Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-марты № 154
Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылардын эсебин алуу тартиби жөнүндө
Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылардын эсебин алуунун бирдиктүү системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылардын эсебин алуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "жана мыйзам менен корголуучу мамлекеттик эмес сырларды" деген сөздөр алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3-пунктунун он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарындагы "жана башка мыйзам менен корголуучу мамлекеттик эмес сырларды" жана "же башка мыйзам менен корголуучу мамлекеттик эмес сырларды" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2010-жылдын 16-мартындагы № 154 токтому менен бекитилген |
1. Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылардын эсебин алуу тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылар (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилбейт.
3. Ченемдик укуктук актылардын эсебин алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-декабрындагы № 619/35 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, администрациялык ведомстволорунда, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында жашырындуулук режимин камсыз кылуу боюнча нускамага ылайык мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү реестрин (мындан ары - Реестр) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жүргүзөт.
4. Реестр ченемдик укуктук актылардын реквизиттерин, ошондой эле аларга ыйгарылган жашырындуулук грифин камтыган ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик эсебин алуунун бирдиктүү системасы болуп эсептелет.
5. Төмөнкүлөр Реестрге киргизилет:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамда аныкталган ченемдик актыларды чыгаруучу органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар;
2) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, Социалдык фондусунун, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын юстиция органдарында 2009-жылдын 7-августуна чейин мамлекеттик каттоодон өткөн ченемдик-укуктук актылары.
6. Бул Жобонун 5-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды каттаган мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жүзүндө алар кабыл алынган күндөн баштап үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына жөнөтүлөт.
Бул Жобонун 5-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды чыгарган мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жүзүндө ушул Жобо күчүнө кирген мезгилден баштап бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына Реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
7. Ченемдик укуктук актылар Реестрге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына келип түшкөн күнү киргизилет.
Реестрге төмөнкүдөй маалымат киргизилет:
1) ченемдик укуктук актынын реквизити: актынын түрү; аталышы; актыны кабыл алган орган; акты кабыл алынган күн жана актынын номуру; катталган күнү жана катталган номуру (ушул Жобонун 3-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары үчүн);
2) жашырындуулук белгиси;
3) ченемдик укуктук актынын статусу;
4) ченемдик укуктук актынын Реестрге киргизилген күнү;
5) ченемдик укуктук актынын нускаларынын жалпы саны, ар бир нусканы жөнөтүлгөн дареги көрсөтүлөт.
8. "Өзгөчө маанилүү", "өтө жашырын" жана "жашырын" белгилери коюлган ченемдик укуктук актылар Реестрдин өзүнчө бөлүмдөрүндө эсепке алынат. Реестрдин формасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тарабынан бекитилет.
Ченемдик укуктук актыларды сактоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-декабрындагы № 619/35 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, администрациялык ведомстволорунда, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында жашырындуулук режимин камсыз кылуу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлөт.