КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-октябры № 235
Бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын белгилөө жүнүндө
«Геодезия жана картография жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Меркатордун универсалдуу кесилиш проекциясындагы ITRF 2005 эл аралык координаттар системасын пайдаланып, кеңдикти үч градустуу беш зонага бөлүү менен 68 град. 31'; 71 град. 31'; 74 град. 31'; 77 град. 31' жана 80 град. 31' октук меридиандары жана төмөнкүдөй параметрлери бар 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасы (Kyrg-06) белгиленсин:
Зона | Октук меридиан
| Чыгышка карата шарттуу жылдыруу | Түндүккө карата шарттуу жылдыруу | Масштабдуу коэффициент
|
1 | 68 град. 31' | 1300000 м | 14743,5 м | 1 |
2 | 71 град. 31' | 2300000 м | 14743,5 м | 1 |
3 | 74 град. 31' | 3300000 м | 14743,5 м | 1 |
4 | 77 град. 31' | 4300000 м | 14743,5 м | 1 |
5 | 80 град. 31' | 5300000 м | 14743,5 м | 1 |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат Кыргыз Республикасында 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасын (Kyrg-06) пайдаланууга киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасында 2006-жылдын бирдиктүү мамлекеттик координаттар системасы (Kyrg-06) ачык жана жалпыга жеткиликтүү болоору белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |