Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 25-октябрындагы №255

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-сентябрындагы №632 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 632 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун экинчи абзацында «он эсе эң төмөнкү эмгек акы» жана «үч эң төмөнкү маяна» деген сөздөр тийиштүү түрдө «он эсептик көрсөткүч» жана «үч эсептик көрсөткүч» сөздөрүнө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева