Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-мартындагы № 177
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов жана С.М.Ибрагимов тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов жана С.М.Ибрагимов тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 177 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ю.А.Данилов жана С.М.Ибрагимов тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын бул долбоорунда өндүрүштүк процессти жана өндүрүшү үзгүлтүксүз циклинде иштеген өндүрүш процессин үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылган сменалык график колдонулган ишканалардагы жумушчулардын эмгегин оптималдуу жана сарамжалдуу уюштурууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 95-беренесине толуктоолорду киргизүү сунушталат. Башкача айтканда жамааттык келишимде оор кара күч жумуштарын, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шартында иштеген жумушчулар үчүн күндөлүк жумуштун (сменанын) узактыгын жумалык жумушчу убагынын эң четки узактыгы сакталган шартта узартылышы мүмкүн экендигин аныктоочу жобо менен толуктоо сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт. «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жамааттык келишим - жумуш берүүчү менен анда иштеген жумушчулардын ортосунда түзүлүүчү жана эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерди, ошондой эле иш берүүчүнүн профсоюздар жана жумушчулардын башка өкүлчүлүктүү органдары менен өз ара мамилесин жөнгө салуучу чектелүү нормативдик акты. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 95-беренесинин экинчи бөлүгүндө оор кара күч иштеринде, зыяндуу же эмгек шарты коркунучтуу иштерде иштеген жумушчулар үчүн белгиленген күндөлүк иштин (сменанын) узактыгына салыштырганда күндөлүк иштин (сменанын) узактыгын жамааттык келишимде узартуу белгиленгендиктен жамааттык келишимде иш берүүчүнүн жумушчулары менен өз ара пайдалуу мамилелерин белгилөө үчүн нормалар каралышы мүмкүн. Бирок, мындай нормалар жумушчулардын пайдасына карала тургандыгын алдын ала кароого мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги парламенттик угууну жана коомдук талкуулоону өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 81-беренесине ылайык парламенттик угууларда коомдук талкуулоону талап кылган мыйзам долбоорлору талкууланышы мүмкүн.
Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун норма чыгаруучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алына тургандыгы каралган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин бул Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле аталган иштердин өзгөчөлүгүн жана алардын адамдын ден соолугуна таасирин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун сунушталган сын-пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну колдойт.