Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-октябры №258
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №757 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 2-ноябрында № 102 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Тиркеме
┌─────────────────────────────────┐ ┌─────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │ │ │
│ караштуу Дене тарбия жана спорт ├──>│ Коллегия │
│ мамлекеттик агенттиги │ │ │
└────────────────┬────────────────┘ └─────────────┘
V
┌───────────────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└───────────┬───────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Дене тарбия жана спорттун │<──┼──>│ "Спорттук курулмалар жана │
│ аймактык бөлүмдөрү │ │ │спорттук камсыздоо башкармалы-│
│ │ │ │ гы" мамлекеттик ишканасы │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ │ │ 1. Республикалык │
│ тандалма командаларын │<──┼──>│адистештирилген спорттук күрөш│
│ олимпиялык даярдоо борбору │ │ │ (дзюдо, эркин күрөш, грек-рим│
└──────────────────────────────┘ │ │ күрөшү, самбо, аялдар күрөшү)│
│ │ боюнча олимпиялык резервдеги │
│ │ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ │ 2. Республикалык │
│ │ адистештирилген оор атлетика,│
│ │ жеңил атлетика жана бокс │
V │ боюнча балдар-өспүрүмдөр │
┌──────────────────────────────┐│ мектеби │
│ Ш.Сыдыков атындагы ││ 3. Республикалык │
│ республикалык олимпиялык ││адистештирилген ат спорту жана│
│ резервдеги окуу жайы ││ азыркы беш таймаш боюнча │
└──────────────────────────────┘│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ 4. Республикалык │
│ адистештирилген спорттун │
│ суудагы түрлөрү боюнча │
│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ 5. Республикалык │
│ адистештирилген футбол боюнча│
│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ 6. Кыргыз Республикасынын │
│ Түштүк региону боюнча дене │
│ тарбия даярдыгынын │
│ балдар-өспүрүмдөр клубу │
│ 7. Кыргыз Республикасынын │
│ Түштүк региону боюнча │
│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр │
│ адистештирилген мектеби │
│ 8. А.Момунов атындагы Футбол │
│ боюнча облустук │
│ балдар-өспүрүмдөр спорт │
│ мектеби │
└──────────────────────────────┘