ТоктомКүчүндө

КР УӨ 2010-жылдын 15-сентябрындагы №206 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция15.09.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 15-сентябрындагы №206

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2010-жылдын 27-июнундагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен бошотулсун:

- Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан - Скрипкина Галина Анатольевна, 2010-жылдын 28-августунан берген арызына ылайык;

- «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан - Алымбекова Галия Темирхановна.

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү болуп дайындалышсын:

- Бекбасаров Рашид Бердибаевич - Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан;

- Сооронкулова Клара Сыргакбековна - «Ата-Мекен» Социалисттик партиясынан.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева