Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-мартындагы № 152
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, жагымдуу эпизоотиялык жана эпидемиологиялык абалды камсыздоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпидемияларды локалдаштыруу жана жоюу, калк арасындагы массалык уулануулар боюнча иш-чараларды өз учурунда уюштуруу жана жаныбарлар арасында жугуштуу оорулардын пайда болуусун жана таралышын болтурбоо, ошондой эле ведомстволор аралык координациялоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Комиссия жөнүндө жобо;
- Комиссиянын курамы.
3. Комиссиянын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тапшырылсын.
4. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, шаарлардын жергиликтүү мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү жергиликтүү облустук, райондук жана шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссияларды түзүшсүн.
Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 токтому менен бекитилген |
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия (мындан ары - Өзгөчө комиссия) жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпидемияларды локалдаштыруу жана жоюу, калк арасындагы массалык уулануулар боюнча иш-чараларды өз учурунда уюштуруу жана жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын, анын ичинде адамдын ден соолугуна коркунучтуу жугуштуу ооруларынын пайда болушун жана таралышын болтурбоо максатында түзүлөт.
1.2. Өзгөчө комиссия өзүнүн компетенциясына таандык бардык маселелер боюнча ишин Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген өзгөчө кырдаалдар боюнча башка комиссиялар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
1.3. Өзгөчө комиссия коомдук негизде иштейт жана төрагасынан, төраганын эки орун басарынан, эки катчыдан жана комиссия мүчөлөрүнөн турган курамда түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык атайын комиссиядагы мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
2.1. Ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу максатында Өзгөчө комиссияга төмөнкү функциялар тапшырылат:
- адамдар арасында жугуштуу оорулардын эпидемиясынын жана жаныбарлардын арасында эпизоотиянын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды уюштурууда министрликтердин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле облустук, шаардык жана райондук эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиялардын иштерин координациялоо жана методикалык жактан жетектөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө калк арасында массалык жугуштуу оорулар чыккан жана тамак-аштан уулануулар болгон учурлар жана жаныбарлардын арасындагы эпизоотия жана аларды жоюу боюнча чаралар жөнүндө маалымдоо.
Калк арасында жугуштуу оорулар чыккан жана тамак-аштан уулануулар болгон учурларда жана жаныбарлардын арасында эпизоотияны каттоодо жана жоюуда Өзгөчө комиссия:
- эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы конкреттүү иш-чараларды аткаруу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күчтөрүн жана каражаттарын ишке тартат;
- мезгил-мезгили менен жооптуу адамдардын эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө баяндамаларын угат жана анын жыйынтыгы боюнча уюштуруучулук жана практикалык чечимдерди кабыл алат;
- адамдар арасында жугуштуу оорулардын чыгышынын же тамактан жалпы уулануунун жана жаныбарлардын арасындагы эпизоотиянын пайда болуу себептери жана жоюунун натыйжалары жөнүндө бардык материалдарды карайт, андай оорулардын же уулануулардын болушуна күнөөлүү адамдарды аныктайт, аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына аларды жоопко тартуу жөнүндө сунуштарды берет.
Калк арасында же жаныбарлардын арасында карантиндин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар катталган учурда Өзгөчө комиссия зарыл болгондо төмөнкүлөрдү кошумча ишке ашырат:
- инфекция чыккан жерде карантиндик-чектөө чараларын же карантин киргизет жана алып салат;
- инфекциянын очогун жоюу боюнча убактылуу комитетти жана анын иш планын бекитет;
- инфекциянын очогун жоюу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселени такай угат, угуунун жыйынтыгы боюнча керектүү чечимдерди кабыл алат.
2.2. Өзгөчө комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- республиканын облустарынын, шаарларынын жана райондорунун эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссияларынын ишине жетекчилик кылууга жана контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачынын же Мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун сунушу боюнча кырдаалды өзгөчө деп жарыялоого жана аны турукташтыруу боюнча талаптарды коюуга;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, чарбалардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан адамдар арасындагы жалпы инфекциялык оорулар жана тамактан уулануулар жана жаныбарлардын арасындагы жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматты талап кылууга;
- ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жугуштуу оорулардын, тамактан уулануулардын алдын алуу боюнча иштин абалын текшерүүгө;
- тийиштүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык-профилактикалык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иштердин аткарылышы боюнча документтерди талап кылууга жана Өзгөчө комиссиянын жыйындарында алардын билдирүүлөрүн угууга;
- адамдар арасында жугуштуу оорулардын эпидемиялары чыгышына, тамактан жалпы уулануу болушуна жана жаныбарлардын арасында эпизоотия болушуна жол берген күнөөлүү жооптуу адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жана тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, зарыл учурда тийиштүү адамдарды кылмыштык жоопко тартуу маселесин чечүү үчүн тергөө органдарына материалдарды жиберүүгө;
- адамдар арасында эпидемиялык ооруларды же тамактан жалпы ууланууларды жана жаныбарлардын арасында эпизоотияны жоюу, чектөө боюнча чара көрбөгөндүгү үчүн облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана ведомстволук уюмдардын жана мекемелердин жетекчи кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кароосуна киргизүүгө.
3.1. Өзгөчө комиссия пландуу иштерди да, өзгөчө кырдаалдарда шашылыш иштерди да жүргүзөт.
3.2. Өзгөчө комиссиянын жыйындары пландуу түрдө, ал эми пайда болгон эпидемиялык жана эпизоотиялык абалга жараша шашылыш өткөрүлөт.
3.3. Өзгөчө комиссиянын жыйынына министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилери же өкүлдөрү каралуучу маселенин мүнөзүнө жараша чакырылышат.
Өзгөчө комиссиянын жыйынында катчы протокол жазат, ал тийиштүү мекемелер менен кызмат адамдарына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымдалат.
Протоколго жыйынга төрагалык кылган адам жана катчы кол коюшат.
3.4. Өзгөчө комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин, эреже катары иш учурунда аткарышат. Негизги ишинен Комиссиянын ишине тартылып, тапшырмаларды аткарган мезгилинде Комиссиянын мүчөлөрүнө негизги иш жери боюнча эмгек акылары сакталат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 152 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык врачы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын жооптуу катчылары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертизалоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;