Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябрындагы №222
«2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу»
Ата мекендик айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарынын субъекттеринин өнүгүшүнө дем берүү максаттарында Кыргыз Республккасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдын 12-августундагы №517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизилсин:
- Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, аларды жөнөтүү 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулган жөнөтүүлөр болуп саналган ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш ишканалар жана кайра иштетүү өнөр жайы (акциздик товарлардын тобун өндүрүү үчүн пайдалануучулардан тышкары) ишканалары жүзөгө ашыруучу товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын тизмеги төмөнкү мазмундагы 30-32 аталыштар менен толукталсын:
«
30 | 17.13.1 | Тытылуучу жана аппараттык жүн даярдоо |
31 | 18.30.1 | Кыска жүндүү терилерди ийлөө жана бое |
32 | 19.10.1 | Табигый булгаары өндүрүү |
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |