Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-августундагы №180
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин долбоору жөнүндө
1999-жылдын 21-июлундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ички жол жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү аталган Декреттин долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ыйгарым укуктуу өкүл болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |