Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2010-жылдын 7-октябры № 230
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында:
- А.Сагындыков курамынан чыгарылсын;
- А.Бектуров - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюнча) курамына киргизилсин;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
- 8-пунктундагы «Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери жана токтомдору» деген сөздөр «Өкмөтүнүн чечимдери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндөгү чечим билдирмелерди кароонун натыйжасы боюнча кабыл алынат:
- 50000 сомго чейинки өлчөмдө - Комиссия тараптан;
- 50000 сомдон жогору өлчөмдө - Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан.»;
- 12-пунктундагы «Убактылуу Өкмөтүнүн чечиминин» деген сөздөр «Өкмөтүнүн же Комиссиянын чечимдеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналат.»;
- бүткүл текст боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү «Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Президентинин Администрациясы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«Убактылуу» деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 426 тескемесинин 1-пунктунун төртүнчү - алтынчы абзацтары 2010-жылдын 13-июлунан тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |