КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябрындагы №223
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик администрациялык кызмат орундарынын реестринде аныкталган бир категориядагы мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысын төлөөнүн бирдей шарттарын белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибинин 3-тиркемесинин 1-графасында:
- биринчи сап «казыналыктын региондук бөлүмүнүн башчысы» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик улук нотариус» деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сап «казыналыктын региондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик улук нотариустун орун басары» деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи саптагы «мамлекеттик улук нотариус» деген сөздөр «нотариус» деген сөз менен алмаштырылсын;
- тогузунчу саптагы «улук мамлекеттик нотариустун орун басары» деген сөздөр алып салынсын;
- онунчу саптагы «мамлекеттик нотариус,»деген сөздөр алып салып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмгек акыны төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү менен байланышкан каражаттарды Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен белгиленген тартипте тапсын.
3. Бул токтом басма сөздүн расмий органында жарыяланууга тийиш жана 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |