Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-августу №164
Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүүбоюнча чаралар жөнүндө
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында турак үйлөрдү жана инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамдирекция):
- турак үйлөрдү курууда жана калыбына келтирүүдө пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар менен камсыз кылуу үчүн Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрациялары, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагында 2010-жылдын июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында үйлөрү бузулууга дуушар болгон адамдардын тизмесин паспорттук маалыматтар боюнча түзсүн;
- жогоруда көрсөтүлгөн тизмелерге ылайык жабыр тарткан адамдардын жеке турак үйлөрүн калыбына келтирүү же куруу төмөнкү тартипте жүзөгө ашырылат:
төлөөлөрдүн мөөнөтүн үч жылга чейин кийинкиге калтыруу жана күрөөлүк камсыз кылууну жол-жоболоштуруу менен 20 жылдын ичинде милдеттүү кайтарып берүү шартында жабыр тартуучу тарабынан кошумча каржыланганда жалпы аянты 100 чарчы метрге чейинки турак үйдү калыбына келтирүүгө жана курууга 200 миң сомго чейин пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген сууда берүү жолу менен;
жабыр тарткан тарабынан кошумча акы төлөө катары анын эсебинен тиешелүү сапаттагы курулуш материалдарын, буюмдар менен конструкцияларды жөнөтүүлөрдү, ошондой эле жабыр тартуучу адамдар тарабынан техникалык көзөмөлдүн алдында жана Мамдирекция менен ссуда алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык турак үйдү куруу боюнча жабыр тарткан адамдар аткарган жумуштарды пайдаланууга уруксат берүү;
жабыр тарткан турак жайды ипотекалык ссуданын эсебинен курууну жана калыбына келтирүүнү кошумча каржылоодон баш тарткан учурда 50 миң сом өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлсүн. Мындай учурда жабыр тартуучу ссуда алуучулардын тизмесинен чыгарылып салынат.
- турак жайды калыбына келтирүү жана куруу үчүн гуманитардык жардам багыты боюнча келип түшүүчү курулуш материалдарынын шашылыш тартипте пайдаланылышын камсыз кылсын;
- ипотекалык ссудаларды кайтарып берүүнү талап кылуу укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментине өткөрүп берсин;
- коомдук жана администрациялык имараттарды, көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдү, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди, инженердик ифраструктураны (мындан ары - объекттер) долбоорлоону жана курууну тектоникалык жарылуунун таасиринин зонасын эске алуу менен жүргүзсүн;
- подряддык уюмдардан - жер участокторунун ээлеринен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн пайдаланылуучу курулуш-монтаждоо жумуштарын жүргүзүү боюнча кызматтарды сатып алууну бир булак усулу менен жүргүзсүн.
- 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө 2010-жылдын июнундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга турак үй курууга жана калыбына келтирүүгө пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана 2010-жылдын 30-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларынын башкы пландарын иштеп чыгууну 2010-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө аяктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:
- 2010-жылдын 20-августуна чейин табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге кирген адамдардын тизмесин ал адамдардын мурда алган пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларын жокко чыгаруу маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Мамдирекцияга шаарлар менен калктуу конуштардын каттоолук-индекстештирилген картасын акысыз негизде берсин.
4. Ош шаарынын мэриясы Мамдирекция менен биргелешип 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Ош шаарынын муниципалдык базарын жайгаштыруу үчүн жер участогун сатып алуу боюнча маселени карасын жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борбору Мамдирекция менен биргелешип курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарында туруктуу чагылдырылышын камсыз кылсын.
6. Ош шаарынын мэриясынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын сунуштарынын негизинде түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана куруу боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан калыбына келтирилүүгө жана курулууга тийиш болгон обьекттердин сунуш кылынган тизмегин бекитсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Мамдирекция менен макулдашуу боюнча Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад областтарын курулуш калдыктарынан тазалоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, "Кыргызгипрострой" долбоорлоо институту ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Мамкартография" мамлекеттик картография-геодезия кызматы жетекчилердин оруп басарларынын деңгээлиндеги жооптуу адамдарды бекитсин жана зарыл болгондо өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча практикалык жардам көрсөтүү үчүн Ош жана Жалал-Абад областтарына иш сапарына жиберсин.
"Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы объекттерди куруу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кызматтык командировкаларга чыгууда 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын май айынын аягына чейинки мезгилде жогоруда аталган мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда белгиленген кызматтык автотранспорттун жүрүү лимитиндеги командировкага чыгууларды эске албастан аларды пайдаланууга уруксат берилсин.".
9. Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын инженердик тармактарды эксплуатациялоочу уюмдарына техникалык шарттарды архитектуралык кызматтарга колдонуудагы инженердик коммуникацияларга кошуу үчүн беш жумушчу күндүн ичинде берсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Мамдирекциянын башкы директору Ж.Ж.Сатыбалдиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы №164 токтому менен бекитилген |
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана куруу боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан калыбына келтирилүүгө жана курулууга тийиш болгон объекттердин алдын ала ТИЗМЕГИ
кат. № | Объекттердин аталышы жана орун алган жери | Чен бирдиги | Долбоорлоо кубат туулугу (алдын ала) | Саны | Куруу мөө нөт төр | Болжолдуу сметалык наркы миң сом | Каржылоо булактары | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча бардыгы |
|
|
|
| 6007758,1 |
|
|
| Ош шаары |
|
|
|
| 3166273,7 |
|
|
| I. Жеке турак үйлөр | кв.м | 71800 | 718 | 2010 | 1181110 | РБ, инвестициялар |
|
| II. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу | кв.м | 11035 | 10 | 2010 | 267102,2 | РБ |
|
1 | 75 квартиралуу көп кабаттуу үй | кв.м | 4737 |
| 2010 | 114659,1 |
|
|
2 | 64 квартиралуу көп кабаттуу үй | кв.м | 3898 |
| 2010 | 94351,1 |
|
|
3 | 40 квартиралуу турак үйлөр | кв.м | 2400 | 8 | 2010 | 58092 |
|
|
| III. Билим берүү объекттери |
| 4050 | 6 |
| 627352,5 | РБ |
|
1 | Карл Маркс атындагы »№ 2 мектепке уланма курулуш (Хамза атындагы мектептин окуучулары үчүн) | окуу- чу орун | 240 |
| 2010- 2011 | 24000 |
|
|
2 | Жапалак а/ө Курманжан Датка атындагы № 31 мектепке уланма курулуш | окуу- чу орун | 240 |
| 2010- 2011 | 24000 |
| Объект жер титирөөдөн жабыр тартып, бузулуу абалында |
3 | Жапалак а/ө Озгур а. С.Алымкулов атындагы № 33 мектепке уланма курулуш | окуу- чу орун | 240 |
| 2010 2011 | 24000 |
| «-» |
4 | Жапалак а/ө Орке а. Тулебердиев № 34 мектепке уланма курулуш | окуу- чу орун | 240 |
| 2010- 2011 | 24000 |
| «-» |
5 | Жапалак а/ө Атабаев атындагы № 35 мектептин курулушу | окуу- чу орун | 240 |
| 2010- 2011 | 24000 |
| «-» |
6 | Ломоносов атындагы мектеп үчүн кошумча окуу корпусун куруу | окуу- чу орун | 850 |
| 2010- 2011 | 120000,0 |
| Окуу 3 сменада |
7 | Киров атындагы мектеп үчүн кошумча окуу корпусун куруу | окуу- чу орун | 850 |
| 2010- 2011 | 120000,0 |
| Окуу 3 сменада |
8 | Ак-Тилек кичирайонунда мектеп куруу (энергиянын натыйжалуулугунун технологиясы боюнча) | окуу- чу орун | 850 |
| 2010- 2011 | 120000,0 |
| ДСД бар |
| IV. Саламаттык сактоо объекттери |
|
|
|
| 41067,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Аймактык-шаардык оорукананын тамак-аш блогун куруу жана капиталдык ремонттоо |
| объект |
| 2010- 2011 | 30000,0 |
|
|
2 | Оштогу чумага каршы бөлүмдү куруу | кв.м | 714 |
| 2010- 2011 | 11067,0 |
|
|
| V. Газ менен жабдуу объекттери | км | 23 |
|
| 59060,3 | «Кыргыз- газ» АКАсы |
|
1 | Черемушки жана Анар кичирайон- дорунда орточо басымдуу газ өткөргүчтү калбына келтирүү жана куруу | км | 4,5 |
| 2010- 2011 | 21437,3 |
|
|
2 | Ош шаарынын түндүкчыгыш бөлүгүндө жана Фуркат айылында бириктирилген газ өткөргүчтү куруу | км | 18,5 |
| 2010- 2011 | 37623,0 |
|
|
| VI. Администрациялык имараттар | кв.м | 1020 |
|
| 19176,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Ош ш. МАИнин имаратын куруу | кв.м | 372 |
| 2010- 2011 | 6993,6 |
|
|
2 | Ош ш. МАИнин | кв.м | 540 |
| 2010- 2011 | 10152,0 |
|
|
3 | ИИМнын ЮУДГССОнун окуу борбору | кв.м | 108 |
| 2010- 2011 | 2030,4 |
|
|
| VII. Транспорттук инфраструктуранын объекттери, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| Көчөлөрдү калыбына келтирүү | км | 35,07 |
|
| 578000,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Р.Абдыкадыров атындагы көчө | км | 2,8 |
| 2010 | 31000 |
|
|
2 | А.Масалиев атындагы проспект | км | 5,45 |
| 2010 | 69000 |
|
|
3 | Монуев атындагы көчө | км | 1,2 |
| 2010 | 18000 |
|
|
4 | Ак-Буура көчөсү | км | 2,9 |
| 2010 | 55000 |
|
|
5 | Моминов атындагы көчө | км | 2,25 |
| 2010 | 22000 |
|
|
6 | Кара-Суу атындагы көчө | км | 1,1 |
| 2010 | 21000 |
|
|
7 | Аношин атындагы көчө | км | 0,43 |
| 2010 | 13000 |
|
|
8 | Навои атындагы көчө | км | 3,69 |
| 2010 | 39000 |
|
|
9 | Гагарин атындагы көчө | км | 3,45 |
| 2010 | 41000 |
|
|
10 | Амир-Темур атындагы көчө | км | 2,8 |
| 2010 | 36000 |
|
|
11 | Буюм-терим базарынан Осмонов атындагы көчөгө чейинки жаңы жол | км | 4 |
| 2010- 2011 | 155000 |
|
|
12 | Турсунбаева атындагы көчөгө чейинки кыйгап өтүүчү жол | км | 5 |
| 2010- 2011 | 78000 |
|
|
| Жолдорду калыбына келтирүү | км | 44,1 |
|
| 266000,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Ош-Исфана, 0-6 км (ортосунда) | км | 6 |
| 2010- 2011 | 36000 |
|
|
2 | Ош-Араван, 0-8 км (ортосунда) | км | 8 |
| 2010- 2011 | 48000 |
|
|
3 | Ош - Кара-Суу - Мырзаке, 0-5 км; 5-6 км (ортосунда) | км | 6 |
| 2010- 2011 | 36000 |
|
|
4 | Ош шаарын кыйгап өтүүчү, 0-3 км (мам.) (ортосунда) | км | 3 |
| 2010- 2011 | 18000 |
|
|
5 | Ош-Аэропорт «Ош», 0-3,5 км (мам.) (ортосунда) | км | 3,5 |
| 2010- 2011 | 21000 |
|
|
6 | Ош-Озгур, 0,5 км | км | 5 |
| 2010- 2011 | 30000 |
|
|
7 | Жапалак - Кеңеш, 0-9 км | км | 9 |
| 2010- 2011 | 54000 |
|
|
8 | Ош-Төлөйкен, 0-3 км (мам.) | км | 3,6 |
| 2010- 2011 | 21000 |
|
|
9 | Долбоорлооликтөө жумуштары | км | 44,1 |
| 2010- 2011 | 2000 |
|
|
| VIII. Электр менен жабдуу объекттери |
|
|
|
| 49800,0 | Энермин, инвестициялар |
|
1 | ЛЭП куруу-6- 10-0,4 кВ | км | 26 |
| 2010 | 20800 |
|
|
2 | Орнотуу ТП, КТП | даана | 17 |
| 2010 | 15000 |
|
|
3 | Счетчиктерди орнотуу | даана | 6284 |
| 2010 | 14000 |
|
|
| IX. Маданий объекттерин капиталдык ремонттоо |
|
|
|
| 18094,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Р.Абдыкады- ров атындагы Ош областтык филармониясы |
|
|
| 2010- 2011 | 5959 |
|
|
2 | Бабур атындагы драмтеатрынын имараты |
|
|
| 2010- 2011 | 6835 |
|
|
3 | С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драмтеатрынын имараты |
|
|
| 2010- 2011 | 5300 |
|
|
| X. Жүргүнчү- лөрдү тейлөө | бир- дик |
| 26 |
| 39066,7 | РБ, инвестициялар |
|
1 | «Ясинг» (КЭР) маркасындагы автобус | бир- дик |
| 10 | 2010- 2011 | 17412 |
|
|
2 | «Лифан» (КЭР) маркасындагы автобус | бир- дик |
| 10 | 2010- 2011 | 8935 |
|
|
3 | «ЗиУ - 682Г (Россия) маркасындагы троллейбус | бир- дик |
| 4 | 2010- 2011 | 12554 |
|
|
4 | «ЗиУ - 682Г маркасындагы троллейбустарды капиталдык оңдоо | бир- дик |
| 2 | 2010- 2011 | 165,7 |
|
|
| ХI. Өрт өчүрүүчү машиналар | бир- дик |
| 3 | 2010 | 20445,0 | Бүткүл дүйнөлүк Банк |
|
| Ош областы |
|
|
|
| 1407025,6 |
|
|
| Араван району |
|
|
|
| 3290 |
|
|
| Араван а/ө жеке турак үйлөр | кв.м | 200 | 2 | 2010 | 3290 | РБ, инвестициялар |
|
| Кара-Суу району |
|
|
|
| 1403735,6 |
|
|
| I. Жеке турак үйлөр | кв.м | 71700 | 717 |
| 1179465 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Мады а/ө | кв.м | 4300 | 43 | 2010 | 70735 |
|
|
2 | Шарк а/ө | кв.м | 41800 | 418 | 2010 | 687610 |
|
|
3 | Нариман а/ө | кв.м | 500 | 5 | 2010 | 8225 |
|
|
4 | Кызыл-Кыштак а/ө | кв.м | 25000 | 250 | 2010 | 411250 |
|
|
5 | Отуз-Адыр а/ө | кв.м | 100 | 1 | 2010 | 1645 |
|
|
| II. Билим берүү объекттерин куруу | окуу- чу орун | 1430 |
|
| 16000 | РБ, инвести- циялар |
|
1 | Школа им.Л.Толсто- го в с/у Шарк | окуу- чу орун | 540 |
| 2010- 2011 | 60000 |
|
|
2 | Школа им.Ш.Жумаева в с.Чагыр с/у Мады | окуу- чу орун | 250 |
| 2010- 2011 | 30000 |
|
|
3 | Школа в с.Жылкелди с/у Ак-Таш | окуу- чу орун | 320 |
| 2010- 2011 | 35000 |
|
|
4 | Школа Кыдырша с/у Савай | окуу- чу орун | 320 |
| 2010- 2011 | 35000 |
|
|
5 | III. Администрациялык имараттар | кв.м | 212 |
|
| 3985,6 |
|
|
6 | Нариман айылындагы паспорттук столдун имаратын куруу | кв.м | 72 |
| 2010- 2011 | 1353,6 | РБ, инвести- циялар |
|
7 | Зарбдор айылындагы ветклиниканын имаратын куруу | кв.м | 140 |
| 2010- 2011 | 2632 |
|
|
| IV. Саламаттык сактоо объекттери |
|
|
|
| 19285 |
|
|
1 | Ош областтар аралык бириккен клиникалык оорукананы капиталдык ремонттоо |
|
|
| 2010- 2011 | 19285 |
|
|
| V. Газ менен жабдуу объекттери | км | 3 |
|
| 41000 | ОАО «Кыргыз- газ» |
|
1 | Бостон а/ө Кызыл-Кыштак айылын газдаштыруу | км | 3 |
| 2010- 2011 | 41000 |
|
|
| Жалал-Абад областы |
|
|
|
| 1434458,8 |
|
|
| I. Жеке турак үйлөр | кв.м | 42400 | 424 |
| 736960,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Жалал-Абад | кв.м | 18200 | 182 | 2010 | 299390 |
|
|
2 | Сузак району | кв.м | 3400 | 34 | 2010 | 55930 |
|
|
3 | Базар-Коргон району | кв.м | 20500 | 205 | 2010 | 337225 |
|
|
4 | Ноокен району | кв.м | 2500 | 25 | 2010 | 41125 |
|
|
5 | Ала-Бука району | кв.м | 200 | 2 | 2010 | 3290 |
|
|
| II. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу | кв.м | 9837 | 4 |
| 245850,2 | РБ |
|
1 | Жалал-Абад шаарынын Спутник к/р 60 квартиралуу турак үй | кв.м | 3500 |
| 2010 | 84717,5 |
|
|
2 | Жалал-Абад шаарынын Когарт к/р 75 квартиралуу турак үй | кв.м | 4737 |
| 2010 | 114659,1 |
|
|
3 | Базар-Коргон а. Жалал-Абад жана Ленин к-өнүн кесилишинде 2-16 квартиралуу турак үйлөр | кв.м | 1920 | 2 | 2010 | 46473,6 |
|
|
| III. Адми- нистрациялык имараттарды калыбына келтирүү | кв.м | 1648 |
|
| 339221,1 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад областтык телерадио-компаниянын имараты | кв.м | 504 |
| 2010 | 17057,5 |
|
|
2 | Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад областтык региондук бажы инспек- циясынын имараты | кв.м | 372 |
| 2010 | 7650,0 |
|
|
3 | Ленин көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын имараты | кв.м | 162 |
| 2010 | 3045,6 |
|
|
4 | Пушкин көчөсүндөгү Жалал-Абад шаардык архитектура жана курулуш көзөмөл региондук башкармалы- гынын имараты | кв.м | 360 |
| 2010 | 6768,0 |
|
|
5 | Пушкин көчөсүндөгү Жалал-Абад архитектура жана курулуш башкармалыгынын имараты | кв.м | 250 |
| 2010 | 4700,0 |
|
|
| IV. Саламаттык сактоо объекттери |
|
|
|
| 17000,0 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Жалал-Абаддагы областтар аралык бириккен клиникалык оорукананы капиталдык ремонттоо |
|
|
| 2010 | 17000,0 |
|
|
| V. Газ менен жабдуу объекттери | км | 5,25 |
|
| 4918,4 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Ленин, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов ж.б. көчөлөрүндөгү шаардык газ менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү | км | 5,25 |
| 2010 | 4918,4 |
|
|
| VI. Электр менен жабдуу объекттери |
|
|
|
| 39799,7 | Энергомин, инвестициялар |
|
1 | Джалал-Абад шаарында ЛЭП-6-10-0,4 кВт куруу | км | 16,3 |
| 2010 | 10010 |
|
|
2 | Джалал-Абад шаарында ТП, КТП орнотуу | даана | 15 |
| 2010 | 23790 |
|
|
3 | Джалал-Абад шаарында счетчиктерди коюу | даана | 463 |
| 2010 | 945,5 |
|
|
4 | Базар-Коргон айылында 0,4кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү КТПны капиталдык оңдоо | км даана | 3,1 3 |
| 2010 | 2291,4 |
|
|
5 | Сузак районунун Таш-Булак, Лавдан-Кара, Достук айылдарынын - 0,4 кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү КТП капиталдык оңдоо | км даана | 3,1 3 |
| 2010 | 1238,2 |
|
|
6 | Ала-Бука айылынын ЛЭП ВЛ 0,4-6 кВ электр менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү ТП, КТП капиталдык оңдоо Автоматтарды алмаштыруу | км даана даана | 1,7 3 9 |
| 2010 | 1524,6 |
|
|
| VII. Суу менен жабдуу канализация объекттери |
|
|
|
| 1330 | РБ, инвестициялар |
|
1 | Жалал-Абад ш. Ленина, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов көчөлөрүн суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү. ЭЦВ-12160/10 скважина Суу агызып чыгаруучулар ТП 250 | даана даана км даана | 2 2 1,65 2 |
| 2010 | 4300 |
|
|
2 | Базар-Коргон а. Энесай к/р канали- зациясын реабилитаци- ялоо | км | 6,32 |
| 2010 | 9000 |
|
|
| VIII. Транспорттук инфраструктура (жолдор жана көчөлөр) объекттери |
|
|
|
| 37409,4 | Трансмин, инвестициялар |
|
1 | Джалал-Абад ш. Ленин, Кыргыз Республикасы, Токтогул, Пушкин, Озерная, Чехов көчөлөрүн оңдоо- калыбына келтирүү жумуштары. Автожолдор, көчөлөр Тротуарлар | км км | 3,5 3,05 |
| 2010 | 28349,4 |
|
|
2 | Базар-Коргон а. Б.Осмонов көчөсүндөгү автожолдор менен тротуарларды реабилитаци- ялоо | км | 1,75 |
| 2010 | 5860 |
|
|
3 | Ноокен районундагы Чек айылынын жолдору менен көчөлөрүн куруу | км | 0,75 |
| 2010 | 3200 |
|
|
Эскертүү:
1. 2010-2011-жылдарга объекттердин алдын ала тизмеги Ош шаарынын мэриясынын Ош жана Жалал-Абад областтарынын мамлекеттик администрацияларынын сунуштарына ылайык түзүлгөн.
ТОКТОМ
|
|