Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №190
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын коммуналдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешин толук камсыздоо, мамлекеттик менчиктеги объекттерди өткөрүп берүү жолу менен муниципалдык менчикти түзүү максатында жана Балыкчы шаардык кеңешинин макулдугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчыдагы "Сууканал" ишканасы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы №608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын коммуналдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун "Балыкчы шаарынын коммуналдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси" деген тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 48-пункт менен толукталсын:
"
48 | Балыкчыдагы "Сууканал" ишканасы | 1 | 47466721 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Балыкчыдагы "Сууканал" ишканасын белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
4. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясы Балыкчыдагы "Сууканал" ишканасынын кредитордук жана дебитордук карыздарын тиркелген графикке (Тиркеме) ылайык жоюу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Тиркеме
Балыкчыдагы "Сууканал" ишканасынын кредитордук жана дебитордук карыздарын жоюунун ГРАФИГИ
Жылдар | «Сууканал» БИ элден өткөн жылдардагы дебитордук жана кредитордук аласаларды жыйноонун эсебинен (миң сом) | «Сууканал» БИ элден жаңы тариф боюнча акыларды алуунун эсебинен (миң сом) | «Сууканал» БИ «Жылуулук менен камсыздоо» БИ каражаттары нын эсебинен (миң сом) | Шаардын мэриясы жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен (миң сом) | Бардыгы (миң сом)
|
2010 | 1000, | 1000,0 | 2500,0 | 1000,0 | 5500,0 |
2011 | 1500,0 | 1000,0 | 2500,0 | 1000,0 | 6000,0 |
2012 | 2000,0 | 1000,0 | 2500,0 | 1000,0 | 6500,0 |
2013 | 2000,0 | 1000,0 | 1000,0 | 1000,0 | 5000,0 |
2014 | 2000,0 | 1000,0 |
| 1000,0 | 4000,0 |
Бардыгы | 8500,0 | 5000,0 | 8500,0 | 5000,0 | 27000,0 |