Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы N 386 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №186
№ ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-беренесине жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген №ОП-5 "Сатып алуу актысы" баштапкы эсепке алуу документинин типтүү бир түргө келтирилген формасы бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №186 токтому менен бекитилген |
|
|
САТЫП АЛУУ АКТЫСЫ
|
|
Мен __________________ __________________________________________
кызматы фамилиясы, аты-жөнү
___________________________________________________________ сатып алдым
сатуучунун фамилиясы, аты-жөнү
Паспорт № ______________ берилген ________________________________
(сатуучунун) паспорт берген органдын аталышы, берилген күнү
Паспорт боюнча
үй дареги ________________________________________________________
(сатуучунун)
Товардын аталышы жана анын мүнөздөмөсү | Өлчөө бирдиги | Саны | Бирдик үчүн баасы, (сом, тыйын менен) | Суммасы (сом, тыйын менен) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| ||||
| ||||
| ||||
| ||||
ОП-5 формасынын арткы бети
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Бардыгы суммада ________________________________________ сом _______ тыйын
жазуу менен
Акчанын
суммасы ________________________________________ сом _______
жазуу менен
Сатуучу алды __________ _______________________________________________________________________
колу сатуучунун фамилиясы аты-жөнү
Акчаны төлөдү _________ _______________________________________________________________________
колу товарды сатып алган адамдын фамилиясы,
_____________________________________________________________________________________________
аты-жөнү Сатып алуучунун ИСНи
______________________________________________________________________________________________
сатып алуучунун патентинин номери, патент берилген
______________________________________________________________________________________________
күн, колдонуу мөөнөтү, патент же күбөлүк ким
_______________________________________________________________________________________________
тарабынан берилген
(*) Компьютердик техника каражаттары менен маалыматтарды иштеп чыгууда толтурулат.
Сатып алуу актысы эки нускада түзүлөт, анын бири сатуучуда, экинчиси сатып алуучуда калат. Сатып алуучу тарабынан квартал сайын (квартал бүткөндөн кийинки айдын 20сынан кеч эмес) сатуучунун турган жери боюнча салык кызматы органына сатып алуу актысында көрсөтүлгөн сатып алуунун суммасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан иштелип чыккан формага ылайык сатуучуга төлөнгөн акча каражаттары жөнүндө маалымат жиберилет.
Актынын жогорку сол жагында сатып алууну жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы жана дареги көрсөтүлөт. Оң жагында сатуучунун ИУЖК (Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору) коду (бар болсо), анын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) (толтуруу үчүн милдеттүү) жана патентинин номери көрсөтүлөт. Ошондой эле документ берген органдын аталышы, берген күнү жана патенттин же мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт. Андан ары сатып алуу актысынын катар номери жана аны толтурган күн коюлат. Сатып алуучу өз атынан «кызматы» деген сапты толтурат жана өз фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтөт. Төмөн жагында «сатып алдым» деген сөздөрдөн мурда сатуучунун маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары) сатуучу тарабынан толтурулат. Атайын бөлүнгөн саптарда сатуучу тарабынан сатылып алынуучу товарлар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүп, сатып алуунун жыйынтык суммасы чыгарылат. Төмөн жагында сатып алуунун жыйынтык суммасы жазуу жүзүндө берилет.
Андан ары сатуучу фамилиясын, аты-жөнүн жазат жана өз колун коет. Сатып алуучу дагы сатып алгандыгын кол коюп тастыктайт. Сатып алуучу өз иш-аракетин патенттин негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал өз ИСН, патентинин номерин, анын жарактуулук мөөнөтүн, патент ким тарабынан берилгендигин көрсөтөт. Эгер сатып алуучу өз иш-аракетин мамлекеттик катталуу жөнүндөгү күбөлүгүнүн негизинде ишке ашырып жаткан болсо, анда ал күбөлүктүн номерин, күбөлүк ким тарабынан берилгендигин, ИСН көрсөтөт. Сатып алуу актысы товар сатып алып жаткан ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн «Бекитем» деген сапта жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү, аны өз колу жана актыны бекиткен күнү коюлат.
Сатып алуучунун жана сатуучунун ИСНдери көрсөтүлбөгөн, ошондой эле керектүү бардык реквизиттери толтурулбаган сатып алуу актысы жараксыз деп эсептелет.