Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-августундагы №172
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу
Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ун рыногунда тең атаандаштык мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги «1 кг үчүн 3 сомдон» деген цифралар жана сөздөр «1 кг үчүн 1 сомдон» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте маалымдасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |