ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №180 «Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин долбоору жөнүндө» токтому

Редакция27.08.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 27-августундагы №180

Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин долбоору жөнүндө

1999-жылдын 21-июлундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ички жол жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-апрелинде кол коюлган дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү аталган Декреттин долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ыйгарым укуктуу өкүл болуп аныкталсын.

 

Кыргыз Республикасынын

 Президенти

 

Р. Отунбаева