Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-сентябры №202
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, республиканын отун-энергетикалык комплексинин ишканалары тарабынан 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдануу боюнча белгилүү чаралар кабыл алынганын белгилейт.
Электрэнергиянын иштелип чыгылышынын жана анын облустар жана Бишкек, Ош шааралары боюнча керектелүүсүнүн пландары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша такталып аткарылууда.
2010-жылы суу теңдеми кыйла жакшырды. 2010-жылдын 1-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 млрд. куб.м түздү, бул 2009-жылдын ушул мезгилиндегиден 7,1 млрд. куб.м көп.
Ошол эле учурда отун даярдоо жана негизги жабдууларды оңдоо иштеринде белгиленген пландан кечигүүлөр бар. Кечигүүнүн негизги себептеринин бири энергетика секторундагы 1,5 млрд. сомду түзгөн жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги болууда.
Ошону менен бирге, "Электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги №7 токтому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен энергетикалык компаниялардын электр жана жылуулук энергияларына болгон тарифтеринин төмөндөшүнө байланыштуу алынбай калган кирешелерин компенсациялоо механизмдерин аныктоо бөлүгүндө аткарылбаганын белгилеп кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоону ийгиликтүү өткөрүү жана тийиштүү даярдыкты камсыз кылуу максатында, ошондой эле Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолуш кырдаалын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалыматы эске алынсын жана 2010/2011-жылдардын жылуулук берүү мезгилине карата отун даярдоо боюнча планын аткаруудагы артта калуулар белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы менен бирдикте июнь окуяларынын кесепетинен Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыйраган объекттердин энергетикалык инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча шашылыш чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте 2010-жылдын 15-октябрына чейин "Электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги № 7 токтомун аткаруу боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- "Электр жана жылуулук энергиясына болгон тарифтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги № 7 токтомуна ылайык, калк үчүн электр жана жылуулук энергияларын берүү тарифтери өзгөрүлгөнүнө байланыштуу алынбай калган кирешелерди калыбына келтирүү үчүн "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 187,0 (жүз сексен жети) млн. сом бөлүп берсин;
- 2010/2011-жылдардын жылуулук берүү мезгилине карата отун даярдоо үчүн "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 200,0 (эки жүз) млн. сом суммасында бюджеттик ссуда берсин;
- "Кара-Кече" көмүр кенинин "Борбордук" участогун андан ары өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин жана техникалык-экономикалык эсептерин иштеп чыгуу боюнча жумуштарды уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасына 2010-жылы бюджеттик ссуда түрүндө 50 (элүү) млн. сом бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- жаратылыш газын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо жана тарифтик таңсыктыкты жабуу максаттарында, "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна 237 (эки жүз отуз жети) млн. сом өлчөмүндө бюджеттик субсидия бөлүп берилсин;
- калк үчүн жылуулук энергиясын берүүнүн тарифтеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын алынбай калган кирешелерин калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 60,3 млн. (алтымыш үч миллион үч жүз миң) сом бөлүп берсин.
4. Мурда өчүрүлгөн электр энергиясын керектөөчүлөргө 2010\2011-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга уруксат берилсин.
5. "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору:
- жылытуу максаттарында пайдалануучу үч кездик кирүүлөрү бар керектөөчүлөрдү, бөлүштүрүүчү электр компанияларынын өздүк жүгүртүм каражаттарынын эсебинен энергетикалык тармакка кошсун;
- электр энергиясын керектөөчүлөр менен энерго тутумдун жогорку жүктөмдө иштөө сааттарында электр жабдууларынын (казандардын, бойлерлердин) иштешине жол бербөө боюнча түшүндүрүү жумуштарын жүргүзсүн жана электр менен жабдуу келишимдеринде өзүнчө пункт менен көрсөтсүн;
- техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо, жаңы киргизилген объекттерди жылытуу максатында электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- энерго тутумдун туруктуу иштөөсүн жана 2010\2011-жылдардын күз-кыш мезгили ичинде керектөөчүлөрдү электр-, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;
- гидроэлектрстанциялардын жабдууларынын ишенимдүү иштеши үчүн Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоону камсыз кылсын;
- 2010-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга тарифтер боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун каржылык жоготууларын андан ары жабууну караган жаратылыш газына тарифтерди өзгөртүү боюнча, орду толтурулгандардан ашыкча калгандарды мамлекеттик субсидиялардын эсебинен, жаратылыш газына тарифтерди түзүү түзүмүн өзгөртүүлөрдүн эсебинен жабуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте көмүр казып алуу тармагын натыйжалуу башкарууну уюштуруу маселесин иштеп чыксын, "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасынын ишин толук өзүн өзү каржылоо принцибине өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш кылсын.
7. Министрликтердин жана ведомстволордун тендердик комиссиялары бюджеттик ишканалар үчүн жергиликтүү көмүрдү ташып жеткирүү боюнча тендерлерди өткөрүүдө 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү мезгилиндеги убактылуу чара катары, өткөн 2009/2010-жылдардын жылытуу мезгили үчүн бюджет жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдында карызы болгонуна карабастан, бюджеттик уюмдардын жоюлбаган дебитордук карыздары бар Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларын тендерге катыштырсын.
8. "Көмүр" мамлекеттик ишканасы:
- Бишкек шаарынын ЖЭБ үчүн жергиликтүү көмүрдү ташып жеткирүү ишыраатынын өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын;
- көмүр казып алуучу ишканалар менен бирдикте "Электр станциялар" ачык акционердик коому жана бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, көмүрдүн талаптагыдай сапатта жана мөөнөттөрдө ташып жеткирилишин камсыз кылсын.
9. "Электр станциялары" ачык акционердик коому:
- ташып жеткирилген кыргыз көмүрү үчүн төлөмдөрдү ташып жеткирилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбеген мөөнөттө жүзөгө ашырсын;
- 2010-жылдын 1-октябрына чейин республиканын көмүр казып алуучу ишканаларынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдындагы жана салык чегеримдери боюнча карыздарын жоюу максатында, көмүр казып алуучу ишканалардын 2009/2010-жылдар мезгилинде ташып жеткирилген көмүр үчүн карыздарын жоюу боюнча чараларды көрсүн.
10. "Кыргызгаз" ачык акционердик коому 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын 15%дан кем эмеске төмөндөтүү боюнча чараларды көрсүн.
11. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБ берилүүчү муздак суунун тарифин төмөндөтүү жөнүндө маселени карасын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2010-жылдын 1-октябрына чейин "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун бажы төлөмдөрү боюнча карызы жок болгон шартта, көрсөтүлгөн акционердик коомго Бишкек ЖЭБунда отун ресурстарын (көмүр, карамай) убактылуу сактоочу бажы кампасын негиздөөгө лицензия берсин.
13. "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдары күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтомго карата 2-10, 13 жана 14-тиркемелер ушул токтомго карата 1-11-тиркемелерге ылайык редакцияларда баяндалсын;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдоо боюнча иш чаралардын Планында:
- 11, 12 жана 14-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |