Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-сентябрындагы №224
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- атайын даярдалган талондор боюнча «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын автомобилге май куюучу станцияларынын тармагы аркылуу литри 27,0 сом баасында берилүүчү 15,0 миң тонна өлчөмүндөгү дизель отуну кошумча нарк салыгы жана сатуу салыгы салынуучу объект болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин;»;
- аталган токтомдун тиркемесиндеги «Көлөмү (куб. м)» деген сөздөр «Көлөмү (тонна)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |