Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-октябры № 238
Аркар, кулжалардын жана тоо эчкилеринин популяциясынын абалын иликтөө жана 2010-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймагында аларды сактоо программасын бекитүү тууралуу
Табыгый шарттарда Кыргыз Республикасында аркар, кулжалардын жана тоо эчкилеринин популяциясынын абалын иликтөө жана аларды сактоого, рационалдуу пайдаланууга карата илимий негиздүү мамилени иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунуш кылынган аркар, кулжалардын жана тоо эчкилеринин популяциясынын абалын иликтөө жана 2010-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймагында аларды сактоо программасы (мындан ары - программа) бекитилсин.
2. Жыл сайын илимий максаттарда белгиленген лимиттердин (квотанын) чектеринде чет элдик аңчылык турларды өткөрүү учурунда аркар, кулжаларды жана тоо эчкилерин алуудан түшкөн айбанаттар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу үчүн акы толук көлөмүндө Программаны каржылоого жөнөтүлөрү белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 238 токтому менен бекитилген |
1. Киришүү
Кыргыз Республикасы өзүнүн ар түрдүүлүгү боюнча суктанарлык айбанаттар дүйнөсү сакталып калган жер шарынын кайталангыс бир бурчунда жайгашкан. Жаратылыш байлыктарын сактап калуу жана байытуу азыркы жана болочок муундар үчүн зор мааниге ээ.
Аңчылыктын лимиттештирилген объектине кирген аркар, кулжалар менен тоо эчкилери республиканын фаунасынын ири эмчек эмүүчүлөрүнүн кыйла белгилүү түрлөрүнө кирет.
Кыргыз Республикасында мергенчиликтин түрүнө кирген аркар, кулжалар Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине да киргизилген, ошондуктан ал өзүнө өзгөчө көңүл бурууну жана өзгөчө мамиле жасоону талап кылат.
Республикада аркар, кулжалардын үч түрү: памир аркар, кулжалары (Ovis аmmоn роlli), тяньшань аркар, кулжалары (Оvis аmmоn kаrеlini), Северцов аркар, кулжалары (Оvis аmmоn severtzоni) бар. Алардын ичинен дүйнөдө Марко Пола аркар, кулжасы катары белгилүү болгон памир аркар, кулжасы өтө көп болуп саналат.
Кыргыз Республикасында аркар, кулжалардын бардык түрлөрүн, ошондой эле алардын бөлүктөрүн же дериваттарын экспорттоо, реэкспорттоо жана импорттоо 1973-жылы 3-мартта Вашингтон (АКШ) шаарында кол коюлган жок болуу коркунучу астында турган жапайы фауналар менен флораларды эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (СIТЕS) карата 2-Протоколго ылайык жүргүзүлөт, ага Кыргыз Республикасы «1973-жылы 3-мартта Вашингтон (АКШ) шаарында кол коюлган жок болуу коркунучу астында турган жапайы фауналар менен флораларды эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (СIТЕS) кошулуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.
Тоо эчкилерин (текелерин) түрлөргө бөлүштүрүү республикада практикаланбайт, бирок ар кайсы окумуштуулар тарабынан Орто Азиянын тоолуу аймактары үчүн фенотиптик белгилери боюнча бирден экиге чейинки түрлөрү айтылып келет.
Белгиленген лимиттердин чегинде тоо эчкилери аңчылыктын түрү катары кыйла кеңири пайдаланылып келет.
Айбанаттар дүйнөсүнүн абалын иликтөө, аларды сактоо жана сарамжал пайдалануу чөйрөсүндөгү иштердин комплекси республикада жаратылыштын биологиялык тең салмактуулугун камсыз кылуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Экологиялык абалга, кайра өндүрүүнүн тездигине, санынын өсүшү- нө, жыл сайын жоготуулардын өлчөмүнө (табыхый процесстин натыйжасы сыяктуу эле ресурстарды пайдалануу учурунда), структуралардын башка параметрлерине жана популяциялоонун абалына байкоо салуу биоартүрдүүлүктү сактоонун жана туруктуу пайдалануунун бардык программаларынын негизи болуп саналат.
2. Негизги проблемалар
Азыркы учурда республикада аркар, кулжалар менен тоо эчкилери жөнүндө толук кандуу маалыматтар, атап айтканда алардын таксономикалык (системалуу) статусун, генетикалык маалыматтарын, кайсы түрлөргө таандык экендигин көрсөткөн заманбап аныктамалар, түрлөрү түнөк кылган чек аралар, миграциялык жолдору, айбанаттардын саны жөнүндө кыйла так маалыматтар, популяциясынын аймактарга тарашы, ар кандай факторлорго таасирленүүсүнүн деңгээли (анын ичинде: айыл чарба өндүрүшү, жашыруун аңчылык, жырткыччылык, ылаң ж.б.) жөнүндө заманбап маалыматтар жок.
Республикада аркар, кулжалар менен тоо эчкилери жөнүндө заманбап биолого-физиологиялык маалыматтардын жоктугу алардын статусу жана абалы, сактоо жана сарамжал пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу көптөгөн талаштардын жана шектенүүлөрдүн пайда болушуна негиз болууда.
Бардык жерде жайылган браконъердиктин көптөгөн фактылары да өзгөчө кооптонууну пайда кылат.
Республикада аркар, кулжалар менен тоо эчкилерине карата мындай мамилелер алардын популяциясынын абалын иликтөөдө жана айбанаттардын ошол түрлөрүн сактоого жана пайдаланууга карата илимий жактан негизделген мамилени иштеп чыгууда кыйла активдүүлүктү талап кылат.
Республикада аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин абалы жана алар конуштаган чөйрө жөнүндө кыйла ишенимдүү маалыматтарды алуу, аларды сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча илимий жактан негизделген мамилени иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмө- түнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология-кыртыш институту (мындан ары - КР УИА БКИ) менен бирдикте Аркар, кулжаларды жана тоо эчкилерин популяциялоонун абалын иликтөөнүн жана 2010-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймагында аларды сактоонун ушул Программасын иштеп чыкты.
3. Максаты
Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорун түнөк кылган аркар, кулжалар менен тоо эчкилерин популяциялоонун абалы жана алар түнөк кылган чөйрө жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды алуу, аларды сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча таасирдүү саясатты иштеп чыгуу максатында тенденцияларды анализдөө Программанын негизги милдети болуп саналат.
4. Милдеттери
Төмөндөгүлөр программанын негизги максаты болуп саналат:
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин таксономикалык статусун аныктоо;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин ар кандай топторунун жана популяцияларынын жалпы санын жана жайыт жыштыгын бөлүштүрүүнү аныктоо;
- айбанаттардын асылдуулугунун жана өлүмүнүн динамикасын белгилөө менен айрым популяциялардын жаштык, жыныстык курамын жана үйүрүн аныктоо;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин ар кайсы түрлөрүнүн жайылган жерлерине экологиялык баа берүү;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин айыл чарба айбанаттары менен атаандаштык өз ара аракеттерине жана жапайы айбанаттардын аталган түрлөрүнүн санына башка маанилүү факторлордун ролуна баа берүү;
- жапайы айбанаттардын коштогон түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргендер менен кошо аңчылыкка жарактуулары) боюнча илимий маалыматтарды жыйноо;
- жер жерлерде сезондуу кайра өндүрүү участкаларын түзүү үчүн аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин төлдөшүнө жерлерди табуу;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилерин пайдалануу чөйрөсүн нормага салуу жана башка чектөө маселелерине карата илимий негизделген мамилени жүргүзүү жана алар жайлаган аймактарды пайдаланууга берүү.
5. Милдеттерди чечүүнүн жолдору жана методдору
Программанын милдеттерин чечүү төмөндөгү жолдор менен камсыз кылынат:
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин саны, популяциясынын абалы жана жайлаган жери жөнүндө маалыматтарды жана изилдөө материалдарын чогултуу үчүн экспедициялык чыгууларды (талаа жумуштарын) өткөрүү, ал төмөндөгү максаттарды көздөп жүргүзүлөт:
- айбанаттардын санын, аймакта жайгашууларын жана топтолгон жерлерин белгилөө;
- айрым үйүрлөр менен популяциялардын жаш, жыныстык курамын аныктоо;
- ар кандай популяциялардагы көбөйүү мүмкүнчүлүгүн жана кайра өндүрүү потенциалын аныктоо;
- айбанаттардын өлүмүнүн өзгөчөлүгүн аныктап чыгуу жана бул процесстин ар кандай факторлоруна (жырткычтык, ылаң, митечилик, браконъердик) баа берүү;
- ар кандай типтеги жайылып жүрүүчү жайыттардын мүнөздөмөсүн жана сапатын белгилөө;
- жылдын сезондору боюнча айбанаттардын жайыттарды пайдалануусунун деңгээлин тактоо;
- өтө оор кыш мезгилинде айбанаттардын азыктануусун иликтөө;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин айыл чарба айбанаттары менен атаандаштык өз ара аракеттерине баа берүү;
- молекулярдык-генетикалык, физиологиялык жана морфологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн аркар, кулжалардын (бардык максаттар үчүн) жана тоо эчкилеринин (негизинен илимий максаттар үчүн) үлгүлөрүн жана промерлерин жыйноо;
- остеологиялык коллекцияларды жыйноо жана иликтөө (морфологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү);
- айбанаттардын миграциялык жолдорун аныктоо жана иликтөө (спутниктик радиоберүүлөрдү пайдалануу менен);
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин ар кандай үйүрүнүн жана популяцияларынын саны жана структурасы тууралуу билимдин негизинде аларды атып алуу (анын ичинде чет элдик мергенчиликте трофей үчүн) мүмкүндүгүнүн нормаларын белгилөө.
6. Күтүлүүчү натыйжа
1. Төмөнкүлөр белгиленилет:
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин таксономикалык статусу, алардын жайыты;
- популяциялардын биолого-физиологиялык абалы жана айбанаттар жайлаган жерлердин шарттары;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин саны, айрым үйүрлөрүнүн (топторунун) жана популяцияларынын, аймактык бөлүштүрүлүшүнүн структурасы жана миграциялык жолдору.
2. Сунуштарды жана төмөндөгүлөр боюнча чараларды иштеп чыгуу:
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилерин, алардын жайылган жана топтолгон жерлерин, миграциялык жолдорун сактоо;
- айбанаттардын санына жана жайылган жерлерине таасир берүүчү терс факторлорду басаңдатуу же таптакыр жоюу;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин миграциясына жана көбөйүшүнө кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн экологиялык коридорлорду жана кайра өндүрүүчү участокторду уюштуруу;
- биотехникалык жана коргоо иш чараларын өткөрүү үчүн нормалар жана талаптар;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилерин пайдалануу чөйрөсү боюнча нормаларды киргизүү жана башка чектөөлөр;
- аркар, кулжалар менен тоо эчкилерине жайылуучу жерлерди пайдаланууга калтыруу учурунда мергенчилик чарбасынын аянттары жана чектери;
- айбанаттар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу чөйрөсүн пландаштыруу жана башкаруу учурунда жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу;
- эл аралык (Кыргызстандын, Кытайдын, Тажикстандын жана Казакстандын айрым аймактарын бириктирген) чек араларда коруктарды түзүү.
7. Каржылоо жана аткаруу
Программаны каржылоо жапайы айбанаттарды чет элдик мергенчилердин алып кетишинен (анын ичинде илимий максаттар үчүн), мергенчилик турларды аукциондор аркылуу сатуудан, инвестициялардан, гранттардан, демөөрчүлөрдөн жана башка тыюу салынбаган булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
Департамент жана КР УИА БКИ ушул Программаны түздөн түз иштеп чыгуучусу жана негизги аткаруучусу болуп саналат.
Программаны аткарууга илимий мекемелердин жана башка уюмдардын керектүү адистери (анын ичинде эл аралык адистер) териология, геоботаника, систематика, аңчылык, ветеринария боюнча айрым адистер тартылат.
Программаны аткарууда лабораториялык изилдөөлөр үчүн экто-жана эндо-паразиттер, генетикалык үлгүлөр, аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин популяциялары жана айрым түрлөрү сыяктуу эле алардын жайлаган жерлери жөнүндө да морфометрикалык жана башка маалыматтар боюнча материалдарды жыйноо каралган.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тийиштүү материалдарды жыйноо жана иликтенип жаткан бардык региондордон үлгүлөрдү алуу үчүн аркар, кулжалар менен тоо эчкилерин алып кетүү каралууда, мында айбанаттар дүйнөсүнүн жаратылыш объектилерин илимий максаттарда пайдалануу үчүн акы мыйзамдарда белгиленген нөлдүк ставка менен, ошондой эле Программаны аткарууга алынган каражаттарды чыгымдоо аркылуу акы төлөө жолу менен алынат.
Программаны жүзөгө ашыруу иш чаралардын тиркелген планына ылайык пландаштырылат.
8. Аткарууга баа берүү критерийлери
Программада Кыргыз Республикасында аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин чыныгы жана болжолдуу жайылган бардык аймактарын изилдөө каралууда.
Жыл ичинде эсептик жана башка иштерди өткөрүү, остеологиялык коллекциялар үчүн зарыл керектүү материалдарды жана үлгүлөрдү (молекулярдык-генетикалык, физиологиялык, морфологиялык изилдөөлөр) дайыма жыйнап туруу, аркар, кулжалар менен тоо эчкилеринин жайлаган жерлеринин жана популяцияларынын, тоют жагынан камсыз болушунун, башка түрлөр менен атаандаштык өз ара мамилелеринин абалдарын иликтөө төмөнкүдөй тартипте пландаштырылат:
Нарын жана Ысык-Көл облустары - 2010-2011-жылдар;
Талас жана Жалал-Абад облустары - 2012-жыл;
Ош жана Баткен облустары - 2013-жыл;
Чүй облусу - 2014-жыл.
Учурдагы отчеттор жана басма материалдары, алынган материалдарды биротоло иштеп чыгуу, тема боюнча басма материалдарын жана изилдөө материалдарын (отчетторду, сунуштарды, монографияларды ж. б.) даярдоо жана басып чыгаруу - 2010-2014-жылдары.
10. Кыскартуулардын тизмеси
КРӨгө караштуу КЧК жана ТЧМА Аңчылыкты көзөмөлдөө департаменти | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти; |
КР УИА БКИ | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология-кыртыш институту;
|
ЖК жана ТЧМА
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду;
|
КР МУКК Чек ара аскерлери | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери;
|
КР АЧМ | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги. |
Программага тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 238 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы аркар, кулжа жана тоо эчки, текелердин популяцияларынын абалын изилдөө жана аларды сактоонун 2010-2014-жылдарга программасынын иш-чараларынын планы
№ | Иш-чаралар | Каржылоо көлөмү | ||||
Керектөө | мүмкүнчүлүктөр | финансылык ажырым | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1 | Аркар, кулжа жана тоо эчкилеринин саны жана алардын популяцияларынын абалдары, байырлоо чөйрөсү боюнча изилдөө материалдарын жыйноо боюнча экспедициялык чыгуулар (талаа иштери) анын ичинде төмөнкүлөр: | 12100400 | 6130000 | 5970400 | ||
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча | 3921600 | 2000000 | 1921600 | |||
Талас жана Жалал-Абад облустары боюнча | 2914400 | 1480000 | 1434400 | |||
Ош жана Баткен облустары боюнча | 3233600 | 1650000 | 1583600 | |||
Чүй облусу боюнча | 2030800 | 1000000 | 1030800 | |||
2 | Атайын кийимдерди сатып алуу, жабдууларды жана компьютердик программаларды, материалдарды, техникаларды жана башкаларды сатып алуу жана орнотуу
| 3700000 | 1850000 | 1850000 | ||
3 | Жаныбарлардын миграция жолдорун аныктоо жана изилдөө (спутниктик радиобергичтерди пайдалануу менен), анын ичинде: | 4924770
| 2521500 | 2403270 | ||
адистердин иши: негизги | 1106000 | 566300 | 539700 | |||
эл аралык | 777320 | 398000 | 379320 | |||
жергиликтүү | 729000 | 373200 | 355800 | |||
радиобергичтерди сатып алуу жана тейлөө (спутниктик байкоо жүргүзүүнү кошкондо) | 1290000 | 660500 | 629500 | |||
мамыларды, торлорду жана башкаларды сатып алуу, жеткирүү, монтаждоо жана бузуу (жаныбарларды кармоо үчүн) | 1022450 | 523500 | 498950 | |||
4 | Коллекциялык материалды дайыма сактоо жана изилдөө үчүн КР УИАнын БТИсинин алдында атайын жайды жабдуу менен остеологиялык коллекция жыйноо, анын ичинде: | 798000 | 370000 | 428000 | ||
жайды оңдоо | 215000 | 100000 | 115000 | |||
керүүчү торлорду сатып алуу | 129000 | 65000 | 64000 | |||
текчелерди жана шкафтарды даярдоо жана орнотуу | 200000 | 100000 | 100000 | |||
электр зымдарын жүргүзүү жана сигнализация орнотуу | 50000 | 25000 | 25000 | |||
коллекциялык материал жыйноо жана изилдөө, морфометриялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | 204000 | 80000 | 124000 | |||
5 | Молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде: | 1032000 | 525000 | 507000 | ||
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча | 516000 | 275000 | 241000 | |||
Талас жана Жалал-Абад облустары боюнча | 258000 | 125000 | 133000 | |||
Ош жана Баткен облустары боюнча | 258000 | 125000 | 133000 | |||
6 | Отчетторду түзүү, анын ичинде: | 784000 | 588000 | 196000 | ||
орто аралык (экспедициялык) | 504000 | 378000 | 126000 | |||
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча | 168000 | 126000 | 42000 | |||
Талас жана Жалал-Абад облустары боюнча | 112000 | 841000 | 28000 | |||
Ош жана Баткен облустары боюнча | 112000 | 84000 | 28000 | |||
Чүй облусу боюнча | 112000 | 84000 | 28000 | |||
жылдык | 200000 | 150000 | 50000 | |||
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча | 80000 | 60000 | 20000 | |||
Талас жана Жалал-Абад облустары боюнча | 40000 | 30000 | 10000 | |||
Ош жана Баткен облустары боюнча | 40000 | 30000 | 10000 | |||
Чүй облусу боюнча | 40000 | 30000 | 10000 | |||
корутунду | 80000 | 60000 | 20000 | |||
7 | Жүргүзүлгөн изилдөөлөр, жаныбарлардын түрүн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча басма продукцияларды чыгаруу (отчеттор, сунуштар, монографиялар ж.б.), анын ичинде: | 1018000 | 515500 | 502500 | ||
отчеттор (24 бирдик. х 20 нуска) | 168000 | 85000 | 83000 | |||
сунуштар (500 нуска) | 150000 | 75500 | 74500 | |||
монографиялар (1000 нуска) | 700000 | 355000 | 345000 | |||
Программаны аткарууга жалпы сарптоолор | 24357170 | 12500000 | 11857170 | |||
| ||||||
Каржылоо булагы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу катчылар
| Күтүлүүчү натыйжа | |||
6 | 7 | 8 | 9 | |||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары |
| Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси, КР Чек ара кызматы, КР Айылчарбаминистрлиги
| Жаныбарлардын санын, жайгашкан жерлерин, үйүрлөрүнүн орточо көрсөткүчүн жана жаштарынын катыштарын, көбөйүү жана тукумдоо потенциалынын өзгөчүлүктөрүн, жаныбарлардын өлүмүнө таасир эткен факторлорду, байырлаган жерлеринин ар кандай типтеринин мүнөздөмөлөрүн жана сапатын, жаныбарлардын тоют ресурстары менен камсыздалуу деңгээлин аныктоо | |||
2010-2011-жж. | ||||||
2012-ж. | ||||||
2013-ж. | ||||||
2014-ж. | ||||||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары | 2010-2014-жж. | Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти | Материалдык жана техникалык Программанын негизин ишке ашыруу | |||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары
| 2010-2013-жж. | Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси, КР Чек ара кызматы, КР Айылчарбаминистрлиги | Изилденүүчү жаныбарлардын негизги миграция жолдорун аныктоо
| |||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары |
| Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси, КР Чек ара кызматы, КР Айылчарбаминистрлиги | Илимий максаттарда морфометриялык изилдөөлөрдү жана аны менен башка туруктуу иштерди жүргүзүү үчүн остеологиялык коллекция түзүү | |||
2010-2011-жж. | ||||||
2010-2014-жж.
| ||||||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары |
| Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси, КР Чек ара кызматы, КР Айылчарбаминистрлиги | Байкоо жүргүзүлүүчү түрлөрдүн таксономикалык статусун аныктоо үчүн зарыл маалыматтарды алуу | |||
2010-2011-жж. | ||||||
2012-ж. | ||||||
2013-ж.
| ||||||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары |
| Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси | Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү жана алынган натыйжалар жөнүндө маалыматтар боюнча маалыматтык материалдарды түзүү
| |||
| ||||||
2010-2011-жж. | ||||||
2012-ж. | ||||||
2013-ж. | ||||||
2014-ж. | ||||||
| ||||||
2010-2011-жж. | ||||||
2012-ж. | ||||||
2013-ж. | ||||||
2014-ж. | ||||||
2014-ж. | ||||||
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, РФОПиРЛО, инвестициялык, гранттык, демөөрчүлүк каражаттары | 2010-2014-жж.
| Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти, КР УИА БТИси | Жаныбарлардын популяциясын башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүдө аларды андан ары пайдалануу үчүн түзүлгөн маалыматтык материалдардын басма материалдарын алуу | |||
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү - кыскартып колдонулгандар:
Мамагенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресуртарынын санын жөнгө салуу Департаменти (Аңчылыкты көзөмөлдөө Департаменти); |
КР УИА БТИси | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институту; |
РФОПиРЛО | - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонду; |
КР Чек ара кызматы | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы; |
КР Айылчарбаминистрлиги | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги. |