Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-сентябрындагы №181
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөргүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мурда кабыл алган чечимдерди өркүндөтүү жана колдонуунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» токтому менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
III бөлүмдүн аталышы «каражаттарын» деген сөздөн кийин «каржылоо жана» деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча;
III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Программаны Мамлекеттик дирекция Каржылоо планына жана чыгымдардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде Атайын фонддун «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-беренесинде жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренесинде каралган донордук каражаттардын эсебинен ишке ашырат.
Мамлекеттик дирекцияны каржылоо бюджеттик каражаттардын эсебинен Каржылоо планына жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене боюнча жүргүзүлөт. Бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти Мамлекеттик дирекция тартат.»;
7-пункттагы «чыгымдардын бюджеттик классификациясында кабыл алынган түзүмүндөгү чыгымдардын беренелери жана» деген сөздөр алып салынсын;
16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«16. Казыналыктын системасындагы акча каражаттарын эсепке алуу жана отчёт берүү чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111 - берене боюнча Мамлекеттик дирекциянын бюджеттик эсебинде жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык «Имараттар жана курулмалар» аттуу 3111-берене жана «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-берене боюнча Атайын фонддун бюджеттик жана атайын эсептеринде казыналык белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз субсидия берилген учурда «Кредиттер, ссудалар жана займдар» аттуу 3214-беренедеги каражаттар «Финансылык эмес жеке ишканаларга, ишкерлерге жана калкка субсидиялар» аттуу өзүнчө 2521-беренеге бөлүнөт.».
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |