ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №146 «Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

Редакция12.03.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-марты № 146

"Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктундагы ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:

- Бишкек шаары боюнча позициясында:

- 2-пунктундагы "4" деген сан "5" деген сан менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "10" деген сан "12" деген сан менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "5" деген сан "7" деген сан менен алмаштырылсын;

- "Бардыгы" деген графадагы "22" деген сан "27" деген сан менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов