Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты № 181
«Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Күзгү-кышкы мезгилди өтүүгө оң таасир берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
Долбоор
(2010-жылдын 25-марты)
1- берене. Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясын белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|