Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-июлу № 137
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын уставын бекттүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 137 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 89 токтому менен көмүр өнөр жайын өнүктүрүү, «Кара-Кече» көмүр кенинде абалды жакшыртуу жана ар жылдык жылытуу мезгилине даярдануу максатында түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга таянат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түз баш ийет.
Министрлик Ишкананын ишин жалпы жетектейт жана координациялайт.
4. Ишкана өз алдынча балансы бар, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болот, өзүнчө мүлкү болот жана өзүнүн ишин өзүн өзү актоо негизинде жүргүзөт.
5. Ишканада өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары болот.
Ишкана өзүнүн ишин мыйзамдардын талаптарына жана ушул Уставга катуу ылайык жүргүзөт.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие «Кара-Кече» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики.
Ишкананын турган жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
7. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте киргизилет.
II. Негизги милдеттер жана функциялар
8. Ишкананын негизги маселелери төмөнкүлөр:
- «Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүү;
- күрөң көмүр казуу жана ички рынокто да, Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта да жеке адамдарга жана менчиктин ар кыл формаларындагы юридикалык жактарга сатуу;
- көмүрдү ачык жана жер астындагы ыкмалар менен казуу, көмүр брикеттерин жасоо;
- күрөң көмүрдү кайра иштетүү, сорттоо жана концентрат чыгаруу.
9. Ишкана тапшырылган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- чарбалык жана оперативдик башкаруу укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын жана арналышы боюнча пайдаланылышын камсыздайт;
- Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетет;
- көмүр брикеттерди чыгарат;
- көмүрдү ачык жана жер астындагы ыкмалар менен казууну ишке ашырат;
- көмүрдү казуу, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча иш жүргүзөт;
- Ишкананын кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- иштин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түрлөрүн жүргүзөт.
10. Иштин лицензияланчу түрлөрүнө Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензия алат.
III. Ишкананын укуктары жана милдеттери
11. Бул Уставда аныкталган милдеттерин аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана жоопкерчиликти алууга, бардык юрисдикциядагы сотто доогер жана жоопкер болууга;
- мамлекеттик заказдардын жана тикелей келишимдердин негизинде республиканын чарбакер субъекттеринин жана калкынын муктаждыктарын эске алып аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өлчөмүн аныктоого;
- Ишкананын чарбалык жана оперативдик карамагында болгон мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды, башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык Министрлик менен макулдашуу боюнча филиалдарды түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактардан улуттук жана чет элдик валютада коммерциялык негизде алынуучу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- консультациялар, Ишкананын кызматкерлерин окутуу жана башка максаттар үчүн макулдашуу боюнча төлөп берип, түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды командировкага, анын ичинде чет элдик командировкаларга, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга ж.б. катышуу үчүн жиберүүгө;
- Ишкананын каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди кошумча адистиктерге окутууга, алардын билимин жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- эмгек макулдашууларынын, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, ижарага алуу келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- Ишкана кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча аныктоого, жумуш убактысын суммалап эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууга, эс алуу күндөрүн жана отпуска берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн формасын жана системасын аныктоого, бирок алар Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында каралгандан төмөн болбойт;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эс алуу күндөрүн жана отпускаларды берүүнүн тартибин белгилөөгө;
- Ишкананын кызматкерлерин сыйлоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө.
12. Ишкана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормаларына ылайык социалдык камсыздоого, социалдык камсыздандырууга кепилдик берет.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча кызматкерлердин ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын кызматкерлерин милдеттүү түрдө социалдык камсыздандырууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга отчетту өз убагында берүүгө.
IV. Ишкананы башкаруу
14. Ишкананы Ишкананын Башкы директору башкарат, аны Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Башкы директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттерге жана укуктарга ээ болот, жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Башкы директордун үч орун басары (анын ичинде биринчи орун басары) болот, аларды Ишкананын башкы директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Ишкананын башкы бухгалтерин Ишкананын башкы директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
15. Башкы директор:
- Ишкананы жетектейт;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында Ишкананын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери милдеттүү аткарыла турган буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарларынын, башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын жалпы санын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматтарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине тартип жазаларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Ишкананын иши жөнүндө жылдын жыйынтыгы боюнча отчетторду Министрликке берет;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын Уставга ылайык аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзөт.
16. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү келечектүү, жылдык жана күнүмдүк иш пландардын негизинде жүргүзөт.
17. Ишкананын иш пландарынын негизин узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт, алар менчигинин түрүнө карабастан керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жана чарбакер субъекттер менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салат.
V. Ишкананын мүлкү жана финансысы
18. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өзүнө тийиштүү мүлктү чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Уюштуруучунун менчиги болуп эсептелген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объекттери, негизги каражаттар жана башка мүлк менен чарба жүргүзүү укугу мүлктү пайдалануунун негизи болуп эсептелет.
19. Ишкананын мүлкү болуп негизги фонддор жана жүгүртүүчү каражаттар, ошондой эле Ишканага кирген түзүмдөрдүн өндүрүшү үчүн зарыл болгон, Ишкананын балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар эсептелет.
Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүүчү каражаттарын жана пайдалануучу мүлкүн уюштуруучунун чечими же соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
20. Ишкананын мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кара-Кече көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- Ишкананын ишинен алынган кирешелерден;
- чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктөн;
- колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан.
21. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана алган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алган мүлктөр Ишканага таандык болот жана анын балансында эсепке алынат.
22. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, бул мүлктү күрөөгө коюуга, чарбакер коомдордун жана шериктештердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка жолдор менен тескөөгө укуксуз.
Ишканага тиешелүү, чарба жүргүзүү укугундагы калган мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча тескейт.
Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана алган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча салыктарды жана башка төлөмдөрү төлөгөндөн кийин Ишкананын менчигинде калат жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.
VI. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
23. Ишкана өз ишинин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте оперативдүү чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алат.
24. Ишкана белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды берет.
Ишкананын финансылык-чарбалык ишин контролдоону Министрлик жүргүзөт.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
25. Ишканадагы бухгалтердик отчеттуулуктун тууралыгы үчүн жооптуу болуп, мамлекеттик менчикти уурдоону жашыруу максатында отчеттуулукту бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
26. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Ишкананын ишин токтотуу уюштуруучунун же соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
28. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
|