Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-марты № 149
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 149 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Молдошева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам долбоору) долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбооруна карата маалымкат-негиздемеден келип чыккандай бул Мыйзам долбоорунда жөнгө салуучу таасирди талдоонун (мындан ары ЖСТТ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Методиканы колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштеп чыгуучу тарабынан эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укук берилген орган тарабынан жөнгө салуучу таасирге талдоону жүргүзүү жөнүндө норманы киргизүү караштырылат.
Бирок Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ЖСТТны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдын жүргүзүүсүн максатка ылайыктуу эмес деп эсептешет.
ЖСТТнын максаты сапаттуу башкаруу чечимин кабыл алуу болуп саналат, анткени ЖСТТ каралып жаткан тармактагы орун алган абал жөнүндө талдоочу маалымкат болуп саналат.
ЖСТТ өзүнүн маани-маңызы боюнча мамлекеттик жөнгө салуу милдеттерин системалык аңдап түшүнүү жана чечүү ыкмасы болуп саналат. ЖСТТны биринчиден, экономикага мамлекеттик таасир берүүнүн потенциалдуу натыйжаларына системалык баа берүүгө, экинчиден, мындай маалыматты чечим кабыл алган адамдарга берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берген курал же метод катары аныктоого болот.
Мамлекеттик жөнгө салуунун даярдалып жаткан чарасы (мыйзам долбоору же мыйзамга негизделген актынын долбоору) баштапкы стадияда талдоого алынып, ал төмөнкү маселелерге жооп берүүгө тийиш:
- орун алган проблемаларды чечүү үчүн мамлекеттик кийлигишүү канчалык зарыл болуп саналат;
- мамлекеттик жөнгө салуунун коюлган максатына жетишилеби же жокпу;
- бул максаттарга жетишүү үчүн мындай чара мыкты ыкма болуп саналабы;
- мамлекеттик кийлигишүүнүн чыгымдары кандай.
ЖСТТ болжолдогон талдоо жөнүндө сөз кылууда ЖСТТ катары болжолго же болбосо сунушталган жөнгө салуучу актылардын максаттуу аудиторияга, рыноктук түзүмдөргө, мамлекеттик секторго иш жүзүндөгү тийгизген таасирине баа берүүгө багытталган эмпирикалык изилдөөлөр жүргүзүү катары да түшүнүлөт, ошол эле учурда талдоо оң жана терс таасирлердин көлөмүн, узактыгын жана ыктымалдуулугун, баа көрсөткүчтөрүндөгү оң жана терс натыйжаларды кайра эсептөөнү да камтыйт. Жүргүзүлгөн ЖСТТнын жыйынтыгы мамлекеттик кийлигишүүнүн же кийлигишпөөнүн зарылдыгы жөнүндө корутунду болушу мүмкүн, мамлекеттик кийлигишүү учурунда гана нормативдик укуктук актынын долбоору даярдалат.
ЖСТТ нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучулардын демилгечилерине эмпирикалык баалуу маалыматтарды жана бардыгын камтыган түзүмдөрдү берген пайдалуу каражат болуп саналат, алар анын чегинде мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана тигил же бул чечимдерди кабыл алуунун потенциалдык натыйжаларына баа бере алышат. Орун алган проблемаларды же мамлекеттик аракеттердин кыйыр таасирин жетишсиз түшүнүү жөнгө салуучу чаралардын кедерин кетирип, жөнгө салуучу жаңылыштыктарга алып келиши мүмкүн. ЖСТТны жүргүзүүнү бир органга жүктөө ЖСТТны сапаттуу иштеп чыгуу проблемасын чечпейт, анткени бул орган проблемаларды айкындап табуу жана мамлекеттик аракеттер өзүн актап талаптагыдай боло тургандыгын камсыздоо үчүн экономиканын бардык тармактарынын адиси болушу мүмкүн эмес.
Мына ошентип, ЖСТТ жана нормативдик укуктук актынын долбоору бири-биринен башкача өзүнчө документтер болушу мүмкүн эмес, анткени нормативдик укуктук актынын долбоору ЖСТТнын натыйжасы жана чечим кабыл алуунун куралы гана болушу мүмкүн.
Нормативдик укуктук актынын долбоору жүргүзүлгөн ЖСТТнын натыйжасына жараша иштелип чыгат. ЖСТТ иштеп чыгуучу тарабынан камсыз кылына тургандыгы жөнүндө талап буга байланыштуу пайда болот.
Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине толуктоо киргизүү сунуш кылынат, анда жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий (нормативдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталган укуктук мамилелерге жараша) жөнгө салуучу талдоо экспертизасынан өткөрүлүүгө тийиштиги каралат.
Ошону менен бирге эле Мыйзамдын аталган беренесинин жөнгө салуу предмети нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун укуктук жана башка илимий экспертизадан өткөрүү маселелерин жөнгө салуу болуп саналат, ошол эле учурда ЖСТТга жогоруда аталган Мыйзамдын 19-беренеси арналган.
Мындан тышкары ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган нормативдик укуктук долбоорлор гана ЖСТТга алынууга тийиш.
Муну менен бирге эле, каралып жаткан долбоордо "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин экинчи бөлүгүн материалдарды чыгаруучу тийиштүү орган анда жайгаштырылган нормативдик укуктук актыларды даярдоонун сапаты жана толуктугу үчүн жоопкерчиликтүү боло тургандыгын белгилеген тогузунчу бөлүк менен толуктоо сунушталат.
Буга байланыштуу нормативдик укуктук актыларды даярдоонун сапаты үчүн долбоорду иштеп чыгуучу түздөн-түз жоопкерчиликтүү экендигин белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда, жарыялоо катары кабыл алынган нормативдик укуктук актыларды басылмаларда так чыгаруу түшүнүлөт, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 403 жана 400-беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аталган толуктоону талап кылбайт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Л.Молдошева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдобойт.