Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-августу № 160
Запастагы офицерлерди аскердик кызматка чакыруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Запастагы, аскердик кызматка жарактуу 35 офицер 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскеринин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскеринин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин офицердик курамынын кызмат орундарында «медициналык кызмат» аскердик-эсептик адистиги боюнча аскердик кызмат өтөө үчүн белгиленген тартипте аскердик кызматка чакырылышсын.
2. Запастагы офицерлерди зарылдыгына жараша аскердик кызматка чакыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |