Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-сентябрындагы № 185
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2011-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Нан азыктары боюнча Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2011-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн тиркелген программасы бекитилсин.
2. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн программада аныкталган аянттарга күздүк буудайды себүү боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- 2011-жылдын түшүмүнө буудайды жана арпаны күздүк себүүнүн зарыл болгон себүү материалы менен камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн төмөнкүлөрдү топтоо маселелерине практикалык жардам көрсөтүшсүн:
керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды;
тоңдурма айдоодо жана үрөн себүүдө чачуу үчүн фосфордук минералдык жер семирткичтерди;
- күздүк буудайды жана күздүк арпаны себүү үчүн арналган массивдерди айдоо алдында сугаруу үчүн чарба ичиндеги жана чарбалар ортосундагы сугат тармактарын даярдоону уюштурушсун;
- үрөн чарбаларына сугат жерлердин кошумча аянттарын берүү маселесин карашсын.
3. 2011-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүүнүн программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- республикалык мамлекеттик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөн фондусуна күздүк буудайдын жана күздүк арпанын суперэлита, элита, биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциялуу үрөндөрүн топтоо үчүн, үрөн чарбаларынын мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карыздарын тындыруунун эсебинен (Япония Өкмөтүнүн гранттары жана Кытай Эл Республикасынын гранттары линиясы боюнча алынган, тындыруу мөөнөтү 10 жылды түзгөн кредиттерди кошпогондо) кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн кабыл алуу боюнча үрөн чарбалары менен макулдашууларды түзсүн;
- республикалык мамлекеттик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөн фондусуна топтолгон жана товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссиялардын чечимине ылайык бөлүштүрүлгөн күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн процентсиз товардык кредит катары, 2011-жылдын 1-декабрына чейинки кайтаруу мөөнөтү менен үрөн чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр алышы үчүн кредиттик келишимдерди өз убагында тариздесин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 5-сентябрына чейинки мөөнөттө ушул токтомдун 3-пунктуна ылайык ушул жылы күздүк себүүгө берилүүчү күздүк буудайдын жана күздүк арпанын сортту үрөндөрүн сатып алуу баасын белгилесин.
5. Кыргыз Республикасынын Нефтитрейдерлер ассоциациясына бардык күзгү талаа иштеринде айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон муктаждыгына жараша күйүүчү-майлоочу материалдарды тиркемеге ылайык өлчөмдө топтоо сунуш кылынсын.
6. Күздүк себүүгө даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө тартылган кырмандардын, механикалык мастерскойлордун жана башка көмөкчү кызматтардын ишин камсыз кылган электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселесин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте чечүү «Түндүк электр»,»Чыгыш электр», «Жалал-Абад электр» жана «Ош электр» ачык акционердик коомдоруна сунуш кылынсын.
7. Бул токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 185 токтому менен бекитилген |
2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнүн программасы
Облустардын жана райондордун аталышы
| Күзгү буудай, га
| Күзгү арпа, га
| Бардыгы күзгү кылкандуу дан эгиндери, га |
1 | 2 | 3 | 4 |
Республика боюнча | 255580 | 9410 | 264990 |
Баткен облусу | 14700 | 300 | 15000 |
Баткен району | 2800 |
| 2800 |
Кадамжай району | 7550 |
| 7550 |
Лейлек району | 2950 | 300 | 3250 |
Кызыл-Кыя шаары | 1000 |
| 1000 |
Баткен шаары | 400 |
| 400 |
Жалал-Абад облусу | 36444 | 710 | 37154 |
Аксы району | 1800 |
| 1800 |
Ала-Бука району | 7114 |
| 7114 |
Базар-Коргон району | 5750 | 400 | 6150 |
Ноокен району | 5600 |
| 5600 |
Сузак району | 14780 | 310 | 15090 |
Токтогул району | 500 |
| 500 |
Тогуз-Торо району | 250 |
| 250 |
Чаткал району | 100 |
| 100 |
Жалал-Абад шаары | 550 |
| 550 |
Ысык-Көл облусу | 19420 |
| 19420 |
Ак-Суу району | 5000 |
| 5000 |
Жети-Өгүз району | 4000 |
| 3500 |
Ысык-Көл району | 3500 |
| 3500 |
Тоң району | 420 |
| 420 |
Түп району | 6500 |
| 6500 |
Ош облусу | 60016 | 300 | 60316 |
Алай району | 500 |
| 500 |
Араван району | 4500 |
| 4500 |
Кара-Кулжа району | 1800 |
| 1800 |
Кара-Суу району | 21272 |
| 21272 |
Ноокат району | 15000 |
| 14300 |
Өзгөн району | 16944 | 300 | 17244 |
Талас облусу | 12100 |
| 12100 |
Бакай-Ата району | 2500 |
| 2500 |
Кара-Буура району | 4100 |
| 4100 |
Манас району | 4500 |
| 4500 |
Талас району | 1000 |
| 1000 |
Чүй облусу | 112900 | 8100 | 121000 |
Аламүдүн району | 9200 | 1200 | 10400 |
Жайыл району | 17700 | 1800 | 19500 |
Кемин району | 5500 | 100 | 5600 |
Москва району | 22000 | 1500 | 23500 |
Панфилов району | 16400 | 100 | 16500 |
Сокулук району | 20100 | 1600 | 21700 |
Ысык-Ата району | 14000 | 1500 | 15500 |
Чүй району | 8000 | 300 | 8300 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 185 токтому менен бекитилген |
2011-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жана тоңдурма айдоону жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон муктаждыгы
Облустардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Дизель отуну | Автобензин
| Дизель майы | Автол
|
Баткен | тонна | 850 | 255 | 30 | 10 |
Жалал-Абад | тонна | 2000 | 600 | 70 | 23 |
Ысык-Көл | тонна | 1250 | 375 | 44 | 14 |
Ош | тонна | 3400 | 1020 | 119 | 39 |
Талас | тонна | 1000 | 300 | 35 | 12 |
Чүй | тонна | 6500 | 1950 | 227 | 75 |
Республика боюнча | тонна | 15000 | 4500 | 525 | 173 |
|
|