Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-сентябрындагы №211
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана Автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 197-беренесине ылайык, ички базарларды биринчи зарылдыктагы товарлар менен толтуруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамада:
«Жалпы жоболор» главасынын сегизинчи абзацы «бажылык кириш ордери (мындан ары - БКО) боюнча» деген сөздөрдөн кийин «же ушул Нускамада белгиленген учурларда жөнөкөйлөтүлгөн формадагы бажылык кириш ордери (мындан ары - ЖФ-БКО) боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
1.2-пунктунун 1-пунктчасы «айына» деген сөздөн мурда «ушул нускаманын 1.4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн товарларды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
1.4-пунктунда:
«жана тамеки буюмдарынан» деген сөздөр «, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген ташып келүүчү товарлардын тизмесине кирүүчү жана аларга карата ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдик тартиби колдонулуучу тамеки буюмдарынан жана товарлардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдүй мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Жеке адамдар алып келүүчү жана аларга ЖФ-БКОну колдонуу менен бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдик тартиби колдонулуучу товарларга карата, 50 кг же 500 литрден ашпаган санда:
- бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтөн өлчөмүндө жыйымдар жана 1 кг же 1 литр үчүн 1 сом өлчөмүндө бажылык алым менен салыктардын бирдиктүү ставкасы алынат;
- товарларды бажылык тариздөө жеке адамдар товарларды коштолуучу жүк менен алып өткөн шартта ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык ЖФ-БКОну колдонуу менен жүргүзүлөт.».
3.5-пункт «БКО» деген сөздөн кийин «жана ЖФ-БКО» деген сөздөр менен толукталсын;
Нускама ушул токтомдун Нускамасына ылайык 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №211 токтомуна тиркеме
«Жеке адамдардын товарларды жана автотранспорту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүсү жөнүндө нускамага 6-тиркеме |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
____________________ сом өлчөмүндө бажылык тариздөө үчүн жыйым төлөндү.
201____ жылдын «___» _______________ №____________ кириштөө- кассалык ордери.
Жыйынтыгында ______________________________________ ______________________________________________________________ сом
(сумма цифра менен) (сумма жазуу менен)
суммасында төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдары менен салыктардын бирдиктүү ставкасы).
Тариздөө датасы жана убактысы 201_ жылдын «___» ____________ «___» саат «___» мүн.
Бажылык кириш ордерин бажы кызматкери түздү. ________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу жана ОНМ)
Бажылык кириш ордерин алдым __________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, төлөөчү жана колу)
Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп жана сол жагында «төлөөчүнүн нускасы», «бажынын нускасы» деген белгиси бар эки нускада басып чыгарылат.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
____________________ сом өлчөмүндө бажылык тариздөө үчүн жыйым төлөндү.
201_ жылдын «___» _______________ №____________ кириштөө- кассалык ордери.
Жыйынтыгында _______________________________________ ____________________________________________________________ сом
(сумма цифра менен) (сумма жазуу менен)
суммасында төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдары менен салыктардын бирдиктүү ставкасы).
Тариздөө датасы жана убактысы 201_ жылдын «___» ____________
«___» саат «___» мүн.
Бажылык кириш ордерин бажы кызматкери ________________________________________________________________________ түздү.
(аты-жөнү, колу жана ОНМ)
Бажылык кириш ордерин алдым _________________________________________________________________________________________.
(аты-жөнү. төлөөчү жана колу)
Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп жана сол жагында «төлөөчүнүн нускасы», «бажынын нускасы» деген белгиси бар эки нускада басып чыгарылат.».