Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-майындагы № 230 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июну УӨ № 88
Кыргыз Республикасынын экономикасынын
тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы
күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул
суу сактагычындагы сууну зарыл болгон
көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 2009/2010-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары жалпысынан канааттандырарлык өткөндүгүн белгилейт.
Токтогул суу сактагычындагы суу запасынын деңгээли 2009-жылдын
1-октябрына карата 12,7 млрд.куб. метрди түздү. Республиканын энергия системасы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү жана авариясыз өтүүсү үчүн 2010-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын зарыл болгон көлөмдө сактоо боюнча милдет коюлган.
Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору үчүн тиешелүү жумушчу жүктөмдөр менен камсыздоону, 2009/2010-жылдын күзгү/кышкы мезгилине пайдаланууга уруксат берилген электрдик отказандардын тизмесин аныктоону, электр энергиясын колдонуунун белгиленген лимиттеринин милдеттерин сактоону жана башкаларды кошкондо, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары чаралардын комплексин көрүштү.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республиканын энергетикалык секторундагы кырдаалды 2009/2010-жылдын жылытуу мезгилинде турукташтырууга мүмкүнчүлүк болду. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2010-жылдын 1-апрелине карата 9,7 млрд.куб. метрди түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 3,3 млрд.куб. метрге көп.
Экономикалык тармактарынын жана калктын 2010/2011-жылдын күзгү/кышкы мезгилиндеги электр энергиясына жана отун ресурстарына болгон муктаждыгын камсыз кылуу жана алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүү үчүн республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитеттерин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. 2009/2010-жылдагы жылытуу мезгилинен өтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучунун отчету маалымат катары кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү/кышкы мезгилге даярдоо жана суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык түзүлсүн жана Штаб жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз", "Көмүр" мамлекеттик ишканалары, "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электрдик тармактары", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтигаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору жана "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы:
- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттердин аткарылышын камсыздашсын;
- бюджеттик уюмдар үчүн отунду жеткирүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендерлерди 2010-жылдын 1-августуна чейин өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- 2010-жылдын 1-ноябрына карата энергия үнөмдөөчү лампаларды колдонууга өтүүнү камсыз кылышсын, мында ата-мекендик өндүрүштүн продукцияларына артыкчылык берилсин;
- отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын жана жылытуучу отказандардын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүшсүн жана объекттердин жылытуу мезгилине болгон даярдыгын акт түзүү менен 2010-жылдын 1-октябрына чейин текшеришсин;
- ай сайын 1ине карата ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө, ошондой эле негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалыматты отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турушсун.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү өтүү боюнча маселелерди сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылсын, ушул токтомдун аткарылышын жүрүшүн өзүнүн заседаниелеринде ай сайын карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- гидроэлектростанциялардын жабдууларынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы сууну 2010-жылдын 1-октябрына карата 14,9 млрд.куб метрден кем эмес көлөмдө жана 2011-жылдын 1-апрелине карата 9,2 млрд.куб. метр көлөмүндө топтоону камсыздоо менен отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын ишин уюштурсун;
- энергия системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыздасын жана керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын;
- Камбарата ГЭС-2нин биринчи агрегатын 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө ишке киргизсин.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын жетекчилерине ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.
8. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын 2009/2010-жылдагы жылытуу мезгилинде жеткирилген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн энергетикалык ишканаларга болгон карыздарын тындырсын;
- керектелген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн бюджеттик уюмдарды ай сайын каржылоону толук көлөмдө жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоо үчүн 2,2 млн. (эки миллион беш жүз) сом өлчөмүндө, Кара-Кечеден жана Таш-Көмүрдөн казып алынган көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБине "Көмүр" мамлекеттик, ишканасынын ташуусу үчүн 3,0 млн. (үч миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын "Электрдик станциялар" ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсептерине электрдик жана жылуулук энергия-
сын керектөөчүлөрдүн учурдагы төлөмдөрүнүн эсебинен ай сайын которууну камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- керектелген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн карызды тындыруу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү каржылоону өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзсүн;
- көмүрдү жана отун мазутун жеткирүү үчүн түзүлгөн жана тиешелүү түрдө таризделген келишимдерди бюджеттик уюмдар бергенден кийин 20 проценттик алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- калк үчүн жылуулук энергиясына болгон берүү тарифинин 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөндүгүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоого каражаттарды "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына бөлүп берүү үчүн караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына мекеменин энергиялык чарбаларын капиталдык оңдоону жүргүзүү, электр берүүнүн эскирген кабелдик жана абадагы линияларын алмаштыруу үчүн 2010-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 22 млн. (жыйырма эки миллион) сом бөлсүн;
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чек ара мамлекеттик кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагынан өткөн республиканын электр берүү линияларын жана газ берүүнүн магистралдык объекттерин оңдоо зарылдыгы болгондо оңдоо-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана түзүлүштөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү убагында "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электрдик тармактары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Бишкек жылуулук тармагы" "Кыргызнефтигаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" жана "Көмүр" мамлекеттик ишканаларынын алыш-бериш эсептерин камакка алууга жана жабууга багытталган иш-аракеттерге жол беришпесин.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Пландын жана ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттердин аткарылышын координациялоону жана мониторингин жүргүзсүн.
13. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтомуна карата 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Штабдын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министри;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Ысык-Көл областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Талас областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын вице-мэри;
"Электрстанциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Түндүкэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Чыгышэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ошэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Жалал-Абадэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору;
"Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтому менен |
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун
редакциясына ылайык)
┌──┬─────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┐
│ │ Иш-чаралардын планы │Аткаруу мөөнөтү│ Жооптуулар │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│1 │Облустарда, Бишкек жана Ош │2010-жылдын │Облустук мамлекеттик│
│ │шаарларында күз-кыш │1-июнуна чейин │администрациялар │
│ │мезгилдерине карата даярдык │ │(облмамадминистра- │
│ │көрүү боюнча туруктуу иштөөчү│ │циялар), Бишкек жана│
│ │штабдар түзүлсүн, ай сайын │ │Ош шаарларынын │
│ │алардын жыйналыштарында │ │мэриялары, │
│ │калктын отун менен камсыз │ │министрликтердин, │
│ │болушуна жана жарандардын │ │ведомстволордун, │
│ │жеңилдиктери бар │ │отун-энергетика │
│ │категорияларына каражаттарды │ │комплекстери │
│ │өз убагында бөлүп берүүгө │ │ишканаларынын │
│ │өзгөчө көңүл буруу менен │ │(мындан ары - ОЭК │
│ │жылуулук берүү сезонуна │ │ишканалары) │
│ │карата даярдыктын жүрүшү │ │өкүлдөрүнүн │
│ │каралсын │ │катышуусу менен │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│2 │Нарын жана Сырдарыя │2010-жылдын │Кыргыз │
│ │өзөндөрүнүн бассейининдеги │1-сентябрына │Республикасынын │
│ │суу-энергетикалык жөнгө │чейин │Энергетика │
│ │салууну рационалдуу │ │министрлиги, Кыргыз │
│ │пайдалануу жөнүндө өкмөттөр │ │Республикасынын │
│ │аралык макулдашууга кол коюу │ │Жаратылыш ресурстары│
│ │максатында Казакстан │ │министрлиги, Кыргыз │
│ │Республикасынын, Тажикстан │ │Республикасынын │
│ │Республикасынын, Өзбекстан │ │Тышкы иштер │
│ │Республикасынын жана │ │мамлекеттик │
│ │Түркмөнстандын суу чарба жана│ │министрлиги │
│ │суу-энергетика тармактарынын │ │ │
│ │жетекчилеринин жана │ │ │
│ │эксперттеринин кеңешмеси │ │ │
│ │өткөрүлсүн │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│3 │Облустардын, Бишкек жана Ош │Квартал сайын │Кыргыз │
│ │шаарларынын кесилишинде │ │Республикасынын │
│ │отун-энергетика теңдеменин │ │Энергетика │
│ │аткарылышынын мониторингин │ │министрлиги, │
│ │жүргүзүү │ │облмамадминистра- │
│ │ │ │циялар, Бишкек жана │
│ │ │ │Ош шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│4 │Токтогул суу сактагычындагы │Зарылдыгына │Кыргыз │
│ │суунун көлөмүнө жараша │жараша │Республикасынын │
│ │облустардын жана бөлүштүрүүчү│ │Энергетика │
│ │энергокомпаниялардын │ │министрлиги │
│ │кесилишинде электр энергиясын│ │ │
│ │пландуу керектөөнүн │ │ │
│ │корректировкасын жүргүзүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│5 │Бюджеттик уюмдардын электр │Дайыма │Министрликтер, │
│ │энергиясын алар үчүн │ │ведомстволор, Кыргыз│
│ │белгиленгенден ашыкча │ │Республикасынын │
│ │керектөөсүнө жол бербөө │ │Каржы министрлиги, │
│ │боюнча такай көзөмөлдөөнү │ │Кыргыз │
│ │жүзөгө ашыруу │ │Республикасынын │
│ │ │ │Энергетика │
│ │ │ │министрлигинин │
│ │ │ │алдындагы Энергетика│
│ │ │ │жана газ боюнча │
│ │ │ │мамлекеттик │
│ │ │ │инспекция (мындан │
│ │ │ │ары - ЭМИ) │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│6 │2010/2011-жылдардын күз-кыш │2010-жылдын │Кыргыз │
│ │мезгилдерине карата │1-августуна │Республикасынын │
│ │даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөө│чейин │Энергетика │
│ │боюнча жумушчу топ түзүлсүн │ │министрлиги, ОЭК │
│ │ │ │ишканалары │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│7 │"НЭСК" ААК системалык │Дайыма │Кыргыз │
│ │операторуна бөлүштүрүүчү │ │Республикасынын │
│ │электркомпаниялардын жана ири│ │Энергетика │
│ │өнөр жай ишканаларынын │ │министрлиги, "Электр│
│ │электрэнергиясынын жана │ │станциялар" ААК жана│
│ │кубаттуулугун керектөөсүнүн │ │"НЭСК" ААК, "Түндүк│
│ │суткалык графиктерин өз │ │электр" ААК, "Чыгыш │
│ │убагында берүүлөрүн камсыз │ │электр" ААК, "Ош │
│ │кылуу │ │электр" ААК, │
│ │ │ │"Жалал-Абад" электр"│
│ │ │ │ААК (макулдашуу │
│ │ │ │боюнча) │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│8 │Бөлүштүрүүчү │Дайыма │"Электр станциялар" │
│ │электрокомпаниялары │ │ААК жана "НЭСК" ААК,│
│ │керектелген электрэнергиясы │ │"Түндүк электр" ААК,│
│ │жана (же) аны жеткирүү боюнча│ │"Чыгыш электр" ААК, │
│ │кызматтар үчүн өз убагында │ │"Ош элетр" ААК, │
│ │төлөбөгөндө нормативдик │ │"Жалал-Абад" электр"│
│ │техникалык документтерге жана│ │ААК (макулдашуу │
│ │түзүлгөн контракттардын │ │боюнча) │
│ │шарттарына ылайык │ │ │
│ │бөлүштүрүүчү │ │ │
│ │электркомпанияларына │ │ │
│ │электрэнергиясын берүүгө │ │ │
│ │чектөө киргизүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│9 │Республиканын │Дайыма │Кыргыз │
│ │энергосистемасынын Борбор │ │Республикасынын │
│ │Азиялык Бирдиктүү │ │Энергетика │
│ │энергетикалык системанын │ │министрлиги "НЭСК" │
│ │курамында үзгүлтүксүз жарыш │ │ААК, "Электр │
│ │иштөөсү жана борбор-азиялык │ │станциялар" ААК │
│ │мамлекеттердин │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │энергосистемалары жана │ │ │
│ │"Энергия" │ │ │
│ │координациялык-диспетчердик │ │ │
│ │борбору менен өз ара │ │ │
│ │аракеттенүүсү камсыз │ │ │
│ │кылынсын │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│10│Электр менен жабдууда │2010-жылдын │Министрликтер, │
│ │үзгүлтүккө жол бербөөчү │1-сентябрына │ведомстволор, │
│ │электр кабылдагычтарды │чейин │облмамадминистрация-│
│ │дизелдик (бензиндик) │ │лар, Бишкек жана Ош │
│ │генераторлор же │ │шаарларынын │
│ │аккумулятордук батереялар │ │мэриялары, ЭМИ │
│ │түрүндөгү өз алдынча иштөөчү │ │ │
│ │электр жабдуучу булактар │ │ │
│ │менен жабдуу камсыз кылынсын │ │ │
├──┼─────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│11│(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- │ │
│ │ циясына ылайык) │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│12│(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- │ │
│ │ циясына ылайык) │
├──┼─────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│ │ │ │ │
│13│Электр энергиясын керектөөнүн│Дайыма │"Электр станциялар" │
│ │белгиленген режимин бузганда │ │ААК, "НЭСК" ААК, │
│ │жана электр жылуулук │ │"Түндүк электр" ААК,│
│ │жабдуусун өзү билемдик менен │ │"Чыгыш электр" ААК, │
│ │кошуп алганда үч фазалык │ │"Ош электр" ААК, │
│ │кирмеси бар керектөөчүлөрдү │ │"Жалал-Абад элекр" │
│ │өчүрүүнү жана техникалык │ │ААК, (макулдашуу │
│ │шарттарды жоюну жүргүзүү │ │боюнча), ЭМИ │
├──┼─────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┤
│14│(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- │
│ │ циясына ылайык) │
├──┼─────────────────────────────┬───────────────┬────────────────────┤
│15│Көмүр кендери иштетилген │Дайыма │Министрликтер, │
│ │аймактарда жылуулук │ │администрациялык │
│ │энергиясын иштеп чыгуу боюнча│ │ведомстволор, │
│ │электр булактарын катуу │ │облмамадминистрация-│
│ │отунду пайдаланууга которуу │ │лар, Бишкек жана Ош │
│ │боюнча жумуштарды улантуу │ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, │
│ │ │ │"Кыргызжилкоммун- │
│ │ │ │союз" МИ, │
│ │ │ │"Бишкекжылуулук" МИ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│16│Курулуш нормаларында жана │Дайыма │Мамархкурулуш │
│ │эрежелеринде (КНжанаЭ) │ │ │
│ │жылуулук тутумдарын │ │ │
│ │долбоорлоодо электр │ │ │
│ │энергиясына альтернативалык │ │ │
│ │отундун түрлөрүн колдонууну │ │ │
│ │кароону милдеттендирген │ │ │
│ │талаптарды алдын ала кароо │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│17│Өнөр жайлык, жылуулук жана │2010-жылдын │Министрликтер, │
│ │ведомстволук казандар │20-сентябрына │ведомстволор, │
│ │2010-2011-жылдардын күз-кыш │чейин │облмамадминистрация-│
│ │мезгилдеринде иштетүүгө │ │лар, Бишкек жана Ош │
│ │даярдалсын │ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары, │
│ │ │ │"Кыргызжилкоммун- │
│ │ │ │союз" МИ, │
│ │ │ │"Бишкекжылуулук" МИ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│18│Бюджеттик уюмдар керектеген │Дайыма │Министрликтер, │
│ │электр, жылуулук энергиялары │ │ведомстволор, │
│ │жана жаратылыш газы үчүн │ │облустук, райондук │
│ │төлөп берүүлөр толук өлчөмдө │ │мамлекеттик │
│ │жана артыкчылыктуу тартибинде│ │администрациялар, │
│ │жүзөгө ашырылсын │ │айыл өкмөттөрү │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│19│Дебитордук карыздары болгон │Дайыма │ОЭК ишканалары │
│ │керектөөчүлөргө электр, │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │жылуулук энергияларын жана │ │ │
│ │жаратылыш газын берүүгө жол │ │ │
│ │берилбесин │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│20│Өткөн 2009-2010-жылдардын │Дайыма │Облустук, райондук │
│ │жылуулук берүү сезонунда │ │мамлекеттик │
│ │аларды ташып жеткирүү боюнча │ │администрациялар, │
│ │кызмат көрсөтүү менен │ │айыл өкмөттөрү, │
│ │камтылбаган калктуу │ │"Көмүр" МИ │
│ │конуштардын тургундары үчүн │ │ │
│ │катуу отундарды сатып өткөрүү│ │ │
│ │боюнча кошумча базаларды жана│ │ │
│ │түйүндөрдү түзүү камсыз │ │ │
│ │кылынсын │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│21│Калкка катуу отундарды сатуу │2010-жылдын │Кыргыз │
│ │боюнча отун базаларына жана │1-сентябрына │Республикасынын │
│ │түйүндөрүнө көмүрдү ташып │2011-жылдын │Жаратылыш ресурстары│
│ │жеткирүү камсыз кылынсын жана│1-мартына чейин│министрлиги, │
│ │атамекендик көмүр казып │ │жергиликтүү │
│ │алуучу ишканаларга ташып │ │мамлекеттик │
│ │жеткирүү жана сатып өткөрүү │ │администрациялар, │
│ │үчүн шарттар түзүлсүн │ │айыл өкмөттөрү, │
│ │ │ │"Көмүр" МИ, көмүр │
│ │ │ │казып алуучу │
│ │ │ │ишканалар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│22│Калкка жана бюджеттик │Дайыма │Кыргыз │
│ │уюмдарга катуу отун сатуу │ │Республикасынын │
│ │боюнча отун базаларына жана │ │Жаратылыш ресурстары│
│ │түйүндөрүнө кыргыз көмүрүн │ │министрлиги, "Көмүр"│
│ │ташып жеткирүүнү өз убагында │ │МИ, министрликтер, │
│ │теске салуу жана көзөмөлдөө │ │ведомстволор, │
│ │камсыз кылынсын; │ │облмамадминистрация-│
│ │Энергетика министрлигине │жума сайын │лар, Бишкек жана Ош │
│ │тийиштүү маалыматтар берилсин│ │шаарларынын │
│ │ │ │мэриялары │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│23│Атамекендик өндүрүштүн │Дайыма │Кыргыз │
│ │көмүрлөрүн отун базаларына, │ │Республикасынын │
│ │ошондой эле төмөнкү │ │Жаратылыш ресурстары│
│ │керектөөчүлөргө ташып │ │министрлиги, "Көмүр"│
│ │жеткирүү камсыз кылынсын: │ │МИ, Кыргыз │
│ │- түзүлгөн келишимдерге │ │Республикасынын │
│ │ылайык министрликтерге жана │ │Энергетика │
│ │ведомстволорго; │ │министрлиги, "Электр│
│ │- "Кыргызкжилкоммунсоюз" МИ │ │станциялар" ААК │
│ │көмүр даярдоонун жылдык │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │планынын 25%нан кем эмес │ │"Кыргызжилкоммун- │
│ │өлчөмүндө; │ │союз" МИ, │
│ │- Бишкек шаарынын ТЭЦине │ │министрликтер жана │
│ │2009-жылкы түзүлгөн │ │ведомостволор, көмүр│
│ │келишимдердин мөөнөтүн │ │казып алуучу │
│ │узартууну эсепке алуу менен │ │ишканалар │
│ │100 миң тоннадан кем эмес │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │өлчөмдө │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│24│Түзүлгөн келишимдерге ылайык │Дайыма │Кыргыз │
│ │ташып жеткирилген көмүр үчүн │ │Республикасынын │
│ │көмүр казып алуучу │ │Жаратылыш ресурстары│
│ │ишканаларга дебитордук │ │министрлиги, Кыргыз │
│ │карыздарын жоюуга бюджеттен │ │Республикасынын │
│ │көмөк көрсөтүлсүн │ │Каржы министрлиги, │
│ │ │ │"Көмүр" МИ, "Электр │
│ │ │ │станциялар" ААК │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча),│
│ │ │ │"Кыргызжилкоммун- │
│ │ │ │союз" МИ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│25│Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн │Дайыма │"Электр станциялар" │
│ │мазут сатып алуунун көлөмү │ │ААК (макулдашуу │
│ │көбөйтүлсүн │ │боюнча), │
│ │ │ │"Кыргызжилкоммун- │
│ │ │ │союз" МИ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│26│Көрсөтүлгөн эсептерге ылайык │2010-жылдын │Мамлекеттик │
│ │республикалык жана │1-июлуна чейин │монополияга каршы │
│ │жергиликтүү бюджеттердин │ │агенттик │
│ │каражаттарынын эсебинен │ │ │
│ │бюджеттик уюмдарга продукция │ │ │
│ │ташып жеткирүүчү жергиликтүү │ │ │
│ │товар өндүрүүчүлөр үчүн катуу│ │ │
│ │отундун дүң баасы бекитилсин │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│27│Кыдырып учуу жана башка │Зарылдыгына │Кыргыз │
│ │техникаларды колдонуу мүмкүн │жараша │Республикасынын │
│ │болбогон жерлерге жайгашкан │ │Өзгөчө кырдаалдар │
│ │электр берүүчү линиялардын │ │министрлиги, "НЭСК" │
│ │аварияларын жоюуда │ │ААК (макулдашуу │
│ │жабдууларды жана адистерди │ │боюнча) │
│ │жеткирүү үчүн авиациялык │ │ │
│ │техника камсыз кылынсын │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│28│"НЭСК" ААК жана "Электр │Зарылдыгына │Кыргыз │
│ │станциялары" тарабынан │жараша │Республикасынын │
│ │жүргүзүлгөн табигый │ │Каржы министрлиги, │
│ │кырсыктардын натыйжасында │ │Кыргыз │
│ │(жер көчкү, сел, кар көчкү, │ │Республикасынын │
│ │тоо сууларынын ташкыны ж.б.) │ │Өзгөчө кырдаалдар │
│ │кыйраган же зыянга учураган │ │министрлиги │
│ │объекттерди калыбына келтирүү│ │ │
│ │боюнча авариялык-калыбына │ │ │
│ │келтирүүчү оңдоо жумуштарын │ │ │
│ │иш жүзүндөгү чыгымдардын │ │ │
│ │чектеринде өзгөчө │ │ │
│ │кырдаалдарды алдын алуу жана │ │ │
│ │жоюу фондунан каржылоо камсыз│ │ │
│ │кылынсын │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│29│Алдыда турган күз-кыш │Дайыма │Облмамадминистрация-│
│ │мезгилдерин ийгиликтүү өтүү │ │лар, Бишкек жана Ош │
│ │боюнча, отунду жана │ │шаарларынын │
│ │энергияны рационалдуу жана │ │мэриялары, ОЭК │
│ │натыйжалуу колдонуу боюнча, │ │ишканалары │
│ │ошондой эле энергияны сактоо │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │жана отун даярдоо боюнча │ │ │
│ │жүргүзүлүп жаткан иштердин │ │ │
│ │зарылдыгы жөнүндө жалпыга │ │ │
│ │маалымдоо каражаттарын тартуу│ │ │
│ │менен калк арасында │ │ │
│ │түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз│ │ │
│ │жүргүзүлсүн │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│30│Бюджеттик уюмдарга энергия │Дайыма │Кыргыз │
│ │сактоочу лампаларды сатууну │ │Республикасынын │
│ │жолго коюу боюнча тиешелүү │ │Экономиканы жөнгө │
│ │маркетингдик жана уюштуруу │ │салуу министрлиги, │
│ │иштери жүргүзүлсүн │ │"МС ЭЛЗ", "БМЗ" ААК │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼─────────────────────────────┼───────────────┼────────────────────┤
│31│Жабдууларды жана │Дайыма │ОЭК ишканалары │
│ │продукцияларды даярдоодо │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │билдирмелер ата-мекендик │ │ │
│ │ишканаларга жайгаштырылсын │ │ │
└──┴─────────────────────────────┴───────────────┴────────────────────┘