Редакцияот 19.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-марты № 158

"Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө ЕврАзЭС Интеграциялык комитети болуп саналган Депозитарийди кабарласын.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти