Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябрындагы №197
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасынын угуучуларын каржылоону өркүндөтүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 24 «Башкаруучулардын жаңы муунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка чакыруу боюнча программа жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. 2500 (эки миң беш жүз) угуучуну кабыл алууну жана эки ай окутууну камтыган Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы түзүлсүн.»;
- экинчи-төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Программа Бишкек шаарында, облустук борборлордо, ошондой эле чет мамлекеттер менен өз ара алмашуунун алкагында ишке ашырылат.»;
2) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Иштен ажыратуу менен окутулчу адистер үчүн окуудан жана стажировкадан, анын ичинде чет өлкөдө эмгек акысын сактоо менен өтүүгө мүмкүндүк берилсин.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы боюнча окууга алынган адамдарга 2000 (эки миң) сом өлчөмдө ай сайынкы стипендия белгиленсин.»;
3) 7-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 52 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн жаш башкаруу кадрларынын жаңы муунун даярдоону уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону ишке ашырууга катышуу үчүн билим берүү программаларын тандап алуу жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасы (мындан арыбашкаруучу кадрларды даярдоо программасы) алынган билимди иш жүзүндө колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн региондук керектөөлөргө жооп берүүчү сабактарды камтууга тийиш.»;
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы «кызмат орундарынын тобуна» деген сөздөр «региондук керектөөлөргө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Комиссия Башкаруучу кадрларды даярдоо программасы боюнча окутууга кандидаттарды Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунда тандайт.»;
- 4-пунктунда:
«1-Программасы боюнча» деген сөздөр «Бишкек шаары боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«2 жана 3-программалар боюнча» жана «1-2-3-программалар боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы «2- жана 3-Программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктундагы «1-2-3-программалары боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябрындагы №197
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу үчүн башкаруучу кадрларды даярдоо программасынын угуучуларын каржылоону өркүндөтүү жана камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)