Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-октябры № 236
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, салык кызматынын кызматкерлерин тийиштүү кызматтык кийим менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана 2, 3-пункттарындагы «Финансы министрлигине караштуу» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кириш сөзүндөгү «Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы «Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы «директору» деген сөз «жетекчиси» деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасында:
- аталышындагы жана бүткүл текстиндеги «Финансы министрлигине караштуу» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- «Форма кийимдеринин сыпаттамасы» деген I бөлүмүндө:
«Кышкы пальто» деген бөлүмчөдөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
«Эркектердин кышкы күрмөсү
Күрмө кочкул көк түстөгү жылууланган кездемеден тигилет, жасалма мех жакалуу жана чыгарып коймо баш чүмбөттүү, түз тигилген, боору сыдырма жана тырс этмелер салынган. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, жасалма мехтен. Учасы туташ бычылган, бел сызыгы боюнча ички тилкелери бар. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген.»;
- «Күндө кийилүүчү кител-шым» деген бөлүмчөдөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
«Эркектердин камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жайкы костюму
Каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден тигилген погон кадалган күрмө түз силуэтте тигилип, боору борттук жашырын сыдырмалуу жана металл тырс этмелүү. Өңүрү сооруга чейин, белине чоймо өткөрүлгөн кашат салынган, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана кыюусу бар ички тилик чөнтөгү бар. Жакасы кайырма, илгичинин алдына металл тегерекчелерден жел кирме көзөнөкчөлөр салынган. Өңүрү түз тигилип, тууралжын кокеткалуу. Жеңине кош тигиш салынган орнотулма, манжеталуу.
Шым камуфляждалган каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден түз тигилген, кашаты менен туташ бычылып, топчу менен топчулануучу илгичтери бар. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу жан чөнтөктөрү бар.
Кепка камуфляждалган каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден тигилип, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан жана маңдайдан турат. Кепканын эки капталына металл тегерекчелерден жел кирме үчтөн көзөнөкчө салынган, маңдайынын так ортосуна кокарданын астына металл тегерекчелерден жел кирме бир көзөнөкчө салынган.»;
- «Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы» деген II бөлүмдө:
«Төш белги» деген бөлүмчөсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Төш белги
Төш белги көгүш-жашыл түстөгү жүн кебез кездемеден даярдалат, «Салык Кызматы» деген жазуусу бар тик бурчтуу формада.»;
«Жеңдеги белги» деген бөлүмчө төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жеңдеги белги
Белги учу өйдөнү чоюлган жети бурчтуу формада жүн же кебез кездемеден даярдалат. Эмблеманын жогорку бөлүгү - «КЫРГЫЗСТАН» деген жазуусу бар кызыл түстө, анын алдына түндүктүн сүрөтү жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгү - «МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ» деген жазуусу бар көгүш-жашыл түстө. Ортосунда канатын жайган жана чеңгелинде стилдештирилген ачкыч жана кадуцей кармаган бүркүттүн сүрөтү бар.
Салык кызматынын жогорку курамдагы атайын наамдары жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин наамы бар адамдар үчүн - «КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ» деген жазуу белгинин төмөнкү бөлүгүндө.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |