Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-августундагы №151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик имараттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик органдарды жайгаштыруу маселесин ыкчам чечүү жана аларды бөлмө-жайлар менен өз убагында камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жободо:
12-пунктунун отуз экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө жободо:
14-пунктунун он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунуштары боюнча мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана ишканаларды республиканын региондорундагы мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим чыгарат;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын, министрликтердин, ведомстволордун, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялык имараттарынын реестрин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик администрациялык имараттардын реестрине киргизилген мамлекеттик администрациялык имараттарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансына өткөрүүнү-кабыл алууну камсыздайт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттарды кийинки күтүлүшүн жана эксплуатацияланышын контролдоо менен ошол мамлекеттик органга белгиленген тартипте пайдаланууга берүүгө укуктуу.».
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |