышкан. Негизги себептери: финансылык каражаттардын тартыштыгынын айынан керектөөчүлөрдөн заказдын жоктугу; финансылык кризистин айынан дүйнөлүк рынокто монокремнийге баалардын туруксуздугу; дүйнөлүк рынокто сымапка баалардын 20%ке чейин төмөндөшү. Мындан тышкары, керектөөчүлөр чоң диаметрдеги кремний пластиналарын пайдаланууга өтүшүнө байланыштуу ишкана технологиялык линиясын кайра оңдоп курууга аргасыз болгон.
Иштетүүчү өнөр жайдын ишканаларынын ишинин натыйжасына оң таасир этүүчү факторлордун катарына тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын туруктуу иштешин киргизүүгө болот, мында реалдуу өсүш темпи 2008-жылга салыштырганда 110,6%ти түздү жана жашылча-жемиш ширелерин (125,3%), макарон азыктарын (1,6 эсе), спиртти (106,5%ке), алкоголсуз ичимдиктерди (122,9%ке), сигаретти (118,6%ке), өсүмдүк майын (113,2%ке), бодо малдын, чочконун, эчкинин, жылкынын этин жана тамак-аш субпродуктуларын (2,7 эсе), унду (127,8%ке), нан бышыруу өндүрүшү (144,8%) ж.б. чыгаруу боюнча ишканалардын ишинин эсебинен жетишилди.
(2) Электр энергиясын, газды жана сууну чыгарууда жана бөлүштүрүүдө (салыш. салмагы 16,2%) 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча продукциянын көлөмү 15,7 млрд. сомду түздү, бул 2008-жылга салыштырганда 1,8 млрд. сомго көп. 6,4%ке номиналдуу өсүш 2009-жылдын январынан тартып жаратылыш газына 60%ке тарифтин көбөйүшү жана электр энергияны экспорттоо көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган. 2008-жылы карата реалдуу өсүш темпи 1,3%ке азайган.
2009-жылы Токтогул суу сактагычына суунун топтолушу 14,318 млн.куб.м түздү жана 2008-жылдан 45%ке же 4,4 млн.куб.м көбөйдү. Бул электр энергиясынын коромжулугун азайтуу жана электр пайдалануу лимиттерин сактоо, энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү боюнча көрүлгөн чаралардын эсебинен, ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун табигый көбөйүшүнүн натыйжасында мүмкүн болду. 2009-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгымдалышы 10,978 млрд.куб.м түздү, бул 2008-жылдын 87%ин түзөт же 1,6 млрд.куб.м аз.
2009-жылы «Электр станциялары» ААКы тарабынан 10,889 млрд.кВтс электр энергиясы иштелип чыккан, бул 2008-жылдын деңгээлинен 6%ке аз, анын ичинде ГЭСке - 9,926 млрд.кВтс (өткөн жылдын деңгээлинен 6%ке аз), ТЭЦке - 0,963 млрд.кВтс (өткөн жылдын деңгээлинен 5%ке аз).
Электр энергияны экспорттоо 996,8 млн.кВтс түздү, бул 2008-жылга караганда 453,5 млн.кВтс көп.
2009-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2979,3 миң Гкал түздү, бул 2008-жылдын деңгээлинен 4%ке төмөн. 2009-жылы жылуулук энергиясынын коромжулугу 733,0 миң Гкал түздү, бул 2008-жылдан 10,7 миң Гкал же 1,5%ке көп. Керектөөчүлөргө 1924,8 миң Гкал жылуулук энергиясы берилди, бул 2008-жылдан 5,0%ке аз.
Энергетикалык сектордогу маанилүү окуялардын бири 2009-жылдын 22-декабрында Камбарата ГЭС-2 курулуш объектисиндеги ири масштабдуу жардыруу болуп калды, анын натыйжасында Нарын дарыясынын нугу түзүлгөн табигый плотина менен тосулду. Камбарата ГЭС-2 курулушун жаңылоо башталганда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө, жабдууларды сатып алууга жана долбоордук чечимдерди актуалдаштырууга республикалык бюджеттен 3,4 млрд. сом бөлүндү, анын ичинде 2009-жылы - 1,6 млрд. сом. Мындан тышкары, «Электр станциялары» ААКынын 380,77 млн. сом өлчөмүндөгү өздүк каражаттары колдонулду. Ошондой эле, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунан 60 млн. АКШ долл. (1,4 млрд. сом) суммасындагы жеңилдетилген кредит алынды.
Баардыгы болуп 2007-жылдын ноябрынан 2010-жылдын 1-январына чейин Камбарата ГЭС-2 курулушуна 5,3 млрд. сом суммасындагы финансылык каражат колдонулду. Мындан сырткары, жеке адамдардан жана уюмдардан 2,75 млн. сом демөөрчүлүк жардам чегерилди жана 2009-жылдын 20-декабрында «Камбарата ГЭС-2» ААКны Өнүктүрүү фондусунан 40 млн. АКШ долл. (1,7 млрд. сом) суммасына акыркы траншты алды.
Жалпысынан, энергия секторун жакшыртуу жана анын потенциалын күчөтүү үчүн 2009-жылы чоң көлөмдөгү иштер аткарылды:
- алсак, республиканын түндүгүн электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында 2009-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө өлкөлөрү үчүн КЭР Өкмөтүнүн жеңилдетилген кредитин алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
- 2009-жылдын 15-сентябрында Үрүмчү шаарында ПС 500 кВ «Датка» жана 220 кВ электр берүү линияларын курууну камтыган «Кыргызстандын түштүгүн электр менен жабдууну жакшыртуу» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн «ТВЕА» (КЭР) компаниясы менен Кызматташуу жөнүндө Алкактык протоколго кол коюлду, ал эми 2009-жылдын 15-октябрында Пекин шаарында аталган Компания менен Контракттык макулдашууга кол коюлду, ал тездетилген режимде каржылоо башталганга чейин иликтөө иштерин жүргүздү. Азыркы мезгилде бул компания тарабынан объекттерди долбоорлоо жүргүзүлүүдө.
- мындан сырткары Кыргызстандын түштүгүн жана түндүгүн бириктирүүчү колдонулуудагы ВЛ-500 кВ ашыкча жүктөмүн азайтуу жана Камбарата ГЭС 1 жана 2нин кубаттуулугун берүү үчүн шарттарды түзүү максатында 2009-жылы Аuriga Corporatio№ (АКШ) фирмасы жалпы узундугу 415 км болгон ВЛ 500 кВ Датка-Кемин трассасына изилдөө жүргүздү жана аны кароого берди.
- «ТВЕА» (КЭР) компаниясы менен «ЛЭП 500 кВ Датка-Кемин курулушу» долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. Долбоордун наркы - 342 млн. АКШ долларын түзөт.
(3) Кен казуу өнөр жайы (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү салыштырма салмагы 2,4%), мында 2009-жылы 2355,3 млн. сомго продукция чыгарылган, 2008-жылга салыштырганда реалдуу өсүш темпи 104,7%ти түзгөн, анын ичинде отун-энергетикалык пайдалуу казылмалар боюнча - 113,8%. Ушул тармакта көмүр казуунун көбөйүшү электр энергиянын ордуна отундун альтернативалуу түрү катары колдонуунун натыйжасында ага керектөө суроо-талабынын өсүшү менен шартталган.
Андан сырткары, башка пайдалуу казылмаларда (106,9%) жогорку өсүү темптерине жетишилген, бул темир бетон продукцияларын, бетон, курулуш эритмелерин, кумблок, полимер черепицаларды чыгарууга адистештирилген ишканалар тарабынан шагыл-ташка, кумга суроо-талаптын өсүшү менен байланышкан. Отчеттук жылда көмүр жана кен эмес сырьелорду казуу боюнча 16 чакан ишкана ишке киргизилген.
Натуралык туюнтулушта газ чыгаруу көлөмүнүн азайышы (1,6 млн. куб.м га) иштетилүүчү газ кендеринин табигый азайышы, ошондой эле мурда алар тарабынан берилген газ үчүн 9 млн. сом суммасындагы топтолгон дебитордук карыз болгондуктан жана ушул завод 2009-жылдын январь-февраль айларында убактылуу токтоп калгандыктан МС ЭЛЗ ААКнын негизги керектөөчүсүнө жана жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулушу менен шартталган.
1.2.3. Курулуш комплекси
2009-жылы 2008-жылга салыштырганда негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли 19,7%ке өстү жана 38,7 млрд. сомду түздү. 2008-жылга салыштырганда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун ички булактарынын эсебинен 1,4 эсе өстү. Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 74,2%ин жана тышкы инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү - 25,8%ин түздү. Анын үстүнө негизги үлүш жеке каражаттарды пайдаланууга туура келет (негизги капиталдагы мамлекеттик инвестициялардын үлүшү - 14%, менчиктиги - 86%).
№ 4 таблица
Көрсөткүчтөр | 2008 иш жүзүндө
| 2009 болжол
| 2009 иш жүзүндө
| Четтөө | |
2008-ж. карата | болжолго карата | ||||
Негизги капиталга инвестициялар: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 32535,0 | 35864,6 | 38690,5 | 3329,6 | -2825,9 |
- өсүү темпи, % | 105,7 | 110,2 | 119,7 | 14,0 | 9,5 |
- ички инвестициялар | 20810,5 | 23708,5 | 28708,2 | 78977,7 | 4999,7 |
- ишканалардын жана уюмдардын каражаттары | 7459,4 | 7732,9 | 9210,7 | 1751,3 | 1477,8 |
- банктардын кредиттери | 267,3 | 283,4 | 2324,3 | 2057 | 2040,9 |
- калктын каражаты | 8967,2 | 9298,4 | 11683,3 | 2716,1 | 2384,9 |
- тышкы инвестициялар | 11724,5 | 12156,1 | 9982,3 | -1742,2 | -2173,8 |
анын ичинде Камбар-Ата ГЭСине |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 1019,4 | - | 4121,4 | 3102 | - |
- өсүү темпи, % | 5,3 эсе | - | 4,1 эсе | -1,2 эсе | - |
Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 30833,3 | 29114,7 | 35066,5 | 4233,2 | 5951,8 |
- өсүү темпи, % | 110,8 | 113,4 | 106,3 | -4,5 | -7,1 |
Бул таблицадан негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүүнүн өсүшү көбүнчө калктын каражатынын салымынын көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалганы көрүнүп турат (32%ке өсүш, негизги инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмак - 30,2%), бул турак жай курулушуна каражаттарды салуу (калктын каражаты турак үйлөрдү жалпы ишке берүүнүн 82,2%ин ээлейт), ошондой эле калктын каражатын соода объекттерин, мейманканаларды, ресторандарды өндүрүштүк эмес багыттагы жайларды курууга пайдалануу менен түшүндүрүлөт.
2009-жылы кризистин терс таасирине карабастан 914,1 миң кв.м турак жай пайдаланууга берилген, бул 2008-жылы караганда 10,3%ке көп. Турак жай курулушуна 9450,7 млн. сом инвестиция пайдаланылган (баалоо боюнча), бул 2008-жылдын деңгээлинен 28,5%ке көп. Жалпы аянты 690,3 миң кв.м болгон 6517 жеке турак үй курулган. Негизинен курулуш Бишкек шаарында жүргүзүлгөн, мында менчик компаниялардын каражаттарына 140 көп кабаттуу турак үй курулуп, анын ичинен 17 турак үй (752 квартира) пайдаланууга берилген. Майыптарды турак үй менен камсыздоо максатында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому үчүн 90 квартиралуу турак үй пайдаланууга берилген. Мамлекеттик каражаттарды тартуу менен 12 турак үйдүн курулушу ишке ашырылган, анын ичинен 2 үй Бишкек шаарынын мэриясынын жана КР Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери үчүн пайдаланууга берилген.
Бишкек шаарында «Жал-Артис» 15-кичи районунун курулушу улантылды, мында квартиралардын дээрлик 30%и министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлери үчүн узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөө шарттарында социалдык турак жай катары аныкталган. Азыркы учурда квартира алууга республикалык бюджеттен ипотекалык субсидияларды алууга муктаж болгон адамдардын тизмеси түзүлүүдө. Ал курула баштагандан тартып 30 млн. АКШ долларынан ашык инвестиция салынган, азыркы мезгилде 4 турак үй пайдаланууга берүүгө даярдалууда. Турак жай-курулуш кооперативдерине көмөк көрсөтүү максатында жана турак жайга муктаж болгон бюджеттик уюмдардын кызматкерлери менен жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоо үчүн биргелешип кызматташуу жөнүндө «Маккена» ТКК менен келишим түзүлгөн, ага ылайык «Жал» турак жай массивинин № 29 кичи районунда 0,532 га аянттагы жер участкасына курулуш куруу долбооруна жараша экономкласстагы 290 квартирага эсептелген 4 тогуз кабаттуу турак үйдүн, жер астындагы жана жер үстүндөгү автотоктотмолордун, балдар ойноочу аянтчалардын курулушу башталган.
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн жалпы аянты 7 миң кв.м болгон 60 квартиралуу турак үй пайдаланууга берилген, ошондой эле жалпы аянты 4 миң кв.м болгон административдик имарат 24 квартирага реконструкцияланган. Чүй облусунда жалпы аянты 5 миң кв.м болгон 2 көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилген. Баткен шаарында жалпы аянты 757 кв.м болгон 16 квартиралуу турак үй пайдаланууга берилген.
Республиканын региондору боюнча бүгүнкү күндө жалпы аянты 32,7 миң кв.м болгон 6 көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүргүзүлүүдө:
- Баткен шаарында - КР ИИМнин кызматкерлери үчүн жалпы аянты 1,0 миң кв.м болгон турак үй;
- Чолпон-Ата шаарында - жалпы аянты 5,6 миң кв.м болгон турак үй;
- Ош шаарында - жалпы аянты 15,5 миң кв.м 4 турак үй.
Жакшы натыйжаларга карабастан жеке турак үйлөрдү ишке берүүнүн көрсөткүчтөрүнө, негизинен Бишкек шаарында, баары бир дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттери тийбей койгон жок - Ош жана Жалал-Абад облустарында турак жайды ишке берүүнүн көрсөткүчтөрү кескин төмөндөдү, аларга республиканын чегинен сыртта иштеген эмгек мигранттары иштеп тапкан каражат төгүлгөн болучу. Ушуга байланыштуу Ош облусунда негизинен энергетикалык комплекстин объекттерин куруунун эсебинен курулуш көлөмү 2,3 эсе өстү.
Энергетика объекттерин куруунун эсебинен банктардын кредиттерин өздөштүрүү өстү (өсүш 8,7 эсе, салыштырма салмагы - 6% (2008-жылы 0,8%)). Мурункудай эле республикалык бюджеттен негизги капиталга инвестициялар (өсүш 1,4 эсе, салыштырма салмагы - 12,3%) айыл чарба жана энергетика объекттерин курууга которулду. Камбар-Ата (4,1 эсе) жана Үч-Коргон (3,9 эсе) ГЭСтеринин курулушуна инвестициялар кыйла эле өздөштүрүлдү. Агрардык сектордо селге каршы курулмалар, жээк чыңдоочу курулмалар, сугат каналдары ишке киргизилди.
Жалпысынан республика боюнча 2009-жылы 17,7 млрд. сом суммасына негизги фонд колдонууга киргизилди. Өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна 2008-жылдагы 0,71 сомдун ордуна негизги фонддун 0,46 сому туура келди.
Ишканалар менен уюмдардын каражаттарынын негизги үлүшү өнөр жай секторунда пайдаланылды. Кыш, асфальт-бетон, цемент («Түштүк-Кыргыз Цемент» ЖАКы), таш иштетүү ( «КЦЗА» ЖЧК), гипсокартон ( «Мега Юнион Индастри» ЖЧК), тигилүү буюмдар ( «Возрождение» ЖЧК), кант, өсүмдүк майы, колбаса, макарон, кондитер азыктарын, алкоголсуз ичимдиктерди чыгаруу, ынак сүттү кайра иштетүү боюнча заводдор жана чакан цехтер, чакан тегирмендер, чакан наавайканалар курулду.
Чет өлкөлөрдүн кредиттерин өздөштүрүүнүн эсебинен «Ош-Сарыташ-Эркечтам», «Түштүк транспорт коридору», «Ош-Эркечтам», «Ош-Баткен-Исфана», «Тараз-Талас-Суусамыр», «Ош-Исфана», «Бишкек-Нарын-Торугарт» автомобиль жолдорун реконструкциялоо улантылды, облустук жана жергиликтүү маанидеги таш төшөлгөн автомобиль жолдору, айыл чарбада чарба ичиндеги жолдор пайдаланууга берилди.
2009-жылы бардык курулуп жаткан объекттердин саны 3670 болду, иш жүзүндө анын - 1591и пайдаланууга берилди, бул 2008-жылдын деңгээлинен 280 объектиге көп. Отчеттук мезгилде окуу жайларынын, бала бакчалардын, оорукана корпустарынын, бейтапканалардын, коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттердин курулушу жүргүзүлдү. Чүй облусунда курулуш көлөмү - 14,8%ке, Нарын жана Жалал-Абад облустарында - 1,9 эсе, Ош ш. - 1,5 эсе, Бишкек шаарында - 7,9%ке өстү.
Мындан башка 2009-жылы төмөнкү объекттер пайдаланууга берилди: Алай районунун Нура айылында 2008-жылы жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн 152 турак үй, социалдык-маданий жана инженердик инфраструктура объекттери (спортзал, мончо, поселкалар аралык жолдор жана 2 көпүрө, трансформаторлор подстанциялары жана электр менен жабдуу тармактары, суу менен жабдуу тармагы). Ошондой эле администрациялык имараттар, офистер, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер, маданият жана эс алуу парктары, диний мекемелер, суу түтүктөрү, мончолор, сауналар, гараждар, автотоктотмолор жана өндүрүштүк эмес багыттагы башка объекттер курулду.
2009-жылы жалпы билим берүүчү мектептердин курулушуна негизги капиталга 921,6 млн. сом инвестиция пайдаланылды. 2700 окуучулук орундуу жалпы билим берүүчү мектептер курулду, анын ичинде Бишкек шаарында 1254 окуучулук орундуу, Жалал-Абад облусунда - 552, Чүй - 240, Нарын жана Талас - 192, Ысык-Көл - 150 жана Баткен облусунда - 120 окуучулук орундуу. 470 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди, бул 2008-жылга караганда 1,6 эсе көп, анын ичинде Бишкек шаарында - 380 орунга, Нарын облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 50 орунга.
Отчеттук мезгилде амбулаториялык-бейтапканалык мекемелердин курулушуна 78,4 млн. сом пайдаланылды. Сменасына 461 келүүчүгө арналган амбулатордук-бейтапканалык мекемелер Бишкек ш., Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарында пайдаланууга берилди.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2009-жылы 35,1 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүш - 6,3%, болжолдуу көрсөткүчтөн четтөө менен (-7,1%). Экономиканын реалдуу өсүшүнө ушул сектордун оң салымы ИДПнын 2,3%нен 0,3% деңгээлинде бааланат.
Азыркы мезгилде республикада жеке бизнес менен курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды чыгаруу боюнча 300дөн ашык ишкана түзүлгөн, алардын көпчүлүгү продукциялардын жаңы түрлөрүн чыгарууну өздөштүрүшүүдө.
1.2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2009-жылы кызмат көрсөтүүлөрдү дүң чыгаруунун реалдуу өсүшү 2,6%ти түздү. Болжолдуу көрсөткүчтөргө (-1,3%) жана 2008-жылдын деңгээлине (-8,4%) жетишилген жок, бул түздөн-түз кризис шарттарында керектөөчүлүк суроо-талаптын жайлап калуу тенденциясын чагылдырат. Бул учурда ички сооданын өсүү темпи 2008-жылдагы 9,6%тен 2009-жылы 1,7%ке чейин байкалаарлык жай жүрдү, ал кызмат көрсөтүү түзүмүндө 32,5%ти түзөт. Болжолдонгон көрсөткүчтөн жана 2008-жылдын деңгээлинен четтөө тиешелүү түрдө - 7,9 жана - 1,8%ти түздү.
Бул учурда азык-түлүк эмес товарларды сатуу көлөмүнүн кыскарышынан улам (-3,2%) алардын соодадагы жүгүртүлүшү дээрлик 2008-жылдын деңгээлинде калды (0,6%ке өсүш), бул дагы суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам ушул товарларды сатуунун кыскарышы менен түшүндүрүлөт, бул болсо өз кезегинде товарлардын азык-түлүк эмес топторун импорттоонун азайышына алып келди.
Азык-түлүк товарларын сатуу көлөмдөрүнүн өсүшү дагы жай жүрдү жана 2,7%ти түздү.
Маалымат үчүн: КМШ өлкөлөрүндө чекене товар жүгүртүүнүн төмөндөшү байкалды. КМШнын Мамлекеттер аралык статкомитетинин маалыматтары боюнча 2009-жылдын 10 айында КМШ боюнча орточо товар жүгүртүү 7,0%ке түшүп кетти. Чекене сооданын жүгүртүлүшү көбүнчө экономикасы кризиске чейин лидер болуп турган өлкөлөрдө түштү. Казакстанда чекене сооданын жүгүртүлүшү 9,7%ке, Россияда - 5,7%ке, Молдовада - 4,7%ке, Украинада 16,4%ке төмөндөдү.
Ички соодада ички сооданы жөнгө салуу чөйрөсүндө нормативдик укуктук базаны актуалдаштыруу аркылуу сооданын жаңы форматтарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, соода ишин тартипке келтирүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, б.а. колдонулуудагы укуктук базаны заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө жана жаңы долбоорлорду даярдоого негизги басым жасалат. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Соода эрежелеринин топтому, республиканын базарларында сооданы активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, соода жана коомдук тамактануу объекттеринин реестри, «Чоң-капка-Айша бүбү» Эл аралык чек ара жанындагы кызматташтык борборун өнүктүрүү концепциясы боюнча 2010-жылы кабыл алынуучу нормативдик укуктук актылар иштелип чыкты.
№ 5 таблица
Көрсөткүчтөр | 2008-жылы | 2009-жылы | Четтөөлөр | ||
факт | факт | болжол | мурдагы жылга карата | болжолго карата
| |
Кызмат көрсөтүүлөр: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 150961,2 | 168402,3 | 170445,3 | 17441,1 | -2043 |
- өсүш темпи, % | 111,1 | 102,6 | 103,9 | -8,5 | -1,3 |
Автомобилдерди, тиричилик буюмдарын соодалоо, ремонтто: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 52032,8 | 54664,1 | 64982,1 | 2631,3 | -10318 |
- өсүү темпи, % | 109,7 | 101,7 | 103,5 | -8,0 | -1,8 |
Мейманкана жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 6927,0 | 7574,8 | 8060,1 | 647,8 | -485,3 |
- өсүү темпи, % | 112,9 | 104,1 | 106,0 | -8,8 | -1,9 |
Транспорт: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 18148,7 | 21490,6 | 22246,5 | 3341,9 | -755,9 |
- өсүү темпи, % | 117,3 | 97,7 | 102,5 | -19,6 | -4,8 |
Байланыш: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 13488,2 | 16608,3 | 16820,4 | 3120,1 | -212,1 |
- өсүү темпи, % | 143,0 | 113,8 | 125,0 | -29,2 | -11,2 |
Келтирилген маалыматтардан салыштырма салмагы 13% түзгөн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн башка багыттары кыйла туруктуу өнүккөндүгү көрүнүп турат, анын ичинде байланыш кызматтары (13,8 %), финансы иши (7,1%), мейманканалар жана ресторандар (4,2%), бул уюлдук байланыш кызматтарын кеңейтүү, Интернетке чыгуу, санариптик теле берүүнү киргизүү; банк системасынын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин ресурстук базасын кеңейтүү менен түшүндүрүлөт.
Отчеттук мезгилде транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү төмөндөдү (-2,3 %). Жүк ташуу 8,4 % кыскарды. Дүйнөлүк финансылык кризистен улам темир жол (1,7 эсе), суу транспортунда (1,8 эсе) жүк ташуу көлөмү кыйла кыскарган. Аба транспортунда жүктөрдү жөнөтүүлөр көлөмү 2008-жылы деңгээлинде калды.
Төмөнкүлөр транспорттук кызматтар тармагын кеңейтүүнүн айкын-ачык кадамы болуп калды:
- айыл жергесинде калктуу конуштарды автобустук катнаш менен камтуу боюнча "Ар бир калктуу конушка - маршруттук катнаш" өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу (өлкөнүн 1807 калктуу конуштарынын ичинен 91,1 % маршруттук автобустук катнаш менен камтылган, калган 161 (8,1 %) маршруттук катнашсыз калууда;
- республиканын жүргүнчүлөр паркын жаңылоо боюнча иш улантылган (2009-жылы жаңыртылган автобустардын саны 385 бирдикти түзөт (Бишкек ш. - 353 бирдик жана Ош ш. - 30 бирдик жана микроавтобустар 326 бирдик);
- кытай-кыргыз-өзбек темир жол магистралын куруунун артыкчылыктуу долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлдү.
Автомобиль жолдору жана көпүрөлөр 2009-жылы "Пүлгөн-Бүргөндү" жаңы автомобиль жолунун курулуш ишине - 60 млн. сом, "Каракол-Түп-Кеген" автожолун капиталдык ремонттоого - 104,0 млн. сом, "Кербен - Ала-Бука Чаткал" - 100 млн. сом, "Талас-Тараз-Суусамыр" - 50,0 млн. сом, "Чоң-Арык - Ала-Арча жаратылыш паркы - 7 млн. сом, Айгүлташ-Согмент-Сох - Кан-Зардалы авто жолуна -11,5 млн. сом жана Ош-Баткен-Исфана автожолунда эки көпүрөнүн курулушуна - 24,0 млн. сом капиталдык салым түрүндө бөлүнүп берилген.
750 км жол оңдолгон, анын ичинде 190 км асфальтбетон төшөлмөсү, 177 км шагыл төшөлмөсү ,5,4 км кара шагыл төшөлмөсү төшөлгөн жана 12 көпүрөнүн курулушу бүткөрүлгөн, мында бардык иштердин 60% мамлекеттик жергиликтүү автожолдордо аткарылган. 322,8 миң кв.м аянттын аң-чөнөктөрүн ремонттоо жүргүзүлгөн, ошол эле учурда 141,6 млн. сом суммасында 5113 км га жакын автожолу асфальтбетон жана шагыл төшөлмөсү менен ремонттолгон.
Отчеттук жылда чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен автожолдордун реабилитациялоо долбоорлорун ишке ашыруу интенсивдүү жүргүзүлгөн (Ош-Сарыташ-Эркештам, Тараз-Талас-Суусамыр). "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС", Борбордук-азиялык региондук-экономикалык кызматташтык Бишкек-Торугарт жолу долбоору боюнча иштерди 2010-жылы жазында баштоо болжолдонгон.
Автомобиль транспорту 2009-жылы эл аралык автомобилдик ташууларды андан ары өнүктүрүү жана аларды эл аралык транспорт системасына интеграциялоо боюнча практикалык чараларды көрүү боюнча иш улантылган, КР Өкмөтү менен Автомобиль транспорту эл аралык биримдигинин ортосунда (АТЭБ) Азия менен Европанын ортосунда жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу негизги рыноктордун ортосунда автотранспорттук жүк ташууну өнүктүрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Кыргыз авто ташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо жана автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар департаменти тарабынан сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн жана 36 мамлекетте Кыргыз авто ташуучуларынын каттоолору үчүн уруксат бланктарын алмашуу маселеси чечилген жана 2009-жылы эл аралык автомобилдик ташууларга 14080 уруксат берүү ишке ашырылган, республикалык бюджетке 23447,3 миң сом которулган. Ата-мекендик эл аралык ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн кыймылдуу составды сертификациялоо боюнча лаборатория түзүлгөн жана кыргыз ташуучулары (1000ге жакын рефрежатор) Кыргызстанда сертификациялоо мүмкүнчүлүгүн алышты (мурда алар башка өлкөлөрдө сертификацияланган.
2009-жылы Кыргыз авто ташуучулары 34881 эл аралык рейсти аткарышкан жана 708448 тонна жүк ташылган, 2008-жылга салыштырганда 263 рейс аз аткарылган жана 61128 тонна жүк аз ташылган, бул 86,0% түзгөн.
Аба транспорту. Алдын-ала маалымат боюнча 2009-жылы Кыргыз авиакомпаниялары 362,6 миң жүргүнчүнү ташып, бул 2008-жылы ташылган жүргүнчүлөрдүн көлөмүнүн 6,6% төмөндөшүнө алып келген. Жүк ташуу боюнча маалыматтарга кайрылсак 2009-жыл үчүн көлөмдүн көбөйүшү байкалат, 1294,46 тонна жүк ташылып, бул 2008-жылдагыдан 41,1% көп. Азыркы учурда авиациялык маршруттук тармак 6 ички жана 21 эл аралык маршруттан турат. 2009-жылы эл аралык рейстердин саны 4 рейске көбөйдү. Ошол эле учурда учуулардын коопсуздугуна талаптардын катаалдашынын натыйжасында, ошондой эле аба кемелеринин азыркы типтеринин жоктугунан улам кыргыз авиаташуучуларынын Бишкек-Стамбул, Бишкек-Лондон сыяктуу учуулары толугу менен токтотулган.
2009-жылы апрелде Жарандык авиация агенттиги жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен Чикаго конвенциясына 18 тиркеменин 16сы боюнча аудиттен ийгиликтүү өткөн, ал эми октябрь айында 17 тиркеменин 9 тиркемесине карата аудиттен өткөн (авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү).
Эксперттерден оңдуу рецензиялар алынгандан кийин (2009-жылдын октябры), ИКАОго 2009-жылдын апрелиндеги аудиттин материясы боюнча иш-чараларды оңдоп түзөөнүн планы жөнөтүлгөн.
Темир жол транспорту. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолу 5981,6 ми тонна жүк ташыган, бул 2008-жылдын деңгээлине карата 80% түзөт (2008-жылы 7435,2 миң тонна). Төмөндөө 1453,6 миң тоннаны түзөт. Жүк ташуу 744,5 млн. тонна. км түздү (2008-жылы 945,5 млн. тонна км). Жүк ташуунун төмөндөшү 2009-жылдын ичинде Кыргыз темир жолу тарабынан жүктөрдү жүктөөнүн жана түшүрүүнүн деңгээлинин төмөндөшү менен, натыйжада бир катар ири ишканалардын, атап айтсак КЦШКнын, Интерглас жана башкалардын иштебей турушу менен түшүндүрүлөт. 2009-жылы жүктөрдү жөнөтүү (жүктөө) 2008-жылдын деңгээлине карата 57,5% деңгээлин түздү. Жеткирүү (жүк түшүрүү) 2008-жылга карата 88,5% деңгээлинде. Нефть продуктыларын ташуу 22%, курулуш жүктөрүнүкү 65%, цемент 92% кыскарды. Көмүр ташып келүү 2008-жылга карата 73% деңгээлин, минералдык өнөр-жай чийки затын ташуу 22% деңгээлин түздү.
Факт жүзүндөгү маалыматтар боюнча Кыргыз темир жолу 2009-жылы алыскы каттамдагы поезддер менен 400,3 миң адамды ташыган, бул 2008-жылдын деңгээлине карата 86,9% түзөт (60,2 миң жүргүнчү ташуу төмөндөгөн). Жүргүнчүлөр агымынын төмөндөшүнүн негизги себеби катары жүргүнчүлөр агымынын үлүшү эң чоң болгон Россия Федерациясында финансылык-экономикалык кризистин натыйжаларынын таасири болуп саналат.
2009-жылы төмөнкүдөй маршруттар иштеген: Бишкек-Москва, Бишкек-Свердловск (Екатеринберг), Бишкек-Новокузнецк, Бишкек-Новосибирск, жайкы мезгилде Ташкент-Рыбачье, Волгоград, Челябинск, Саратов, Пенза багыттары боюнча чиркегич вагондор каттайт. Темир жол техникасы паркын калыбына келтирүү жана оңдоо, темир жолдорун кармоону жана ремонттоону камсыз кылууну жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Кытайлык тараптын өкүлдөрү менен Луговая-Аламүдүн темир жол участогун электрификациялоонун долбоорун ишке ашырууга ТЭОну иштеп чыгуу маселеси боюнча келишимге жетишилди.
2009-жылы кытайлык тарап менен бирге кытай-кыргыз-өзбек темир жол магистралын куруунун долбоорун ишке ашыруунун негизги учурлары каралган: долбоорду финансылоонун схемасы, темир жолдун техникалык чен-өлчөмдөрү, магистралды куруу жөнүндө өкмөттөр аралык чектүү макулдашууга кол коюлган. Темир жолду курууда техникалык стандарттарды колдонуу жагындагы сүйлөшүүлөрдү улантуу жөнүндө келишимге жетишилди.
Байланыш жана маалыматташтыруу. Тармак боюнча 15726,1 млн. сом өлчөмүндө дүң киреше алынган, 2008-жылга карата өсүш темпи 120,0% түздү. Байланыш жана маалыматташтыруу тармагынын ички дүң продуктунун жалпы көлөмүндөгү кызмат көрсөтүүлөрүнүн үлүшү 7,5% түздү.
2009-жылы мобилдүү байланыштан пайдалануучулардын абоненттик базасы 4,2 млн. абонентке өстү жана 2008-жылга салыштырганда 900 миңге көбөйдү. Уюлдук байланышты киргизүүнүн деңгээли 74,0% түздү. Өткөрүүчү тармактар боюнча телефондук жыштык 100 адамга 10 телефонго жетти (2008-жылы 100 адамга 9,9 телефон эле).
2009-жылы маалыматтар берүү тармагын берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн электр байланышы операторлорунун саны, анын ичинде Интернет-кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 63кө жетти. "СДМА-450 технологиясы боюнча телефондоштурулбаган калктуу конуштарды телефондоштуруу" долбоору боюнча 2009-жылы "Кыргызтелеком ААКсынын өзүнүн каражатынын эсебинен 18 базалык станция орнотулган.
2006-жылдын 1-январына карата республикадагы 1802 айылдын ичинен 526 айыл телефондоштурулган эмес. Бүгүнкү күнгө карата 450 айыл телефондоштурулган жана телефондоштурулбаган 76 айыл калган. Жаңыдан түзүлгөн айылдарды эске алуу менен 214 айыл телефондоштурулган эмес, ал эми 2009-жылы СДМА-450 стандарты технологиясы аркылуу республиканын 50 айылы телефондоштурулган жана телефондоштурулбаган 164 айыл калган.
Республикада 86 алыскы калктуу конуштарда КТР программасы жок жана 182 калктуу конуштарда кыргыз радиосунун программасы жок. Телерадио берүүнүн инфраструктурасы эски аналог технологиясына негизделген, жабдуулардын эскириши 90% ашуун. Буга байланыштуу 2009-жылы Кыргыз Республикасынын калкын КТРдын ТВ программасын жана республикалык радионун 1-программасын берүү менен толук камтуу долбоору бекитилген. "Кыргызтелеком" ААКсы өзүнүн капиталдык салымдарынын эсебинен КР калкын КТРдын ТВ программасын жана республикалык радионун 1-программасын берүү менен толук камтууну камсыз кылууну көздөп жатат, азыркы учурда тендердик иштер жүргүзүлүүдө.
"Кыргызтелеком" ААКсы боюнча 2009-жылы бардык кардарлар категориясы боюнча электр байланышы кызматын көрсөтүүнүн тарифтик кирешелеринин көлөмү 2087,6 млн. сомго жетти, бул 2008-жылга салыштырганда 94% түздү. 2009-жылы "Кыргызтелеком" ААКсынын байланыш объекттеринде 118,6 млн. сом капиталдык салым өздөштүрүлгөн. 123315,1 млн. сом негизги фонд эксплуатациялоого берилген жана киргизилген. 40,3 миң абонент аналогдук станциядан санарип станцияларына коштурулган.
2009-жылы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү эл аралык туристтик көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде (ITB) 2009, Берлин ш. (Германия), "Интурмаркет (ITM) 2009", Москва ш. (Россия), "Турсиб 2009" Новосибирск ш. (Россия), "Лето-2009", Екатеринбург ш. (Россия) KITF 2009 Алматы ш. (Казакстан), "MITF 2009" Москва ш. (Россия), "Улуу Жибек-Жолу боюнча туризм" TITF-2009, Ташкент ш. (Өзбекстан) "Кыргызстан-туризм өлкөсү" улуттук стендин көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын катышуусу уюштурулган. Кыргызстанда BITF 2009 Кыргыз эл аралык туристтик жарманкеси, "Улуу Жибек-Жолундагы Ош шаары" эл аралык туристтик жарманкеси, BITF 2009 чегиндеги кол өнөрчүлүк фестивалы өткөрүлгөн.
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын маалыматы боюнча Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына туура келген, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны 2088,6 миң адамды түзгөн (2008-жылдагы ошондой эле мезгил үчүн 2378,0 миң адам) айырма 289 миң адамды түзөт. Бул 2009-жылы жайында аба-ырайы шарты жетиштүү түрдө жагымдуу болбогондугуна байланышкан (жаан-чачын жана салкын), бул Ысык-Көлдө эс алуучулардын санынын азайышын шарттаган, ошондой эле финансылык кризистин жана туристтик ишканалар көрсөткөн сервистин начардыгынын таасири да орун алган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтары боюнча 2009-жылы республиканын бюджетине салыктык төлөмдөрдүн туризм чөйрөсүндө келип түшүүсү 217,3 млн сомду түзгөн (2008-жылы 243,03 млн. сом түшкөн), бул 25,7 миң сомго аз, анткени курорттук салык, автожол үчүн салык, ФПЛЧС салыгы сыяктуу салыктар жоюлган, 2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын жаңы салык кодексин киргизүүгө байланыштуу болгон. 2008-жылы рекреация жана эс алуу жаатында кызмат көрсөтүүчү катталган ишканалардын саны 5424кө жеткен. 2009-жылы ишканалардын саны 57793кө өскөн.
2009-жылы туристтик кызматтарды экспорттоодон алынган кирешелердин келип түшүүсү - 445,0 млн. АКШ доллары (2008-жылы - 509,2 млн. АКШ доллары). Дүң кошумча нарк туризм чөйрөсүндө 2009-жылы 10247,5 млн. сом (2008-жылы - 7849,4 млн. сом) же 2398,1 млн. сомго көп, ИДПдагы туризмдин үлүшү 5,2% жетти (2008-ж. 4,2 %).
2009-жылы транспорттун бардык түрлөрү менен туристтерди ташуудан алынган киреше - 4005,6 млн. сом (2008-жылы - 3615,4 млн. сом). 2009-жылы туризм чөйрөсүндөгү чекене сооданы жүргүзүү 5179,5 млн. сомду түздү (2008-жылы - 4930,5 млн. сом). Ресторандардын, барлардын, ашканалардын жана ысык тамак берүү боюнча ишканалардын 2009-жылы жүгүртүүсү 6515,1 млн. сом (2008-жылы - 6037,0 млн. сом). 2009-жылы калкка туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүү - 427,9 млн. сом (2008-жылы - 381,9 млн. сом). Санаториялык-ден соолук чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр 2009-жыл үчүн - 9751,7 млн. сом (2008-жылы - 3989,7 млн. сом).
Туристтик индустрияны андан-ары өнүктүрүү максатында 2009-жылы "2010-жылга туристтик индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын ведомстволор аралык планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун жана "2010-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорлору даярдалган.
Бул долбоорлордо экотуризмди, тоо-треккингин, альпинизмди, маданий-таанып билүү туризмин өнүктүрүү, либералдык визалык режим саясатын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар, туристтер үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн уюштуруу, кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, улуттук элдик-прикладдык искусствосун жана кол өнөрчүлүктү алга жылдыруу, позитивдүү имиджди түзүү, келген чет өлкөлүк туристтердин анык эсебин алуу боюнча иш-чаралар каралган. Азыркы учурда бул эки долбоор тең кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу стадиясында турат.
1.3. Саясатты өркүндөтүү
1.3.1. Тарифтик саясат
2009-жылы тарифтик саясат ишканалардын иштөөсүнүн туруктуулугун оңдоп-түзөөгө жана жогорулатууга жана калктын социалдык аялуу топторуна жардам көрсөтүү менен бир эле учурда өлкөнүн энергия системасын уюштурууга багытталган.
Электр энергия тармагынын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзүү максатында 2010-2012-жылдардагы мезгилге электр жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасындагы орточо мөөнөттүү тариф саясаты бекитилген, анын башкы максаты энергия секторунун өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, тариф түзүү тармагында кайчылаш субсидияларды жоюу, ошондой эле энергия секторунун ишиндеги негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жыл сайын жакшыртуу болуп саналат.
Тарифтердин колдонуудагы түзүмүнө ылайык эң аз (социалдык) тарифтер калк жана насостук станциялар үчүн белгиленген, ал эми керектөө түзүмүндө республика боюнча орточо алганда мындай топтордун үлүштүк салмагы 67% ашуунду түзөт.
Региондор боюнча керектөө түзүмү боюнча бир аз айырма бар. Мисалы, жалпы керектөөдөгү калктын үлүшү Бишкек ш. 43% Ош облусундагы 76% чейин өзгөрөт.
Ошол эле учурда электр энергиясынын энергия компанияларынын зарыл болгон чыгымдарына жараша эсептелген өздүк наркы керектөөчүлөрдүн өнөр-жай, бюджет жана коммерциялык түзүмдөр сыяктуу топтору үчүн белгиленген тарифтерден кыйла ашып түшөт.
Буга байланыштуу "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдардагы мезгилге электр жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын орточо мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин "Электр энергиясына тарифтер жөнүндө" 2009-жылдын 30-декабрындагы № 194 токтому кабыл алынган;
Керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн электр энергиясына тарифтерди жогорулашы төмөнкү таблицада келтирилген:
№ 6 таблица
Керектөөчүлөр тобу
| 2008-жылы 01.07.тартып | 2010-жылы 1.01.тартып |
Калк | 71 | 150 |
Өнөр-жай | 109 | 150 |
Бюджеттик керектөөчүлөр | 113,5 | 150 |
Айыл-чарбасы | 109 | 150 |
Насостук станциялардын электр энергиясы | 77,2 | 150 |
Башка керектөөчүлөр | 115,8 | 150 |
Токтогул районунун, Каракөл ш. жана Жаз-Кечүү айылынын калкы | 4,57 | 10 |
Токтогул районунун насостук станциялары | 5,1 | 10 |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин 2009-жылы 30-декабрындагы № 196 «Жылуулук энергиясына, ысык суу менен жабдууга жана жылуулук менен жабдуунун ички үй системаларын техникалык тейлөөгө тарифтер жөнүндө» токтому да кабыл алынган. Керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга жогорулашы төмөнкү таблицада келтирилген:
№ 7 таблица
2008-жылы 01.07.тартып | 2010-жылы 1.01.тартып | |
Калкка жылуулук берүү | 507,5 | 1050 |
Бардык калган керектөөчүлөргө жылуулук берүү | 976,1 | 1050 |
Калкка ысык суу берүү | 253,8 | 1050 |
Бардык калган керектөөчүлөргө ысык суу берүү | 976,1 | 1050 |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруу кеңешинин 2010-жылы 26-январындагы № 7, 8 «Жаратылыш газына тарифтер жөнүндө» токтомдору кабыл алынган. Алардын негизинде «Кыргызгаз» ААКсы төмөнкү таблицада келтирилген керектөөчүлөр үчүн тарифтерди белгилейт. Мындан тышкары «Кыргызгаз» ААКсына калк үчүн сатып алуу наркы, нормативдик жоготуулар, Казакстандын аймагы боюнча ташуу жагында жана «КырКазГаз» ЖЧКсынын тармагы боюнча жаратылыш газына тарифтерди АКШнын долларына карата улуттук валютанын иш жүзүндө түзүлгөн алмашуу курсун айдын биринчи күнүндөгү КРУБдун расмий курсу боюнча кайра эсептөөнү ай сайын жүзөгө ашыруу тапшырылган.
№ 8 таблица
Беренелердин аталышы | 2008 факт
| 2009 бекитил ген | 2009 факт
| 2010 болжол
| 2009 бекитил ген |
Калк үчүн тариф, сом/1000 куб.м, түштүк | 7049,66 | 12920,00 | 12920,00 | 15410,13 | 12920,00 |
Өнөр-жай керектөөчүлөрү үчүн тариф сом/1000 куб.м, түндүк | 9282,88 | 15150,31 | 16420,40 | 16420,40 | 16420,40 |
Өнөр-жай керектөөчүлөрү үчүн тариф сом/1000 куб.м, түштүк | 8614,89 | 14420,90 | 15644,85 | 15644,85 | 15644,85 |
"КР Граждандык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" "КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" жана КР Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" КР мыйзамдарынын долбоорлорун жактыруу жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорун макулдашуу өткөрүлгөн.
Керектөөчүлөрдүн электр жана жылуулук энергиясын уурдагандыгы үчүн жазаны катаалдаштыруу максатында жана КР Кылмыш-жаза кодексине жана КР Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү жөнүндө" КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоору тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган.
Мындай тарифтик саясатты ишке ашыруунун чегинде Тарифтик саясат жана калкты социалдык коргоо маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик кеңеш түзүлгөн. Бул кеңештин ишинин алкагында электр энергиясына пенсияларга карата компенсациялык төлөмдөр, жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын кошумча төлөм (орточо эмгек акысы 5000 сомдон ашпагандарга) маселелери иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан энергетика тармагындагы мамлекет жүргүзүп жаткан тарифтик саясатты түшүндүрүү боюнча кеңири масштабдуу иш жүргүзүлгөн.
Акы төлөнүүчү жана бекер кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик реестирин түзүү боюнча иш жүргүзүлүп, анын алкагында мамлекеттик бийлик органдары, алардын карамагындагы, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү көрсөткөн акы төлөнүүчү жана бекер кызмат көрсөтүүлөрдүн маалыматтар базасы түзүлгөн, ага 15 миңден ашуун позиция кирип, 25 мамлекеттик орган жана алардын бөлүмдөрү камтылган. Базаны түзүмдөштүрүү максатында мамлекеттик бийлик органдарынын, алардын бөлүмдөрүнүн жана алар көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сегиз сандуу коду иштелип чыккан. Мамлекеттик бийлик органдары, алардын карамагындагы түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү көрсөткөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик реестри көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөр жана тарифтер боюнча эң толук жана так маалымат алууга, биринчи кезекте республиканын калкынын, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалымат алуусуна мүмкүндүк берет.
Өкмөт тарабынан табигый жана уруксат берилген монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана товарларга тарифтерди жана бааларды жөнгө салуу жагындагы экономикалык мүнөздөгү, рыноктордун атаандашуу чөйрөсүн коргоого жана өнүктүрүүгө багытталган функциялары аткарылат, атап айтканда:
- тарифтерди макулдашуу;
- тарифтин экономикалык курамынын тууралыгын текшерүү;
- тарифтерди колдонуунун тууралыгын контролдоо.
Монополиялык ишке жол бербөө жана аны чектөө максатында төмөнкүлөр түзүлгөн жана бекитилген:
- 2009-жылга антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги жөнгө салууга жаткан Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъекттеринин мамлекеттик республикалык реестри;
- 2000-жылга Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъекттеринин мамлекеттик региондук реестри.
Отчеттук мезгилдин ичинде Мамлекеттик реестрге кошумча 29 чарба субъекттери киргизилген жана 5 чарбакер субъекти чыгарылып салынган. "Кошой" ААКсын жана "Кайыңды кант" ААКсын жөнгө салуунун баа методунун рентабелдүүлүгүнүн чектүү деңгээлинен кант боюнча жөнгө салуунун методу өзгөртүлгөн.
Өкмөт "Кыргызтелеком" ААКсы менен бирге (2010-жылдын 1-июнуна чейин убактылуу) Баткен облусунда санарип форматында радиоберүү, радио байланыш жана телекөрсөтүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануунун тарифтерин иштеп чыккан жана колдонууга киргизген. Радиоберүүнүн, радио байланыштын жана телекөрсөтүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануунун негизги тарифтери жана каналдарды берүүнүн, телекөрсөтүүнү жана үндүк уктурууну берүүнүн жана кабыл алуунун мамлекеттик жөнгө салынууга жаткан негизги тарифтери каралган жана бекитилген.
1.3.2. Тышкы экономикалык саясат жана тышкы соода жүгүртүү
Отчеттук мезгил ичинде тышкы экономикалык иш эл аралык позицияларды андан ары чыңдоого, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүн чыңдоо үчүн тышкы жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
2009-жылы тышкы экономикалык иштерди кыскартуу жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон, тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын убакытын жана чыгымдарын кыскартууга багытталган бир катар нормативдик-укуктук документтер кабыл алынган, ошондой эле тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезени" киргизүү башталган жана "Тышкы соода чөйрөсүндө бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча реформалардын натыйжасында "Эл аралык соода" индикатору боюнча "Бизнес жүргүзүү" Дүйнөлүк банкынын отчетунда Кыргыз Республикасы 183-орундан 154-орунга жылган, экспорт/импорт үчүн документтердин саны 13төн 7ге чейин кыскартылган.
Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык алга жылдыруу жана кыргыз катышуучулары үчүн соода өнөктөштүктөрүн даректүү издөө максатында Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүндө чет өлкөлөрдө тышкы экономикалык иш жүргүзүлгөн:
- Москва ш. Бүткүл Россиялык көргөзмө борборунун аймагында туруктуу иштеген Кыргыз Республикасынын Көргөзмө-ишкердик борбору (КР КИБ) ачылган, ал 2009-жылы 14-июнунда болуп өткөн. Ошондой эле төмөнкүлөр уюштурулган: Кыргыз айыл-чарба, кайра иштетүү жана тамак-аш продукцияларынын бириктирилген көргөзмөсү; тигүү жана текстилдик буюмдардын туруктуу көргөзмө-жарманкеси, ишканалардын көргөзмө офистери, Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн, сүрөтчүлөрүнүн, балчыларынын Москвадагы көргөзмө-жарманкелери ж.б. Кыргыз бренддерин ("Жалал-Абад № 27" минералдык суусу жана "Кыргыз коньягы") алга жылдырууга көмөк көрсөтүлгөн. Черкизов рыногунун жабылышына байланыштуу рыноктун аймагынан товарларды ташып чыгууга, Черкизов рыногунда иштеген биздин мекендештерибизди ишке орноштурууга жана альтернативдүү соода орундарын издөөгө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чаралар көрүлгөн;
- Афганстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын рынокторунда продукцияны экспорттоону алга жылдырууда ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргө жардам көрсөтүү боюнча соода өкүлчүлүктөрү тарабынан практикалык чаралар көрүлгөн.
Кыргыз балы үчүн Европалык биримдик өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу максатында Европалык биримдик дирекциясы менен Европалык Комиссиянын ден-соолукту жана керектөөчүлөрдү коргоо боюнча жыл сайын иш жүргүзүлүүдө. Натыйжада Кыргыз Республикасы Европалык биримдиги мамлекеттерине балды экспорттой ала турган, 2009-2010-жылдардагы өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген
Тышкы соода саясатынын эң маанилүү чараларынын бири ата-мекендик өндүрүшкө колдоо көрсөтүү болуп саналат, айрым товарлардын түрлөрүн импорттоонун улам өсүп жаткан көлөмүн эске алуу менен мындай товарларды коргоо чараларын колдонуу боюнча иш жүргүзүлгөн. 2009-жылы республиканын аймагына улам өсүп жаткан унду импорттоо боюнча коргонуу алымдары киргизилген, атап айтканда алым салыгы киргизилген: 3 сом кг өлчөмүндө, анын натыйжасында 2009-жылы өткөн жылга салыштырганда унду импорттоо 37,4 % кыскарды (41,28 миң тоннага) жана алдын-ала маалыматтар боюнча 2009-жылда ата-мекендик ун чыгаруу 2008-жылга салыштырганда 22,2 % көбөйдү (69,7 миң тоннага).
Ички рынокту мал тоюту менен камсыз кылуу боюнча кыйынчылыктан чыгуу жана өнөр-жай ишканаларын чийки зат (макулатура) менен камсыздоо максатында экспорттоого убактылуу чектөө чаралары (сезондук алымдар түрүндө) киргизилген.
Ошондой эле, ички рынокту толтуруу жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү чийки зат менен камсыздоо максатында айрым товарлардын экспортуна чектөө чаралары киргизилген, азыркы учурда таш көмүргө, иштетилбеген терилерге, коргошун, алтын калдыктарына жана сыныктарына ("Кыргызалтындан" башка), макулатурага экспорттук алым алуу колдонулууда.
2009-жылы тышкы экономикалык иш Кыргыз Республикасынын Казакстан, Кытай, Азербайжан, Турция, Иран, Малайзия, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан ж.б. сыяктуу өлкөлөр менен өз ара мамилесин активдештирүүнү жана чыңдоону улантууга, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС жана ШКУ сыяктуу экономикалык бирикмелердин алкагында улантууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен кызматташтыгын активдештирүү максатында бүгүнкү күндөгү эл аралык келишимдик-укуктук базанын талаптарына ылайыктуу, чет өлкөлүк өлкөлөр менен кызматташтыктын өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы, республиканын экономикасына чет өлкөлүк тикелей инвестицияларды тартуу сыяктуу куралын түзүү боюнча иш жүргүзүлгөн.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Экономиканы тескөө министрлигинин түздөн-түз катышуусу менен бардык өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгы түзүлүп, ӨАКнын 7 жыйыны өткөрүлгөн: КЭР СУАР (27-28-март); Малайзия (23-апрель); Москва (4-июнь); Кытай (10-12-июнь); Казакстан (16-17-июнь), Тажикстан (25-декабрь), Өзбекстан (28-декабрь).
Өткөрүлгөн жыйындар өз ара кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоого, эки тараптуу мамиледеги орун алган проблемаларды айкындоого, ошондой эле энергетика нефтигаз тармагындагы, өнөр-жайы, миграция, туризм, билим берүү, илим жана маданият чөйрөсүндөгү эң орчундуу соода-экономикалык мамиле маселелерин чечүүнүн макулдашылган механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.
Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык системага мындан ары натыйжалуу интеграцияланышы, республиканын соода-экономикалык кызыкчылыктарын КМШ, ЕврАзЭС, ШКУ сыяктуу экономикалык бирикмелеринин алкагында алга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын делегациялары ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйындарына (4-февраль, Москва ш. РФ); (ЕврАзЭСтин мүчө өлкөлөрүнүн финансылык-экономикалык саясаты боюнча кеңешмелеринин 7-жыйынына (1-март, Москва ш.); КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешине (20-ноябрь, Ялта ш. РФ); ЕврАзЭСтин мамлекет башчыларынын кеңешине (27-ноябрь, Минск ш.); ЕврАзЭСтин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешине (11-декабрь, Санкт-Петербург ш.) жыйындарына эң активдүү катышты.
Бишкек ш.: ШКУнун тышкы экономикалык жана тышкы соода иштеринин министрлеринин кеңешмеси (2009-жылы 10-сентябрь) сыяктуу ири иш чаралар, ошондой эле БУУнун СПЕКА программасынын алкагындагы Экономикалык Форум жана өлкөлөрдүн жетекчилигинин катышуусу менен СПЕКА программасынын жетектөөчү кеңешинин 4-жыйыны өткөрүлгөн.
Аталган иш чаралардын алкагында: дүйнөлүк финансылык кризисти жеңип чыгуу боюнча иш аракеттер планы, ЕврАзЭСтин кризиске каршы фондун түзүү жөнүндө чечим, Жогорку технологиялар борборун түзүү сыяктуу маанилүү документтер иштелип чыккан жана кабыл алынган, 2013-жылга чейин БУУнун СПЕКА программасынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын программасы кабыл алынган.
Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечегин аныктоо максатында чет мамлекеттердин өкүлдөрү, өкүлчүлүктөрү, Кореянын, Турциянын, Монголиянын, Германиянын, Ирандын, Вьетнамдын, Италиянын, АКШнын, Япониянын, Малайзиянын, Пакистандын, Шриланканын, Канаданын, ТАРдын, Аргентинанын ж.б.нын ишкердик чөйрөлөрү менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.
2009-жылы тышкы экономикалык саясатты жүргүзүү алкагында бир катар нормативдик укуктук документтер кабыл алынган:
- Биржа соодасын жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзамдарды эл аралык нормаларга ылайык келтирүү, биржа соодасы үчүн шарттарды өркүндөтүү жана түзүү максатында "Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржалык соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 15-июнундагы № 208 мыйзамы;
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылы 1-апрелиндеги № 206 товарлардын тийиштүү түрлөрү боюнча гана контроль түрлөрүн жүргүзүүнү иретке салуу максатындагы "Фитосанитардык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль түрлөрүнө алынуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- КР Өкмөтүнүн "бирдиктүү терезени" ишке ашыруу боюнча андан аркы иш-чараларды жетектөө жана аткаруу үчүн 2009-жылы 3-февралдагы № 76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы чөйрөсүндө "бирдиктүү терезени" киргизүүнүн долбоорун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтому;
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 135 тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" (БТ) долбоорун башкаруунун координациялоочу органын аныктоо максатындагы "Соода жана транспорт чөйрөсүндө көмөк көрсөтүү боюнча КР Улуттук кеңешин түзүү жөнүндө" 2008-жылы 29-январындагы № 29 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому;
- КР Өкмөтүнүн өлкөнүн экономикалык өсүшүн, экспорттук потенциалын жогорулатуу жана ата-мекендик атаандаштыкка жарактуу, экспортко багытталган ат-мекендик өндүрүштүн өнүгүшүнө түрткү берүүнү камсыз кылуу максатындагы 2009-жылдын 11-февралындагы № 102 "Жылдын мыкты экспорттоочусу" Кыргыз Республикасынын Улуттук конкурсун өткөрүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" (2009-жылга) 16.07.09. № 221 КР Мыйзамы, ага ылайык инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында алынып келген технологиялык жабдууга, чийки затка жана материалга бажы алымдарынын ставкалары жоюлган;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2009-жылы 29-майындагы № 177 өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун ратификациялоо тууралуу" КР Мыйзамы, ага ылайык Иранга кыргыз товарларын берүүдө тарифтик жеңилдиктер берилет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышка ташылуучу товарларга алып чыгуу (экспорттук) алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" 2009-жылдын 10-мартындагы № 157 токтому 2009-жылдын 28-мартында күчүнө кирген жана 2009-жылдын 28-июнуна чейин ички рынокту мал тоюту менен камсыздоо боюнча кыйынчылыктан чыгуу жана өнөр-жай ишканаларын чийки зат (макулатура) менен камсыздоо максатында колдонулган;
- КР Өкмөтүнүн регенерацияланган кагаздар жана калдыктарды (макулатура) чийки зат ресурстары менен толтуруу, өндүрүшкө түрткү берүү жана даяр продукциянын экспортун көбөйтүү максатындагы "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышка ташылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана калдыктарга) бажы алымын алып чыгуу (экспорттук) ставкасын белгилөө жөнүндө" 30.09.09. жылдагы № 610 токтому;
- КР Өкмөтүнүн ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана теңдиктүү атаандаштык шарттарын түзүү максатындагы 2009-жылдын 16-майындагы № 296 "Аштык унун импорттоону териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоону чараларын киргизүү жөнүндө" токтому;
- КР Өкмөтүнүн ун продукциясын ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатындагы 2009-жылы 18-майындагы № 299, "Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана автотранспортту алып өтүшү жөнүндө" нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому;
- КР Өкмөтүнүн ата-мекендик ун өндүрүүчүлөрдү коргоо максатындагы 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын аймагына аштык буудайын ташып келүүдөгү коргонуу чараларын киргизүү жөнүндө" токтому.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 4480,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2008-жылга салыштырганда 1447,2 млн. долларга же 24,4% азайды, анын ичинде импорт 1031,4 млн. долларга (25,3%) азайды, экспорт 415.8 млн. АКШ долларына (22,4%) азайды. Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомчулугунун 118 мамлекети менен соода экономикалык байланышты жүзөгө ашырган (2008-жылы - 121 мамлекет), анын ичинде импорт боюнча - 114 (114), экспорт боюнча - 74 (67).
Тышкы сооданын көлөмүнүн кыйла кыскарышы дүйнөлүк финансылык кризистин таасири менен шартталгандыгы талашсыз. Алсак, көпчүлүк өнөр-жай ишканалары негизги соода өнөктөштөрүнүн (Россия менен Казакстан) төлөм жөндөмсүздүгүнө байланыштуу продукцияны сатып өткөрүүнүн жоктугунан улам иштебей туруп калышкан. Өз кезегинде ири өнөр-жай ишканаларынын айласыз ишсиз туруусу отун-энергетикалык ресурстарды импорттоого суроо талаптын төмөндөөсүн (2008-жыл боюнча 32,3%) жана өндүрүш максаты үчүн зарыл болгон инвестициялык товарларга суроо талаптын төмөндөшүнө (31%) алып келген.
2009-жылы тышкы сооданын соода балансынын сальдосу терс мааниде түзүлүп, 2216,8 млн. доллардын ордуна (-)1601,2 млн. долларды түздү жана 27,8% азайды. Отчеттук жылда соода балансынын сальдосун жакшыртуу экспортко карата импорттун кыйла терең кыскарышына байланыштуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылы экспортунун көлөмү 1439,8 млн. долларды түздү, бул 2008-жылга салыштырганда 22,4% аз. Анын ичинде КМШ өлкөлөрүнө экспорт 48,6% төмөндөдү жана 519,6 млн. долларды түздү, алыскы чет өлкөлөргө экспорт 8,9% көбөйдү жана 920,2млн. АКШ долларын түздү. 2009-жылы продукцияларды алыскы жана жакынкы 71 чет өлкөгө экспорттоо ишке ашырылды.
Экспорттун негизги көлөмү Швецарияга (экспорттун жалпы көлөмүнүн 30,9%), Францияга (12,8%), Бириккен Араб Эмираттарына (7%), Россияга (12,9%), Өзбекстанга (11,6%), Казакстанга (9,5%) туура келет.
Продукцияны экспорттоодо негизги үлүштү экспорттун жалпы көлөмүндөгү орто аралык товарлар ээлейт, алардын ичинен негизги үлүштү алтын ээлейт - 36,8%, органикалык эмес химия продукциясы - 17,7%, энергия продуктулары - 13%, азык-түлүк товарлары жана айыл-чарба чийки заты - 12,8%, текстиль жана жеңил өнөр-жай продукциясы - 7,3%, машина куруу продукциясы (чыңалуу лампасы, радиаторлор, ар кандай кыймылдаткычтар, транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү) - 6% ж.б.
2009-жылы төмөнкү негизги статьялар боюнча экспорт көлөмү көбөйгөн: алтын 14,2%, органикалык эмес химия продуктулары 2,3 эсеге, электр энергиясы 48,6%, төө буурчак 50,5%, тирүү мал 45,8 эсеге, ар кандай суусундуктар 67,2% ж.б.
Ошону менен бирге эле экспорттун негизги статьялары боюнча экспорттун көлөмү төмөндөгөн, ал өнөр-жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнүн жана тышкы рыноктордо суроо талаптын азайышынын себебинен улам келип чыккан: айнек тактасына 95% ("Интергласс" ЖЧКсынын жылдын башындагы пландуу ремонтуна байланыштуу); цементке - 98,5% (Казакстандагы, цементти негизги керектөөчүдөгү финансылык кризиске байланыштуу суроо талаптын төмөндөшү жана республикадагы турак жай курулушунун кыскарышы); чыңалуу лампасына 12,2% ("МЭЛЗ" ААКсынын финансылык проблемалары); тигилүү кийимдерге 25,4% (Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан заказдардын азайышы) ж.б.
2009-жылы Кыргызстандан импорт 3041,0 млн. долларды түзгөн (соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 67,9%) жана 25,3% төмөндөгөн.
Импорттун негизги көлөмү Россияга (жалпы импорттун көлөмүнүн 35,9%), Кытайга (20,5%), Казакстанга (11,2%), Өзбекстанга (3,7%), АКШга (3,3%) , Германияга (3,3%), Украинага (3,0%), Белорусияга (2,5%), Турцияга (2,4%), Нидерландияга (1,6%) туура келет. Алардын жалпы импорттун көлөмүндөгү үлүшү 87,4% түзөт.
Жалпы импорттун товардык түзүмүндөгү негизги статьялардын үлүшү төмөнкүлөрдү түзгөн: отун-энергетика ресурстары - 26,4% (2008-жылы 29,2%); машина куруу продукциялары (машиналар, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр, транспорт каражаттары, электр машиналары жана жабдуулары - 20,7% (27,2%); азык-түлүк товарлары жана айыл-чарба чийки заты 16,5% (13,1%); химия өнөр-жайы продукциясы (фармацевтикалык продукция, органикалык эмес химия продуктулары, пластмассалар жана алардан жасалган буюмдар, каучук жана резиналардыкы - 13,3% (9,8%); жеңил жана текстиль өнөр-жайы продукциясыныкы - 8,2% (8,1%), кара жана түстүү металлдар, алардан жасалган буюмдардыкы 5,4% (4,7%), жыгач, кагаз жана картон продукцияларыныкы - 2,2% (1,7%) ж.б. түзөт.
2009-жылы импорттук келип түшүүлөр көбөйгөн: органикалык эмес химия продуктулары 39,6%, цементке 18,3%, ар кандай даяр буюмдардыкы 73,4%, парфюмериялык-косметикалык каражаттар 27,4%, кант жана кондитер буюмдары 20,6%, эт жана субазыктары 22,9%, кагаз жана картон, алардан жасалган буюмдар 8,5%), ар кандай тамак-аш азыктары 45%, жашылча жана жемиштер 25,1% ж.б. көбөйгөн.
Ошону менен бирге эле дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү кыйла кыскарып, ал өлкөнүн айрым ири өнөр-жай ишканаларынын айласыз иштебей туруп калуусуна алып келген, ал отун-энергетикалык ресурстардын импортунун 32,9%, машина куруу продукциясын 43%, жаратылыш газын 34,4%, кара металлдын 6%, минералдык чийки заттын 16,2% жана өндүрүштүк максаттар үчүн зарыл болгон жана башкаларды импорттоонун төмөндөшү пайда кылды.
1.3.3. Фискалдык саясат
2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди, анын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында бизнес жүргүзүү үчүн жетиштүү жагымдуу шарттар түзүлдү:
- салыктардын жана жыйымдардын жалпы санынын 16дан 8ге чейин төмөндөөсү;
- салыктардын негизги ставкаларын төмөндөтүү жана белгиленген төмөнкү деңгээлде бекитүү: КРС - 20% ордуна 12%, пайда салыгы - 10%, киреше салыгы - 10%, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салык ставкасы 5-10% ордуна 4-6% чегинде;
- каскаддык рыноктук эмес салыктарды жоюу: юридикалык жактардан автомобиль жолун пайдалануу үчүн салык жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга чегерүүлөр;
- кирешелерди жана мүлктөрдү жалпы декларациялоону киргизүү;
- ак ниет салык төлөөчүгө карата салыктык администрациялоону либералдаштыруу жана салык салуудан качкан салык төлөөчүлөргө карата мамилени катаалдаштыруу;
- жылдык туташ текшерүү системасынан салыктарды төлөбөө тобокелчиликтерине баа берүү боюнча талдоо методдорунун негизинде салык салуудан качуу белгилери ишинде орун алган салык төлөөчүлөрдү текшерүүгө өтүү үчүн негиз түзүү;
- жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн санын чектөөнү белгилөө;
- мамлекеттин жана бизнестин белгиленген ставкалары боюнча шериктештигинин механизмдерин киргизүү.
Ошол эле учурда, жөнөкөй мыйзамдар аздыр-көптүр стабилдүү иштегендигин эске алсак, Салык кодекси кирген чоң мыйзамдар жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатты эске алуу менен дайыма өркүндөтүүнү талап кылгандыгын эске алуу зарыл.
Ошондуктан, карама-каршылыктарды жана кайчы пикирлерди жоюу максатында 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссияда жана Экономикалык өнүктүрүү министрлигине караштуу Фискалдык саясатты координациялоо боюнча кеңеште бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен системалуу максаттуу иш жүргүзүлгөн.
Редакциялык мүнөздөгү, бүдөмүк жана карама-каршылыктарды жоюуга багытталган жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган 82 түзөтүүнү караштырган "КР Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" 7 мыйзамды кабыл алуу мындай иштин натыйжасы болуп калды, алардын ичинен негизгилер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) айыл-чарба продукциясын өнөр-жайлык жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай ишканаларын пайда салыгынан бошотуу, ошондой эле аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай ишканаларын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө жана КР аймагында өндүрүлгөн ата-мекендик айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл-чарба техникасын берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча 3 жылга КНСтен бошотуу;
2) ЭЭЗ субъекттерин мүлк салыгынан жана жер салыгынан бошотуу;
3) ошондой эле үстөк жана штрафттык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммаларынын ордун толтурууну эсепке алган, чегерүүнүн ашыкча төлөнгөн салык суммасын кайтарып берүүнүн жаңы тартиби белгиленген;
4) киреше салыгы боюнча салык түйшүгүн төмөндөтүү максатында минималдуу эсептик киреше боюнча салык базасын аныктоонун тартиби такташтырылган, ошондой эле кирешенин минималдуу эсеби колдонулган адамдардын (көчө тазалоочулар, лаборанттар, кароолчулар) тизмеси кеңейтилген;
5) салык төлөөчүлөргө 1-2 күндүк мөөнөткө патент сатып алуу укугу берилген;
6) банк мекемелери салык органдарына күн сайын эмес, жума сайын ачылган эсептер жөнүндө маалымат берүү укугуна ээ болушкан;
7) банктар үчүн салык базасы такташтырылган; Эми банк үчүн салык базасы негизги каражаттарды, товарларды сатуудан алынган акча, проценттик кирешелер, жумушту аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер, анын ичинде валюталык операцияларга кеткен чыгымдарды алып салгандан кийинки валюталык операциялардын түшкөн кирешелер салыктык база болуп саналат;
8) Мектепке чейинки мекемелерге атайын каражаттар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган;
9) мүлктү Уставдык капиталга өткөрүп берүү КНСтен бошотулган;
10) кыймылсыз мүлккө салык салууда айрым карама-каршылыктарды чечүү, ошондой эле кыймылсыз мүлккө салыктын колдонулушун калктын арасында салык кандай эсептелине жана колдонула тургандыгы жөнүндө жакшылап түшүндүрүү иши аяктаганга чейин "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамга өзүнчө өзгөртүү киргизилген.
Мындан тышкары отчеттук жылда ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган, экономиканы тарифтик эмес жөнгө салуу алкагында иш жүргүзүлгөн, алардын негизгилери төмөнкүлөр болуп саналат:
- 1 жылдык мөөнөткө 1 кг үчүн 3 сом өлчөмүндө ундун импортунан алым алуу түрүндөгү убактылуу коргонуу чарасы киргизилген;
- Кыргыз Республикасынын аймагына кантты жана чийки кантты алып келүүнү кваттоо киргизилген;
- регенерацияланган кагазга жана картонго (макулатурага жана калдыктарга) алып чыгуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасын киргизүү.
1.4. Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу
1.4.1. Инвестициялык саясат, Мамлекеттик инвестициялар
программасын аткаруу
Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги артыкчылыгы болуп саналат.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жана ата-мекендик компаниялар бүгүнкү күндө бирдей укуктарга, анын ичинде экономикалык бардык секторлорго кирүүгө укуктуу болушат. Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы операциялардын бардык түрлөрүнө чектөөлөр жок. Чет өлкөлүк инвесторлор убактылуу пайдалануу укуктарында жер участокторун ээлей алышат жана капиталды, дивиденддерди жана пайданы эркин репатициялай алышат. 2009-жылдан тартып жаңы Салык кодекси салык түйшүгүн жеңилдетүүгө жана салыктык администрациялоонун сапатын олуттуу жакшыртууга чакырылган.
Инвестициялык реформалардын кеңири программасын ишке киргизүү менен Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" долбоору боюнча индикаторлордун жакшыртылышы республиканын акыркы жылдардагы жетишкендиги болуп калды. Бизнести ачуу чөйрөсүндө, курулуш, инвесторлорду коргоо, эл аралык соода жана кредиттер алуу чөйрөлөрүндө уруксат берүүчү документтерди алууда реформалар жүргүзүлүп, натыйжада республикада инвестициялык жана ишкердик ишти нормативдик-укуктук жөнгө салуу системаларында реформалар жүргүзүлгөн. Ошондуктан бүгүнкү күнү "Бизнес жүргүзүү-2010" отчету боюнча экинчи жылы реформаторлордун тизмесинде Кыргызстандын рейтинги боюнча 41-орунду сактоо жетишилген ийгиликтерди бекемдеп эле тим болбостон, КР Өкмөтүнүн системалык мүнөздөгү терең реформаларды жүргүзүү ниетинин чечкиндүүлүгүн жана олуттуулугун ырастады. Жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасы реформатор топ-50 өлкөгө киргизилген. 2009-жылы анда Кыргызстан бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Дүйнөлүк банктын дүйнөлүк рейтингинде 41-позицияны ээлеп, 27-баскычтан 68-орунга чейин көтөрүлгөн. Жөнгө салуучу реформаларды өткөрүү жагында республика дүйнөдөгү 10 реформатор лидер өлкөлөрдүн ичинен 2-орунду ээлеген. Өлкө 2008-жылдын июнунан тартып 2009-жылдын июну боюнча изилденген 10 тармактын 8 тармагында реформаларды жүзөгө ашырган.
Биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга Дүйнөлүк банк тарабынан жогору баа берилген. "Бизнес жүргүзүү" алкагындагы эки реформанын менчикти каттоо жана курулушка уруксат алуу боюнча гана реформалардын эсебинен бизнестин чыгымдарын жыл сайын 10 млн. АКШ долларына кыскартууга жетишилди. Азыр бизнести болгону 4 күн ичинде каттоого болот. Бийликтин бизнес менен өз ара аракеттенүүсүнүн бардык пункттарында "Бирдиктүү терезеде" документтерди тариздөө системасы ийгиликтүү киргизилүүдө, ал бизнестин убакытын жана чыгымдарын кыйла кыскартат: экспорттук-импорттук операциялар жасоодо бажылык тариздөө үчүн документтердин саны 2 эсеге кыскарды; курулуш чөйрөсүндө уруксат алууга кеткен убактылуу убара 160 күнгө кыскарды, бир катар башка жакшыртууларга да жетишилди.
"Бизнес жүргүзүү" индикаторлорун жакшыртуу - бул экономикалык реформалардын багыттарынын бири гана. Контролдоочу органдардын текшерүүлөрү жана иши жагында реформа үчүнчү жылы ишке ашырылууда, анын натыйжасында негизсиз текшерүүлөр кыйла кыскартылды. Контролдоочу органдардын ишинде тобокелчиликтерге баа берүү системасы киргизилүүдө, ошондой эле контролдоочу органдардын өзүн кыйла кыскартуу пландаштырылууда.
Мамлекеттик - жекече өнөктөштүк системасын киргизүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө, ал инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик коммерциялык компаниялар менен натыйжалуу кызматташтык механизмин түзүүгө, мамлекеттик маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга бизнести кыйла кеңири тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мамлекет менен бизнестин ортосундагы тобокелчиликтерди адилеттүү бөлүштүрүүгө багытталган. "Мамлекеттик - жекече шериктештик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы даярдалып, ал 2009-жылдын 11-майында кабыл алынган № 154.
Республиканын экономикасына кредиттик ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүү планын иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзгөн жана артыкчылыктуу тармактар аныкталган. Кредиттик каражаттарды бөлүштүрүү концепциясы иштелип чыккан: (а) инвестициялык долбоорлорду тандап алуу үчүн ар бир тармак үчүн белгиленген критерийлер белгиленген; (б) инвестициялык кредиттерди кредиттөө механизми иштелип чыккан жана кайтарып берүү схемасы, долбоорлорду кредиттөө институттары аныкталган; (в) инвестициялык долбоорлорду коргоо ыкмалары такташтырылган; (г) инвестициялык долбоорлорду берүү үчүн анкета-формалары даярдалган, ал КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 337 токтому менен кабыл алынган. Бул токтомдун негизинде инвестициялык долбоорлорду чогултуу жана баштапкы баа берүү жүргүзүлүп, алар КР Өнүктүрүү фондуна инвестициялык долбоорлорду (200дөн ашуун долбоор) кайра жөнөтүү үчүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна жиберилген.
Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштырууну талап кылууну жоюу жана анын ордуна чет өлкөлүк документтерди күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүндүк берген апостилирлөө жол-жобосун пайдалануу максатында "1961-жылы 5-октябрдагы расмий документтерди легалдаштыруу талабы жокко чыгарган Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" КР Мыйзамы даярдалып, ал 2009-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.
Эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана аны дүйнөлүк коомчулукка андан ары интеграциялоо үчүн эл аралык укуктук базаны иштеп чыгуу чөйрөсүндө өз ара коргоо жана инвестицияларга колдоо көрсөтүү жөнүндө Словакия, Австрия, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу боюнча иш жүргүзүлгөн. Кыргыз Өкмөтүнүн жана Литва жана Латвия Республикаларынын ортосундагы, ошондой эле Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы инвестицияларга колдоо көрсөтүү жана коргоо жөнүндө кол коюлган макулдашуулардын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн мыйзам долбоорлору даярдалган, алар тийиштүүлүгүнө жараша: Литва Республикасы менен 06.02.09, № 38; Латвия Республикасы менен - 04.03.09, № 74; ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер менен - 27.07.09, № 243.
Инвестициялык жагымдуулукту жана Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири чагылдыруу максатында бир катар өлкөлөрдө мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн кеңири чөйрөсүнүн катышуусу менен бизнес-форумдар даярдалган жана өткөрүлгөн.
Инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча активдүү иш инвестициялардын келип түшүүсү боюнча оңдуу таасир берүүдө. Жыл сайын өлкөгө түздөн-түз инвестициянын келип түшүүсү көбөйдү. Акыркы 2008-жыл ичинде эле 862,2 млн. АКШ долларында чет өлкөлүк тикелей инвестициялар тартылган, бул мурдагы жылдан дээрлик 2 эсеге көп. 2002-жылдан тартып тикелей инвестициялардын келип түшүүсүнүн стабилдүү өсүү тенденциясы орун алууда.
№ 3 график. ТЧИнин жыл сайын келишинин кыймылы
УСКнын алдын-ала маалыматтары боюнча 2009-жылы ТЧИнин келип түшүүсү 556,7 млн. АКШ долларын жана 2008-жылдагы деңгээлге карата 64,3% түздү, бул бүткүл дүйнөдөгүдөй эле кризис мезгилинде инвестициялык ресурстардын "кыймылсыздыгы" менен байланышкан.
2009-жылы инвесторлор үчүн финансылык иш эң жагымдуу тармак болуп чыкты, анын ТЧИнин жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 42,4% түздү; кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөр - 27,4%, иштетүүчү өнөр-жайы - 12,2%; соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жекече пайдалануу буюмдарын ремонттоо - 8,4%; курулуш - 3,0%.
2009-жылы КМШдан башка өлкөлөрдөн тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 2008-жылдагы деңгээлге карата 70,5% түздү (келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 58,4%). Негизги инвестор - өлкөлөр: Улуу Британия - ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 18,1% (100,7 млн. АКШ доллары), Кытай - 9,2% (51,2 млн. АКШ доллары), Канада - 3,5% (19,7 млн. АКШ доллары), Австралия - 3,9% (21,9 млн. АКШ доллары), Турция - 6,3% (34,8 млн. АКШ доллары), АКШ - 4,2% (23,6 млн. АКШ доллары), Корея Республикасы - 2,1% (11,9 млн. АКШ доллары).
2008-жылга салыштырганда КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн түздөн-түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү төмөндөдү жана 57,2% түздү (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 41,6%), ТЧИ салымдарын негизги үлүшүн Казакстандык инвесторлор жүзөгө ашырды - келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 34,0% (189,1 млн. АКШ доллары) жана түздөн-түз инвестициялардын көлөмү төмөндөп, 2008-жылы деңгээлине карата 52,4% түздү, ошондой эле Россиядан келип түшүүлөр тийиштүүлүгүнө жараша келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 7,5% (41,6 млн. АКШ доллары), өсүш 114,9% түздү.
2009-жылы чет өлкөлүк инвестициялардын тышка кетүүсү 480,3 млн. АКШ долларын түздү (келип түшкөн ТЧИнин 86,3%), бул 2008-жылдагыдан 8,9 млн. АКШ долларына аз (2008-жылы 489,2 млн. АКШ доллары).
ТЧИнин тышка чыгуусу ишканалардын чет өлкөлүк кошо ээлеринен алынган кредиттерди жана соода кредиттерин көп жагынан кайтарып берүү менен түшүндүрүлөт, алар чыгып кетүүнүн түзүмүндө 86,4% түзөт. Инвестициялардын кетүүлөрү экономиканын дээрлик бардык тармактарында байкалып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл, бирок мында эң көп үлүштү финансылык иштер - 50,5%, кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү - 13,7%, кайра иштетүүчү өнөр жайы 22,3%, соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу буюмдарын оңдоо - 7,6% ээлейт.
№ 9 таблица
Келүүсү, 2009-жылы | Кетүүсү, 2009-жылы | Сальдо
| |
Бардыгы ЧТИ - миң АКШ доллары | 556741,1 | 480257,0 | 76484,1 |
Акционердик капитал | 90859,0 | 63262,0 | 27597,0 |
Финансылык лизинг | - | 2019,6 | -2019,6 |
Реинвестицияланган пайда | 35952,2 | - | 35952,2 |
Ишканалардын чет элдик кош ээлеринен алынган кредиттер | 344086,6 | 328072,5 | 16014,1 |
Соода кредиттери | 85843,3 | 86902,9 | -1059,6 |
Капиталды чыгарып кеткен негизги өлкөлөр болуп Казакстан, Улуу Британия, Түркия, Германия эсептелет.
Мамлекеттик инвестициялар программасынын инвестициялык долбоорлору (МИП) боюнча чыгымдардын жалпы өлчөмү 2009-жыл үчүн 6111,2 млн. сомду (такталган пландын 96,0%тин), анын ичинде инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоо (кредиттер) 3023,8 млн. сомду (96,8%) жана гранттардын суммасы 2632,5 млн. сомду (95,2%), ал эми ички инвестициялык долбоорлорду ички кош каржылоо 454,9 млн. сомду (98,2%) түздү. Каражаттарды алуу үчүн жиберилген арыздарды жактыруунун узакка созулушу, Консультанттардын жана жеткирүүчүлөрдүн инвойсторду жана төлөө үчүн эсеп-фактураларды бербеши, тендерлерди өткөрүүнүн жана аларга донорлордун жактыруусун алуу процесстеринин узакка созулушу МИП долбоорлору боюнча 2009-жыл үчүн каражаттарды толук эмес өздөштүрүүнүн негизги себептери болуп калды.
Ошол эле учурда өнүктүрүү бюджетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн менен Эл аралык валюта фондусунун программасынын алкагындагы белгиленген параметрлеринен ашкан жок.
1.4.2. Ишкердик
Ишкердикти жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү багытындагы иштер жүргүзүлдү. 2009-жылдын 9 айы үчүн 10765 чакан жана орто ишканалар иштеген, өсүш 88 бирдикти түзгөн. Жеке ишкердикти 220,6 миң адам (өсүш 18,7 миңди түзгөн) жүргүзгөн. Ишкердик чөйрөсүндө иштегендердин жалпы саны (дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо) отчеттук мезгил үчүн 301,4 миң адамды түзгөн.
№ 10 таблица
| 2008-жылы 9 айы
| 2009-жылы 9 айы
| Тармактын дүң чыгаруусуна карата % |
ЧОИ субъекттеринин саны, бирдик | 10677 | 10765 | - |
ЧОИ субъекттеринде иштегендердин жалпы саны, миң адам | 290,1 | 301,4 | - |
ЧОИ субъекттери өндүргөн кошумча дүң наркы, млн. сом | 54589,3 | 55207,6 | 40,2(*) |
ЧОИ субъекттери өндүргөн өнөр жай продукциясын дүң чыгаруу, млн. сом | 16092,3 | 16293,9 | 27,4 |
ЧОИ субъекттери өндүргөн айыл чарба продукциясын дүң чыгаруу, млн. сом | 53740,7 | 44387,6 | 53,2 |
ЧОИ субъекттери өндүргөн сооданын, автомобиль, тиричилик буюмдарын оңдоонун ж.б. көлөмү, млн. сом | 105039 | 114218,4 | 86,2 |
ЧОИ субъекттери өндүргөн мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү, млн. сом | 4374,8 | 4971,7 | 90,0 |
(*) - ИДПга карата % менен
ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин үлүштүк салмагы 40,2%ти түздү, ошол эле учурда ЧОИ ишканалары республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 27,4% көлөмүн жана айыл чарбасында тармактын продукциясынын 53,2%ин өндүргөн.
Эки жылдан бери ишкердикти жөнгө салган нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча масштабдуу реформалар жүргүзүлүүдө. Азыркы мезгилде «Лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилүүдө, мунун өзү лицензиялоо-уруксат берүү системасын андан ары оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
«Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, мында нормативдик укуктук актылардын так иерархиясы, ишкердикти жөнгө салган бардык нормативдик укуктук актылар үчүн жөнгө салуучу таасир берүүсүн талдоо (ЖТТ) жүргүзүү белгиленген, ошондой эле ведомстволук норма кабыл алуучулук жоюлган. 2009-жылдын 14-майында ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруунун 2-этабы башталып, мында Оптималдаштыруу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берүүчү лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн тизмеси жактырылган. Бул Тизмеге ЖТТнын негизинде ишкердиктин түрлөрүнө берүүнүн зарылдыгы негизделген бардык лицензиялар жана уруксат берүүлөр киргизилген. Алардын саны 371ди түздү.
Оптималдаштыруунун натыйжалары боюнча кыска убакыттын ичинде лицензиялардын санын 77ге (28%) жана уруксат берүүлөрдүн санын 51ге (32%) кыскартуу жүргүзүлүп, кыскартылган лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн жалпы саны 128ди же орточо алганда 30%ти түздү.
№ 11 таблица
| Инвентаризацияга чейин | Инвентаризациядан кийин | Жоюлгандар |
Лицензиялар | 275 | 198 | 77 |
Уруксат берүүлөр | 160 | 109 | 51 |
Ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы - «Контр-Про» программасын киргизүү боюнча иштер улантылды, бул программа мамлекеттик контролдоо органдарынын (МКО) бардык 20 борбордук аппаратында, Бишкек шаары боюнча МКОнун 17 аймактык бөлүмчөлөрүндө, Ош облусу боюнча МКОнун 24 аймактык бөлүмчөлөрүндө жана Ош шаары боюнча 8 контролдоочу органга коюлган. 2009-жылдын аягында «Контр-Про» программасындагы маалыматтар базасы ишкердиктин 8 миң субъекти, анын ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөр тууралуу маалыматты камтыган.
Отчеттук мезгил үчүн республика боюнча ишкердиктин субъекттерин 35258 текшерүү өткөрүлгөн (пландалганы - 33315, пландан тышкаркысы 1943), бул 27450 текшерүүгө көп (контролдук жана кайра текшерүүлөрдү кошпогондо).
№ 12 таблица
2004-ж. | 2005-ж. | 2006-ж. | 2007-ж. | 2008-ж. | 2009-ж. |
27414 | 26356 | 20354 | 34864 | 7808 | 35258 |
2009-жылдагы текшерүүлөрдүн олуттуу көбөйүшү 2008-жылдын апрелинен баштап текшерүүлөргө мораторий жарыялангандыгы менен түшүндүрүлөт. 2009-жылы ишкердик субъекттеринин ишин контролдоочу органдар тарабынан (МКО) текшерүүсүнүн натыйжасында 1,6 млрд. сом суммасындагы айып салынып, 308 иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
1.4.3. Атаандаштык саясаты
Антимонополдук мыйзамдарды бузуулардын белгилери боюнча 2009-жылы жеке жана юридикалык жактардын 12 арызы каралып, 87 чарбакер субъект текшерилген, антимонополдук мыйзамдарды бузуулар боюнча 67 чечим каралган жана кабыл алынган.
"Монополдук ишти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин баа түзүүнүн тартибин бузуу бөлүгүндөгү нормаларды бузгандыгы үчүн 19321,5 миң сом суммадагы айып жана экономикалык санкцияларды салуу жөнүндө чечим кабыл алынган, ал эми атаандаштыкка каршы башка иштер үчүн айыптар 14,0 миң сомду түздү.
Антимонополдук мыйзамдарды бузууну жоюу талабы менен 76 жазма буйрук жиберилип, анын 66 жазма буйругу аткарылган. Анын ичинде цементке болгон рыноктук баанын өсүшүнүн себептерин иликтөөнүн натыйжасында Өкмөт тарабынан төмөнкүлөр аныкталган, "Кант цемент заводу" ААКы бардык өндүрүштүк кубаттуулукту толугу менен колдонгон эмес жана 2009-жылдын май айында цементтин пландалган көлөмүн чыгарган эмес, мунун өзү цементке болгон рыноктук баанын өсүшүнүн себептеринин бири болуп калган (рынокто цементтин тартыштыгын жараткан). Ушуга байланыштуу "Кант цемент заводу" ААКына Кыргыз Республикасынын антимонополдук мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу жазма буйрук берилген жана "Кант цемент заводу" ААКын калган кубаттуулукту толугу менен ишке тез арада киргизип, цементти өндүрүүнүн көлөмүн пландалган деңгээлге чейин жеткирүүнү милдеттендирген.
2009-жылдын 12-июнунан баштап ушул жазма буйрукту аткаруу үчүн "Кант цемент заводу" ААКы өндүрүштө газды колдонуу менен кубаттуулугу суткасына 660 тонна болгон 2 мешти биринчи мешке кошумча кылып ишке киргизген, натыйжада цементти чыгаруунун көлөмү суткасына 2000 тоннаны түзгөн. Мунун жыйынтыгында цементке болгон чекене баалар килограммына 8,05 сомдон 6,68 сомго төмөндөгөн.
"Монополдук ишти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын бузгандыгы үчүн "Кошой" ААКынын жана "Кайыңды-Кант" ААКынын кызмат адамдарына айып салуу жөнүндө токтомдор чыгарылды. Айыптардын суммасы республикалык бюджетке киреше катары түштү.
Чарбакер субъекттердин үстөмдүк кылуучу абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жол бербөө максатында чарбакер субъекттерди түзүүнүн, кошуунун жана кайра түзүүнүн жүрүшүндө алардын документтеринин 116 пакетине экспертиза жүргүзүлгөн. Туура эмес таризделгени жана антимонополдук органда макулдашуунун зарылдыгынын жоктугуна байланыштуу 8 чарбакер субъекттин документтери кайтарылып берилген.
Жөнгө салуу-уруксат берүү системасын бошотуу жана мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтердин негизсиз өсүшүнө жол бербөө аркылуу атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү көрсөтүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) болгон 2245 баа (тариф) макулдашылды.
1.4.4. Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө
2010-жылдын 1-январына карата баалуу кагаздардын рыногунда кесиптик ишти 85 юридикалык жак жүргүзгөн жана 160 лицензия колдонулган.
Кыргызстандын фондулук биржаларындагы тооруктардын көлөмү 2008-жылга салыштырганда 2009-жылы 44%ке, 9,25 млрд. сомдон 5,17 млрд. сомго чейин кыскарган. Корпоративдик баалуу кагаздарга инвестиция кылуунун көлөмүнүн азайышы жана фондулук рыноктогу активдүүлүктүн төмөндөшү фондулук рыноктогу тооруктардын көлөмүнүн кыскарышынын негизги себеби болуп калды. "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКындагы тоорук аянттарында тооруктардын жалпы көлөмүнүн 57%и, "Ce№tral Asia№ Stock Excha№ge" ЖАКынын тоорук аянтында 34%, "Кыргызстандын фондулук биржасы - БТС" ЖАКында тооруктардын жалпы көлөмүнүн болгону 9%и жүргүзүлгөн.
Тооруктардын көлөмүнүн түзүмүндө баштапкы рыноктун көлөмү басымдуулук кылат, анын эсебинен финансылык ресурстарды тартуу жүрүп, ал 2,7 млрд. сомду же биржалык тооруктардын жалпы көлөмүнүн 53%ин түздү. Баалуу кагаздардын экинчи рыногунун көлөмү 2,4 млрд. сомду же биржалык тооруктардын жалпы көлөмүнүн 47%ин түздү, экинчи рынокто негизинен капиталды кайра бөлүштүрүү жүргүзүлөт.
2009-жыл үчүн бардыгы болуп баалуу кагаздардын 7484,5 млн. сом суммадагы 94 чыгарылышы катталган, бул 2008-жылга салыштырганда баалуу кагаздарды чыгаруунун көлөмү боюнча 1552 млн. сомго же 126%ке көп. Отчеттук жылы корпоративдик баалуу кагаздарга инвестиция кылуунун негизги үлүшү өнөр жайга - 69,3% (2008-жылы - 54,4%), финансыга - 29,5% (37,6%) жана башкаларга - 1,2% (8%) туура келди жана Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына чет элдик инвестиция кылуунун көлөмү 1781,9 млн. сомду, анын ичинде алыскы чет өлкөлөрдөн инвестиция кылуу 744,1 млн. сомду, КМШ өлкөлөрүнөн инвестиция кылуу 1037,8 млн. сомду түздү.
2010-жылдын 1-январына карата республикада 19 камсыздандыруу уюму, алардын экөөсү кайра камсыздандыруу уюм, ошондой эле резидент эместер катышкан 7 компания иштеген. 2009-жылы камсыздандыруу уюмдарынын жалпыланган активдери 1088 млн. сомду түзүп, өсүш 84,1%ти түзгөн, жалпыланган жеке капитал 72,5%ке көбөйүп, 813 млн. сомду түзгөн, милдеттенмелер 4,6 эсеге өсүп, 425,4 млн. сомду түзгөн.
2009-жылы камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 190,4 млн. сомду түздү, бул 2008-жылы түзүлгөн резервдердин көлөмүнөн 3,1 эсеге көп, камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 463,4 млн. сомду түзүп, өсүш 67,5%ти түздү. 2009-жылы камсыздандыруу уюмдары төлөгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы 69,1%ке көбөйүп, 52,6 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин ИДПга карата үлүшү 0,4%ке жетти (2008-жылы - 0,3%).
1.4.5. Техникалык жөнгө салуу
2004-жылдын апрелинде парламент "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган, ушуну менен милдеттүү түрдөгү стандарттардын системасына негизделген жөнгө салуучу системадан эл аралык техникалык эрежелерди жана стандарттарды колдонуу боюнча ийкемдүү системага өтүү башталды.
Мыйзамды ишке ашыруу алкагында 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болжол менен 42 нормативдик укуктук актыны иштеп чыккан жана кабыл алган, алар органдардын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салышат.
Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй үч мыйзамын кабыл алуу 2009-жылдагы жетишилген негизги натыйжа болуп калды:
1. "Жерде жүрүүчү транспорттук каражаттардын коопсуздугу жөнүндө" 2009-жылы 29.05. № 178, мында дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин шайкештигин баалоонун жалпы эрежелери жана ыкмалары, ошондой эле негизги өзгөчөлүктөрү белгиленген.
2. "Экологиялык коопсуздук жөнүндө" 2009-жылы 8.05. № 151, мында экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболору аныкталган жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоого коюлуучу жалпы талаптар белгиленген.
3. "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299 Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", бул Мыйзам "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун абдан натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылууга жана бир мааниде түшүндүрүүгө багытталган.
1.4.6. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу
Менчиктештирүү процесси. Менчиктештирүү процесси башталгандан бери республикасында менчикке болгон мамиленин өзгөргөндүгүнүн натыйжасында менчиктештирилген ишканалардын жалпы деңгээли 2010-жылдын 1-январына карата 73,3%ти түздү.
Отчеттук мезгилде мамлекеттик менчиктин объекттерин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2008-2012-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн программасына ылайык жүргүзүлөт.
Жалпысынан 2009-жылы 34 мүлк комплекси жана 2 акционердик коомдун акцияларынын мамлекеттик пакеттери сатылган.
Менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан каражаттардын
түшүүсү
2009-жылы менчиктештирүүдөн жана башкаруудан түшкөн акчалай каражаттар төмөнкүлөрдү түздү:
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн - 35,7 млн. сом;
- дивиденддер - 164,4 млн. сом;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн - 18,5 млн. сом.
Табигый монополияларды түзүмдүк кайра түзүүлөр. "Түндүкэлектр" ААКы (80,49%), "бишкекжылуулуктармагы" ААКы (80,49%), "Чыгышэлектр" (80,49%), "Жалал-Абад электр" (80,49%), "Ошэлектр" (80,49%) Бишкек шаарынын ЭЭБи.
2009-жылы "Түндүк электр", "Бишкекжылуулуктармагы" акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакети жана Бишкек ЖЭБинин мүлк комплекси инвестициялык конкурстарга эки жолу коюлду, конкурска катышуу арыздарынын жок болгондугуна байланыштуу конкурстар болгон жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 625 "Түндүк электр" ААКынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" токтомуна ылайык 2009-жылдын 29-декабрында "Түндүк электр" ААКынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча баасы коюлбаган үчүнчү инвестициялык конкурс өткөрүлүп, анын жыйынтыгы 2010-жылдын февралында чыгарылды. Конкурстун жеңүүчүсү болуп "Чакан ГЭС" ААКы табылды.
2009-жылы "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу боюнча инвестициялык конкурстар уюштурулду жана өткөрүлдү. Бирок арыздардын жоктугунун айынан конкурстар болгон жок деп табылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 798 ""Чыгышэлектр", "Ошэлектр" жана "Жалал-Абад электр" акционердик коомдорунун мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө" токтомуна ылайык аталган компаниялардын мамлекеттик пакеттери инвестициялык конкурска баасы аныкталбай коюлду.
Бишкек шаарынын ЖЭБинин мүлк комплекси "Электр станциялары" ААКынын филиалы катары ушул акционердик коом менен сатылат.
"Камбар-Ата 1 жана 2 гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамды күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, бул Мыйзам Камбар-Ата 1 жана 2 гидроэлектростанцияларын куруу үчүн кошумча каражаттарды тартууга мүмкүндүк берет.
"Кыргызтелеком " ААКы (77,84%)
Отчеттук мезгилде Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карап чыкты. 2010-жылдын 2-февралында "Кыргызтелеком" ААКынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча конкурстук комиссиянын чечими менен инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп куармына ТОО К.С.Д. (К.S.D.) инвестициялык компаниясы, Нимиско Холдингс Ко. Лимитед (№imisco Holdi№gs co. Limited), Колимар Холдингс Ко. Лимитед (Colimar Holdi№gs со. Limited) компаниясы жана "Ала-Тоо кени" ААКы кирген Юридикалык жактардын консорциуму табылды.
"Кыргызгаз" ААКы (87,97%)
Газ тармагында россиялык "Газпром" ААКынын катышуусунун жана "Кыргызгаз" ААКынын акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүүнүн долбоорун өз ара пайдалуу жүргүзүүнүн жалпы принциптерин жана негизги шарттарын иштеп чыгуу боюнча Меморандумду жана Иш-чаралардын программасын ишке ашыруу улантылууда.
Кыргыз тарап "Кыргызгаз" ААКынын акцияларынын пакетинин бир бөлүгүн "Газпром" акционердик коому тарабынан менчиктештирүүдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну жактырып, россия тарапка жиберген.
Мамлекеттик менчикти башкаруу. 2010-жылдын 1-январына карата мамлекет экономиканын ар кандай тармактарындагы 77 чарбакер шериктештикке жана коомдорго катышкан, анын ичинде:
- 48 акционердик коомго;
- банкрот процессинде болгон 18 акционердик коомго;
- 11 чарбакер шериктештикке.
48 акционердик коомдун ичинен 31 акционердик коомдун контролдук пакетине мамлекет ээлик кылат.
Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу максатында 12 акционердик коомдун акциялары биржалардын котировкалоо барактарына кошулган, анын ичинде: Кыргыз фондулук биржасында - "Эсептешүү-сактык компаниясы" ААКы, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы, "Айыл банк" ААКы, "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКы, Жалал-Абад электр" ААКы, Борбордук-Азия фондулук биржасында - "Дастан" ТУК ААКы, "Учкун" ААКы, "Кыргызнефтигаз" ААКы, "Кыргызтелеком" ААКы, "Электр станциялары" ААКы, "Түндүкэлектр" ААКы, Кыргызстандын фондулук биржасында - "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААКы.
Банкроттуулук механизмин колдонуу. Банкроттуулук жол-жоболорун жүргүзүү жана аны Банкроттуулук боюнча ведомстволор аралык кеңештин ишинин алкагында алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2009-жылы Кеңеш тарабынан 4 чарбакер субъекттин материалдары каралган, анын ичинен 2өөсү боюнча банкроттуулук жөнүндө чечим кабыл алынган, 2өөсү боюнча кредиттик карызды тындыруу үчүн мүмкүндүк берилген. 2009-жылы 77 чарбакер субъект-банкрот мониторингге алынган. Отчеттук мезгилде 18 атайын администратор аттестациядан өтүп, 5 лицензия берилген, 23 лицензия кайра алынган, атайын администраторлорго 71 эскертүү берилген.
2. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы
2.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
2009-жылы өткөрүлгөн фискалдык саясат кризистик шарттарда ишкердик активдүүлүктүн басаңдашына карабай, биринчиден ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, экинчиден мамлекеттик бюджеттин киреше көлөмүн 55322,1 млн. сом суммасына, 2008-жылга салыштырганда 21,6 %ке(3) өстүрүүгө мүмкүндүк берди. "Кумтөрдөн" түшкөн акчалардын көбөйүшү ушул көрсөткүчкө таасир берүүчү дагы бир башка фактор болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында бюджеттик дефицитти каржылоо үчүн 150 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү Россиялык гранттын келиши кризистик жылдын шарттарында бюджеттин кирешелеринин өсүшүнө таасир берген олуттуу окуя болду.
Маалымат үчүн: 2009-жылдын 3-февралында төмөнкүлөргө кол коюлду: 1) Кыргыз Республикасына мамлекеттик грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу, 2) Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу жана Мамлекеттик карыздын бир бөлүгүн мүлк формасында тындыруу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына болгон калган карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу, бул макулдашууларда төмөнкүдөй кредиттерди берүү каралган: (i) экономиканын айрым секторлорун өнүктүрүү үчүн 300 млн. АКШ долларын, (ii) Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу үчүн 1,7 млрд. АКШ долларын жана (iii) Кыргызстандын 193 млн. АКШ долларынан көбүрөөк өлчөмдөгү мамлекеттик карызын Россиянын эсептен чыгаруусу.
№ 13 таблица
2009 план
| 2009-жылы иш жүзүндө берилген | Айрыма (+/-) |
56602,5 | 55322,1 | -1280,4 |
Жалпы кирешелер пландык маанинин 97,7%ин түздү. Бюджеттин кирешеси ИДПга карата 28,2%ти түздү. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин өсүшүнө негизинен салыктан жана салыктык эмес акчалардын түшүүсүнүн көбөйүшү өбөлгө болду.
Мамлекеттик бюджетке салыктан түшкөн акчалардын көлөмү 36097,8 млн. сомду түздү, бул белгиленген пландык маанинин 101,7%ин түзөт. Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы (МКС) 21147,2 млн. сом суммасындагы салыктарды жана төлөмдөрдү жыйнаган, ошол эле учурда пландык көрсөткүчтөр 4%ке же 812 млн. сомго ашыкча аткарылган. 2008-жылга салыштырганда, МКСтин кирешелери 15,2%ке (2796,5 млн. сомго) өскөн, бул салыктын бардык түрлөрү боюнча түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн эсебинен жетишилди.
Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) 14180,1 млн. сом суммадагы салыктарды жана төлөмдөрдү камсыз кылды, бул пландын 100,3%ин түздү (ашыкча аткаруунун суммасы 37,9 млн. сом). Планды ашыкча аткаруу импорт продукциясына алынуучу КНСтин эсебинен камсыз кылынды. 2008-жылга карата бажы жана салык акчаларынын түшүүсү 24%ке же 4488,1 млн. сомго төмөндөдү, бул импорттон алынуучу КНСтен жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн акчалардын азайышы менен шартталды.
№ 14 таблица
| 2009-жылы иш жүзүндө берилген | Аткаруу проценти, (%) | Өсүш темпи, (%)
|
Салыктан түшкөн акча | 36097,8 | 101,7 | 100,5 |
анын ичинде |
|
|
|
Салык кызматы | 21147,2 | 104,0 | 115,2 |
Бажы кызматы | 14180,0 | 100,3 | 76,0 |
Салыктан эмес түшкөн акчалар | 9061,4 | 86,9 | 110,8 |
Алынган расмий трансферлер | 10162,9 | 95,2 | 7,3 эсе |
Бардыгы | 55322,1 | 97,7 | 121,6 |
Каралып жаткан мезгилде Кумтөрдөн жаңы Макулдашуу боюнча дүң кирешеге салык 1092,8 млн. сом суммасында которулган, мында пландалган көрсөткүч 1293,5 млн. сом болуп, 200,7 млн. сом жетпей калган. Жалпы алганда алтын казуу компаниясынан 2009-жылы 1942,3 млн. сом түшкөн, ал эми 2008-жылы 849,6 млн. сом жана дүң кирешеге салык 1092,8 млн. сом түшкөн.
Кризистик мезгилдин татаал шарттарында салык жана бажы органдары пландалган көлөм боюнча коңшу мамлекеттерге салыштырганда жетиштүү көлөмдө салыктарды жыйнаганга жетише алышты.
Маалымат үчүн:
Алсак, мисалы, 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча бир катар өлкөлөрдө бюджетке зарыл болгон каражаттар чогултулган жок, атап айтсак:
- 2009-жылы Армениянын мамлекеттик бюджети кыскарып, 676,4 млрд. драмды түздү, бул 2008-жылдын тиешелүү көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 16,4%ке аз;
- 2009-жылы Украинанын мамлекеттик бюджетинин жалпы фонду 172 миллиард 206,5 миллион гривна өлчөмүндө мобилизация кылынган, бул жылдык тапшырма мыйзамында белгиленгендин 93,3%ин гана түзөт;
- Азербайжан татаал абалда калды, 2009-жылы 2,5 млрд. доллар же бардык пландалган кирешенин 17%ин жыйнай алган жок (аларда 2008-жылга салыштырганда 3,6 эсеге экспорт төмөндөдү);
- Россия Федерациясы өнөр жай өндүрүшү 14% төмөндөгөн шарттарда энергия алып жүрүүчүлөргө болгон баанын өсүшү жалгап, болжолдонгон көрсөткүчтөргө кыйынчылыктар менен жетишти;
- Казакстанда гана 2009-жылы мамлекеттик бюджет 100,5% деңгээлинде аткарылды же планда 3489,4 млрд. теңге белгиленсе, бюджетке 3505,3 млрд. теңге түшкөн.
2.2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу
2009-жылы мамлекеттик бюджеттин учурдагы чыгашалары 58245,4 млн. сомду же пландын 96,8%ин түздү. Пландын аткарылбаган суммасы 1914,7 млн. сомду түзүп, ал негизинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн акчалардын көлөмү жетишсиз болгондугуна байланыштуу болду. Мындан тышкары, айрым министрликтер жана ведомстволор товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда тендердик жол-жоболорду өз убагында өткөрүшкөн жок.
2009-жылы республикалык бюджеттин учурдагы чыгашалары 55924,6 млн. сомду же пландын 98,9%ин түздү. Учурдагы чыгымдар 2008-жылга салыштырганда 19252,1 млн. сомго же 52,5%ке көбөйдү. Республикалык бюджеттин учурдагы чыгашалары ИДПга карата 28,5%ти түзүп, 2008-жылга салыштырганда 8,7 проценттик пунктка көбөйдү.
№ 15 таблица
Беренелердин аталышы | 2009-жылы План
| 2009-жылы Факт
| Аткаруу проценти (%) | Айрыма (+,-)
|
Бардыгы: | 56537,4 | 55924,6 | 98,9 | -612,8 |
Эмгек акы | 8019,3 | 8016,7 | 100,0 | -2,6 |
Социалдык фондго чегерүүлөр | 1046,9 | 1038,6 | 99,2 | -8,3 |
Медикаменттерди сатып алуу | 311,7 | 310,3 | 99,6 | -1,4 |
Финансылык эмес ишканаларды субсидиялоо | 1082,5 | 1079,9 | 99,8 | -2,6 |
Эл аралык органдардын учурдагы гранттары | 136,0 | 135,4 | 99,6 | -0,6 |
Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктеринин учурдагы гранттары | 6420,8 | 6413,5 | 99,9 | -7,3 |
Социалдык камсыздоо боюнча пособиелер | 2694,8 | 2694,3 | 100,0 | -0,5 |
Калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособие | 2484,5 | 2455,7 | 98,8 | -28,8 |
Имараттар жана курулмалар | 5883,5 | 5875,1 | 99,9 | -8,4 |
Кредиттер, ссудалар, займдар | 15278,2 | 15278,2 | 100,0 | 0,0 |
Акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары | 1004,9 | 1004,9 | 100,0 | 0,0 |
Башка негизги фонддор | 0,1 | 0,1 | 100,0 | 0,0 |
Республикалык бюджеттен эмгек акы боюнча чыгымдарды каржылоо мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу 2008-жылга салыштырганда 1471,6 млн. сомго же 22,5%ке көбөйдү (2008-жылы эмгек акы боюнча чыгашалар 6545,1 млн. сомду түзгөн).
2009-жылы республикалык бюджеттин социалдык чөйрөсү үчүн чыгымдарынын үлүштүк салмагы 25,2%ти түздү, 2008-жылга салыштырганда 2427,1 млн. сомго көп жумшалган (республикалык бюджеттин социалдык сфера үчүн чыгымдарынын үлүштүк салмагы 2008-жылы 31,8%ти түзгөн).
Алардын ичинен чыгымдардын үлүштүк салмагы төмөнкүдөй болду:
- социалдык коргоого - 9,8% (5629,4 млн. сом, өткөн жылга караганда 1154,6 млн. сомго көбөйгөн),
- билим берүүгө - 4,8% (2746,9 млн. сом, өткөн жылга караганда 40,1 млн. сомго азайган);
- саламаттык сактоого - 8,9% (5092,8 млн. сом, өткөн жылга караганда 1163,3 млн. сомго көбөйгөн);
- эс алуу, маданият жана динге - 1,8% (1050,0 млн. сом, өткөн жылга караганда 149,3 млн. сомго көбөйгөн),
коргоого 3,9% туура келет (2216,3 млн. сом, өткөн жылга караганда 164,1 млн. сомго көбөйгөн);
- коомдук тартип жана коопсуздукка - 6,5% (3710,4 млн. сом, өткөн жылга караганда 120,3 млн. сомго көбөйгөн);
- турак жай-коммуналдык чарбага - 3,1% (1761,9 млн. сом, өткөн жылга карата 413,4 млн. сомго көбөйгөн).
№ 16 таблица
| 2008-жыл | 2009-жыл | Өсүш темпи, % |
Бардыгы | 12092,0 | 14519,1 | 120,1 |
социалдык коргоо | 4474,8 | 5629,4 | 125,8 |
билим берүү | 2787,0 | 2746,9 | 98,7 |
саламаттык сактоо | 3929,5 | 5092,8 | 129,6 |
эс алуу, маданият жана дин | 900,7 | 1050,0 | 116,6 |
2009-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин дефицити 2009-жыл үчүн такталган бюджеттеги 3202,4 млн. сомдун ордуна 2923,3 млн. сомду түздү.
Төмөнкүлөр бюджеттин дефицитин жабуунун булактары болду:
- бюджетти каржылоонун ички булактары боюнча такталган бюджеттеги 11921,3 млн. сомдун ордуна 10732,5 млн. сом өлчөмүндөгү терс сальдо түзүлдү;
- тышкы булактар боюнча такталган бюджеттеги 15123,7 млн. сомдун ордуна 15058,8 млн. сом суммасындагы оң сальдо түзүлдү.
2.3. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө
2009-жылы карызды тейлөө 7121,9 млн. сомду түздү. 2009-жылы тышкы карызды тейлөөгө 2283,1 млн. сом жумшалды, анын ичинде негизги сумма боюнча - 1472,3 млн. сом жана проценттери боюнча - 810,8 млн. сом жумшалган. 2009-жылы ички карызды тейлөө 4838,8 млн. сомду, анын ичинде негизги сумма боюнча - 4057,6 млн. сомду жана проценттери боюнча 781,6 млн. сомду түздү.
Чыгашалардын жалпы көлөмүнө карата мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн үлүштүк салмагы отчеттук мезгилде 12,2%ти түздү. Тышкы карызды тындыруу боюнча чыгашалар өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 521,2 млн. сомго көбөйдү.
3. Социалдык чөйрө
3.1. Социалдык коргоо
Жыл башынан бери калкты социалдык коргоо саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
- 2009-жылдын 1-апрелинен баштап пенсиянын базалык бөлүгү 630 сом өлчөмүндө белгиленгенди же 100 сомго, пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү 12%ке көтөрүлдү;
- 2009-жылдын 1-июлунан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 170 сомго көбөйтүлүп, 800 сомду түздү, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 40%ке көтөрүлдү;
Маалымат үчүн: 2009-жылы пенсиянын жалпы көбөйтүлүшү бюджетте бекитилген 15%тин ордуна 50%ти түздү. Пенсия суммалык жактан алганда 2008-жылга салыштырмалуу орточо 694 сомго көбөйдү. Республика боюнча орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү кошкондо, 2120 сомду түздү;
- сөөк коюу үчүн пособиенин өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнүн 10 эсе өлчөмүндө белгиленди;
Маалымат үчүн: сөөк коюуу үчүн төлөмдүн өлчөмү 2009-жылдын 1-июлунан баштап 8000 сомду түздү же 1700 сомго көбөйдү.
- 2009-жылдын 1-майынан баштап электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү белгилөөгө пенсионерлерге укук берүүчү пенсиянын өлчөмүнүн босого деңгээли 500 сомго (1500 сомдон 2000 сомго чейин) көбөйтүлдү;
- 2010-жылдын 1-январынан баштап мурда белгиленген пенсияларга компенсациялардын дифференцияцияланган өлчөмдөрү, ошондой эле 200 сом өлчөмүндөгү компенсациялар төлөнүүдө;
- 2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда колдонуудагы пенсиялык системага топтомо элементи киргизилди.
Жеңилдиктердин системасын оптималдаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдү даректүү берүүнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти 2009-жылдын 13-ноябрында № 511 "Энергия булактарына тарифтик саясаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды берүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Азыркы мезгилге чейин айрым категориялар алуучу жеңилдиктердин орточо суммаланган наркы 133 сомдон 6168 сомго чейин түздү.
№ 17 таблица
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2009- жылы | 2008- жылы | айрымалар | өткөн жылга карата % |
Жарандарга жеңилдиктерди берүү үчүн | млн. сом | 827 | 688,7 | 138,3 | 120 |
Мамлекеттик пособиелерди төлөө үчүн | млн. сом | 1362,8 | 1188,2 | 174,6 | 114,7 |
Интернат үйлөрүн кармоо үчүн | млн. сом | 120,1 | 113,1 | 7 | 106,1 |
Иштегендерди социалдык камсыздоо үчүн | млн. сом | 94,1 | 69,5 | 24,6 | 135,4 |
Социалдык пособиелердин орточо өлчөмү | сом | 826,9 | 719,8 | 107,1 | 114,9 |
Ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособиенин (АББП) орточо өлчөмү | сом | 171,6 | 135,4 | 36,2 | 126,7 |
Мамлекеттик пособиелерди алуучулардын саны | миң адам | 424,6 | 437,7 | -13,1 | 97 |
Жарандардын жеңилдиктери бар категорияларынын саны | миң үй-бүлө | 281,4 | 284,6 | -3,2 | 98,9
|
2009-жылы 3122 адам санитардык-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолор менен камсыз кылынган, алардын жалпы суммасы 42,2 млн. сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 113 жолдомого көп (2008-жылы 27,4 млн. сом суммадагы 3009 жолдомо болгон).
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар биринин наркы 4559 сом болгон 907 майып коляскалары бөлүнгөн (2008-жылы - 662).
Угуучу аппараттар менен 221 адам акысыз камсыз кылынган (2008-жылы - 273).
2009-жылы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунда 51,2 миң адам күбөлөндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 3,1%ке көп. Ошол эле учурда күбөлөндүрүү чоң кишилердин арасында 4,2%ке көбөйгөн, ал эми балдардын арасында тескерисинче 0,5%ке азайган.
2008-жылга салыштырганда күбөлөндүрүлгөн адамдарды майып деп таануу жалпысынан 1,8%ке көбөйгөн. Ошол эле учурда анын деңгээли чоң кишилердин арасында 3,2%ке көбөйгөн, ал эми балдардын арасында тескерисинче 1,3%ке азайган.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп биринчи жолу таанылган адамдардын саны 10,3%ке көбөйүп, мында чоң кишилерде 11,3%ке, ал эми балдарда 6,7%ке көбөйгөн.
Кайрадан күбөлөндүрүлгөндөрдүн саны 34,0 миң адамды түзүп, өткөн жылдын деңгээлинде калды.
Азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу жана калктын аялуу катмарларын мамлекеттик колдоо максатында 2009-жылы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган мамлекеттик пособиелерге 35 сом өлчөмүндөгү ай сайын төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдү төлөө жүргүзүлдү.
Компенсациялар мамлекеттик пособиелерди (АББП жана АСП) алган ар бир адамга пособиенин негизги өлчөмү менен кошо төлөндү.
2009-жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы суммасы 177,9 млн. сом болгон төлөмдөр төлөндү, анын ичинде 26,4 млн. сом республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана 151,5 млн. сом Дүйнөлүк банктын грантынын эсебинен төлөндү.
Улуу ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоого кошумча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 211 ЖП Жарлыгына ылайык жалпы суммасы 25 млн. сом болгон кошумча төлөмдөр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 1000 жана 3000 миң сомдон төлөндү.
Бул Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан баштап жарандардын айрым категорияларынын колдонулуп жаткан жеңилдиктеринин ордуна акчалай компенсациялар төлөнөт, бул компенсацияларга энергия алып жүрүүчүлөргө болгон баанын жогорулашы эске алынып, мыйзамдарда белгиленген жеңилдиктердин суммаланган наркынан ашкан өлчөмү белгиленет (1000 сомдон 7000 сомго чейин өлчөмдөгү акчалай компенсациялар ай сайын төлөнүп берилет).
Ушул Жарлыкты аткаруу үчүн жана социалдык жеңилдиктерди берүү системасын оптималдаштыруу жолу менен колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын төлөнүүчү акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому кабыл алынган, 2010-жылдын 1-январынан баштап "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген.
Калктын аз камсыз болгон катмарларына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти 2009-жылдын 13-ноябрында "Мамлекеттик пособиелердин өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан баштап АББПнын өлчөмү 25%ке, ал эми социалдык пособиелердин өлчөмү дээрлик 2 эсе көбөйөт. Ошондой эле социалдык пособиелер так өлчөмдө белгиленип, аларды бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген (мурда социалдык пособиелердин өлчөмдөрү ГМУПтун өлчөмүнө байланган).
Ошондой эле ушул Жарлыкты ишке ашыруу алкагында 2009-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар токтомдору кабыл алынган:
- № 822 "Мамлекеттик пособиелерди дайындоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- № 824 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнүүчү пособиелерди дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- № 825 "Кепилдик берилген минималдык кирешени белгилөө тууралуу";
- № 826 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын төлөнүүчү пособиелерин алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын төлөнүүчү убактылуу компенсациялар тууралуу".
Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча оң натыйжалар төлөөчүлөр менен учурдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча максаттуу иштерди күчөтүү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды өндүрүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү жолу менен жетишилди.
№ 18 таблица
Көрсөткүчтөр | Млн. сом | Айрыма (+, -)
| Өткөн жылга карата % | |
2008-жылы | 2009-жылы | |||
Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо | 9054,2 | 10806,1 | 1751,9 | 119,3 |
СФнын кирешелеринин суммасы | 13538,2 | 17789,2 | 4251 | 131,4 |
Карыздарды өндүрүү | 725,8 | 877,6 | 151,8 | 120,9 |
Пенсияларды төлөө | 7826,3 | 11442,1 | 3615,8 | 146,2 |
СФнын бюджетинин профицити | 4180,5 | 4374,8 | 130,6 | 103,1 |
Маалымат үчүн: Социалдык фонддун кирешеси республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчалардан, мында бош акча каражаттары Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы мөөнөттүү депозиттик эсептерге, мамлекеттик казыналык векселдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштырылат жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодон түзүлөт. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчалар 2395,1 млн. сом суммасында толук көлөмдө түштү, бош акча каражаттарын жайгаштыруудан 407,5 млн. сом суммасындагы киреше алынды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 10806,1 млн. сомду түздү.
2009-жылы алдын ала маалыматтар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 10,8 млрд. сомду түздү, бул 2008-жылдын деңгээлинен 19,4%ке ашты. 2009-жылдын башталышында калган калдыктарды кошкондо Социалдык фонддун кирешелеринин жалпы суммасы бардыгы болуп 17,8 млрд. сомду түздү, бул 2008-жылга караганда 31,3%ке көп.
Патенттик негизде жеке ишкердик кылган жарандарды тартуунун эсебинен камсыздандыруу базасы кеңейтилди, бул жарандар камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жүргүзүшөт.
Маалымат үчүн: 2009-жылдын маалыматтары боюнча 91,9 млн. сом суммадагы 320,5 камсыздандыруу полистери сатылган, бул 2008-жылга салыштырганда 16,1 млн. сомго көп. Ошондой эле республика боюнча камсыздандыруу полисинин орточо наркы 222 сомдон 287 сомго чейин өскөн.
Отчеттук мезгилде пенсияларды каржылоо өз убагында жүргүзүлдү, 2009-жылы пенсия төлөө үчүн бөлүнгөн каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн жана 2009-жылдын аягына карат пенсия төлөө боюнча карыздар жок. Пенсияларды төлөө үчүн 11,4 млрд. сом жумшалган, бул 2008-жылдын деңгээлинен 45,8%ке жогору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Социалдык фонд Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды 2010-жылдын 1-январынан баштап кайра эсептөөнү жүргүздү, бул кайра эсептөө сиңирген эмгегине жана Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияны белгилөө боюнча комиссиянын чечимине жараша белгиленүүчү проценттик үстөктүн көбөйүшүнө байланыштуу жүргүзүлдү.
2008-жылга салыштырганда Социалдык фонд пенсионердин МПБсына карата орточо пенсиянын үлүшүн жакшыртууга жетише алды, 2008-жылдын аягында бул көрсөткүч 45,7%ке туура келсе, 2009-жылы 61,7%ти түздү, бул 2008-жылга караганда 16%ке көп, башкача айтканда оң жылыш байкалууда.
Орточо пенсиянын орточо эмгек акыга болгон катышы пенсиялык камсыз кылуунун деңгээлинин негизги көрсөткүчү болуп эсептелет. Ордун басуу коэффициенти Кыргызстанда 2009-жылы 33,1%ти түздү, башкача айтканда 2008-жылдагы 24,9%ке салыштырганда 8,9%ке көтөрүлдү. Салыштыра кетсек, бул катыш 2008-жылы Россияда - 34,4%ти жана Казакстанда - 26,3%ти түздү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 675,4 млн. сом суммасында өз убагында каржыланды, бул бюджетте каралгандан 8,3 млн. сомго көп, ал эми Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 41,6 млн. сом суммасында каржыланды. Мындан тышкары, Социалдык фонд кошумча каражаттарды табуунун жана Социалдык фонддун 2009-жылдагы такталган бюджетине кошуунун эсебинен өткөн жыл үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна болгон 90 млн. сом суммадагы карызды тындырды.
Социалдык фонддун бюджетин аткаруунун жыйынтыгы боюнча жыл башындагы калдыктарды кошкондо алдын ала маалыматтарга таянсак 4,4 млрд. сомду түздү. Башкача айтканда Социалдык фонд калдыкты сактап гана калбастан, аны көбөйттү, 621,1 млн. сом суммадагы пландык дефицитти жапты жана 2009-жылдын жыйынтыктары боюнча 194,6 млн. сом суммасындагы профицитке жетишти, бул камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча планды 104,9%ке ашыра аткаруунун эсебинен болду.
Отчеттук мезгилде жетим балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо, балдарды коргоо жана үй бүлөлөрдү өнүктүрүү боюнча белгилүү бир чаралар көрүлдү. Алсак, 2010-жылдын 1-январына карата социалдык пособиелерди 63 миң бала алат (алардын 21,2 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар, 12 миңи багуучусунан ажырагандагы боюнча социалдык пособие алуучу балдар, 0,3 миңи тоголок жетим балдар). 2010-жылдын 1-январына карата аз камсыз болгон үй бүлөдөгү 369,3 миң бала ай сайын төлөнүүчү бирдиктүү пособие алат.
3.2. Эмгек рыногу, ишке орноштуруу жана миграция
Демографиялык кырдаал. Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында республиканын калкынын саны 2009-жылы 70 миң адамга же 1,3%ке көбөйдү. Баа берүүчү маалыматтарга таянсак 2010-жылдын 1-январына карата туруктуу калктын саны 5,4 млн. адамды түздү.
№ 19 таблица
Өлчөө бирдиги | 2009-ж.
| 2008-ж.
| Айрыма
| Темпи,%
| |
Туруктуу калктын | миң адам | 5418,3(*) | 5348,3(**) | 70,0 | 101,3 |
Ишке орноштуруу кызматы тарабынан ишке орноштурулган | миң адам | 43,9 | 39,9 | 4 | 110,0
|
Тышкы миграция - бардыгы: |
|
|
|
|
|
келгендердин саны | миң адам | 36,3 | 36,6 | 0,3 | 99,1 |
кеткендердин саны | миң адам | 65,9 | 74,4 | -8,5 | 88,5 |
миграциялык өсүш, кетүү (-) | миң адам | -29,6 | -37,8 | -8,2 | 78,3 |
Качкындардын саны | адам | 238 | 640 | -402 | 37,3 |
(*) 2010-жылдын 1-январына карата.
(**) 2009-жылдын 1-январына карата 2009-жылдын 24-мартындагы калкты жана турак жай фондун каттоонун натыйжаларынан жылдырылган маалыматтар.
15 жаштагы жана андан жогору курактагы экономикалык жактан активдүү калктын орточо жылдык саны 2379,9 миң адамды, анын ичинен иштеген адамдардын саны 2184,3 миң адамды түздү. Экономикалык жактан активдүү эмес калк 1260,5 миң адамды түздү.
Демографиялык кырдаал 2009-жылы калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн андан аркы төмөндөшү менен мүнөздөлдү. Алсак, 2009-жылдын республикага туруктуу жашоого 3,8 миң адам келип, 33,4 миң адам кетти, калктын миграциялык кетүүсү - 29,6 миң адамды (2008-жылы - 37,8 миң адамды) түздү. 2008-жылга салыштырганда калктын республиканын ичиндеги миграциясынын көлөмү анча көп эмес кыскарды. Мурдагыдай эле тышкы миграция боюнча кетүүнүн жогору ургаалдуулугу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалды (тиешелүү түрдө 10 миң жашоочуга 75 жана 119 адам).
Эмгек рыногу, ишке орноштуруу жана миграция. Бир кызматкердин бир айлык орточо номиналдуу эмгек акысы 2009-жылы (чакан ишканаларды кошпогондо) 6253 сомду түзүп, 2008-жылга салыштырганда 15,3%ке көбөйдү.
Төмөнкүлөрдүн кызматкерлеринин республика боюнча орточо эмгек акыларынын деңгээли олуттуу өстү: финансы мекемелери - 19144 (9,8%ке), транспорт жана байланыш - 10497 сомго (18,8%ке), электр энергиясын, газды жана сууну берүү жана бөлүштүрүү - 9010 сомго (12,6%ке), региондор боюнча эң жогорку үлүш Бишкек шаарында - 9111 сом, эң төмөн үлүш Ош облусунда - 3265 сом, байкалды.
15 жаштагы жана андан жогору курактагы экономикалык жактан активдүү калктын орточо жылдык саны 2008-жылы 2379,9 миң адамды, анын ичинде иш менен камсыз болгондору 2184,3 миң адамды түздү. Экономикалык жактан активдүү эмес калктын саны 1260,5 миң адамды түздү.
Жумушсуздардын жалпы саны 195,6 миң адамды түздү, мында болжол менен эркектер (51%) менен аялдар (49%) бирдей катышта болду.
Республика боюнча жумушсуздуктун жалпы деңгээли 8,2%ти, катталган жумушсуздар 4,1%ти түздү.
Жумушсуз калкты ишке орноштурууда көмөк көрсөтүү максатында бир жыл бою жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында 63,1 миң бош жумуш оруну табылды, мында жумушчу адистиктерге сурам үстөмдүк кылган. Анын ичинде 6,1 миң жумуш оруну талап кылынган жок.
2010-жылдын 1-январына карата бир бош жумуш ордуна 16 адам талапкер болгон (2009-жылдын 1-январына карата - 17 адам).
2009-жылы ишке орноштуруу кызматы тарабынан 43,9 миң адам ишке орноштурулган, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 10%ке көп.
Эмгек рыногунда ишке орношкон аялдардын үлүшү 52,5%ти түзсө, ошол эле учурда эркектерди ишке орноштуруунун көрсөткүчү саал төмөн - 47,5 процент болду.
Ишке ыкчам орноштуруу максатында министрлик тарабынан "Вакансиялардын жарманкеси" ай сайын өткөрүлдү (2009-жылы 65 "Вакансия жарманкеси" өткөрүлүп, анда 5423 адам болду, алардын 2677си аялдар, 626сы өспүрүмдөр), ошол эле учурда ишке орношууга жиберилгендердин саны 4398 адамды түздү, Бардыгы болуп "Вакансиялар жарманкесине" 517 жумуш берүүчү тартылды.
Отчеттук мезгилде эмгек рыногундагы активдүү чараларда бардыгы болуп 33,9 миң адам же жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон адамдардын санынын 55,2 %и камтылды.
Өткөн жылы 23,4 миң жумушсуз жаран коомдук иштерге убактылуу орноштурулду, бул 2008-жылга караганда 12%ке көп. Акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылгандарын 8,1 миңин аялдар түзөт.
Республика боюнча жалпы алганда жумушсуз жарандарды тартуу менен 184 мектеп, 55 бала бакча, 12 китепкана, 54 оорукана жана 21 ФАП, 18 мончо, 36 клуб жана маданият үйү, 5 стадион, 40 спорт комплекси, 81 администрациялык имарат оңдолуп, 214 км жол, 43 км суу түтүгү, 292 км канал жана арык, 12 көпүрө оңдолду. 2009-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикада 97,2 миң жаңы жумуш орду түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4%ке көп, анын ичинде формалдык сектордо 17,7 миң жумуш оруну (17,2%ке көп), формалдык эмес сектордо 79,5 миң жумуш оруну түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилинин деңгээлине туура келет.
Ошол эле мезгилде 2009-жылы 30,2 миң жумуш оруну жоюлган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө караганда 2,7 эсеге көп.
Миграция чөйрөсү. 2009-жылы төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча пландуу иштер жүргүзүлдү: Кыргыз Республикасынын жарандарынын тышкы эмгек миграциясы, Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жумушчу күчтөрүн тартуу жана пайдалануу процесстерин жөнгө салуу, адамдарды сатуунун жана мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоо, качкындар жана көчүп келгендер менен иштөө, ошондой эле этникалык кыргыздарга кепилдиктерди берүүнү камсыз кылуу боюнча иштер.
Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Корея Республикасы мурдагыдай эле кыргыз эмгек мигранттары барган негизги миграциялык өнөктөш мамлекеттер бойдон калууда, алар менен кызматташуу эл аралык-келишимдик негизде жүргүзүлүүдө. 2009-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясында иштөөгө уруксатты Кыргыз Республикасынын 140 миң жараны алды.
2009-жылы акча которуу системасы аркылуу КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга жеке жактардан 894,4 млн. АКШ доллары жана алыскы чет өлкөлөрдөн 72,3 млн. АКШ доллары которулган.
2009-жылы Кыргыз Республикасына чет элдик жумушчу күчүн тартуу үчүн 1583 арыз жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөнүн аймагынан тышкары жерлерде ишке орношуусуна укук берүү үчүн 16 арыз каралган, юридикалык жана жеке жактардын 1381 арызы канааттандырылган, аларга Кыргыз Республикасынын аймагында 8528 чет элдик адисти тартууга квота белгиленген, бул 2009-жылы бекитилген эмгек квотасынын 99,3%ин түзөт.
Отчеттук мезгилде уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн республикалык бюджетке 67 млн. сом түшкөн.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын аймагында Казакстан Республикасынын жарандарынын, Казакстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке ишкердик жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюу жана ратификациялоо Миграциялык проблемаларды чечүү боюнча Кыргыз-казак биргелешкен жумушчу тобунун ишинин алкагындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы болуп калды.
3.3. Саламаттык сактоо
Өкмөт Кыргыз Республикасынын 2006-2010-жылдарга саламаттык сактоону реформалоонун "Манас таалими" улуттук программасын ишке ашырууда, анын алкагында жарандар саламаттык сактоонун кепилдик берилген базалык кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылынат.
№ 20 таблица
Көрсөткүчтөр
| 2009-жылы иш жүзүндө | 2008-жылы иш жүзүндө | Айрыма (+;-)
|
Баланын төрөлүшү, 1 миң адамга | 25,2 | 23,9 | 5,4 |
Табигый өсүш, 1 миң адамга | 18,6 | 17,0 | 1,6 |
Калктын өлүмү жалпысынан 1 миң адамга | 6,7 | 7,1 | -5,6 |
Энелердин өлүмү, 100 миң тирүү төрөлгөндөргө | 69,1 | 58,9 | 17,3 |
Балдардын өлүмү (5 жашка чейин), 1 миң тирүү төрөлгөндөргө | 29,7 | 42,0 | 12,3 |
Наристелердин өлүмү, 1 миң тирүү төрөлгөндөргө | 25,0 | 27,1 | -7,7 |
Кургак учуктан өлүмдөр | 99,8 | 101,6 | -1,7 |
Медициналык адистердин келиши жана кетүүсү: |
|
|
|
- кеткени | 1099 | 1385 | 286 |
- келгени | 1044 | 1462 | -418 |
Милдеттүү түрдөгү медициналык камсыздандыруу менен камтылгандар | 4086,0 | 4005,2 | 80,8 |
2009-жылы демографиялык кырдаал төрөлүүнүн көрсөткүчүнүн туруктуу өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал алдын ала маалыматтарга таянсак 1 миң адамга 25,2ни түздү (2008-жылы - 24,1, 2007-жылы - 23,5). Калктын табигый өсүшүнүн тенденциясы сакталууда, ал 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миң адамга 18,5ти түздү (2008-жылы - 17).
Калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү 1 миң адамга 6,7ни түздү (2008-жылы - 7,1).
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча энелердин өлүмүнүн деңгээли 100 миң тирүү төрөлгөнгө 69,1ди түздү (2008-жылы 58,9). 2009-жылы республикада 97 кош бойлуу аял, төрөгөн аял каза болду (2008-жылы - 75). Көрсөткүчтүн өсүшү негизинен Ош шаарында (3,3 эсе), Чүй облусунда (2,5 эсе), Нарын облусунда (2,3 эсе), Ош облусунда (2 эсе) байкалууда, Бишкек шаарында 1,4 эсеге өстү. Көрсөтүлүп жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын начардыгы, саламаттык сактоо уюмдарынын начар жабдылышы, алардын жеткиликсиз болушу, кош бойлуу аялдардын медицина кызматкерлери тарабынан байкоого алынышынан сырткары калуусуна жана кеч кайрылууларга алып келген ички миграциянын өсүшү энелердин өлүмүнүн деңгээлине таасирин тийгизүүдө.
2009-жылы энелердин өлүмүн иликтөө боюнча Республикалык штаб 4 заседание, анын ичинде: 1 жерине баруу менен (Ош облусу), 3өө Бишкек шаарында өткөрүлдү. 52 эненин өлүмү иликтенди. Төрөт бөлүмдөрүнүн (үйлөрүнүн) иштөөсүн уюштурууну жана сапатын жакшыртуу, төрөткө жардам көрсөтүү жана неонаталдык жардам кызматтарын өркүндөтүү максатында Саламаттык сактоо министрлигинин 2009-жылдын 5-мартындагы № 92 «Кыргыз Республикасында төрөт үйлөрүнүн (бөлүмдөрүнүн) иштөөсүн уюштуруу жана акушердик-гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын андан ары жакшыртуу жөнүндө» буйругу кабыл алынды.
Республикада наристелердин өлүмүнүн көрсөткүчү оперативдик маалыматтар боюнча төмөндөө тенденциясына ээ болууда, ал 1 миң тирүү төрөлгөндөргө карата 2008-жылдагы 27,1дин ордуна 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 24,2ни түздү, бул эрте неонаталдык өлүмдүн жана постнеонаталдык өлүмдүн азайышы менен шартталды. Көрсөткүчтүн азайышы Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында белгиленди.
2009-жылы республика боюнча 2008-жылга салыштырганда паратиф, бруцеллез, малярия, менингит, ичеги инфекцияларынын жалпы тобу, сальмонеллез, вакциналык башкарылуучу инфекциялар менен ооругандардын азайгандыгы байкалды.
Маалымат үчүн: 2009-жылы паратиф 100 миң адамга - 0,4тү (2008-жылы - 1,5), бруцеллез - 67,4тү (2008-жылы - 72,7), малярия - 0,1ди (2008-жылы - 0,3), менингит - 1,9ду (2008-жылы - 3,1), паратит - 3,Отү (2008-жылы - 8,4), сасык тумоо 26,3тү (2008-жылы - 40,9), күйдүргү 0,2ни (2008-жылы - 0,9), ичеги инфекциялары - 459,7ни (2008-жылы 524,6), сальмонеллез - 9,0ду (2008-жылы - 10,6) түздү.
Эпидемияга каршы максаттуу иш-чаралардын комплексин киргизүүнүн жардамы менен (малярияга каршы күрөшүү боюнча калкты социалдык мобилизациялоо, үйлөрдү кыдырып дарылоо, медициналык дары-дармектерди сатып алуу, адистерди окутуу, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ж.б.) малярияга каршы күрөшүүдө олуттуу ийгиликтер жетишилди. Эгерде 2007-жылы ооруу 96 жолу катталса, 2008-жылы 19, ал эми 2009-жылы малярия менен ооруу 4 жолу катталды.
Акыркы жылдарда кургак учук менен оорунун азаю тенденциясы байкалып жаткандыгына карабай, проблема актуалдуу бойдон калууда, бул ооруу алдын ала маалыматтарга таянсак 100 миң адамга 102,8ди түздү (2008-жылы - 106,3), Ысык-Көл облусунда өлүм деңгээлинин 2 эсе, 4,2ден 8,0ге чейин көбөйүшү байкалууда. Алгачкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кургак учукту табуу жакшырганы менен амбулатордук фазада дарылоону контролдоонун жетишсиз болуп жаткандыгы белгилүү. Өткөн жылдагыдай эле оорунун жогорку деңгээли Чүй (100 миң адамга 144,2), Ош (102,2) облустарында жана Бишкек шаарында (109) болууда, бул ички мигранттардын көп сандагы топтолуусунун эсебинен жүрүп жатат.
2009-жылы кургак учуктан каза болуунун көрсөткүчү 2008-жылга караганда республика боюнча 100 миң адамга 9,2ден 8,4кө чейин азайды (Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын кошкондо 100 миң адамга 9,9дан 9,0га чейин). Бул ДОТС программасын киргизүүнүн, амбулатордук шарттарда дарылоого багытталган контролго алынуучу химия терапиясынын эсебинен, ошондой эле ооруну табуунун, контролго алып дарылоонун жана профилактикалоонун эсебинен жүрдү.
«Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» жалпы техникалык регламент» тууралуу, «тамак-аш азыктарынын жана аларды өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун жана утилдештирүүнүн коопсуздугуна коюлуучу талаптар» жалпы техникалык регламенти» тууралуу, «радиациялык коопсуздук жөнүндө» жалпы техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилди.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун системасында калктын 77,6%и (4086 миң адам) камтылды, бул 2008-жылга салыштырганда 1,3%ке көп, мунун өзү аскер кызматчыларынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына алынышы менен түшүндүрүлөт. Республикада айрым өнөкөт ооруларда Мамлекеттик кепилдик берилген программасы боюнча (МКП) амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыздоо киргизилген.
Кыргыз Республикасында өткөн жылы оперативдик маалыматтарга таянсак 12409 врач медициналык жардам көрсөткөн (2008-жылы - 12364). 2009-жылы оперативдүү маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарга 60 врач (2008-жылы - 189), 160 орто медициналык персонал (2008-жылы - 746) кеткен. Эмгек акынын төмөн болушу, турак жайдын жоктугу, социалдык жактан коргоонун начар болушу, алыскы райондордун өнүкпөгөн инфраструктурасы, медициналык кызматчылардын кадырынын төмөндөшү адистердин кетүүсүнүн негизги себептери болууда.
2009-жылы амбулатордук-бейтапканалык мекемелерди курууда 78,4 млн. сом өздөштүрүлгөн. Бишкек шаарында, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарында сменасына 461 адам кабыл ала турган амбулатордук-бейтапканалык мекемелер пайдаланууга берилди.
3.4. Билим берүү жана илим
2009-жылы мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, орто билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү боюнча иштер улантылган.
№ 21 таблица
| 2008/2009- жылдар факт | 2009/2010- жылдар факт | Айырма |
Мектептик билим берүү 6-17 курактагы балдар (%) | 89,6 | 88 | -1,6 |
Мектепке чейинки билим берүү (%) | 7,7 | 8,3 | 0,6 |
Жогорку окуу жайларындагы студенттердин саны (адам) | 250460 | 243028 | -7432 |
Орто кесиптик окуу жайларында студенттердин саны (миң адам) | 43413 | 32,4 | 5578 |
Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эсебинен 2009-жылы мектепке чейинки билим берүүдө балдардын саны 0,6%ке көбөйгөн. ("Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган). Балдарды эрте жашта өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында донорлордун (FTI, Ага-хан фонду ж.б.) каражаттары тартылган, алар балдар бакчаларын зарыл болгон адабият, аларды жабдууга жардам беришкен. FTI долбоорунун алкагында эле 2009-жылы бул максаттар үчүн 25 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
6-17 курактагы балдарга мектептик билим берүү 2009-жылы 88%ти түзгөн (2008-ж. - 89,6%), башкача айтканда өткөн жылга салыштырмалуу 1,6%ке азайган. Азаюу 9-класстан кийин балдар баштапкы кесиптик жана орто кесиптик билим берүү системасына окууга тапшыруу чечимин кабыл алгандыгы же калктын социалдык аялуу катмарына экономикалык кризистин таасир этишине байланыштуу жумуш иштөөгө муктаж болгондугу менен шартталган.
FTI долбоорунун - "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тез арада ишке ашыруу демилгесинин алкагында Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын пилоттук мектептери жана Талас жана Ысык-Көл облустарынын балдар бакчалары маалыматтык-методикалык адабий комплекстери, окуу китептери менен камсыздалышкан. Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын 325 пилоттук мектептеринде балдарды эрте жаштан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык-методикалык адабият келип түшкөн, ата-энелер менен иштөө үчүн материалдар берилген, "Ачык мектеп" аттуу мугалимдер үчүн сабактардын моделдери, анын ичинде Баткен облусуна - 109 комплект, Нарын облусуна - 74 комплект, Чүй облусуна - 142 комплект. Китептердин 1 комплектисинин баасы - 2,2 миң сом, жалпы сумма - 712,4 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын 325 башталгыч мектептери маалыматтык-методикалык жана көркөм адабий китептери менен 3,6 млрд. сом суммасына камсыздалган, анын ичинде экиден комплекттен окуу китептери (200 китеп), 10 китептен турган бирден комплектиден ар бир мектеп үчүн маалыматтык-методикалык материалдар менен камсыздалган.
Билим берүүнүн мазмунун реформалоо, мектептик билим берүү чөйрөсүндө анын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүдө 2009-жылы Алкактык Улуттук билим берүү стандарты жактырылган, ал мектеп программасынын мазмунун да, ошондой эле билим берүү процессинин бардык уюштуруу жана методикалык камсыздалышын өзгөртүүчү принциптүү жаңы документ болуп эсептелет. 1-4-класстар үчүн сабактар боюнча билим берүү долбоорлору иштеп чыгып жактырылган жана 5-11 окуу класстары үчүн сабактар боюнча билим берүү долбоорлорун иштеп чыгуу улантылууда.
Жалпы билим берүү мектептерин курууга 2009-жылы 921,6 млн. сом пайдаланылган. 2700 окуучу орунга жалпы билим берүү мектептери курулган, анын ичинде Бишкек шаарында - 1254 окуу оруну, Жалал-Абад облусунда - 552, Чүйдө - 240, Нарын жана Таласта - 192, Ысык-Көлдө - 150 жана Баткенде - 120. 470 орунга балдар бакчалары эксплуатацияга өткөрүп берилген, бул 2008-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге, анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 380, Нарын облусунда - 40, Жалал-Абад облусунда - 50 орунга көбүрөөк.
2009-жылы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, гранттардын жана донордук жардамдын эсебинен 222,5 млн. сом суммасына 223 мектебинде капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. АБРдин "Билим берүүнүн экинчи долбоору" каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү 19 мектебинде ремонттук иштер толук аткарылган. Подряддык уюмдарга акы төлөп берүү суммасы 56 млн. сомдон ашуунун түздү. FTI долбоорунун алкагында Нарын, Баткен, Чүй облустарында 49 мектепте ремонттук иштер толук аткарылган. Ремонттук-калыбына келтирүү иштердин натыйжасында 22,1 миң окуучуга окуу шарттары кыйла жакшыртылган. Учурдагы ремонттук иштер окуу жылынын башталышына карата республиканын бардык мектептеринде жүргүзүлгөн, бул үчүн Жакырчылыкты кыскартуунун борбордук фондунун каражаттарынын эсебинен 100,0 млн. сом багытталган. Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы пилоттук мектептер 3,57 млн. сом АКШ доллары суммасына FTI долбоорунун алкагында техника жана шаймандар менен жабдылган.
Азыркы учурда өзгөчө муктаж болгон 7 миңден ашуун бала билим берүү программалары менен камтылган: 635 жалпы билим берүү мектебинде 3500дөн ашуун бала инклюзивдик билим берүү программасы менен камтылган; 15 атайын мектеп-интернатында 2425; 4 атайын жалпы билим берүү мектептеринде 482 бала; 14 атайын балдар бакчасында - 1256 бала окуп жатат. Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн АБРдин долбоорунун алкагында атайын каражаттар сатып алынган - угуу аппараттары, коляска ж.б. бул алардын көпчүлүгүнө мектепке баруу мүмкүнчүлүгүн ачкан. Инклюзивдүү балдар үчүн жаңы билим берүү сабактарын трансформациялоо боюнча сунуштар иштеп чыгарылган, бул алардын көпчүлүгү үчүн теңтуштары менен окууга шарт түзөт.
Окуудан тыныгуу алган балдар үчүн (анын ичинде жумуш иштөөгө муктаж балдар) республиканын 6 регионунда, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарында кечки (сырттан) окуу формалары уюштурулган. Балдардын камтылган жалпы саны - 2736 окуучу жана кечки класстарда 157 окуучу бар. Ысык-Көл облусунда 6 альтернативдүү балдар мекемеси иштейт, бул социалдык корголбогон үй-бүлөлөрдөн 235 бала үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
Мектептик билим берүүдө төмөнкүдөй проблемалар чечилбей калууда: (а) шаар менен айылдын ортосунда билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүндөгү жана сапатындагы айырма, ал айыл мектептериндеги окутуу шарттарынын кыйла начар шарттарында көрүнүүдө, (б) окуу китептери менен жетишсиз камсыздоо, (в) жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн чектелиши, (г) негизги предметтер боюнча квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги, (д) билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөн болушу, бүгүнкү күнү алардын эмгек акысы, эмгек акы түзүү талаптарына жооп бербейт.
Баштапкы кесиптик-техникалык билим берүү. Кесиптик-техникалык билим берүү системасында 110 окуу жайы бар. Окуучулардын контингенти 32,4 миң адамды түзүүдө, алардын ичинен бюджеттин эсебинен окугандар 27,3 миң адам. 2008-2009-окуу жылдары 23,9 миң адамды түзгөн, анын ичинде күндүз окуган бүтүрүүчүлөрдүн саны 150 кесип боюнча 13,8 миң адамды түзгөн. Республиканын ар түрдүү ишканаларына 75,8% бүтүрүүчү иш менен камсыз кылынган, 24,2% аскерде кызмат өтөөгө барып жана жогорку окуу жайында окуусун улантышууда. Кесиптик-техникалык билим берүү системасы окутуу, кайра окутуу жана чоң адамдарга жана жумушсуздарга квалификациясын жогорулатууга кызмат көрсөтүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. 2009-жылы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында жумушсуз чоң калктын арасынан 8,1 миң адам түзгөн.
Кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын арасында "Кесип багыты" боюнча бир айлык өткөн. Жумуш берүүчүлөр менен тегерек столдор уюштурулган, кесиптик-ярмаркалар, ачык эшиктер күнү, предметтик олимпиадалар уюштурулган, окуучулар арасында конкурстар уюштурулган, ишканалардын ардагерлери жана алдыңкы жумушчулары менен жолугушуулар уюштурулган.
Жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт, жаңы окуу пландары жана программалары иштеп чыгарылат, инновациялык формалар жана окутуунун ыкмалары киргизилип жатат.
Орто жана жогорку кесиптик билим берүү. Жогорку окуу жайларындагы студенттердин саны (-9855 адам) кыскаргандыгы байкалган, бул жагдай республиканын ЖОЖдоруна лицензиялык талаптардын сакталышына контролдукту күчөтүү менен шартталган. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 14 ЖОЖдордун жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүү иши токтотулган. 15 жогорку окуу жайынан 70 жогорку кесиптик билим берүү программасы боюнча лицензиялары кайра сурап алынган жана 17 ЖОЖдун 67 жогорку билим берүү программасы боюнча лицензиялары убактылуу токтотулган. 4 ЖОЖ жазуу жүзүндө эскертүү алган. Жогоруда аталган чаралар ЖОЖдордун жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн санын кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзгөн, бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга алып келген.
Отчеттук мезгил үчүн жергиликтүү башкаруу органдарынын, тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун суроо-талаптары боюнча түзүлгөн адистерге болгон муктаждык план-божомолуна негизделген 2009-2010-окуу жылдарга республиканын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн бюджеттин орундарды бөлүштүрүү жүргүзүлгөн. Абитуриенттердин категориялары боюнча грант ээлерин бөлүштүрүү төмөнкүдөй болгон: 51,3% - айыл мектептерин бүтүрүүчүлөр, 18,1% - республиканын бийик тоолуу райондорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү, 15,3% облустук борборлор жана чакан шаарлардагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү, 14,6% Бишкек шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү, окууга тапшыргандардын жалпы санынан 1% - льготник абитуриенттер. Максаттуу гранттык орундар үчүн республиканын бардык региондорунан абитуриенттер тапшырышкан: Ош облусу - 14%, Жалал-Абад облусу - 22%, Баткен облусу 12%, Нарын облусу - 9%, Ысык-Көл облусу - 14%, Талас облусу - 8%, Чүй облусу жана Бишкек шаары - 21%.
Экономиканын секторлору боюнча андан ары иш менен камсыз кылуу үчүн жумушчу адистикти алууга артыкчылык берүүнүн эсебинен 2009-жылы орто кесиптик окуу жайларында окуучулардын өсүшү байкалууда (+16,1 миң).
Илим. Илимий-техникалык кеңеш тарабынан борбордук ЖМКда ЖОЖдук жана тармактык илимдин артыкчылыктуу илимий багыттары түзүлгөн жана чыгарылган, алардын негизинде илимий-изилдөө долбоорлоруна арыздар кабыл алынчу. Ведомстволук илимий мекемелер тарабынан 2008-жылы аткарылган инновациялык иштеп чыгууларга инвентаризация жүргүзүлгөн. Өткөн жылдарга салыштырмалуу олуттуу сандык өсүш байкалган - 2008-жылы бул көрсөткүч 102 инновациялык долбоорду түзгөн, 2009-жылы дагы 95 иштеп чыгуулар пайда болду. Илимий долбоорлордун темаларын ирилештирүү жүргүзүлгөн - 2008-жылы 450дөн тартып 2009-жылы 124кө чейин. Арыздарды кароодо колдонмо илимий-изилдөө иштеп чыгууларына артыкчылык берилген. 20 млн. сомдон ашуун суммага энергия жана ресурс сактоочу технологиялар боюнча 2009-жылы 15 илимий-изилдөө долбоор каржыланган (ЖОЖ жана тармактык илимге багытталган жалпы суммадан дээрлик 305тин түзөт). 2010-жылы долбоорлорду андан ары ирилештирүү боюнча ЖОЖ жана тармактык сектордун илимий-изилдөө мекемелери менен иштер жүргүзүлүүдө.
Республикалык илимий-техникалык маалымат системасын калыптандыруу жана ишкерликтин суроо-талаптарына жооп берүүчү илимий иштердин жыйынтыктарын документтештирүү системасын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн 2012-2020-жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштеп чыгарылган орто мөөнөттүү мезгилге билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары чагылдырылган. Адистиктердин бардык спектри боюнча орто кесиптик билим берүү үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын (МБС) жана КР жаңы ЖОЖдору үчүн жаңы муундун Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын (МБС) макетин иштеп чыгуу аяктаган.
3.5. Спорт жана дене тарбия
2009-жылы "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жүргүзүлүп келген, ал азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экспертизадан өтүүдө.
2009-жылдын майында Талас шаарында "Дени сак улут - гүлдөп өскөн өлкө" аттуу ураандын астында айыл жаштарынын арасында жылдык республикалык мелдешүүлөр (волейбол, футбол, ордо, жеңил атлетикалык жүгүрүү, тогуз коргоол, армрестлинг жана күрөш) өткөрүлгөн, анда 694 адам катышкан.
2009-жылдын сентябрында Чолпон-Ата шаарында IX Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндары болуп өттү анда Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Түркмөнстандын жана Украинанын 2 миңден ашуун спортсмендери катышкан.
2009-жылдын 16-23-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына арналган спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын V спартакиадасы өткөрүлгөн (1420 спортсмен, 169 тренер, 240 судья санында республиканын бардык облустарынын өкүлдөрү катышкан). Мелдештер спорттун 10 түрлөрү боюнча өткөрүлгөн: оодарыш, кыз куумай, ат чабыш, тогуз коргоол, күрөш, көк-бөрү, жорго салыш, кунан чабыш, тыйын эңмей, ордо.
Негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин бекитилген 2009-жылга календардык планын аткаруу максатында эл аралык мелдештерге курама командалардын мүчөлөрүн даярдоо боюнча 77 окутуу-машыгуучу жыйын өткөрүү камсыздалган (1697 спортсмен).
Спорттун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрү төмөнкүлөргө катышкан:
- 21-дүйнөлүк чемпионатына - 68 спортсмен;
- 24 Азия чемпионатына - 154 спортсмен;
- 52 эл аралык турнирге - 1613 спортсмен;
- 1 Азиянын кубогуна - 1 спортсмен;
- 1 Жабык жайларда өтүүчү Азиялык оюндар - 32 спортсмен;
- 2 Атайын олимпиадаларга - 11 спортсмен;
- 7 Дүйнөлүк кубок этабына - 64 спортсмен;
- 5 "Гран-При" деңгээлиндеги мелдештерге - 26 спортсмен.
Бул иш-чараларда спортсмендер расмий мелдештерде 126 медалга ээ болушкан, алардын ичинен: алтын - 32, күмүш - 32, коло - 62 (эл аралык турнирлерди эске албаганда).
Мындан тышкары, республиканын 11 биринчилиги, 49 республикалык чемпионаты, 2 республикалык турнир, 4 республиканын кубогу, 2 универсиада (түштүк жана түндүк регион) өткөрүлгөн. Бул иш-чараларга 9353 спортсмен, 835 тренер катышкан жана аларды улуттук жана эл аралык категориядагы 1277 судья тейлеген.
2009-жылдын 18-20-июлунда республиканын алыскы жана тоолуу райондорунда айыл өкмөттөрүнүн ортосунда мелдештер өткөрүлгөн: Ак-Талаа, Тогуз-торо, Токтогул, Ноокат, Талас райондорунда. Бул мелдештер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлгөн: волейбол, ордо, жеңил атлетика, тогуз-коргоол, футбол, күрөш жана аларга 58ден ашуун айыл өкмөтү же 2 миң спорт сүйүүчүлөрү катышкан. Мындан тышкары жогоруда аталган иш-чараны өткөрүүдө жагымдуу учуру 10 миңден ашуу күйөрман катышкандыгы болду.
Улуттук спорт түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна Көк-бөрү боюнча эл аралык турнир өткөрүлгөн.
Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын пайдаланууну жакшыртуу максатында "Спорт курулмалары жана спорттук камсыз кылуу башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
Отчеттук мезгил үчүн Мамлекеттик агенттик олимпиадага даярдоо борборун, күрөш жана бокс боюнча РСДЮШОРду жана оор атлетика боюнча РСДЮШОРду кайра уюштуруу аркылуу спорт түрлөрү боюнча республикалык өнүктүрүү борборлору түзүлгөн.
2009-жылы дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө жана кармоого 145,9 млн. сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
№ 22 таблица
2008-жылы | 2009-жылы | 2009-2008-жылы айырма | |||
республикалык бюджет
| жерги- ликтүү бюджет | республикалык бюджет
| жерги- ликтүү бюджет | республикалык бюджет
| жерги- ликтүү бюджет |
149671,9 | 45918,6 | 145958,4 | 50804,8 | -3713,5 | 4886,2 |
Өткөн жылга салыштырмалуу жалпысынан дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен катуу четтеп кетүүлөр байкалган эмес. Таблицада көрсөтүлгөндөй 2008-жылы бюджеттин кыйла көбөйүшү Пекин шаарындагы XXIX Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынын курама командасынын катышуусу менен шартталган.
3.6. Жаштар саясаты жана балдарды коргоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2009-жылдын башталышына карата калктын түзүмүндөгү жаштарды саны 2486,6 миң адам же 48,6%ти түзгөн. Азыркы учурда республикада 200дөн ашуун жаштардын өкмөттүк эмес уюмдары катталган, алардын ичинен 20сы социалдык жана мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга активдүү катышкан.
"2009-жыл - балдар жана жаштардын жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги жарлыгына ылайык отчеттук мезгил үчүн министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле жаштардын ӨЭУ жана эл аралык уюмдары менен бирдикте жаштарды адеп-ахлактык-рухий жана патриоттук тарбия берүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн.
"Жаштар иштери боюнча КМШнын министрлер кеңешине" кирген КМШ өлкөлөрү менен эл аралык байланыштар жөнгө салынган. Бишкек ишкер клубу менен ОБСЕнин "Кыргыз Республикасынын региондорундагы жаштардын арасында ишкерликти өнүктүрүү" боюнча биргелешкен долбоордун алкагында айылдарды өнүктүрүү жана жаштар демилгесин колдоо үчүн шарттар түзүлгөн (өлкөнүн 10 айылында 150 жаш адамдар окутулган - түштүк жана түндүк облустарынан 5тен), мыкты бизнес-пландары тандап алынган, аларды ишке ашырууга гранттар берилген.
Бизге белгилүү болгондой эле 2008-жылга чейин жаштар саясаты боюнча иштер 2010-жылга жаштарды өнүктүрүү концепциясынын, 2006-2008-жылдарга "Кыргызстандын жаштары" улуттук программасынын жана "Кыргызстандын жаштары" улуттук программасынын иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлгөн.
Ушуга байланыштуу "Үмүт" жана "Алтын шаты" Президенттик стипендияны ыйгаруу салтанаттуу церемониясында 25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин Жаңы мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө айтылган тапшырмасын өз убагында жана ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Жаштар иштери боюнча департаментинин, донордук коомчулуктун, ӨЭУ, ЖОЖдордун жана 30дан ашуун жаштар уюмдарынан өкүлдөрүнүн арасынан түзүлгөн демилгечил жумушчу топ менен бирдикте Жаңы концепция, Кыргыз Республикасынын жаштар саясаты жаатындагы программа жана ал программанын иш-чаралар планы иштеп чыгарылган.
Жаштар саясатынын концепциясынын айырмалануучу өзгөчөлүгү - бул жаштар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун ролун түшүнүүсү болуп эсептелет.
Жаштар арасындагы жумушсуздук маселелерин чечүү максатында Жаштар эмгек биржа тармагы иштеп жатат (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Токмок жана Талас шаарларында).
Бардыгы болуп ар түрдүү маселелер боюнча 7,0 миң адам кайрылган, анын ичинде 3,8 миң аял, 1,8 миң өспүрүм. Профориентациялык жана психологиялык консультациялар бардык кайрылгандарга берилген; 3,3 миң адам, анын ичинде 2,0 миң аял 795 өспүрүм иш менен камсыздалган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча калктын жалпы санынан балдар жана өспүрүмдөр 32,6%, 977 миң үй-бүлөдөн 81%ти 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөр түзөт, бардык жаңы төрөлгөн балдардын 32% никеси катталбаган аялдарда төрөлгөн, 1990-жылдан тартып ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын саны 20%ке көбөйгөн.
"Балдар жөнүндө" Кодексти ишке ашыруунун алкагында 13 шаар мэрияларында жана 44 райондук администрацияларында үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр (ҮБКБ) түзүлгөн жана алар азыркы учурда иштешүүдө. ҮБКБ 2009-жылда бир топ иштерди жүргүзүлгөн, анын ичинде "тобокелдик тобундагы балдарды" аныктоо жана аларда колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча жумуштарды аткарган. Ошентип, жыл ичинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок 985 бала, 226 көчөдө жүргөн бала, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 110 бала аныкталган, райондук ички иштер бөлүмүндө эрезеге жетелек балдардын иштери боюнча инспекцияга каттоого 3,4 миң эрезеге жетелек балдар, алардын ичинен үйүнөн кайта-кайта качкан - 355, администрациялык тартип бузуулар үчүн - 894 бала катталган, эркиндигинен ажыратылбастан жаза тартуу чараларына 147 эрезеге жетелек бала соттолгон. Ар бир ҮБКБда "Ишеним телефондору" уюштурулган, алар боюнча 8 жаран балдарга аесуз мамиле кылуу жөнүндө арызы менен кайрылышкан.
Балдар мекемелерине 10 мониторинг жүргүзүлгөн: Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернат, "Мээрим булагы" ЧДД Түп айылы, "Мээрман үй-бүлө" балдар үйү, Семеновка айылы, ЦВПД "Нурмээайса" Орловка шаарчасы, "Ырайым" балдар үйү Токмок шаары, "Родничок" реабилитациялык борбор Москва району, "Росток" Сокулук району, Беловодск айылындагы атайын мектеп-интернат, Бишкек шаарындагы үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору (SOS-Киндердорф долбоору), Шатманалиев асырап алуу үй-бүлөсү Аламүдүн району.
Үй-бүлөлүк тарбия берүү, балдардын укуктарын жылдыруунун баалуулуктарын үгүттөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заказы боюнча Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү "baldar.kg" сайтын түзүп ишке киргизген.
3.7. Маданият
Азыркы учурда 20 кесиптик театр, 3 филармония, 1051 китепкана, 700 клуб, 47 музей, 2 жогорку жана 8 орто кесиптик окуу жайы, 88 балдар музыкалык, көркөм мектеби, искусство мектеби, 5 маданий жана эс алуу паркы, 46 кинотеатр иштөөдө.
Отчеттук мезгил үчүн маанилүү окуялардын бири "Маданият жөнүндө" Мыйзамдын кабыл алынышы эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15 токтому кабыл алынган.
2009-жыл үчүн эл аралык кызматташуу жаатында төмөнкүлөргө кол коюлган:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги менен Кызыл-Суу Өкмөтүнүн - Кытай Эл Республикасынын Кыргыз автономдук районунун ортосундагы маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө келишим;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги менен Украинанын Мамлекеттик архив комитетинин ортосундагы макулдашуу.
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын эскерүү кечеси Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн. КМШдагы адабият жана окуу жылынын жыйынтыгына жана Ч.Т.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган "Айтматов жана азыркы мезгил" аттуу форум, Ч.Т.Айтматовду эскерүүгө арналган "КМШнын жаштары - келечекке карай көз чаптыруу" Ысык-Көл жаштар интеллектуалдык форуму өткөрүлгөн. А.Жумахматов атындагы Мамлекеттик чоң симфониялык оркестри республиканын региондору (Каракол жана Ош шаарлары) боюнча гастролдук турне жүргүзүлгөн.
Сулайман-тоону Дүйнөлүк жаратылыш-маданий мурасына киргизүү кыйла маанилүү окуялардан болду.
Маданият мейкиндигин интеграциялоо, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү жана тыгыз байланыштарды белгилөө максатында чыгармачыл коллективдеринин эл аралык фестивалдарга жана конкурстарга катышуусуна көмөк көрсөтүлгөн. Музыкалык аспаптар түрүндө (11 скрипка, 2 виолончели) кытай өнөктөрүнөн кайрымдуулук жардам көрсөтүлгөн.
ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун 15-жылдыгына байланыштуу "Кероглы" У.Гаджибеков опералык оюн - эл аралык долбоору ишке ашырылган. Азия өнүктүрүү банкынын "Кол өнөрчүлүк секторун өнүктүрүү аркылуу айылдардагы аялдардын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатуу" аттуу долбоорунун алкагында "Оймо" эл аралык фестивалы өткөрүлгөн. СССРдин эл артисти М.Рыскуловдун 100 жылдык юбилейине карата Жалал-Абад шаарында IV республикалык театрдык фестиваль өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук ишмери Т.Усубалиевдин 90 жылдык юбилейине арналган иш-чаралар өткөрүлгөн. Бабур атындагы Ош өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын Бишкек шаарында ушул театрдын 90 жылдыгына арналган гостролу өткөрүлгөн. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна "Айтыш 2009" республикалык конкурсу өткөрүлгөн.
Адаттагы музыка жумалыгы, Кыргыз Республикасынын адаттагы музыка күнү өткөрүлгөн. Ушул жылы М.Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын, "Учур" Мамлекеттик жаштар театрынын, "Бишкектин жашыл театрынын" чыгармачыл коллективдери Казань шаарында (Татарстан Республикасы) түрк элдеринин IX эл аралык театралдык фестивалына катышкан.
Китепканалардын жылы алкагында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлгөн (кароо-конкурстары, марафондор, жазуучулар жана акындар менен жолугушуу, китептердин көргөзмөсү). Республиканын айылдык китепканаларына моделдик китепканаларды түзүү максатында мониторинг жүргүзүлгөн. "Моделдүү айылдык китепкана түзүү" долбоору иштеп чыгарылган. 7 пилоттук айыл китепканалары аныкталган.
2009-жылы маданият чөйрөсүн кармоого республикалык бюджет боюнча 460,9 млн. сом бөлүнгөн. Маданияттын 60 объектисинен 12 айылдагы маданият мекемелерине ремонттук иштер жүргүзүлгөн.
4. Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшү
2009-жылы региондорду колдоо жана өнүктүрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери кабыл алынган региондук стратегиялар жана айрым инвестициялык долбоорлорду иштетүү аркылуу ар бир регионду тең жана сапаттуу өнүктүрүүнү камсыздоого негизинен багытталган.
№ 23 таблица
Региондор | ВРП (млн.сом), 2009-жылы күтүлүүчү | Өлкө- нүн НДП- сында- гы ВРПнын салыш- тырма- луу салма- гы | ВРП- нын өсүү темпи (%) | Жан башына ВРП (сом) | Орто эмгек акы (СЗП), сом(4) | СЗПнын 2009- жылдагы ПМге карата катышы | Кедей- ликтин деңгээли % 2008 | |
1 | Баткен облусу | 6506,3 | 3,3 | 103,9 | 15183,9 | 4029 | 1,5 | 20,7 |
2 | Жалал- Абад облусу | 24472,9 | 12,5 | 105,9 | 24595,9 | 5238 | 1,7 | 40,1 |
3 | Ысык-Көл облусу | 22010,3 | 11,2 | 101,4 | 50366,8 | 4133 | 1,3 | 52,2 |
4 | Нарын | 8396,4 | 4,3 | 103,4 | 30869,1 | 5208 | 1,8 | 42,7 |
5 | Ош облусу | 19299 | 9,8 | 104,0 | 17370,8 | 3221 | 1,0 | 37,5 |
6 | Талас облусу | 8681,7 | 4,4 | 100,4 | 39696,8 | 4120 | 1,4 | 43 |
7 | Чүй облусу | 30926,4 | 15,7 | 104,0 | 39879,3 | 5061 | 1,6 | 15,8 |
8 | Бишкек шаары | 69944,5 | 35,6 | 100,3 | 81739,5 | 8778 | 2,6 | 15,2 |
9 | Ош шаары | 6185,6 | 3,1 | 102,1 | 24352,8 | 5426 | 1,7 | 24,6 |
| Республи- ка | 196423,1 | 100,0 | 102,3 | 36732,4 | 6049 | 1,9 | 31,7 |
ИДПга негизги салымды адаттагыдай Чүй облусу жана Бишкек шаары кошуп 51,5%ти түзгөн. Башка облустар ВРПнын 3%тик өсүш менен жай өнүгүп келишкен. Отчеттук мезгил үчүн жан башына болгон ВРП республика боюнча орточо 37 миң сомду түзгөн. Бишкек шаары республикалык деңгээлден эки эсеге көп аткарган, Чүй жана Ысык-Көл облустары 8,6% жана 37,2% тиешелүү түрдө. ВРП жана башына жалпы республика боюнча Баткен облусунда 2,4 эсеге, Ош облусунда 2,2 эсеге азыраак.
Региондордогу экономикалык өсүштүн негизги булактарынын бири болуп 2009-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 255 млн. АКШ доллары суммасына 76 инвестициялык долбоордун иштетилиши болгон. Инвестициялык долбоорлордун көпчүлүгү Чүйдө (35 млн. АКШ доллары суммасына 26 долбоор), Ысык-Көлдө (18,5 млн. АКШ доллары суммасына 11 долбоор), Ошто (12,3 млн. АКШ доллары суммасына 10 долбоор), жана Ош шаарында (16 млн. АКШ доллары суммасына 10 долбоор). Ушуну менен бирге Жалала-Абад облусунда ишке ашырылган эки долбоордун жалпы суммасы башка облустарга салыштырмалуу чоңурак болуп 85,5 млн. АКШ доллары түзгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл.
№ 24 таблица
№ | Региондун аталышы | Долбоорлордун саны | Сумма (миң S) |
1 | Чүй облусу | 26 | 35040,0 |
2 | Ысык-Көл облусу | 11 | 18527,6 |
3 | Талас облусу | 7 | 1585,1 |
4 | Нарын облусу | 2 | 1619,0 |
5 | Ош облусу | 10 | 12300,0 |
6 | Ош шаары | 10 | 16007,0 |
7 | Жалал-Абад облусу | 2 | 85500,0 |
8 | Баткен облусу | 6 | 31807,0 |
9 | Бишкек шаары | 2 | 52600,0 |
| Бардыгы: | 76 | 254985,7 |
Негизги секторлорго карата региондор 3 ВРПны өндүрүү
Каралып жаткан мезгил үчүн жалпысынан региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн оң динамикасы байкалган.
Өнөр жай. 209-жылы 2008-жылга салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү республиканын 5 регионунда байкалган. Кыйла көп өсүш Нарын (114,9%) жана Баткен (101,1%) облустарында жетишилген. Өнөр жай өндүрүшүнүн кескин өсүшү Нарын облусунда көмүр казып алуу, электр энергиясын чыгаруу жана иштетүүчү өнөр жайдын эсебинен камсыздалган.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүдөгү кыйла көп терс четтеп кетиши Ош шаарында (-28,8%) жана Бишкек шаарында (-19,5%) байкалган.
Бишкек шаарындагы өнөр жай өндүрүшүнүн кескин түрдө азайышы экспорттук берүүлөрдүн азайышы менен түшүндүрүлөт, ал өткөн жылга салыштырмалуу 28,2%ке азайып 734,3 млн. АКШ долларын түзгөн. Экспорттук негизги көлөмү алыскы чет өлкөлөргө келүүдө 57,1%. Экспорт боюнча негизги өнөктөр Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия (текстиль, тигүү продукциясы ж.б.).
Ош шаары боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн терс деңгээли товарларга болгон суроо талаптын азайышы жана экспорттук берүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнүн начарлашы менен шартталган.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү азайган шартта республика боюнча жалпысынан (93,6%) өнөр жайдагы өсүштү республикалык деңгээлден өйдө Чүй (106,6%), Нарын (114,9%) жана Баткен (101,1%) облустары камсыз кылышкан.
№ 25 таблица
№
| Региондун аталышы
| Физикалык көлөмдүн индекси, процент менен | ||
Факт 2008 | Факт 2009 | Айырма | ||
1 | Баткен облусу | 80,5 | 101,1 | 20,6 |
2 | Жалал-Абад облусу | 91,5 | 91,3 | -0,2 |
3 | Ысык-Көл облусу | 177,1 | 93,7 | -83,4 |
4 | Нарын облусу | 65,4 | 114,9 | 49,5 |
5 | Ош облусу | 105,2 | 101,4 | -3,8 |
6 | Талас облусу | 96,9 | 97,3 | 0,4 |
7 | Чүй облусу | 98,8 | 106,6 | 7,8 |
8 | Бишкек шаары | 99,6 | 80,1 | -19,5 |
9 | Ош шаары | 129,1 | 100,3 | -28,8 |
10 | Республика боюнча | 114,9 | 93,6 | -21,3 |
Айыл чарба. 2009-жыл үчүн 2008-жылга салыштырмалуу айыл чарбанын өсүш республиканын 4 облусунда байкалган. Кыйла көп өсүш Ысык-Көл 113,1% жана Чүй 110,4% облустарында жетишилген. Айыл чарба продукциясынын көлөмдөрүнүн азайышы Баткен облусунда, ошондой эле анча чоң эмес көлөмдөрдө Бишкек жана Ош шаарларында байкалган.
Айыл чарба продукциясын чыгарууда олуттуу төмөндөө Баткен облусунда өткөн жылы жаан-чачындардын көп түшүшү жана жаздын кеч келгендиги менен шартталган, бул болсо мөмө-жемиш (абрикос) түшүмүнүн азайышына алып келген. Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн бирден бир маанилүү себептери курулушка бөлүп берилүүчү айыл чарба жерлеринин аянты жыл сайын азайып келгендиги менен шартталган.
Жалпысынан айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылыш деңгээли республикалык деңгээлден (107,4%) жогору Ысык-Көл (113,1%), Чүй (110,4%) жана Жалал-Абад (109,0%) облустарында камсыздалган, ушуну менен бирге республикалык деңгээлден төмөн түшүү Баткен (103,7), Нарын (104,0%) облустарында жана Бишкек (95,0%) менен Ош (99,5%) шаарларында жол берилген.
№ 26 таблица
№
| Региондун аталышы
| 2008-жылы Факт | 2009-жылы Факт | Айырма
|
1 | Баткен облусу | 108,8 | 103,7 | -5,1 |
2 | Жалал-Абад облусу | 102,5 | 109,0 | 6,5 |
3 | Ысык-Көл облусу | 97,8 | 113,1 | 15,3 |
4 | Нарын облусу | 98,2 | 104,0 | 5,8 |
5 | Ош облусу | 101,5 | 102,7 | 1,2 |
6 | Талас облусу | 101,2 | 103,6 | 2,4 |
7 | Чүй облусу | 100,1 | 110,4 | 10,3 |
8 | Бишкек шаары | 95,7 | 95,0 | -0,7 |
9 | Ош шаары | 99,8 | 99,5 | -0,3 |
10 | Республика боюнча | 100,8 | 107,4 | 6,6 |
Чекене товар жүгүртүү. Республиканын бардык региондорунда 2009-жыл үчүн жана өткөн жылга салыштырмалуу чекене товар жүгүртүүнүн реалдуу өсүш темпинин басаңдоосу байкалган. Товарларга суроо-талаптын азайышы бардык региондордо товар жүгүртүү көлөмүнө таасирин тийгизген, ушундан улам 2008-жылга салыштырмалуу (109,3%) жалпы республикалык товар жүгүртүү көлөмүнүн (99,9%) темпинин басаңдашына же болбосо 10,6%ке жол берилген. Чекене товар жүгүртүү көлөмдөрүнүн азайышынын негизги себептери экономикалык кризистен улам, ошондой эле эмгек мигранттарынан трансферттеринин олуттуу кыскаруусунун натыйжасында калктын төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн азайган.
№ 27 таблица
№
| Региондордун аталышы
| 2008-жылы Факт | 2009-жылы Факт | Айырма
|
1 | Баткен облусу | 102,9 | 99,3 | -3,6 |
2 | Жалал-Абад облусу | 123,3 | 102,5 | -20,8 |
3 | Ысык-Көл облусу | 117,4 | 103,6 | -13,8 |
4 | Нарын облусу | 116,7 | 102,9 | -13,8 |
5 | Ош облусу | 107,7 | 105,2 | -2,5 |
6 | Талас облусу | 107,0 | 101,1 | -5,9 |
7 | Чүй облусу | 106,5 | 101,0 | -5,5 |
8 | Бишкек шаары | 108,0 | 96,8 | -11,2 |
9 | Ош шаары | 105,2 | 101,5 | -3,7 |
10 | Республика боюнча | 109,3 | 99,9 | -10,6 |
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөр. 2009-жыл үчүн 2008-жылга салыштырмалуу калкка көрсөтүлгөн рыноктук кызматтардын көлөмү региондор боюнча, Ысык-Көл (1,8%) жана Ош (1,2%) облустарында оң айырма байкалган.
Республикалык деңгээлден (103,5%) Ысык-Көл (114,4%), Жалал-Абад (107%) жана Ош (109,1%) облустары кыйла ашырган. Республикалык деңгээлден, ошондой эле 2008-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу төмөн Бишкек шаарында (99,7%) жол берилген. Региондордогу терс тарапка четтеп кетүү себептери 2008-жылга салыштырмалуу кызмат көрсөтүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын оңдоо көлөмдөрүнүн темпинин басаңдашынын сакталып калган тенденциясы, ошондой эле кризистин таасиринен улам эмгек мигранттарынан трансферттердин кескин кыскарышы болуп эсептелет.
№ 28 таблица
№
| Региондордун аталышы
| 2008-жылы Факт | 2009-жылы Факт | Айырма
|
1 | Баткен облусу | 103,4 | 102,5 | -0,9 |
2 | Жалал-Абад облусу | 123,7 | 107,0 | -16,7 |
3 | Ысык-Көл облусу | 112,6 | 114,4 | 1,8 |
4 | Нарын облусу | 118,5 | 104,5 | -14 |
5 | Ош облусу | 107,9 | 109,1 | 1,2 |
6 | Талас облусу | 106,8 | 104,0 | -2,8 |
7 | Чүй облусу | 107,3 | 107,9 | 0,6 |
8 | Бишкек шаары | 115,1 | 99,7 | -15,4 |
9 | Ош шаары | 109,2 | 102,2 | -7 |
10 | Республика боюнча | 113,0 | 103,5 | -9,5 |
Чет өлкөлүк тике инвестициялар
Улуттук статистика комитетинин 2009-жыл үчүн алдын ала маалыматтары боюнча чет өлкөлүк тике инвестициялардын жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы Бишкек шаарына - 74,7% же 416,1 млн. АКШ долларын, Жалал-Абад облусу - 10,7% же 59,5 млн. АКШ долларын, Ош облусу - 5,3% же 29,4 млн. АКШ долл., Чүй облусу - 5,3% 29,6 млн. АКШ долл., Талас облусу - 2,0% же 11,3 млн. АКШ долл. түзөт.
№ 29 таблица
| Келип түшүүлөр | |
2009-жылы
| 2009-жылы % менен 2008-жылы карата | |
Бардыгы | 556741,1 | 64,3 |
Алардын ичинен: |
|
|
Баткен облусу | 8516,4 | - |
Жалал-Абад облусу | 59512,1 | 102,8 |
Ысык-Көл облусу | 1150,4 | 1,2 |
Нарын облусу | 434,8 | 38,9 |
Ош облусу | 29398,1 | 40,0 эсе |
Талас облусу | 11339,0 | 33,3 |
Чүй облусу | 29570,6 | 34,4 |
Бишкек шаары | 416128,5 | 70,7 |
Ош шаары | 691,2 | 17,3 |
(*) Каражаттын кетишин эсепке албастан
3. Региондор боюнча социалдык көрсөткүчтөр
Жумушсуздук. Жалал-Абад облусунда расмий катталган жумушсуз жарандардын саны 4 миң адамга кыскаруусу облуста 10 ишкана кайрадан иштеп баштагандыгы менен шартталган. Мисалы: «БА Таш иштетүүчү завод» ЖЧК (таш иштетүү); «Возрождение» ЖЧК (тигүү фабрикасы); «Курулуш-Жар» ЖЧК (бышкан кыш чыгаруу) ж.б. Ошондой эле жумушсуздардын санынын кыскарышына Камбарата ГЭС-2 ири масштабдагы курулушу өбөлгө түзгөн.
Жумуш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында каттоодо турган иш караган жумушсуздардын саны 2010-жылдын 1-январына карата 2009-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 4,7 процентке азайган, ал эми жумушсуздардын саны - 8,6 процентке. 2010-жылдын 1-январына карата каттоого алынган жумушсуздардын саны экономикалык активдүү калкынан 2,6 процентти түзгөн.
№ 30 таблица
№
| Региондордун аталышы
| 2008-жылы Факт | 2009-жылы Факт | Айырма
|
1 | Баткен облусу | 5,5 | 5,9 | -0,4 |
2 | Жалал-Абад облусу | 18,7 | 14,7 | 4 |
3 | Ысык-Көл облусу | 4,9 | 4,6 | 0,3 |
4 | Нарын облусу | 6,9 | 6,7 | 0,2 |
5 | Ош облусу | 13,7 | 13,1 | 0,6 |
6 | Талас облусу | 2,1 | 2,1 | 0 |
7 | Чүй облусу | 7,1 | 6,6 | 0,5 |
8 | Бишкек шаары | 6,3 | 6,3 | 0 |
9 | Ош шаары | 2,0 | 1,4 | 0,6 |
10 | Республика боюнча | 67,2 | 61,4 | 5,8 |
Республика боюнча бир жумушчуга 2009-жылы орто айлык эмгек акы 6253 сом түзүп, 2008-жылга салыштырмалуу 15,3%ке көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген валютанын расмий курсуна жараша 2009-жылдын январь-ноябрындагы орто айлык эмгек акы 145,8 АКШ долларын түзгөн.
Өткөн жылдын ичинде орто айлык эмгек акы өсүү темпинин басаңдашы жалпы республика, ошондой эле анын региондору боюнча дагы байкалган.
Жалпысынан орто айлык эмгек акынын өлчөмү региондор боюнча ар түрдүү боюнча калууда. Орто айлык эмгек акынын төмөн өлчөмү Ош (3265 сом), Талас (4127 сом) жана Ысык-Көл (4264 сом) облустарында байкалган.
2009-жылы жашоо минимумунун орто жылдык өлчөмү 3263,22 сом түзүп жана 2008-жылга салыштырмалуу 1,9%ке көбөйгөн.
Орто айлык эмгек акынын жашоо минимумуна болгон катышынын көрсөткүчү жашоо сапатын мүнөздөйт, ошентип орто айлык эмгек акынын өлчөмү Бишкек шаарында эң жогору болуп 9111 сомду түзгөн.
Орто айлык эмгек акынын жашоо минимумуна болгон катышы Ошто - 0,9, Ысык-Көлдө - 1,2 жана Баткен - 1,4 облустарында республикалык деңгээлден - 1,7 төмөнүрөөк болгон. Калган региондордо көрсөткүчтөр 1,5тен 1,6га чейинки чектеринде, Бишкек шаарынан тышкары - 2,4 деңгээлдеги катыш.
Кедейчилик деңгээли. 2008-жылы кедейчиликтин республикалык деңгээли 31,7% түзүп, андан төмөн Баткен (20,7%), Чүй облустары (15,8%), Бишкек (15,2%) жана Ош (24,6%) шаарлары, Ысык-Көл (52,2%), Талас (43%), Нарын (42,7), Жалал-Абад (40,1%), Ош (37,5%) облустарына салыштырмалуу кедейчилик деңгээли орто республикалык мааниден жогору.
2008-жылдын жыйынтыктары боюнча керектөөчү бааларынын орто жылдык индексинин (КБИ деңгээлинен жогору болуп шартталган кедейчилик чегин кайра эсептөө жүргүзүлгөн. 2008-жылы жалпы кедейчиликтин чегинин нарктык чоңдугу жан башына 1 айга 1526,9 сом түзгөн, чектик - 975,8 сом. Орто жылдык КБИ 2008-жылы 124,5% түзгөн (мезгилден мезгилге) жана 2000-2008-жылдар мезгили үчүн кыйла көп мааниге ээ болгон. КБИнин өсүшү 2008-жылы 32,3% деңгээлинде түзүлгөн азык-түлүк товарларына керектөөчү бааларынын индексинин өсүшү менен шартталган.
2008-жылы кедейчилик чегинен сыртта Кыргыз Республикасынын калкынын 31,7 проценти жашап келген.
Өлкөнүн региондору боюнча кедейчиликтин жайылтылышы тең эмес. 2008-жылы кедейчиликтин деңгээлинин төмөндөшү республиканын бардык региондорунда болгон эмес. Калктын жашоо-турмушунун жакшыртылышындагы кыйла позитивдүү жылыштар Баткен облусунда байкалган, анда кедейчиликтин деңгээли 19,7 проценттик пунктка азайган, Жалал-Абад облусунда 13,0, Ошто - 9,1 жана Нарын облустарында - 2,5 проценттик пунктка азайган.
Ушуну менен бирге Ысык-Көл облусунда 13,7 проценттик пункт, Бишкек шаарында - 10,2, Талас облусунда - 7,7 жана Чүй облусунда - 0,8 проценттик пунктка кедейчилик деңгээлинин өсүүсү байкалган.
2008-жылы калктын номиналдуу акчалай кирешелеринин өсүшү республиканын бардык региондорунда байкалган. Олуттуу айырмалар республиканын региондору боюнча калктын кирешелеринде байкалган. Калктын орто жандык акча кирешелеринин көрсөткүчү орто республикалыктан жогору болуп Чүйдө (2311,1 сом), Жалал-Абадда (2053,3 сом), Баткенде (2111,8 сом) жана Бишкек шаарында (2364,9 сом) байкалган. Орто республикалык деңгээлге Ош облусунун (1989,8 сом) калкынын кирешелери жакындаган, бирок Ысык-Көлдө (1545,6 сом), Нарында (1464,5 сом) жана Таласта (1400,1 сом) алар кыйла төмөн.
Ушуну менен бирге Ысык-Көл жана Чүй облустарында акча кирешелеринин реалдуу өсүшү белгиленген. Талас облусунда акча кирешелеринин реалдуу өсүшү 2,5%ти түзгөн.
Жаңы түзүлгөн жумушчу орундар түзүлгөндүгү менен катары жоюлган жумушчу орундарынын саны көбөйгөндүгү байкалган. Жумуштан бошоп, жаңы ишке орношуу убактысынан тартып эреже катары белгиленген бир мезгил өтүп жаан ушул мезгилде көпчүлүк үй-бүлөлөр материалдык кыйынчылыктарды тартышат. 2008-жылы жаңы түзүлгөн жумушчу орундары берген натыйжа 21,5%ке жогору болушу мүмкүн болчу, бирок ал жумушчу орундарынын жоюлушу менен жетишилген эмес. Жаңы түзүлгөн жумушчу орундарынан кыйла аз натыйжа Ысык-Көл облусунда белгиленип, 24,6% жана 2008-жылы 59,5%, Чүй облусунда - 77,5 жана 52,1% жана Бишкек шаарында - 72,1 жана 72,5% тиешелүү түрдө түзгөн. Түзүлгөн кырдаал ушул региондордо кедейчиликтин деңгээлинин өсүшүндө чагылдырылган.
2009-жылы мамлекеттик региондук саясатты өркүндөтүү процесси башталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы токтому менен Мамлекеттик региондук саясат концепциясы бекитилген. Бул концепциянын алкагында экономикалык потенциалды натыйжалуу уюштуруу, рыноктук экономиканын шартында аймактарды экономикалык жактан уюштурууну калыптандыруу үчүн нормативдик-укуктук жана методологиялык базаны түзүү үчүн өбөлгөлөр түзүлгөн. Концепцияны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы иштелип чыккан жана бекитилген, анын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги тарабынан туруктуу негизде аткарылууда.
Республикалык маанидеги облустардын жана шаарлардын 2011-жылга чейин өнүктүрүү стратегиялары бекитилген, анда колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында келечектеги көйгөйлөрү жана андан ары өнүгүү максаттары аныкталган.
Бир катар ири өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү камсыздалган, атап айтканда Түштүк-Кыргыз цемент заводу, Камбар-Ата ГЭСинин ж.б. курулушу аяктоодо.
5. Бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу жана
Конституция менен мыйзамдарды аткаруу боюнча ишти уюштуруу
Бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу жана Конституция менен мыйзамдарды аткаруу боюнча ишти уюштуруу максатында 2009-жыл үчүн нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү алкагында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген 2110 нормативдик укуктук актылар иштелген жана кабыл алынган, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы - 1;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары - 319;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары - 613;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору - 136;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору - 833;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору - 9;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору - 3;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - 74;
- Ведомстволук нормативдик укуктук актылар - 81;
- Мамадминистрациялардын жана ЖӨБО нормативдик укуктук актылары 123 (Бишкек шаары боюнча - 30; Ош шаары боюнча - 8; Чүй облусу - 30; Ош облусу - 3; Жалал-Абад облусу - 19; Баткен облусу - 9, Ысык-Көл облусу - 17; Нарын облусу - 3; Талас облусу - 4).
2009-жыл үчүн нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү алкагында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 40 мыйзам долбоор киргизген, алар боюнча жооптуу өкүл Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги чыккан. Отчеттук мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 13 каршылыгы корголгон.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы 513-б буйругун ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер менен бирдикте төмөнкү кодекстердин жоболорун өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору иштеп чыгарылган:
- Жарандык кодекс;
- Жарандык процесстик кодекс;
- Шайлоо жөнүндө кодекс;
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс;
- Үй-бүлөлүк кодекс.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 60 токтому менен бекитилген 2009-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу максатында нотариалдык иштерди өркүндөтүүгө багытталган "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштеп чыгарылган.
Адвокатура институтун өркүндөтүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу алкагында адилеттүү сот өкүмүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 661 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иштер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун алкагында төмөнкүдөй долбоорлор иштелип чыккан:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо- 81978} ну бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- "Коммерциялык юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) берилүүчү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө алардын аталышына Кыргыз Республикасынын атын көрсөтүп жазуунун тартибине байланышкан маселелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-августундагы № 574 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- "Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-июнундагы № 316 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
Иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлордун сапатын жогорулатуу, мыйзам чыгаруу процессин жакшыртуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 60 токтомунун 4-пунктуна ылайык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар квартал сайын өткөрүлүп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин жаңы жоболорун мамлекеттик органдарга түшүндүрүү боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлүп келген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Европа Союзунун жана ПРООНдун парламенттик долбоорунун колдоосунда иштеп чыккан 2009-жылдын 20-майында "Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлоо иши" аттуу темасына Тегерек столдор өткөрүлгөн жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, ошондой эле бардык мамлекеттик органдарынын статс-катчылары катышкан, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин жоболорун өркүндөтүүгө багытталган Өкмөттүн чечим долбоору даярдалган. Бул чечим долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтому менен кабыл алынган.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борбордун потенциалын күчөтүү максатында, иштердин көлөмү чоң болгондуктан жана ишке ашырылуучу милдеттердин спектри кеңейгендиктен Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борбордун штаттык саны 8ден 12ге чейин көбөйтүлгөн. Мындан тышкары, ченемдик укуктук актыларына экспертиза жүргүзүүнүн сапатын үчүн кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун алкагында Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борбордун кызматкерлери үчүн мезгил сайын экспертизанын адистештирилген түрлөрүн өткөрүү ыкмасына үйрөтүү боюнча семинарлар өткөрүлгөн.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизадан өтүшү керек экендигин белгилеген "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР Мыйзамын ишке ашырууда, экспертизалоо институтун институтташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүүдө экологиялык экспертиза жүргүзүү милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине, ал эми укуктук, укук коргоочу жана гендердик экспертиза жүргүзүү милдетин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 Жарлыгы менен коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлгөн.
Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү.
6. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана
жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү
6.1. Мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү
2009-жылы "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы № 312 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоонун методикасы иштеп чыгарылган. Бул методикага ылайык аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугу өнүктүрүү планынын сапаты, иштин натыйжасы жана башкаруу системасынын сапаты боюнча бааланат. Аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоонун максаты ыйгарым укуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коюлган максаттарга жана мамлекеттик саясаттын милдеттерине жетүү үчүн анын иштерин жакшыртуу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Аткаруу бийлигинин органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоонун методикасын ишке киргизүү боюнча окутуу семинарын өткөргөн, ага 40 министрлик жана ведомстводон 167 адам катышкан. Бекитилген методикага ылайык аткаруу бийлигинин органдарын ички баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду баалоо боюнча материалдарды жалпылоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ведомстволор аралык комиссиянын 7 жыйыны өткөрүлгөн, аларда аткаруу бийлигинин органдарынын отчетторуна эксперттик корутундулар каралган, аткаруу бийлигинин органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча жыйынтык чыгарылган. Баалоонун жыйынтыктары боюнча Ведомстволор аралык комиссия аналитикалык кат даярдаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисине көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2009-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти койгон милдеттерди аткаруу боюнча республикада мамлекеттик башкаруунун биринчи этабы башталган. Бул биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун жогорку деңгээлинде чечим кабыл алууда коомчулуктун реалдуу жана натыйжалуу катышуусун камсыздоого багытталган Президенттин Администрациясын реформалоо болуп эсептелет.
Администрациялык реформа жүргүзүүнүн алкагында Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилген, ага 14 министрлик, 7 мамлекеттик агенттик, 6 мамлекеттик кызмат жана 2 фонд кирген. Бардык мамлекеттик комитеттер жоюлган.
Чечимдерди кабыл алууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президиуму түзүлгөн, ал чечимдерди кабыл алуу тездетүүгө, оперативдүү тартипте учурдагы кечиктирилгис маселелерди чечүүгө жөндөм түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн реформалоонун бирден бир кадамы Өкмөттүн Аппаратынын жаңы түзүмүн кайра уюштуруу жана бекитүү болуп эсептелет, ал аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоочу орган катары түзүлгөн. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү иш уюштуруунун тармактык эмес функциялык принциби боюнча калыптанган. Өкмөттүн Аппаратынын иш багыты үч блокко бөлүнгөн: чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процессин камсыздоо, аткаруу бийлигинин органдары менен байланышты уюштуруу, администрациялык реформаларды ишке ашыруу. Ишти уюштуруунун функциялык мамилеси Аппараттын санын 156 адамдан 115ке чейин же 26,3%ке кыскартууга жөндөм түзгөн.
Жүргүзүлгөн реформалардын алкагында Өкмөттүн Аппараты республиканын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жоболорун иштеп чыгууну уюштурган. Натыйжада аткаруу бийлигинин 29 мамлекеттик органынын ишин жөнгө салуучу жоболордо чагылдырылган милдеттери, функциялары жана укуктары иштелип чыккан жана такталган. Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык министрликтер менен ведомстволордун ортосунда функцияларды бөлүштүрүү боюнча горизонталдык жана функционалдык талдоо жүргүзүлгөн. Чектеш же болбосо талаш функциялары бар министрликтердин жана ведомстволордун жоболоруна экспертиза жүргүзүлгөн, функциялардын кайталанышына жол берилген эмес.
2009-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Мамлекеттик органдарынын милдеттерин жана функцияларын талдоонун негизинде мамлекеттик башкаруу органдарындагы кайталоочу жана ашыкча функцияларды жоюуга байланыштуу аппараттын санын кыскартуу каралган түзүмдөрүнүн жана штаттык санынын долбоорлору иштеп чыгарылган. Ведомстволор аралык комиссия 44 мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн долбоорлорун карашкан.
Жалпысынан иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарынын штаттык саны 37217 адамдан 35009га чейин же болбосо 2208 штаттык бирдикке кыскарган, ал эми каражаттарды үнөмдөө 240 млн. сомго жакын түзгөн.
Адистерди кесиптик даярдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Окутуу, квалификацияны жогорулатуу курстарына, тренингдерге борбордук жана аймактык деңгээлдеги 4218 мамлекеттик кызматкер катышкан. Мамлекеттик органдарынын 413 адиси чет өлкөдө окушкан.
КР Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунун жана анын филиалдарынын базасында 256 мамлекеттик органда 2041 бош администрациялык мамлекеттик кызмат орунду ээлөөгө 4387 талапкер сыноодон өткөрүлдү, анын ичинде: Бишкек ш. - 1441 вакансияга 3055, Ош. Ш. - 426 вакансияга 876, Балыкчы ш. - 90 вакансияга 222, Каракол ш. - 57 вакансияга 120, Нарын ш. - 26 вакансияга - 114. 60 мамлекеттик органда конкурс өткөрүлгөндө негизги жана предметтик тесттер боюнча сыноодон 1072 талапкер өткөрүлдү. Ошондой эле 23 мамлекеттик органда аттестациялоо процедурасын өткөргөндө 389 адамга, жана 36 мамлекеттик органда квалификациялык экзамен өткөргөндө 244 адам сыноодон өттү.
Мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо системалуу негизде жүргүзүлдү, жыл ичинде аттестациялоо процедурасынан мамлекеттик башкаруу органдарынын 1062 кызматкери өткөрүлдү. Аттестациянын жана квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча 769 администрациялык мамлекеттик кызматчыга класстык чиндер ыйгарылды.
Министрликтердин жана ведомстволордун борбордук органдарында 1100 аял (42,5 процент) иштейт, министрликтерде башкармалыктын, бөлүмдүн, сектордун начальниктеринин саны 573 болсо, 167син (29 процентин) аялдар башкарат. Министрлердин арасында 1 аял бар, алардын орун басарларынын 7өө аялдар.
6.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү
Колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамына карама-каршылыктарды аныктоо үчүн "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" улуттук стратегиясынын Иш-чаралар планына ылайык мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерине тийиштүү нормативдик укуктук актылар талданды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу укуктук базасын камсыздоо боюнча, анын ичинде финансылык децентралдаштырууну ишке ашыруу, муниципалдык кызматты түзүү жана өнүктүрүү боюнча, мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты жана Децентралдаштыруу боюнча координациялык кеңешке сунуштар киргизилди. Талданган нормативдик укуктук актылардын саны 26 болду, анын ичинен Мыйзамдар - 19 жана Кодекстер - 7.
Ошондой эле КР Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгына жана КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 11-1614 тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык башкаруусун реформалоонун II этабын ишке ашыруу боюнча чаралардын комплекси аткарылды.
Учурда республика боюнча муниципалдык кызматчылардын саны 8906 муниципалдык кызматчыны түзөт. Натыйжада, 2009-жылдын апрель-май айларында жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча 2209 муниципалдык кызматчыга тийиштүү класстык чиндер ыйгарылды.
Кабыл алынган жаңы Салык кодексин эске алуу менен 2009-жылы айыл округдарынын башчылары жана финансы-экономика бөлүмдөрүнүн начальниктери жана салык инспекторлору үчүн кыймылсыз мүлккө салык салуу боюнча окутуучу семинарлар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мөөнөтү бүткөнүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 25-февралындагы № 132, 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 208 жана 2009-жылдын 28-августундагы № 331 жарлыктарына ылайык 2009-жылы 65 администрациялык-аймактык бирдикте Кыргыз Республикасынын айыл округдарынын, поселокторунун жана райондук маанидеги шаарларынын башчылары шайланды, анын ичинде 63 айыл округда, поселокто жана райондук маанидеги 2 шаарда шайлоолор өткөрүлдү. 65 айыл округда, поселокто жана райондук маанидеги шаарларда башчылары экинчи жолу шайланышты.
Муниципалдык менчикти башкарууну тийиштүү тартипке салуу максатында КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 580 "Муниципалдык менчик объекттерине инвентаризациялоо жүргүзүү жана мамлекеттик каттоону аяктоо жөнүндө" токтомуна ылайык, жаңы курулган жана башка жолдор менен алынган объекттерди эске алуу менен алардын мамлекеттик каттоого алынганын жана Муниципалдык менчиктин бирдиктүү республикалык информациялык базасы түзүлгөнүн аныктоо үчүн муниципалдык объекттер боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо жумушу жүргүзүлдү. Муниципалдык менчик объекттерине жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча берилген маалыматтардын анализинен, 1.01.2010-ж. карата КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында 8844 объект бар экени, анын ичинен 1997-2009-жылдарда 5442 объект Өкмөттүн тийиштүү токтомдору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик менчиктен өткөрүп берилгени, 3392 объект жаңы ишке киргизилгени жана башка жолдор менен алынганы аныкталды. Мында, муниципалдык менчикке өткөрүп берилчү объекттердин катарына жок 340 объект, мамлекеттик эмес субъекттердин (акционердик коомдордун, дыйкан чарбалардын ж.б.) менчигинде турган 358 объект туура эмес киргизилгени белгилүү болду. КРӨ токтому менен муниципалдык менчикке өткөрүлгөн, бирок министрликтердин жана ведомстволордун аймактык подразделениелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү актылар менен өткөрүп беришпеген 111 объект аныкталды. 163 объект КРӨ токтомдору менен муниципалдык менчиктин тизмесинен чыгарылган, 742си - менчиктештирилген, 268и - эскирип жана бузула баштагандыктан жок кылынган. Азыр муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик каттоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды топтоо, анализдөө жана жалпылоо боюнча иш улантылып жатат.
Секторлор аралык өз ара байланышта иштешүүнү күчөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу жолу менен элдин саламаттыгынын абалын жакшыртуу үчүн ден соолук комитеттери түзүлдү жана тийиштүү бөлмө-жайлар бөлүп берилди.
Бүгүнкү күндө республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен 1849 айылдын ичинен 1059 айылда 1083 айылдык ден соолук комитеттери түзүлдү, алар 2,109 айылдык калкты камтыйт, үй чарбаларды камтуу проценти айылдык калктын 89%ин түзөт.
7. Өкмөттүн өлкөнүн коопсуздугун жана коргонуу
жөндөмүн камсыздоо боюнча чаралары
7.1. Коргонууга жөндөмдүүлүктү чыңдоо
Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы 2009-жылдын январында бекиткен Оперативдүү-стратегиялык пландоо документтеринин (КК колдонуунун 2009-2010-жж. карата планы жана Кыргыз Республикасынын Аймакты коргоо планы) негизинде Коргоо министрлиги Республиканын согуштук коопсуздугун камсыздоонун 2009-жылга карата планын иштеп чыгып жана кабыл алган.
Андан тышкары Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабы:
- Куралдуу Күчтөрдү колдонуу планын аткарууга тартылчу министрликтер жана ведомстволор менен ишти уюштуруп, анын натыйжасында алардын өздүк пландары (чечимдери) иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы бекитти;
- Республиканын согуштук коопсуздугун камсыздоонун 2009-жылга карата планындагы документтердин комплектисин иштеп чыкты жана аны ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүздү.
Башка пландык маселелер менен кошо өлкөнүн согуштук коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги иш-чаралар аткарылды, алардын негизгилери:
- өлкөнүн согуштук коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга арналган аскерлердин согуштук нөөмөттү аткаруусу жана аларды колдоо үчүн түштүк региондо (Ош ш.) Коргоо министрлигинин Аскер-аба базасынын авиациялык тобу кармалууда;
- мамлекеттик чек аранын бузулушун алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле курал, ок-дары, жарылгыч заттар жана наркотик каражаттар катылышы мүмкүн болгон жерлерди издөө максатында Түштүктөгү аскерлер тобунун жана Коргоо министрлигинин атайын арналыштагы бөлүктөрүнүн күчү менен Мамлекеттик чек ара кызматы менен өз ара байланышта иштешүү боюнча 2009-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин биргелешкен чалгындоо-издөө иштери жүргүзүлүп, ага түштүк региондун беш операциялык багытында 1100дөн ашык адам тартылды. Чалгындоо-издөө аракеттеринин коюлган максаттарына жетишилди;
- 2009-жылдын июлунда чектеш мамлекеттин согуштук авиациясы Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиктерин бир нече жолу бузгандыгына байланыштуу Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн нөөмөттүк сменаларын күчтөндүрүү, өлкөбүздүн жана чектеш мамлекеттин тийиштүү органдарына кабарлоо, радиолокациялык балааны күчтөндүрүү жана эрежени бузган самолетторду коштоо боюнча кечиктирилгис жана тийиштүү чараларды көрдү;
- чек аранын жанындагы абалды мониторингдөө жана абал татаалдашса тез чара көрүү максатында Коргоо министрлиги Мамлекеттик чек ара кызматы менен өз ара байланышта иштөөнү уюштуруп, тийиштүү органдарга бул ишке УКМКнын, ИИМдин региондук структуралары жана республиканын түштүк регионундагы облустук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү тартылаары жөнүндө кабарланды.
Коргонуу тармагындагы нормативдик укуктук актыларды Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүгө ылайык өркүндөтүү максатында иш жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө коргонуу маселелерин жөнгө салуучу, Куралдуу Күчтөр жөнүндө, согуштук абал жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик кызмат өтөөсү жөнүндө негизги мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары кабыл алынды.
Башкаруу органдарынын жана аскерлердин 2009-жылы өлкөнүн согуштук коопсуздугун камсыздоодогу негизги операциялык милдеттерди аткаруу боюнча билимдерин, маштыктарын жана дасыккандыгын өркүндөтүү максатында бир топ даярдыктар, машыгуулар жана операциялар болду, алардын негизгилери:
- Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдиктеги "КООПСУЗДУК-2009" командалык-штабдык машыгуу;
- Коргоо министрлигинин оперативдик тобу жана тоодогу аткычтар подразделениелери чек ара аркылуу куралдар, ок-дарылар, наркотик каражаттар жана мыйзамсыз мигранттар өтүшүн болтурбоого арналган "ДОБРАЯ ВОЛЯ-2009" жана "МЕКЕН ЧЕГИ-2009" деген атайын биргелешкен чек аралык операцияларга катышышты;
- Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Афганистандын, Пакистандын жана АКШнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен "РЕГИОНДОГУ КЫЗМАТТАШУУ-2009" деп аталган көп улуттуу командалык-штабдык машыгууга катышты;
- Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу жана атайын арналыштагы подразделениелери ОДКБнын Тез чара көрүүчү коллективдүү күчтөрү (КСОР) менен Казакстан Республикасынын аймагында болгон "ВЗАИМОДЕЙСТВИЕ-2009" деп аталган биргелешкен комплекстүү машыгууга катышты.
2009-жылдын 1-мартынан баштап КР Президентинин 2009-жылдын 25-февралындагы № 133 Жарлыгына ылайык Коргоо министрлигинде кызмат өтөгөндүк үчүн кошумча белгиленди жана акчалай маяна орто эсеп менен 1,6дан 3,0 эсеге чейин көбөйдү, мында мөөнөттөн ашык кызматтагы аскер кызматчылардын акчалай маянасы 3 эсеге чейин көбөйдү.
КР Президентинин аскер кызматчылардын акчалай маянасы жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө боюнча жарлыктарына ылайык 2009-жылдын 1-январынан жана 1-апрелинен баштап Коргоо министрлигинин жетектөөчү звеносунун жана мамлекеттик кызматчыларынын акчалай маяналары көбөйтүлдү, андан тышкары учкучтук иштин кызматтык маянасына 100% кошумча киргизүү менен учкучтук курамдын (жарандык персоналдын) эмгек акысы көбөйтүлдү.
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияны эл аралык рынокко натыйжалуу чыгаруу, Куралдуу Күчтөрдү жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик кошуундарын аскердик-техникалык мүлк жана жабдыктар менен камсыздоо үчүн импорттук жана мамлекет ичиндеги сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.07.2009-ж. токтому менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдында "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы түзүлдү.
КРӨ 19.09.2009-ж. № 600 токтому менен аскердик шаарчаларды жана аскердик инфраструктура объекттерин куруу (ремонттоо) максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдында "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлдү.
Президенттин 17.03.2009-ж. № 162 Жарлыгы менен коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин сандык чеги белгиленди. Мында генералдардын - 4, офицерлердин - 183, прапорщиктердин - 638 штаттык категориялары кыскартылды.
Коргоо министрлигин реформалоонун алкагында Коргоо министрлигинин бир топ башкаруу органдарында өзгөртүүлөр болду жана структуралык подразделениелери жоюлду (бири-бирин кайталаган жана майнапсыз структуралар), анын эсебинен республиканын түштүгүндөгү аскерлер тобу көбөйтүлдү, анын ичинде Баткен облусунун Бужум к.к. туруктуу жайгашкан өзүнчө тоодогу аткычтар батальону түзүлдү жана аскердик шаарча капиталдык курулду. Түштүк региондо жайгаштырылган аскердик бөлүктөрдүн подразделениелердин жалпы адам саны көбөйтүлдү жана кошумча күчтөрдү жана каражаттарды жайгаштыруу үчүн Дароот-Коргон, Исфана, Көк-Жаңгак калктуу конуштарында аскердик шаарчаларды курууга даярдык башталды.
Куралдуу Күчтөрдү комплектилөө системасы кайра каралды. Азыркы учурда комплектилөө аралаш принцип боюнча жүргүзүлөт: чакыруу боюнча мөөнөттүү кызмат, контракт боюнча кызмат жана альтернативдүү кызмат. Аскердик кызматтын жаңы түрү - чакырылчу мобилизациялык резервде кызмат өтөө киргизилди.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, КР Президентинин 18.02.2009-ж. № 114 Жарлыгынын, КРӨ 2.04.2009-ж. № 210 токтомунун негизинде жана коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында 2009-ж. 1-январынан баштап жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жана жарандарды чакырылчу мобилизациялык резервге алуу башталды, ошондой эле Чакырылчу мобилизациялык резервге чакыруунун жана кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо жана Чакырылчу мобилизациялык резервди даярдоо программасы колдонууга киргизилди (КРӨ 13.04.2009-ж. № 227 токтому). Андан тышкары, Куралдуу Күчтөрдү контракттык кызматтын аскер кызматчылары менен комплектилөө системасына пландуу өтүү ишке ашырылууда.
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайын Ош ш. жайгаштыруу үчүн орун аныкталды, казарма-турак фондду жана инфраструктура обьекттерин даярдоо боюнча курулуш-ремонт жумуштары жүргүзүлдү. 2009-ж. 1-сентябрынан баштап биринчи курстагы курсанттарды окутуу Ош ш. жаңы базада башталды. Андан тышкары, Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайын КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтуна айлантуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Радиолокациялык талаанын касиеттерин жакшыртуу жана абадагы душманды табуу боюнча мүмкүндүктөрдү жогорулатуу максатында Куралдуу Күчтөрдүн өзүнчө радиотехникалык батальону Ош ш. Мырза-Аке к.к. позицияга которулду. Аскерлерди ооруктук жана техникалык камсыздоо системасын өркүндөтүү максатында ооруктук камсыздоо базалары (Ош ш.); ооруктук жана техникалык камсыздоо бөлүмү (Бужум к.к.) түзүлдү.
Мамлекеттик чек ара кызматы министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте төмөнкүлөргө катышты:
- 2009-ж. 1-2-апрелинде "Газпром Нефть-Бишкек Антитеррор-2009" (КР Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен);
- 2009-ж. 24-25-апрелинде "Коопсуздук-2009" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга (КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен).
2009-ж. Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык органдары КР УКМК, ИИМ, МБК менен бирдикте жүргүзүшкөн оперативдүү-издөө иштеринин натыйжасында:
- 38,5 кг героин жана 60 кг апийим наркотик каражаттар;
- жалпы суммасы 2,9 млн. сом болгон 16 контрабанда фактысы аныкталды жана алып коюлду.
Республиканын жана Тажикстан Республикасынын чек ара структураларынын биргелешкен жана макулдашылган аракеттерин 2009-жылдын 14-октябрынан 22-октябрына чейинки мезгилде куралданган кылмыштуу топту жок кылууга мүмкүндүк берди.
Эл аралык уюмдар менен биргелешкен иштин натыйжасында отчеттук мезгилде "Чалдыбар" өткөрүү пункту, 11 өткөрүү пунктунда чек аралык модулдар ("Ынтымак", "Баймак", "Сейдиум", "Палман", "Кадамжай", "Кайтпас", "Чоң-Капка", "Кичи-Капка", "Күркүрөө", "Камышановка", "Каркыра") эксплуатацияга киргизилди. Бюджеттен тышкаркы каржылоонун эсебинен "Кайыңды" чек аралык контроль бөлүмүнүн куралдануусуна темир жол белеттерин алышкан адамдар жөнүндө алдын ала электрондук маалымдоонун автоматташтырылган системасы берилди, бул оперативдик каттоодо жүрүшкөн адамдарды мурдатан аныктоого мүмкүндүк берет (32 адам кармалды). КЭР менен эл аралык кызматташуу линиясы боюнча "Иркештам-автожол" өткөрүү пунктунун капиталдык курулушу бүткөрүлдү.
КР Президентинин 22.06.2009-ж. № 317 Жарлыгына ылайык Жалал-Абад облусунун Ала-Бука а. "Ала-Бука" чек ара заставасынын базасында Ала-Бука чек ара отряды түзүлдү.
7.2. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш
2009-жылы республиканын аймагында оперативдүү абалга таасир этүүчү бир топ коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык окуялар болду.
КР Ички иштер министрлиги укук бузуулардын алдын алуу, токтотуу, алардын жасалышына шарт түзүүчү себептерди жана жагдайларды жоюу, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нормативдик укуктук, бөлүштүрүүчү жана уюштуруучу-методикалык чараларды иштеп чыгууну өркүндөтүү жагында бир топ чараларды көрдү.
Отчеттук мезгилде республиканын аймагында бардык укук коргоо органдарында 29715 кылмыш катталган, бул 2008-жылга салыштырганда 0,6%ке көп. Катталган кылмыштардын көбөйүшү Бишкек ш. аймагында (10287ден 10923кө чейин), ошондой эле Ош (2245тен 2417ге чейин), Жалал-Абад (2922ден 3104кө чейин), Баткен (750дөн 818ге чейин) облустарынын аймактарында байкалууда. Кылмыш жасаганы үчүн бардыгы 15873 адам аныкталган. Алардын ичинен 15516 адам кылмыштык жоопкерчиликке тартылган. Туруктуу киреше булагы жок, кылмыштык жоопкерчиликке тартылган адамдардын салыштырма салмагы жогору - 77,5%.
ИИМдин Информация-аналитика борборунун статистикалык маалыматы боюнча 2008-жылга салыштырганда 2009-жылы республиканын ички иштер органдарында наркотиктик кылмыштарды аныктоо фактылары 16 га көп. Ошону менен бирге эле, аныкталган наркокылмыштардын азайышы ИИМдин Транспорттогу ИИБда (102ден 71ге чейин, - 30,3%), Бишкек ш. ИИБда - (384төн 335ке чейин, - 12,7%) белгиленди. Ош облусунун ИИБда (112 жана 112), Жалал-Абад облусунун ИИБда (182М82) бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын деңгээлинде.
ИИБнын коррупцияга каршы күрөш боюнча подразделениелери 2009-жылы коррупциялык багыттагы 770 кылмышты аныкташкан. Ошону менен бирге эле, паракорлук фактылары азайганы (-7) жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары азайганы (-15) байкалат. Коррупциялык кылмыштарды аныктоонун азайышы Ош ш. (50дөн 12ге), Ысык-Көл облусунда (69дан 46га чейин), Нарын (62ден 50гө чейин), Ош (105тен 45ке чейин), Баткен облустарында (35тен 45ке чейин) белгиленди.
2009-жылы республиканын ИИБнын 9-бөлүмдөрү диний экстремизмди жайылтуунун 79 фактысын аныкташып, алар боюнча кылмыш иштери козголгон. Анын ичинде Бишкек ш. боюнча - 10, Ош ш. - 7, Чүй облусу - 7, Ысык-Көл облусу - 9, Таласта - 4, Ошто - 19, Жалал-Абадда - 18, Баткенде - 1, Нарында - 0 жана 9-бөлүмдө - 4 факты аныкталган. Жалпы республикада экстремисттик жана террористтик уюмдардын 1458 тарапкери оперативдик каттоодо турат, анын ичинде 1209 адам түштүк региондордо.
2009-жылы республиканын автожолдорунда жана көчөлөрүндө 4248 жол-транспорт окуясы болуп, аларда 1005 адам өлгөн жана 5680 адам денесине жаракат алышкан. Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү алдын алуучу жана профилактикалык иштердин комплексинин натыйжасында ЖТК жалпы саны - 6,4% азайганы байкалат, мында курман болгондордун саны - 11,6% азайган жана жаракат алгандардын саны - 4,1 %ке азайган. Ош шаарынын аймагындагы иштин абалы айрыкча тынчсыздандырат, ал жакта ЖТК саны 8,1% азайып, денесине жаракат алгандардын саны 8,7% азайганы менен курман болгондордун саны 22,5% көбөйгөн. Талас облусунда ЖТК саны 13%ке, курман болгондордун саны 23,5%е өскөн. Баткен облусунда ЖТК жалпы саны да, жарадар болгондордун саны да азайган, курман болгондордун саны 23,5% көбөйгөн. Жалал-Абад облусунда ЖТК жана курман болгондордун саны азайганы менен жарадар болгондордун саны 7,4% көбөйгөн. Бишкек ш. аймагында курман болгондордун саны 0,9%ке өскөн.
1.01.2010-ж. карата түзөтүү жайларындагы жана тергөө изоляторлорундагы соттолгондордун саны 8227 адамды түздү (01.01.2009-ж. карата 7932, 01.01.2008-ж. - 9890). Отчеттук мезгил ичинде мекемелерди оперативдүү абалды көзөмөлдөө, камактагылар тарабынан жапырт терс көрүнүштөрдү болтурбоо, соттолгон айрым терс маанайдагы лидерлердин камактагылардын жалпы массасына тетири таасирин азайтуу жана компетенттүү органдар менен өз ара байланышта иштешүү боюнча чоң иш жасалды. Мекемелердин аймактарына наркотик каражаттардын кирүү каналдарын жабуу боюнча иш активдештирилди. Натыйжада камактагылар тарабынан оперативдүү абалды бузууга багытталган массалык терс көрүнүштөргө жана диний экстремизмдин фактыларына жол берилген жок. Режимдик мекемелердеги оперативдик абал тынч жана контролдо. ГУИН мекемелеринде оперативдик-профилактикалык мүнөздө өз убагында көрүлгөн чаралар менен 495 кылмыш болтурулган жок (2008-ж. - 546).
7.3. Жаратылышты коргоо иши
Өкмөт өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында жаратылышты коргоо стратегиясын жана саясатын иштеп чыгуу, жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү жагында иш жүргүздү, айлана-чөйрөнүн абалына мамлекеттик экологиялык контроль жана мониторинг жүргүзүлдү, мамлекеттик экологиялык экспертиза жасалды.
Атмосфералык абанын, суу жана жер ресурстардын, биологиялык түрлөрдүн ресурстарынын жана токой экосистемаларынын корулушун мамлекеттик экологиялык контролдоо максатында 2009-жылы 6250 текшерүү жүргүзүлдү (2008-жылга карата 20%). 746 проба алынып, анализделди, анын ичинен агын жана жер үстүндөгү суулардан 221 проба, жер кыртыштарынан 167 проба алынды. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу жок курулуп жатканы, саркындыларды айлана-чөйрөгө чыгарганы, карьерлерди уруксатсыз иштеткени үчүн 85 объекттин иши токтотулду.
Жалпысынан долбоор алдындагы жана долбоордук 588 документке экспертиза, 258 экопаспорт жасалды, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны жок кылууга, көмүүгө, жыйноого жана кайра иштетүүгө 25 материал даярдалды.
КР Президентинин 23.11.2007-ж. № 506 Жарлыгына ылайык Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун 2010-жылга чейинки мезгилге карата иш-чаралар комплексин ишке ашыруу улантылды.
КР Президентинин 26.02.2008-ж. № 74 буйругу менен түзүлгөн Республикалык комиссия "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдардагы мезгилге карата Концепциясын (КР Президентинин 10.02.09-ж. № 98 Жарлыгы) жана Программасын (КРӨ 8.05.09-ж. № 281 токтому) иштеп чыкты жана ишке ашырылууда.
БУУнун ЕЭКсынын эл аралык эксперттери менен бирдикте КР экологиялык иштин натыйжалуулугуна экинчи сереп (ОРЕД) иштелип чыгып, анын жыйынтыктары жана рекомендациялары 2009-жылдын январында БУУнун ЕЭКсынын Экологиялык саясат боюнча комитетинде жактырылды.
КРӨ 2009-жылдын 6-майындагы № 274 токтому менен Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук билдирүүсү бекитилип, анда суу ресурстары, айыл чарба, элдин саламаттыгы жана климаттык өзгөчө кырдаалдар секторлорунда климаттын өзгөрүп жаткан шарттарына аялуулук жана адаптация маселелери каралды.
КР Президентинин 8.05.2009-ж. № 151 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Мыйзамы кабыл алынды, ал "техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" КР Мыйзамын аткаруу үчүн иштелип чыккан.
КР Өкмөтүнүн Мыйзам чыгаруу иштеринин 2009-жылга карата планын ишке ашырууда КР "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоору иштелип чыкты (КРӨ 19.10.09-ж. № 654 токтому, КР ЖК кароосунда турат).
Баткен облусунун Кадамжай районунда 66194 га "Сурматаш" мамлекеттик Коругу, Лейлек районунда 40000 га "Саркент" мамлекеттик жаратылыш паркы (КРӨ 27.06.2009-ж. № 414 жана 415 токтомдоруна ылайык) жана 253,9 га аянтта "Айгүл-Таш тоосу" республикалык маанидеги мамлекеттик ботаникалык бак (КРӨ 09.10.2009-ж. № 628 токтому) түзүлдү. Ушуну менен, 2009-жылы республиканын өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарынын жалпы аянты 106447 га кеңейип жана республиканын аянтынын 6,3%ин түздү.
КР Өкмөтүнүн 27.09.2006-ж. № 693 токтому менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын токой чарбасын өнүктүрүү иш-аракеттеринин улуттук планын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик агенттиктин токой чарба ишканалары 2009-жылы төмөнкүдөй иштерди аткарышты:
- 2841 га аянтка токой өсүмдүктөрү тигилди;
- дарак, мөмөлүү жана декорациялык бадал породалардан 25,56 га аянтка питомниктер себилди;
- 48,3 га аянтка өндүрүүчү бөлүмдөр жана көчөттүк плантациялар түзүлүп, бардыгы 7472 миң өнүмдөр жана көчөттөр тигилди.
КР Өкмөтүнүн 11.04.2008-ж. № 145 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы 2008-жылдан баштап КР Токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүлүүдө. Коруктар жана токой чарбалар боюнча талаалык жумуштар жана токой жайгаштыруу боюнча талаалык маалыматтарды камералык иштеп чыгуу аткарылды.
Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык конвенциялар боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында республиканын экологиялык проблемаларын чечүүгө эл аралык инвестицияларды тартуу иши жүргүзүлүүдө.
МАГАТЭ менен кызматташтыктын алкагында республикага 3,7 млн. АКШ доллары суммасындагы техникалык жардам берилүүдө, ал радиациялык коопсуздукту камсыздоого, ядролук технологиялар тармагындагы билимдерди сактоого, ядролук медицинаны жана радиотерапияны модернизациялоого жана радиоэкологиялык мониторинг түзүүгө багытталган.
7.4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
2009-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 227 өзгөчө кырдаал катталган (2008-жылы - 312 ӨК болгон), аларда 71 адам набыт болгон (2008-ж. - 281 адам). Баштапкы маалыматтар боюнча, материалдык зыян 156,6 млн. сомду түзгөн (2008-ж. 1,2 млрд. сом). 2005-2008-жж. мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын көбөйүү тенденциясы болгон, ал эми 2009-жылы ӨК саны 85ке азайды.
33-таблица
Жылдар | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 |
ӨК саны | 182 | 185 | 209 | 312 | 227 |
2009-жылда өзгөчө кырдаалдар төмөнкүдөй болду: сел каптоолор - 93; жер титирөө - 22; кар көчкү - 35; таш кулоо - 2; жер көчкү - 13; чапкын, катуу шамалдар - 14; чоң өрттөр - 10; суу басуу, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү - 1; техногендик авариялар, анын ичинде чоң жол-транспорт кырсыктары - 15; нөшөрлөгөн жамгыр - 7; инфекциялар, инвазиялар - 7(5); кардын катуу жаашы - 4; добул - 3; суудагы ӨК - 1.
Коркунучтуу табигый процесстердин болушу жана активдешүүсү администрациялык-аймактык жактан төмөнкүдөй болду: Баткен облусу - 22 (11,4%); Жалал-Абад облусу- 69 (36 %); Ош облусу - 46 (23,9%); Ош ш. 1 (0,5%); Ысык-Көл облусу - 24 (12,5 %); Нарын облусу - 8 (4,2 %); Талас облусу - 5 (2,6%); Чүй облусу - 17 (8,8%).
Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн иштер КРӨ 16.06.2004-ж. № 444 буйругунун, Премьер-министрдин - КР ӨК кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын Бишкек-Ош, Кара-Кулжа Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя (Чапчыма ашуусу аркылуу) автожолдорунда жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо жөнүндө 30.12.08-ж. № 7 жана 14.01.09-ж. № 2 тапшырмаларын аткарууга жана республиканын автожолдорунда көчкү жүрүү коркунучу бар мезгилде адамдардын курмандыкка кабылуусун болтурбоого багытталды.
2009-жылдын көчкү жүрүү коркунучу бар мезгилинде адамдардын курман болуусун жана материалдык чыгым тартуусун болтурбоо максатында Бишкек-Ош автожолунун опурталдуу участокторунда кар көчкү коркунучу бар участокторду жеңилдетүү боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүү максатында ӨКМ адистери андай участокторго барышып, Бишкек-Ош автожолун карап изилдеп чыгышты. Мамкентехкөзөмөлдүн, Мониторингдөө департаментинин адистери, геологдор жер көчкү коркунучундагы участокторду изилдешип, алардын жыйынтыгында жергиликтүү а/о жана райадминистрациялардын башчыларына 13 үй-бүлөнү көчүрүүгө көрсөтмөлөр берилди.
Бишкек-Ош автожолунун 14 кар көчкү түшүрүүчү жерлеринде кар түшүрүлүп, түшкөн кардын массасы 1038,2 миң куб.м болду (2008-ж. түшкөн кар массанын жалпы көлөмү 890 миң куб.м болгон).
Баштапкы маалыматтар боюнча, 2009-ж. 1-апрелинен 1-октябрына чейинки мезгилде Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында айрым жерлерде нөшөрлөгөн жамгырдан болгон селдер келтирген зыян 143,7 млн. сомду түзгөн. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдү, администрациялык имараттарды, социалдык, маданий, тиричилик объекттерин суу каптап, чарба ичиндеги жолдор, каналдар, тосмолор бузулуп, чарба ичиндеги көпүрөлөр, суу кое берүүчү жана суу өткөрүүчү тармактар жарактан чыгып, селди буруучу сайларды, арык тармагын ылай басып калган ж.у.с.
Селдин кесепеттерин жоюу, бузулган участокторду калыбына келтирүү максатында механикалаштырылган техниканы, ошондой эле короо-жай участокторду жана огороддорду селдин агындыларынан тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн жергиликтүү калкты тартуу менен авариялык-калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү.
2009-жылдын апрелинде КР ӨКМ өздүк курамы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Аксы а/о Райкомол айылындагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюуга катышты. Атайын техниканы тартуу менен көчүп кеткен массаны тазалоо боюнча жумуштар жүргүзүлдү.
Республикада метеорологиялык байкоолор 32 метеостанцияда, 4 автоматтык метеостанцияда жана 69 постто жүргүзүлөт. Агрометеорологиялык байкоолорду 31 станция жана 1 пост жүргүзөт. Төрт пост Ысык-Көлдүн деңгээлин жана бир пост - Киров суу сактагычынын деңгээлине байкоо жүргүзөт. Дарыяларда гидрологиялык байкоону 77 пост ишке ашырат, бул 2008-жылга салыштырганда 1 постко көп. Майлуусуу дарыясында "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоорунун алкагында курулган гидропост кошулду.
2009-ж. өрт өчүргүчтөр чакыруу боюнча 5741 жолу чыгышкан (2008-ж. - 4398), анын ичинен өрттү өчүрүүгө 3172, (2008-ж. - 2798), өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга - 6 (2008-ж. - 13), токойдогу өрткө 13 (2008-ж.-22), өрт өчүрүүчү-тактикалык машыгууларга, башкаларга - 1814 (2008-ж.-119) жана жалган чакыруулар боюнча 120 (2008-ж.- 115) барышты. Өрттөн болгон материалдык зыян 93824,581 миң сомду түздү (131467,966 миң сом). 279 адамдын өмүрү сакталды (2008-ж. 217 адам), 38 млрд. сомдон ашык суммадагы материалдык баалуулуктар сакталды (2008-ж. - 5 млрд. ашык). Өрттөн 69 адам каза болду, анын ичинен 9 бала (2008-ж. - 116 адам, анын ичинде 15 бала). Отчеттук жылдын ичинде мамлекеттик өрт кызматынын подразделениелери Төмөнкү Ала-Арча айылында "Детская деревня Бишкектеги"; Ахунбаев көчөсүндөгү "Дока-пицца" кафесиндеги; "Байтик Баатыр көчөсүндөгү "Планета электроники" дүкөнүндөгү, "Ак-Эмир" чакан базарындагы, Б.Юнусалиев көчөсүндөгү "Орто-Сай" базарындагы чоң өрттөрдү өчүрүштү.
Камбар-Ата ГЭС-2 курууда коопсуздукту камсыздоонун комплекстүү жана натыйжалуу системасын түзүү максатында "Нарынгидроэнергострой" ААКнын опурталдуу өңдүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздуктун абалын пландуу изилдөө боюнча жумушчу тобунун курамында ишке катышылды.
КР ӨКМ чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында ШАРС, ПРООН, МОМ, ЛКА, ДБ, НОКП, ВМО, Каунтерпарт Интернешнл, ОБСЕ, ШОС, ДССУ, МВФ, АDRC сыяктуу эл аралык уюмдар менен активдүү иш жүргүзүүдө.
2009-ж. табигый кырсыктардын менеджменти боюнча жергиликтүү деңгээлде табигый кырсыктардын тобокелине арналган көргөзмөлөр менен айкаштырылган тренингдер өткөрүлдү. Тренингдер жана көргөзмөлөр республиканын түштүк жана түндүк региондорунда 7 сынамык жамаатта өткөрүлдү. Тренингдерде азыркы учурга карата 140 адам окутулду.
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын сынамык 11 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында опурталдарга баа берүүлөр жана тобокелдик карталары даярдалды. Табигый кырсыктардын тобокели жөнүндө 5000 буклет жана 150 үйрөтүүчү плакаттар басып чыгарылып жана 16 а/о таратылды.
Сынамык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин (ЖӨБУА) материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 10 комплекти жана ЖӨБУА үчүн 10 комплекти компьютердик жабдуулар алынды.
Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2009-2011-жж. карата стратегиясын ишке ашыруу үчүн заманбап информациялык технологияларды колдонуу менен Кризистүү жагдайларда башкаруу борборунун (КЖББ) бирдиктүү тармагын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. 2009-ж. 10-сентябрында Талас ш. жаңы КЖББнын бет ачары болду. Эми КЖББнын бирдиктүү тармагына Бишкек-Ош - Жалал-Абад жана Талас сыяктуу региондор бир убакта кире алышат, бул ӨК алдын алуу жана жоюу боюнча маселени ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу жөнүндө" КР Мыйзамынын, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыздоо жөнүндө күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы иштелип чыкты. Улуттук коопсуздуктун бекитилген стратегиясына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясына ылайык Кыргыз Республикасынын ӨК министрлигинин улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча тармактык программасы иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын тынч жана согуш мезгилдеги өзгөчө кырдаалдардан жарандык коргоо жагындагы уюштуруучу-укуктук нормаларды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 20.07.2009-ж. № 239 Жарлыгы менен "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Кабыл алынган "Жарандык коргонуу жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык бул Мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы даярдалып, ага тийиштүү нормативдик укуктук документтерди кайра иштеп чыгуу боюнча иштер киргизилди.
Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн иштер жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн ишин өркүндөтүүгө, алардын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын коркунучу жаралган же өзгөчө кырдаал болгон учурда калкты, аймактарды жана чарбалык объекттерди коргоо боюнча иштерге даярдыгын арттырууга багытталды.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат
Өкмөттүн парламент менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча иши Өкмөттүн мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууга багытталып, төмөнкү негизги багыттарды камтыды:
- Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелерин Жогорку Кеңеш тарабынан кароосу жана кабыл алуусу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоо;
- Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иштерди уюштуруу жана координациялоо;
- Өкмөттүн башка мыйзамдык кызыкчылыктарын жана ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңеште ишке ашырууга көмөктөшүү.
2009-жылы Өкмөт тарабынан 208 мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жиберилген.
Жогорку Кеңеш 315 мыйзам кабыл алды.
Алардын ичинен төмөнкүлөр демилге кылган:
- Кыргыз Республикасынын Президенти - 36;
- Өкмөт - 196;
- Депутаттар - 83.
Өкмөт жиберген мыйзам долбоорлорунун 1өөсү Жогорку Кеңеш тарабынан четке кагылган, Өкмөт 20 мыйзам долбоорун кайра чакыртып алган.
2010-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 47 мыйзам долбоору каралбай калган.
2009-жылы Жогорку Кеңеш Өкмөт иштеп чыккан бир катар абдан маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алды.
Алардын ичинде: "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө", Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө", конституциялык Мыйзамдар: "Аскердик абал жөнүндө" "Коргонуу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" "Жарандык коргонуу жөнүндө".
Кыргызстандын "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингдеги деңгээлин жогорулатуу максатында Өкмөт демилге кылган бир катар мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеш тарабынан оперативдүү кабыл алынышы үчүн зор иштер жүргүзүлдү. Курулуш, соода жана кредит алуу чөйрөсүндөгү жөнгө салууну либералдаштыруу боюнча мыйзамдык чараларды кабыл алуунун натыйжасында республика ушул рейтингде 68 орундан 41 орунга көтөрүлдү, бул албетте, өлкөгө инвестицияларды тартууга түрткү берет.
Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан 2009-жылдын 4-кварталында эле төмөнкүдөй абдан маанилүү мыйзамдар кабыл алынды:
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө", бул Мыйзамдын өзгөчөлүгү - жалпы бириктирилген бюджеттин үчтөн экиси өнүктүрүү бюджети түзөт;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", бул мыйзамдар энергия булактарына болгон тарифтердин жогорулаган шарттарында калкты социалдык коргоого, ошондой эле аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү социалдык коргоого багытталган;
- "Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электрдик бөлүштүрүү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туумдары, фннансылык, айыптык жана салыктык санкциялары боюнча кайгарылгыс карыздарды эсептен чыгаруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
2001-2009-жылдары колдонуудагы мыйзамдардын, нормативдик укуктук актылардын жана бухгалтердик эсепке алуунун негизинде электр энергиясын керектөөчүлөрдүн 5,3 млрд. сом суммадагы карыздары эсептен чыгарылган. Бирок ошол эле учурда "Электр станциялары" ААКына, "Улуттук электр тармактары" ААКына 1 млрд. 600 млн. сом суммадагы карыздарды эсептен чыгарууга уруксат берилген эмес. Мындан тышкары айыптар жана туумдар кошулган. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу 3 проблеманы чечет. Керектөөчүлөрдүн карызы мыйзамдык деңгээлде эсептен чыгарылат, ошондой эле энергия бөлүштүрүүчү компаниялардын бюджетке болгон карыздары жана бөлүштүрүүчү компаниялардын айыптары жана туумдары эсептен чыгарылат.
Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорлоруна корутундуларды даярдоо Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишиндеги багыттардын бири болуп калды. Өткөн жылы Өкмөттүн Аппаратына 69 мыйзам долбоору келип түшкөн. Алардын ичинен 53ү каралып, алар боюнча корутундулар берилген, 2өө депутаттар тарабынан кайра алынган, калгандары аткарылууда.
Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын талдоо боюнча ишти Өкмөт депутаттар менен бирдикте баштады.
Алсак, жылдын аягында "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышына талдоо жүргүзүлгөн, мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши юбилейлик күндөрдү өткөрүү жөнүндө 9 токтомду кабыл алгандыгы табылган, булар аталган Мыйзамдын талаптарына жооп бербейт.
Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү тартипке салуу, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууларга жол бербөө максатында Өкмөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине кызыкдар мамлекеттик жана коомдук органдар менен бирдикте жалпы улуттук мүнөздөгү юбилейлик иш-чаралардын тизмесин, аларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттеринин курамын бекитүү, ошондой эле каржылоонун көлөмү боюнча сунуштарды андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн Өкмөткө берүүнү тапшыруу тууралуу сунушту Жогорку Кеңешке киргизди.
2009-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейинки мезгилде Өкмөттүн Аппаратына Жогорку Кеңештен 1513 документ келип түшүп, контролго алынган.
Анын ичинде:
- 69 мыйзам долбоору;
- 77 токтом;
- 103 протоколдук тапшырмалар;
- 231 комитеттик суроо-талаптар;
- 1033 депутаттык суроо-талаптар.
Келип түшкөн мыйзам долбоорлордун 53үнө корутунду берилген, 50 токтом боюнча маалымат берилип, 73 протоколдук тапшырма аткарылган, 946 депутаттык суроо-талап боюнча жооптор берилген, 212 комитеттик суроо-талап каралып, аткарылган.
2009-жылы Өкмөттүн курамы 5 "Өкмөттүк күнгө" катышкан.
Өкмөт келген депутаттык суроо-талаптардын мүнөздөрүн дайыма талдап турат. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын суроо-талаптары жөнүндө" кат дайындалып, аны менен парламенттин жетекчилиги жана депутаттык корпус таанышып чыкты.
Депутаттардын көпчүлүк кайрылуулары мамлекеттин жана коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, аларда өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, жарандардын жана мамлекеттин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү маселелери көтөрүлөт, колдо болгон резервдерге жана иштеги кемчиликтерге аткаруу бийлигинин органдарынын көңүлүн бурат.
2009-жылдын мартында Өкмөттүн заседаниесинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын, депутаттардын суроо-талаптарынын жана кайрылууларынын аткарылышы жөнүндө" маселе каралган. Кабыл алынган токтомдо аткаруу бийлигинин органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин өз убагында жана толук аткаруу боюнча жетиштүү чараларды көрүшпөй жаткандыгы белгиленген.
Айрым мамлекеттик органдар тигил же бул токтомдун же протоколдук тапшырманын аткарылышына белгиленген проблемалардын маанисине жана актуалдыгына жараша талдоо жүргүзүшпөйт, Жогорку Кеңештин дарегине өлкөнүн экономикасынын жана бюджетинин чыныгы абалына жараша негизделип кабыл алынуучу чечимдер боюнча сунуштарды сейрек беришет.
Коомдун, айрым региондордун жана калктуу конуштардын жашоосундагы маанилүү болгон, депутаттар көтөргөн бир катар маселелер көтөрүлгөн проблемалардын так эмес даректелгендигине байланыштуу максатына жетпей жана ишке ашырылбай калып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Эреже катары бардык депутаттар өздөрүнүн суроо-талаптарын Өкмөттүн дарегине гана жиберишет. Өз кезегинде Өкмөттүн Аппараты аларды тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жиберет, алардан көпчүлүк учурда каралып жаткан маселе бийликтин жергиликтүү органдарынын компетенциясына кирээри тууралуу жооптор келет. Натыйжада убакыт созулуп, натыйжалуулук жоголот. Депутаттык суроо-талаптардын көпчүлүк бөлүгү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн белгиленген мөөнөттөрү өтүп кеткендигине карабай жаңы курулушту же иш-чарларды каржылоо үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүү менен байланышкан.
2010-жылы Өкмөт күч аракетин Өкмөт менен парламенттин натыйжалуу жана оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууну өркүндөтүүгө, мыйзам чыгаруу демилгесинин конституциялык укугун натыйжалуу ишке ашырууга, Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана башка ведомстволор, уюмдар тарабынан аткарылышын координациялоого жумшайт.
9. Стратегиялык документтерди
иштеп чыгуу жана аткаруу
Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу
2008-2009-жылдарда ишке тартылган бардык бийлик бутактарынын катышуусу менен 2009-жылы Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдарга карата стратегиясынын долбоору даярдалып, ал 2009-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынында жактырылды. Стратегия Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2011-жылга чейинки стратегиялык божомолунан турат жана Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2007-2011-жылдарга карата стратегиясынын жаңыртылган версиясы болуп эсептелет. Бул Өнүктүрүү стратегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.03.2009-ж. ПЖ № 183 Жарлыгы менен бекитилген.
Кризистен кийинки мезгилде республиканын экономикасын стабилдештирүү, андан аркы экономикалык өсүү жана калктын жашоосунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылга карата иш-аракеттер планы иштелип чыгып жана жактырылган. Аны иштеп чыгууда мурунку жылдардан жана 2009-жылдагы болгон тенденциялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, борбордук органдарынын, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана шаарлардын мэрияларынын сунуштары эске алынган.
Аткаруу бийлигинин органдарында стратегиялык башкаруунун заманбап принциптерин киргизүү максатында 2009-жылы Кыргыз Республикасын стратегиялык башкаруу боюнча Координациялык борбордун иши улантылды. Анын негизги миссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык башкаруу жагындагы чечимдерди кабыл алуусунун бирдей процедураларын камсыздоо болуп эсептелет. Отчеттук мезгилде координациялык борбордун 3 жыйыны өткөрүлүп, аларда 18 стратегиялык документ талкууланып жана жактырылды, 6 стратегиялык документ толуктап иштеп чыгууга кайра жиберилди.
Координациялык борбордун иши анын Секретариаты тарабынан камсыздалды, Секретариаттын функцияларын КР Экономикалык тескөө министрлиги аткарды, ал уюштуруу ишин камсыздайт, стратегиялык документтерди алардын стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү методологияга ылайыктыгы жагынан экспертизалайт. 1.10.2009-ж. абалга карата (1.04.2008-ж. баштап) министрликтердин, ведомстволордун 152ден ашык ведомстволук, тармактык стратегиялык документтери, республиканын облустарын жана шаарларын өнүктүрүүнүн программалары иштелип чыкты, мында КР Экономикалык тескөө министрлигине 120дан ашык стратегиялык документ келип, анын ичинен 94 документ толуктап иштеп чыгууга кайра жиберилди.
Стратегиялык документтердин аткарылышына мониторинг
Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдарга карата стратегиясынын 508 иш-чараны камтыган иш-чаралар планы аткарылышын мониторингдөө жана баалоо 2009-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик органдар 197 иш-чараны аткарышканын же айрым бөлүгүн аткарышканын көрсөтөт, бул 2009-жылга карата пландалган 229 иш-чаранын 86%ин түзөт. 12 иш-чара аткарылган эмес, бул иш-чаралардын жалпы санынын 5,2%ин түзөт, алар - Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги (1), КРӨ караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (1), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттик (1), Айыл чарба министрлиги (1), Мамлекеттик салык кызматы (1), Энергетика министрлиги (1), Билим берүү жана илим министрлиги (3). 2009-2011-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясына киргизилген региондор боюнча стратегиялык инвестициялык долбоорлордун аткарылышын анализдегенде, облустук мамлекеттик администрациялар 2009-жылдын аягына карата 2009-2011-жылдарга карата пландаштырылган 51 иш-чарадан 30 иш-чараны аткарышканы же айрым бөлүгүн аткарышканы көрүндү.
КРӨ 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата иш-аракеттер программасы бекитилген, анда кризистүү көрүнүштөр өлкөнүн экономикасына таасир этип жаткан шартта 2009-жылга карата саясаттын багыттары жана чаралары аныкталган.
Жалпысынан отчеттук мезгилде министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка уюмдар бул Программада аныкталган милдеттерди аткаруу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүштү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттер планын аткарууну мониторингдөөдө жана баалоодо, министрликтер жана ведомстволор 2009-жылдын 31-декабрына карата 186 иш-чараны толук аткарышканы же айрым бөлүгү аткарылганы көрүндү, бул 2009-жылга пландалган иш-чаралардын жалпы санынын 96%ин түзөт. Мамлекеттик бийликтин беш органы 7 иш-чараны аткарышкан эмес, бул иш-чаралардын жалпы санынын 4%ин түзөт: Финансы министрлиги (2 иш-чара), Туризм боюнча мамлекеттик агенттик (2), Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик (1), Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик (1).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дүйнөлүк финансылык кризистин Кыргыз Республикасынын экономикасына таасирин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча иш-аракеттер планынын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо төмөнкүлөрдү аныктады. Отчеттук мезгил ичинде 39 иш-чарадан 6 иш-чара (же пландалган иш-чаралардын жалпы санынын 15%и) аткарылган эмес, 33 иш-чара (84 проценти) аткарылган. Коюлган маселелерди аткарбагандар: Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы (2 иш-чара), Экономикалык тескөө министрлиги (2), Бишкек шаарынын мэриясы (1) жана Айыл чарба министрлиги (1).
(1) БСР (суткалык жөнгө салуу бассейндери) - сууну суткалык жөнгө салуу үчүн жасалма (курулган) чакан көлмөлөр (түңкүсүн суу топтолуп, күндүз сугат үчүн пайдаланылат);
(2) БДР (декадалык жөнгө салуу бассейндери) - суу топтоону жана кое берүүнү декадалык жөнгө салуу үчүн жасалма (курулган) чакан көлмөлөр;
(3) Бөлүмдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтары колдонулган;
(4) Эмгекке жөндөмдүү калк;
(5) Инвазия - (лат. I№vasio - кол салуу, кирүү) адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаныбар типтеги мителер менен булганышы.