Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 15-октябрындагы № 642
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атайын наамдары бар кызматкерлери үчүн форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин тиркелген сыпаттамасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн форма кийимдерин кийүү жана айырмалоо белгилерин тагынуу эрежесин буйрук менен бекитсин.
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-октябрындагы № 642 токтому менен бекитилген |
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Форма кийимдеринин сыпаттамасы
Кышкы пальто
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат, жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Улук жана орто курамдагылар үчүн күңүрт-көк түстөгү драптан тигилет.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн пальто бозомтук-көгүш түстөгү драптан, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн кочкул-көк түстөгү драптан. Жакасы каракүл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө бозомтук-көгүш түстөгү кездемеден тигилет, 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар аялдар үчүн күңүрт-көк түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына, манжеттерине жана жеңине каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
Эркектердин кышкы күрмөсү
Күрмө кочкул көк түстөгү жылууланган кездемеден тигилет, жасалма мех жакалуу жана чыгарып коймо баш чүмбөттүү, түз тигилген, боору сыдырма жана тырс этмелер салынган. Өңүрлөрүндө бел сызыгы боюнча ички тилкелери, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар, жакасы кайырма, жасалма мехтен. Учасы туташ бычылган, бел сызыгы боюнча ички тилкелери бар. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жеңинин учу ичин карай бүгүлүп, туюк тигилген.»;
Кышкы бут кийим
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
Плащ
Плащ күңүрт-көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары бүчүлүккө топчуланат.
Жазгы-күзгү куртка
Жазгы-күзгү куртка күңүрт-көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, кыюуланган тилик чөнтөктүү клапандары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Бүчүлүгү тигилүүчү кырында, жеңдери бир тигиштүү, алды жагы пластмасса топчуларга топчуланат. Куртканын белинде - көмүскө тартма. Капюшону жана синтепон ичилиги топчуларга топчуланат. Жакасына, кырына, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана клапандарына кооздолуучу тигиш жүргүзүлгөн.
Бапак
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы көгүш-боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалат. Калпак (төбөсү) төрт кыйыктан туруп, күңүрт-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн-үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү галуну тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак жогорку курамдагы атайын наамдары барларга жана I рангдагы салык кызматынын кеңешчисине гана берилет.
Аялдар үчүн жогорку курамдагы атайын наамдары жана I рангдагы салык кызматынын кеңешчиси үчүн көгүш-боз түстөгү табигый каракүлдөн тигилген берет берилет.
Кулакчындуу тумак
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) көгүш-боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) көгүш-боз түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн күңүрт-көк түстөгү ноотудан тигилген берет берилет.
Мээлей
Мээлей ичи мех кара булгаарыдан тигилет.
Кашне
Кашне көгүш-боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилет.
Фуражка
фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу күңүрт-көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине көк-жашыл милте бастырылат. Алкагына Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн эки кичине топчу кадалып, алкагындагы алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чебердик менен өрүлгөн кош катар боо топчуга тагылат. Маңдай кыры кара, лакталган.
Жогорку курамдагы класстык чиндери бар адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өтө чебердик менен өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
Аялдарга фуражканын ордуна ак жр күңүрт-көк көк-жашыл түстөгү кыймасы бар тегерек формалуу шапочка (берет, пилотка) берилет.
Күндө кийилүүчү кител-шым
Китель Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин каптама, беттеме бүгүш жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу төш чөнтөгү, Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган каптама жан чөнтөктөрү бар.
Жогорку курамдагы жана I рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөңгөктөрү бар, аялдар үчүн бүчүлөмө сол жагында болот.
Жогорку курамдагы жана 1 рангдагы салык кызматынын кеңешчиси деген атайын наамдары бар адамдар үчүн китель күңүрт көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу көк-жашыл милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Аялдар үчүн бүчүлөмө сол жагында Жогорку атайын наамдагы адамдар сур түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги кое берилип, манжетасыз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл милте бастырылган. Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Аялдар кызматтык шым берилиши мүмкүн.
Эркектердин камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жайкы костюму
Каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден тигилген погон кадалган күрмө түз силуэтте тигилип, боору борттук жашырын сыдырмалуу жана металл тырс этмелүү. Өңүрү сооруга чейин, белине чоймо өткөрүлгөн кашат салынган, капкалдырыктуу каптама төш чөнтөгү жана кыюусу бар ички тилик чөнтөгү бар. Жакасы кайырма, илгичинин алдына металл тегерекчелерден жел кирме көзөнөкчөлөр салынган. Өңүрү түз тигилип, тууралжын кокеткалуу. Жеңине кош тигиш салынган орнотулма, манжеталуу.
Шым камуфляждалган каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден түз тигилген, кашаты менен туташ бычылып, топчу менен топчулануучу илгичтери бар. Шымдын капталдарында капкалдырыктуу жан чөнтөктөрү бар.
Кепка камуфляждалган каралжын-бирюза (каралжын-бирюза түстүн 4 кубулжушу) түстөгү кездемеден тигилип, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан жана маңдайдан турат. Кепканын эки капталына металл тегерекчелерден жел кирме үчтөн көзөнөкчө салынган, маңдайынын так ортосуна кокарданын астына металл тегерекчелерден жел кирме бир көзөнөкчө салынган.
Аялдардын кители жана юбкасы
Улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар аялдар үчүн китель жана юбка күңүрт-көк түстүү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасы тигишсиз. Кителдин рамкаланган тилик жан чөнтөктөрү бар. Юбка түз, тизеге чейин.
Жайкы китель
Жайкы китель күндө кийилүүчү китель-шымдай эле, болгону ачык боз кездемеден тигилет.
Жайкы көйнөк
Жайкы көйнөк көгүш кездемеден тигилет, түз, кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, көк жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама «бант» бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, топчу бүчүлөмө белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик жалбыракчалуу, көйнөктүн юбкасы алдыда беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
Аялдардын шымдуу жайкы костюму
Жайкы костюм күңүрт-көк түстүү кездемеден тигилет, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө жакет, бир жагына кымтыланма кыска жеңдүү, кайрылган жең учу көк-жашыл түстүү милте менен бастырылган, бүчүлөмөсү «көрүнбөгөн» кайырма жакалуу лацкандары менен, рамкаланган тилик жан чөнтөктөрү, учасы бир тигиштүү төш чөнтөгү тилик жалбыракчалуу.
Шым түз жан чөнтөктөрү, бел кур каптал тигишинде көк-жашыл милте басылган.
Күрмө
Күрмө күңүрт-көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу «беттеме» бүгүлүү чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары, манжеталар жана кур Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
Сырт көйнөк
Узун жеңдүү көйнөк ак же ачык-көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик жана каттамдуу, капкалдырыктуу, «беттеме» бүгүш эки каптама төш чөнтөктүү жана бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана куру топчуга топчуланат.
Жогорку курамдагы класстык чиндери бар адамдар үчүн көйнөктүн куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көк-ачык түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, капкалдырыктуу, «беттеме» бүгүш эки каптама төш чөнтөктүү жана бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана кур топчуга топчуланат.
Жогорку курамдагы класстык чиндери бар адамдар жана 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчиси үчүн көйнөктүн куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү көйнөктөр ак же көк-ачык түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, «беттеме» бүгүш эки каптама төш чөнтөктүү, капкалдырыктары пластмасса топчуларга топчуланат, бүчүлөмөсү тигилген планкада болот.
Аялдар үчүн бүчүлөмө сол жакта болот.
Жагоо
Жагоо күңүрт-көк же кара түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, учтуу болуп бүтөт.
Туфли
Туфли кара же каралжын-күрөң түстө болот.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар жана I рангдагы салык кызматынын кеңешчиси үчүн булгаары тамандуу шаврадан жасалат; улук жана кенже курамдагы атайын наамдары бар калган адамдар үчүн резина тамандуу хромдон жасалат.
Аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
Кокарда
Кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан, толук куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын герби салынып, гербдин чекесинен кырына чейин бөртмөлөнөт.
Баш кийимдин маңдайынын арт жагына металл бекиткич данакерленет. Кокарда фуражканын (береттин) маңдайынын борборуна же тумактын (бапактын) маңдайына бекитилет.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кокарда эмен жалбырактары менен алкакталат.
Кепке кадалуучу кокарда
Кепке кадалуучу кокарда жүн кездемеден жасалат жана тегерек болот, айлананын ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын символика белгилеринин элементтери жайгашкан.
Эмблема
Эмблема алтын түстүү, металлдан, толук куюлуп жасалат.
Контуру рельефтелген, контурдун ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын символика белгилеринин элементтери тартылган.
Төш белги
Төш белги көгүш-жашыл түстөгү жүн кебез кездемеден даярдалат, «Салык Кызматы» деген жазуусу бар тик бурчтуу формада.
Жеңдеги белги
Белги учу өйдөнү чоюлган жети бурчтуу формада жүн же кебез кездемеден даярдалат. Эмблеманын жогорку бөлүгү - «КЫРГЫЗСТАН» деген жазуусу бар кызыл түстө, анын алдына түндүктүн сүрөтү жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгү - «МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ» деген жазуусу бар көгүш-жашыл түстө. Ортосунда канатын жайган жана чеңгелинде стилдештирилген ачкыч жана кадуцей кармаган бүркүттүн сүрөтү бар.
Салык кызматынын жогорку курамдагы атайын наамдары жана салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисинин наамы бар адамдар үчүн - «КЫРГЫЗСТАН САЛЫК КЫЗМАТЫ» деген жазуу белгинин төмөнкү бөлүгүндө.
Топчулар
Топчулардын чөйчөкчөсү, түпчөсү, көзөнөгү же илмечи бар, алтын түстө, металлдан жасалат.
Үстүңкү бет жагы томпок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтик сүрөтү тартылган.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Алтын, кочкул-көк жана көк түстөгү пластмассадан жасалат.
Ийиндеги погондор
Ийинге тагылма погондор кителге, күрмөгө, пальтого, плащка, сырт көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн погондун эни 4-5,5 см, ал эми 1-рангдагы салык кызматынын кеңешчисинен салык кызматынын кичи инспекторуна чейинкилер үчүн 5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, күрмөгө, көйнөктөргө тагылат. Погондун түсү күңүрт-көк, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш же ак түстө болот.
Салык кызматынын I, II, III рангдагы мамлекеттик кеңешчилеринин погондору
Өзгөчө өрүлгөн көк түспөл волокадан даярдалат, жарык чагылдыргыч тилкеси жок, ич жагы нооту менен кыюланат.
Салык кызматынын I рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына ар биринин диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Салык кызматынын II рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметрлери 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Салык кызматынын III рангдагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу бир жылдызча тигилет.
Салык кызматынын I, II, III класстардагы инспекторлорунун погондору
Ич жагы нооту менен кыюуланып, кочкул-көк түспөл волокадан даярдалат. Погондун талаачасында көк-жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бор.
Салык кызматынын I класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 4 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын II класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 3 жылдызча бекитилет.
Салык кызматынын III класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түспөл беш бурчтуу 2 жылдызча бекитилет.
Жогорку, улук, орто курамдагы атайын наамдары бер адамдар үчүн параддык погондор алтын түстүү волокадан жасалат.
Салык кызматынын кызматкерлеринин погондорундагы жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгашат.
(2010-жылдын 11-октябрындагы №236 токтомунун редакциясына ылайык)
|
|