Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-сентябрындагы №206
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулсун:
- Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан - Скрипкина Галина Анатольевна, 2010-жылдын 28-августунан берген арызына ылайык;
- «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан - Алымбекова Галия Темирхановна.
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү болуп дайындалышсын:
- Бекбасаров Рашид Бердибаевич - Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан;
- Сооронкулова Клара Сыргакбековна - «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |