Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-октябры №668
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167, 13 сентября 2011 года №550 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болот;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун укук улантуучусу болот;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Банкроттук иштери боюнча башкармалыктын укук улантуучусу болот;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги 126 адам (тейлөөчү жана техникалык персоналдан тышкары) болот.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────────┐ ┌────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ├──────┤ Коллегия │
│ мүлк министрлиги │ │ │
└──────────┬───────────────────────────┬──┘ └────────────┘
┌─────────────┴────────────────┐ ┌────┴────────────────────────┐
┌─┤ Ведомстволук бөлүмчөлөр │ │ Аймактык бөлүмчөлөр │
│ └──────────────────────────────┘ └─────────────────────────────┘
│
│ ┌────────────────────────────────────────┐
│ │ Кыргыз Республикасынын │
├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин │
│ │ Мүлктүк мамилелер департаменти │
│ └────────────────────────────────────────┘
│ ┌────────────────────────────────────────┐
│ │ Кыргыз Республикасынын │
├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин │
│ │ Банкроттук иштер боюнча департаменти │
│ └────────────────────────────────────────┘
│ ┌────────────────────────────────────────┐
│ │ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик │
└───┤ мүлк министрлигинин Улутташтырылган │
│ мүлктү башкаруу боюнча Фонду │
└────────────────────────────────────────┘