Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты № 146
"Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:
- Бишкек шаары боюнча позициясында:
- 2-пунктундагы "4" деген сан "5" деген сан менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "10" деген сан "12" деген сан менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "5" деген сан "7" деген сан менен алмаштырылсын;
- "Бардыгы" деген графадагы "22" деген сан "27" деген сан менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|