Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Салымбеков демилге көтөргөн "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Салымбеков демилге көтөргөн "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун берилген редакцияда кабыл алууну колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Салымбеков демилге көтөргөн "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 159 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Салымбеков демилге көтөргөн "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Долбоордун 1-беренесинин 1-пунктунун редакциясын жогоруда аталган Мыйзамдын максаты коррупциялык укук бузууларды табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу, ошондой эле коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо болуп саналгандыгына байланыштуу кайра кароону сунуштайбыз. Компетенттүү адистердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүсүнө түрткү берүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын чынчылдыгы үчүн шарт түзүү мамлекеттик кызмат жөнүндө чоң максаты болуп саналат.
"Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык коррупциялык укук бузуу субъекттеринин чөйрөсү мамлекеттик кызматчылар менен гана чектелбегендиктен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун бешинчи абзацында "Мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык кызматчылар" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Анткени коррупцияга байланыштуу жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексине ылайык келип чыга турган кылмыштар аталган нормативдик укуктук актыга камтылгандыктан жана иш жүзүндө аталган Кодексте көптөгөн түзөтүүлөр киргизилип, анын негизинде кылмыштын курамы кайра иштетилип жана толукталып, беренелердин номерлери өзгөртүлгөндүктөн Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда жазык кылмыштарынын тизмесин ылайык келтирүү максатка ылайык деп эсептейбиз, буга байланыштуу белгиленген пункттун редакциясын кайра иштен чыгаруу сунуштайбыз.
Долбоордун 1-беренесинин 3-пунктунун бешинчи абзацында аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктуна шилтеме жасалат. Бирок, аталган берене пункттарга бөлүнбөйт.
Долбоордун 1-беренесинин 3-пунктунда баяндалган "коррупцияга каршы күрөшүү" терминин кандай тийиштүү чаралар жөнүндө сөз болуп жаткандыгын такташтырууну сунуштайбыз.
Граждандык кодекстин 85-беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдар ишкердик ишти алардын уставдык максаттары үчүн зарыл болгондуктан гана жүргүзө тургандыктарына байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 3-пунктундагы "чарба субъекттери" түшүнүгүндөгү "ишкердик иш жүргүзбөгөн уюмдардан башка коммерциялык эмес уюмдар" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Долбоордун 1-беренесинин 4-пункттун "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамдын 3-беренесине сунушталган толуктоолор Мыйзамдын белгиленген беренесинин жөнгө салуучу предметинин чегинен чыгып кеткендиктен улам алып салууну сунуштайбыз. Ошол эле учурда, киргизилип жаткан толуктоолор боюнча "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык бардык мыйзамдар түздөн-түз колдонулуучу актылар болуп саналгандыгын эске алууну сунуштайбыз.
Долбоордун 1-беренесинин 5-пунктунда баяндалган 7-беренесинин сунушталган редакциясы боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-пункттун экинчи сүйлөмүн "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык укук нормаларын баяндоодо ашыкча такташтырылган формировкалардан качуу керектигине ылайык алып салууну;
- мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү жүргүзүлгөн реформага байланыштуу мамлекеттик комитеттер жоюлгандыгын белгилей кетүү керек, буга байланыштуу 1-пункттагы "мамлекеттик комитеттер" деген сөздөрдү алып салууну;
- иш жүзүндө мамлекеттик органдардын аталыштары көп учурда өзгөртүлгөндүгүн эске алып, мамлекеттик органдардын ачык-айкын аталыштарынын ордуна "______________ чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөрдү пайдаланууну. Айтылгандарды эске алуу менен аталган берененин 2-пунктунун редакциясын кайра кароону;
- 7-берененин сунушталган редакциясы тарабынан эле алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдын иши каралгандыгына байланыштуу, аталган берененин 6-пунктун төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"6. Алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик орган жөнүндө жобо Президент тарабынан бекитилет.".
Администрациялык жоопкерчиликке тартуу тартиби "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кодексте регламенттештирилгендиктен долбоордун 1-беренесинин 7-пунктунда баяндалган, "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесинин жаңы редакциясын төмөнкүдөй сунуштайбыз:
- 1-пункттагы "ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдардын жана Мыйзам тарабынан буга ыйгарым укук берилген башка органдардын жана кызмат адамдарынын сунушу боюнча" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр менен алмаштырууну;
- 2-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан жазаланат" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацын жана 3-пунктун алып салууну.
Айтылгандарды эске алуу менен "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесинин долбоордун 1-беренесинин 8-пунктунда баяндалган сунуш кылынган редакциясын кайра кароо зарыл деп эсептейбиз.
Ошол эле учурда, берилген долбоор редакциялык жана стилистикалык дыкаттык менен кайра иштеп чыгууга муктаждыгын белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын кошумча жетекчиликке алып, берилген долбоорду коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүүнүн жана анын жоболорун коомдук талкуудан өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз.
Айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Салымбеков демилге көтөргөн "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун берилген редакцияда колдобойт.
Тиркеме: 35 баракта.