Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-апрели № 206
"Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана чек ара райондорунда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-мартындагы № 97 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын алыс зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана республиканын бийик тоолуу жана барууга кыйын алыс зоналарындагы калкка даректүү колдоо көрсөтүүнү жана социалдык кепилдиктердин системасын мындан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттер үчүн турмуш-тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын керектегендиги үчүн акы төлөөдө керектөөнүн төмөнкүдөй нормаларынын чегинде 50 процент өлчөмүндөгү жеңилдиктер:
жайкы мезгилде, 1-майдан 1-октябрга чейин - айына 100 квт/саат электр энергиясы өлчөмүндө;
кышкы мезгилде, 1-октябрдан 1-майга чейин - айына 220 квт/саат электр энергиясы өлчөмүндө;
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучулары үчүн тамактануунун наркы 2010-жылдын 1-сентябрынан баштап 1 окуучуга күнүнө 10 сом эсебинде.
2. Энергия булактарына болгон тарифтик саясаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерине керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн тийиштүү коэффициенттерди, проценттик үстөктөрдү, компенсацияларды, башка төлөмдөрдү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттеринин тизмесин бир айлык мөөнөттө даярдашсын жана жыл сайын жаңыртып турушсун;
- компенсация алуу үчүн (айыл, шаар, шаарча) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир органы боюнча Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттеринин тизмесин 2010-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- калктын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү чарасы катары "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын кызматынан пайдалануучулар үчүн турак-жай субсидиялары системасын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;
- бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие дайындоонун системасын жакшыртуунун механизмин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда иштин айрым түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик менен алектенген субъекттерге салынган салыктын суммасын 300 сомго азайтуу жагын бир айлык мөөнөттө караштырсын;
- камсыздандыруу салымдарынын тарифтеринин ставкаларын эсептөө үчүн ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык суммасын азайтканга чейин колдонулгандар өзгөртүүсүз калтырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- белгиленген тартипте зарыл каражаттарды издеп тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- энергия булактарына болгон тарифтик саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерине компенсация төлөп берүү үчүн финансы каражаттарын камсыз кылсын;
- республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусуна чыгымдардын нормаларын 2010-жылдын 1-сентябрынан тартып - бир күндө 1 окуучуга 10 сом эсебинде көбөйтүүгө зарыл акча каражаттарын издеп тапсын;
- ыктыярдуу патенттин негизинде салык боюнча план-божомолду жеткирүүдө ишкердиктин айрым түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасынын Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында 300 сомго чейин азайтуу жагына өзгөрүүсүн эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында ишкердик менен алектенген субъекттер үчүн патенттин ставкаларын азайтуунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттен түшүүчү кирешелерди компенсациялоо механизмин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында ишкердик менен алектенген субъекттер үчүн микрофинансылык компаниялар берген кредиттер боюнча проценттик ставкаларды субсидиялоонун механизмин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- 5-февралдан жана 5-августтан кечиктирбестен тиешелүү түрдө отчеттук жыл жана биринчи жарым жылдык үчүн ушул токтомду аткаруунун жүрүшү тууралуу аналитикалык маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган калктын турмуш-тиричилигине колдонула турган жана сугатка суу берген, электр энергиясын колдонгон насостук станцияларга электр булактарына болгон тарифтик саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу компенсация төлөөнүн механизмин 2010-жылдын 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте иштеп чыксын.
8. Төмөнкүдөй ведомстволор аралык комиссиялар түзүлсүн:
- республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган калкка даректүү колдоо көрсөтүү жана социалдык кепилдик системасын андан ары өркүндөтүү боюнча 2-тиркемеге ылайык курамда;
- бийик тоолуу, алыс жана барууга кыйын зоналарды социалдык экономикалык өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн 2011-2014-жылдарга комплекстүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча 3-тиркемеге ылайык курамда.
9. Республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган калкка даректүү колдоо көрсөтүү жана социалдык кепилдик системасын андан ары өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия:
- үч айлык мөөнөттө төмөнкү маалыматтарды камтыган бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин:
экстремалдуу жаратылыш-климаттык шарттар жөнүндө;
бийик тоолуу, алыс жана барууга кыйын аймактар жана чек ара райондору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган, иштеген жана мамлекеттик колдоо алган адамдардын саны жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган каражаттардын көлөмдөрү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылга мыйзам долбоорлоо иш планына киргизүү үчүн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
10. 2011-2014-жылдарга бийик тоолуу, алыс жана барууга кыйын зоналарында социалдык экономикалык өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун комплекстүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия бийик тоолуу жана барууга кыйын алыс зоналарды социалдык экономикалык өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн 2011-2014-жылдарга комплекстүү программасынын долбоорун 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергегика министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары (уюштуруу жана тиешелүү чечимди даярдоо үчүн жооптуу).
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
мамлекеттик администрация башчысы - Нарын облусунун губернатору;
Ынтымак курултайынын Төркеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы;
мамлекеттик администрация башчысы - Ош облусунун Алай районунун акими.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары (уюштуруу жана программаны даярдоо үчүн жооптуу).
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
мамлекеттик администрация башчысы - Баткен облусунун губернатору;
мамлекеттик администрация башчысы - Нарын облусунун Жумгал районунун акими;
Көк-Жаңгак шаар башкармасынын башчысы.