Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты № 148
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Абдраимованын демилгеси менен иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.
2. "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Усенов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 148 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А. Абдраимованын демилгеси менен иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Каралып жаткан Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1- жана 4-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, ага ылайык шаар тибиндеги поселоктор администрациялык-аймактык бирдиктерге киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бо
юнча улуттук агенттигинин мыйзам долбооруна карата сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айтылгандарды эске алуу менен берилген Мыйзам долбоорун колдойт.