Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-августу № 171
2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224,
2010-жылдын 27-октябрындагы № 259,
2010-жылдын 25-ноябрындагы № 305
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүнү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен оперативдүү камсыздоону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Россия Федерациясынан кайтарылгыс жардам түрүндө келген 20000 тонна көлөмдөгү дизель отунун кабыл алсын жана мамлекеттик резервге койсун;
- атайын даярдалган талондор боюнча "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын автомобилге май куюучу станцияларынын тармагы аркылуу литри 27,0 сом баасында берилүүчү 15,0 миң тонна өлчөмүндөгү дизель отуну кошумча нарк салыгы жана сатуу салыгы салынуучу объект болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин;
- даярдоочу заводдон алуучуга чейин жүктү кайтаруу жана коштоо боюнча кызматтарды бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын;
- 15000 тонна өлчөмдөгү дизель отунун брондон чыгарсын жана дизель отунун жеткирүү жана берүү боюнча "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын кошумча чыгымдарын жабуучу көлөмдү жана сатуудан алынуучу салыкты эске алуу менен, ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө жана ушул токтомдун 4-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан берилген разнарядкаларга ылайык дизель отунун сактоого жана берүүгө "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен коомдун автомобилге май куюу станциялары аркылуу талон же нефтебазадан литрин 27,0 сом баасында куюу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө берсин;
- дизель отунун сатуудан алынган каражатты республикалык бюджетке которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224, 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда республикалык бюджеттин тиешелүү беренелеринде түшкөн каражаттарды эске алсын.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары дизель отунунун жогоруда аталган көлөмүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда айыл округдарына карата аткарылган айыл чарба иштеринин көлөмүнө пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүүнү камсыздашсын жана аны 2010-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө алып кетүүнү аякташсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дизель отунун алуудан расмий түрдө баш тарткан учурда брондон чыгарылган дизель отунун айылдык товар өндүрүүчүлөр ортосунда ачык-айын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жана облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына дизель отунун бөлүштүрүүгө жана алып кетүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган дизель отунун алып келүүдө бажы төлөмдөрүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө андан ары берүүдө шарттуу эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун бошотсун.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 токтомуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 224 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│ Облустардын аталышы │ Көлөмү (тонна) │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Баткен │ 825 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Жалал-Абад │ 1860 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Ысык-Көл │ 2310 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Нарын │ 1350 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Ош │ 2205 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Талас │ 1305 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Чүй │ 5145 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Мамрезервде калган көлөмү │ 5000 │
├─────────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│Жыйынтыгы │ 20000 │
└─────────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘