Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-августундагы №152
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Жарлыгына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №204 «Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы «Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги» деген сөздөр «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жана социалдык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:
- 13-пунктунун биринчи абзацындагы «Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги» деген сөздөр «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (кеңешүүчү добуш укугу менен) (макулдашуу боюнча).».
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |