Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркелген тизмекке ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон айрым чечимдеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-сентябрындагы № 385 "Конфискацияланган, ээси жок, мамлекетке мураска калган баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды жана кенчтерди эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-декабрындагы № 422 "Баалуу кагаздар рыногунун бардык субъекттерин милдеттүү аудитордук текшерүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-ноябрындагы № 471 "Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттерди жана жеке жактарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасын киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-июлундагы № 320 "Жеке жактар тарабынан өндүрүштүк же башка коммерциялык иштерге багытталбаган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү жөнүндө тартипти бекитүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 476 "Экспорттоого жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларга дем берүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-сентябрындагы № 534 "Кыргыз Республикасындагы концерттик иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын аймагына нефти продуктуларын жана аларды өндүрүү үчүн сырьёну жана компоненттерди импорттоонун жана дүң сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-январындагы № 18 "Каракол" эркин экономикалык зонасынын иш-аракеттери жөнүндө" токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын аймагынан айрым товарлардын түрлөрүнүн экспортуна убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 "Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.