Редакцияот 16.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 16-августу №162

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "ӨАКтын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасынын "Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясы" позициясында "Премьер-министри" деген сөздөр "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева